Кичинекей Үмөт: «Манаш атам такый өлбөйт»

Өнөрлүү адам эзелтен элдин олжосу катары саналып келет. Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов 3 жашында 150 сап «Манас» айта алчу. Ошол кичинекей манасчынын ата-энеси жана өзү менен маек курдук.

Үмөт өтө зирек. Журналисттерди алты чакырым алыстыктан таанып, алар менен кээде көңүлдөнүп сүйлөшсө, кээде сүйлөшпөй качып да кетет экен. Биз анын ата-энеси менен сүйлөшүп жатканда эле “мен интейву бейбейм, чайчадым” десе болобу! Кантсе да араң көндүрүп, маектешкенге үлгүрдүк.

– Үмөт, «Манас» айтып жатканда эмнени элестетесиң?

– Манаш атамды. Ал менин түшүмө кийет да…

– Манас атаң эмне дейт ошондо?
«Жакшы «Манаш» айтып жатасыңбы?» дейт. Жакшы айтып жатам десем, «жакшы айт» дейт да…

– Манас атаң кандай? Сүрөттөп берчи.
– Ал ки-илтейген чоң булутта да. Мага минтип кайайт.

– Кийими кандай?
– Кийими темий да… Ал баатый, такый өлбөйт.

Үмөт ушинтип айтып келе жатканда атасы оңтойсуздана түшүп, “мындай нерселерди айтыштын кереги жок” деп шыбырап жибергенин угуп калдым. Балким, «Манастагы» сырды балалыгы менен айтып алат деп чочудубу же көз тиет дедиби, ким билсин. Ошентип, сөздүн нугун башкага бурдук.

– «Манастан» башка эмнеге кызыгасың?
– Эме, жана йоботтой бай го… Магазинде бай го… Апам ошондой алып бейем деген. Чо-оң йобот. Анан Жип машина мингим келип жатат.

– Чоңойгондо ким болосуң?
– Манашчы болом.

– Интервью бергенден тажа­дыңбы? Биринчи эле ушинтип айттың го…
– Тажап калдым. Мени детсадга да байып тайтышкан. Аябай чайчагам. Ошо, мен жаман көйөм интейвуну.

Ошол боюнча биздин каарман сүйлөгүсү келбей койду. Андан аркы маекти атасы Болот ага менен уланттык.

– Адатта «Манас» айтуу тукум кууйт» деп айтышат. Силердин тукумда «Манас» айткандар болду беле?
– Буга чейин кабарыңар барбы билбейм, бирок көпчүлүк манасчылар Ысык-Көлдөн болушат. Мисалы, Саякбай ата, Тыныбек ата, Актан, Табылды сыяктуу манасчылар. Суусунанбы, жериненби, ким билет. Эми менин атамдарда деле анча-мынча «Манас» айтуу бар болсо керек. Өзүм 6-класска чейин «Манасты» жаттап айтып жүрдүм. Эки эркек улуу балдарым да жаттап айтышчу. Ал эми бул жигит байкелеринин айтып жатканын кулагына куюп алганбы же Жараткандын буйругубу, ким билсин, 3 жашынан айта баштады. Алгач комуз кыңгыратып коюп жүрчү. Бир күнү эле шатыратып айтып кирди. 3 жашар бала эми 150 сап ырды кайдан жаттасын?

– Азыр канча убакыт айта алат?
– Азыр 5ке чыкты. Токтотпосоң канча убакыт айтат билбейм. Негизи, 10 мүнөт тынбай айткандан кийин эле тердеп-тепчип чыгат. Акырын токтотсок ыйлап, “мен жакшы айтып жаткам да, эмне токтоттуң?!” деп чыр салат. Азыр орточо эсеп менен 300-400 сап айтат.

– Бактыгүл эже, сизге да кеп кезегин берсек…
– Эмне дейбиз. Балама ушул улуу касиетти ыроолоптур. Бирок эл алдына чыкканда коркуп кетем.“Манас атанын арбагы бар эмеспи” деп эле чакырган жерлерге барып жатабыз. Эми Уликти эч кайда алып барбай токтотобуз го. Көз деген жаман деп коёт эмеспи. Бул жолу Роза Отунбаева атайын мааракеге чакырткандыктан, баш тарта албадык. Ал киши өзү «метрикасы эле силердики, бул өнөрлүү жигит эми кыргызга гана тиешелүү, аны көздүн карегиндей сактагыла» деген сөздөрүн айтты. Үмөт менин 43 жашымда төрөгөн уулум. «Карыганда кантип төрөйм?» деп уялып, алдырып салгым келип доктурга чейин баргам. Эгерде алдырып салсам, Кудайдын алдында чоң күнөө кылмак экенмин. Эми уулумдун аркасы менен минтип интервью да берип отурам.

Чындыгында, көз тийбесин. Мотурайган Үмөткө жана анын ата-энесине ийгилик жана бакубат өмүр каалап кош айтыштык.

Нуржамал Жийдебаева, «Супер-инфо», №452 1-7-июль, 2011-жыл

 

Соц тармактар:

Кичинекей Үмөт: «Манаш атам такый өлбөйт»: 1 комментарий

Добавить комментарий