Президент Роза ОТУНБАЕВА: «Манас» эпосу – биздин баа жеткис байлыгыбыз

Буга чейин биз экономиканы гана көтөрүүнүн камында болуп, жалаң гана материалдык  байлыкты эске алып, руханий баалуулуктарыбыздын баарын экинчи орунга коюп келиптирбиз. Бул — биздин эң чоң жаңылыштыгыбыз деп түшүнөм. Жада калса биздин материалдык эмес мурастарды караган мамлекеттик фондубуз жок экен.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 9-июнунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Манас» эпосу жөнүндө» Мыйзамына коомчулуктун алдында кол коюу учурунда айтты.

Президенттин айтымында аталган мыйзам кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы — «Манас» эпосунун үчилтигин («Манасты», «Семетейди», «Сейтекти») мындан ары да сактоого, аны ар тараптуу өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан маселелерди жөнгө салат.

*    *    *

Азем башталаар алдында Президент Роза Отунбаева «Манас» эпосуна арналган жана филармониянын фойесинде уюштурулган көргөзмө менен таанышты. Мыйзамга кол коёрдун алдында мамлекет башчысы сөз сүйлөп, анда ар бир элдин уникалдуу өзгө­чөлүктөрүн чагылдырган маданий мурастары – каада-салты, үрп-адаттары бар экендигин белгиледи.

— Кыргыз элибиздин сыймыгы — улуу «Манас» эпосубуз дүйнөдөгү эң бир көлөмдүү эпос болуу менен бирге эле биздин баа жеткис руханий байлыгыбыз. Эпос оозеки түрдө муундан-муунга айтылып, уланып, кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын сактоодо өзгөчө роль ойногон. Эпосто элибиздин тарыхы гана эмес, кыргыздардын негизги идео­логиясы — биримдикти жана ынтымакты сактоо идеясы терең чагылдырылган, — деди Р.Отун­баева. Мамлекет башчысы «Манас» үчилтигин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү боюнча активдүү иш жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

— Бүгүн тарыхый документке кол коюлуп жатат. «Манас» эпосу жөнүндө мыйзамды кабыл алуу менен биз кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү боюн­ча негизги багыттар менен катар иш­төө алгоритмин аныктадык. Кийинки маа­нилүү кадам — «Манас» трилогиясын ЮНЕСКО­­нун материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизүү. Бул жаатта биз тие­шелүү расмий документтерди гана топтоп тим болбостон, «Манас» эпосу туурасында фильм тартышыбыз керек, аны Кыргызстан ЮНЕСКОнун 47 мамлекет катышкан атайын сессиясында көрсөтө ала тургандай болушу керек, — деди Р.Отунбаева.

Президент Р.Отунбаева инсандын маданий, руханий жактан өнүгүүсүнө да тиешелүү көңүл бурулушу керектигин айтты.

Улуу «Манас» эпосу кыргыз элинин рухун чагылдырып турат, мыйзамда мамлекет тарабынан манасчыларга, тарыхый-маданий мурастардын эстеликтерин калыбына келтирип сактоого жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлүшү керектигин караган жоболор киргизилген.

КР Президенти Роза Отунбаева менен бирге мыйзамга кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ахматбек Келдибеков да катышып, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу чыгарма тууралуу мыйзамга кол коюлуп жаткандыгына токтолду.

— Биз бүгүн кыргыз эли үчүн зор тарыхый мааниге ээ болгон окуянын күбөсү болуп турабыз. «Манас» дастаны — кылымдардан бери ооздон-оозго көчүп, атадан-балага айтылып келаткан кыргыз элинин эң башкы көркөм дөөлөттөрүнүн бири. Биз үчүн ал элдик көркөм чыгарма катары да, элдин тарыхый таржымалы катары да, улуттук идеологиябыздын башаты катары да, улуттук дүйнө таанымы катары да, ар тараптуу илимий негиз катары да мааниси зор, — деди аземде Ахматбек Келдибеков.

Андан ары «Манас» дастаны ал жеке кыргыз эли гана эмес, деги эле, адамзаттын дүйнөлүк маданий жана адабий казынасында өз орду бар чыгарма болуп санала тургандыгын, эң ири чыгарма катары эсептелип келген индия калкынын «Махабхаратасы» менен «Румаянасынан» эки эсе, гректердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» алты эсе чоңдук кыларын баса белгиледи.

— Казактын улуу жазуучусу жана ойчул окумуштуусу Мухтар Ауэзов «Манас» — кыргыз элинин тарыхый энциклопедиясы» деп бекеринен айтпаса керек. Анын жогорку көркөмдүк касиетинен сырткары, тарых барагында белгисиз калган элдердин, уруулардын аттары, жер-суу аталыштары, ошол кезде карманып келген каада-салттар, курал-жарактар, турмуш-тиричиликке байланыштуу буюмдар, айтор, бары-жоктун баары камтылып калган. Ал өзүнүн таалим-тарбиялык таасирин ушу тапта да жоготкон жок десек эч жаңылышпайбыз, — деди Төрага сөзүндө.

Ошондой эле Төрага «Манас» эпосу жө­нүндө» мыйзам кыргыз элинин улуу табериги катары анын тарых-таржымалы менен кошо жаралып, дүйнөлүк маданий мурастын көөнөрбөс кенчине кирген жана адамзаттын алтын казынасынан орун алган «Манас» эпосун сактоо, коргоо, колдоо, асыроо жана андан ары өркүндөтүү максатында иштелип чыккандыгына токтолду. Мыйзам «Манас» эпосу аркылуу кыргыз элинин тил байлыгы менен ой-туюм бийиктигин, анда камтылган тарых-таржымалы менен этногенезистик өзгөчөлүгүн келечек муундар үчүн таберик таштоого багытталган.

— Ырас, буга чейин улуттук мыйзам таржымалында деле, эл аралык тажырыйбада де­ле кандайдыр бир жеке чыгармага арналган мыйзам болгон эмес, — деди А.Келддибеков. —  Бирок, «Манас» дастаны ар кандай көнү­мүш­төрдөн жогору турат. Кыргыз элинин улут катары калыптануусунда анын тили сыяктуу эле зор рухий мааниге ээ. Анткени, кыргыз эли гана «Манас эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу болуп саналат. Ошондуктан, «Баарын коюп Манасты айт» дейт. Кандай гана таасын сөз. Чындап сөз баккан эл гана так ушинтип айталат, — дейт ал.

Айтылуу француз ойчулу Виктор Гюго «Адамдын улуулугу бою менен эмес, анын ою менен ченелген сыяктуу эле, элдин улуулугу да саны менен эмес, жараткан рухий дөөлөтү менен аныкталат» деген экен. Анысы кандай, кыргыз эли көлөмүнө жараша көркөмдүк жагынан да айырмаланып турган «Манас» дастаны менен чындап сыймыктана алат.

— Кыйла кылым кыйырын карыткан кыргыз элинин келечегин «Манас» дастанысыз элестетүү эч мүмкүн эмес, — деп жыйынтыктады өз сөзүн Ахматбек Келдибеков.

Кол коюу аземинен соң иш-чаранын көркөм бөлүгү ачылып, анда манасчылар эпос­тон үзүндүлөрдү айтышып, төрт жашар Үмөттүн кадыресе манасчыдай кара терге түшүп, токтоно албай «күпүлдөгөнү» элди таң калтырып,  Манастын урпактарынын уучу али куру эмес экенинен үмүт арттырып, иш-чаранын биринчи бөлүгүн толуктап койду.

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу», 01.07.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий