Күлкүңдү барак сымал жая салып,/Күйүттүү ырларды ага жазып келем

— Сен деген жан — сеңир тоону казабы?!
Сени сүйбөө — андан ашкан жазабы?
Укмуштай бул жан дүйнөң бар үчүн да
Ушул дүйнө ушунча кең, тазабы!
Карааныңды карек сымал туябыз,
Каршы келген нерсеңе бой урабыз.
Качан болсо кирпиктердей кайтарып
Канча жигит катарынан турабыз!

— Бул ыр бир сулууга эле арналбастан, Мекенге, туулган жерге да арналгансыйт?
Кожогелди Култегин: — Ооба, шаардан бир кыштакка барып, короосунан чыкпай күнү-түнү жатып кайра келгендерди аяйм. Мээ какшаткан өзөн-дайрасын кечпесең, сексен-токсон килодон ашып турсаң да өзүңдү желдей жеңил сезип, ат чаап жыргабасаң кантип болсун?! Жапалак арчага талтая жатып алып, илгерки булут оюнчуктарың менен ойнобосоң кантип болсун?! Жазуучу болом деп журналисттик бөлүмгө өткөнүмдү айт. Ысык-Көлгө барам деп Ысык-Атага барып алгансып. Мурдагы СССР, азыркы Кыргызстан башталган тээ алыскы урчуктан — Алайкунун түп чеги Көгарттан келбедимби темселеп.

Баатырдын барбы менде даремети,
Бакты издеп жалгыз сага жанам эки.
Бах, чиркин, кандай ысык,
кандай жагым
Баратып үйүңдү бир карап өтүү…
Чоюлуп бассаң ана боюң жалын,
Чөнтөккө катсаң ана колуң — жалын.
Чайымды саа демдетип, саа сундуруп,
Чайкап бир ичсем деген оюм — жалын.

— Мына ушундай жалындуу махабат ырларын жазган акынга үй-бүлө күтүү чоң жолтоо эмеспи?
— Кагаз менен калемсапты арбын алып берип, жалгыз калтырып коюшса эле катырып жаза баштабайсың. Аялың жоош болсо эле — аны менен жаакташууга кетчү убактың, күч-кубатың чыгармачылыкка жумшалып калбайт. Жазуучулук — таланттуунун жапжалгыз алоолоп-талаптанган асман иши! Таланттуунун! Чыныгы сүйүү — эки кишинин жүгү болсо, чыныгы чыгармачылык — сомодой гана бир кишинин жүгү!

— «Акын жармач саясаттан алда канча өйдө туруш керек!» деп коюп,
«Сулуулары көп өлкө
Суу сатса да — байысын!» деп чиновник болуп иштеп атканың кандай?
— Заман бузулганда акындарга акырая карагандар арбыйт белем. Киши катары кичине жасанып алсаң деле мурдун чүйрүгөндөр көп, «акын кантип ушинтип кийинсин?» деп. Өлүп-талып жазган эмгегиңди чогултуп чоңураак китеп чыгарсаң деле кыжынгандар көп, «чыныгы акын кантип ушундай китеп чыгара алсын?» деп. Алардын ою боюнча, бетине жара чыкса деле — акындыкына чыгыш керек, тиши кемирейип түшсө деле — акындыкы түшүш керек, үйүнөн куулса деле — акын куулуш керек, мас болуп арыктын жээгинде жатса деле — акын жатыш керек экен. Акынды тимеле кейбир кейпинде түшүндүргөн «кампания»-саясат жүрүүдө. Ары жагы Тыныстанов, Токомбаев, Бөкөмбаев, Адышева, Байтемиров, Байзаков, Ибраев, Жигитов, Садыков сындуулар акын экендигин, акын эле эмес, улуттун ак сөөктөрү экендигин билишпейби? Ошон үчүн, жан-дүйнөңөрдү байыткыла же «суу сатып байыгыла» демекчимин.

— «Күзгү… күзгү — кеседей болуп турган,
Ичинде анын апапак, аппак жүзүң
Ичип ийер кымыздай толуп турган!» кимге арналган?
— Алайкулук кызга. Ал жер — бийиктиктин жана тазалыктын жогорку катмары! Бийиктик менен тазалык кол жетээр жерде жайгашпайт. Кайда жүрсөң да, дайраны атчан күрпүлдөтө кечип баратып деле, жөө мал издеп жүрүп жамгырда калып деле, кымызды идиш жок кезде чаначтан кылкылдата жутуп атып деле, карышкыр менен карпа-курп беттешип туруп деле, күтүрөтө айдап бараткан жылкынын чаңына оролуп деле, шамал боз үйдү шыпырып алып кетээрде үзүк-туурдукка жабышып жатып деле, карматпай качкан малды ашата сөгүп туруп деле, таптаза чөптүн сабагы менен тишти ырахаттана чукуп атып деле — ошо тууган жер менен киндиктеш болуп кала берет экенсиң!

Сеңселип ар бир чачың эркелеген
Сен менин кеч табылган эркем элең.
Күлкүңө гүл өстүрүп кызыл-жашыл,
Күйүткө дары кылып берсе дегем.
Ааламым — сен жөнүндө ойлор эле.
Арманым — аны айланган коргон эле.
Үйрүлүп туруучумун өзүң тургай
Үйүңө карай кетчү жолго деле.

— Рахмат маегиңе. Чыгармачылыгың гүлдөй берсин.

«Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 30.06.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий