Теңир-Тоо койнундагы кыргыз бугучулары

Илгери кыргыз менен бугунун жашоосу ажырагыс болгон. Жараткандын, теңирдин амири менен Улуу Шибердин улуу тоолору менен токойлорунда пайда болгон кыргыз өздөрүн Бугу (олень) менен Багыш (лось) энелерден тараганбыз деп терең ишенишкен. Ошондуктан кыргыздын эң байыркы уруулары Бугулар менен Багыштар ошол кыргыздын Шибер, Алтай, Энесай доорлорунан бери бул жаныбарларды ыйык тутуп, этин жебей, сыйынып келатышат. Ал эми кыргыздын кырк уруусунун калгандары эң алгач ушу бугулар үй-бүлөсүнө кирген: маралдар менен багыштарды колго үйрөтүп, кеңири пайдаланып келишкен. Качан гана жоокердик заман күчөп, кыргыз өзүнүн аймагын Энесайдан Теңир-Тоого чейин узартканда гана кыргыз ат жаныбарга ыктай баштаган. Ошентип, сибирдик кыргыздар бугу менен багышка жакын болсо, теңиртоолук кыргыздар ат жаныбарга оогон.

Бугу жана марал деген сөз бул кыргыздын төл сөзү. Европа өлкөлөрүнүн илимпоздору да Алтайдагы жана Тянь-Шандагы бугунун породаларын илимде «Алтайский марал» жана «Тянь-Шаньский марал» деп атап алган. Ал эми кыргыздар өздөрү болсо бу жаныбардын эркегин бугу, ургаачысын марал деп аташат. Бугу-маралдар илимде көчмөн жаныбарлар деп аталат. Кышында тоо-этектерине, кар аз жерлерге түшүп келип кышташса, жаз чыгары менен, кардын эригенин кууп улам өйдөлөй берет. Жай күндөрү мөңгүлөрдүн чек арасында көчүп жүрөт. Биздин Теңир-Тоонун бугу-маралдары кыргыз менен кытайдын Тянь-Шанында улам ары-бери көчүп, бийик тоолуу карагайлардын арасында мекендейт. Көчмөн кыргыз эли менен Бугу-Атанын көчмөн урпактарынын айта берсе окшош касиеттери абдан көп.

«Марал» чарбасынын директору Дамир Карыпбеков: «Орустар бугуну аттырып аскерлерге эт даярдатышкан»
Анан Теңир-Тоонун бир өңүрүндө кыргыздын бугу-маралдары сакталып калганын көптөн угуп жүрүп, атайы жолго чыгып, Нарын районунун Ийри-Суу капчыгайына туш келдим. Бул жерде жакшы максатта уюштурулган марал чарбасы бар экен. Бугучу Токтоналиев Жолдошбектин карамагында колго үйрөтүлгөн жыйырмадай бугу-марал жана беш жүздөй жапайы жаныбар бар болуп чыкты. Марал чарбасынын директору Карыпбеков Дамир сөзмөр киши экен, бизге мына мобуларды божурап берди:
— Бугу жаныбар өтө кызык касиеттерге ээ, бийик десең бийик, сындуу десең сындуу, карылуу, күчтүү, шамдагай, ыкчам, керилген ак сөөк жаныбар. 19-кылымдын аягына чейин Кыргызстандын бүт тоолорунда жана токойлорунда жайнап жүрчү экен. Орус падышалыгынын колониалдык саясатынын негизинде Кыргызстанга басып кирген аскерлер мындай бекер оокатты көрүп аябай таң калышкан. Кыргыздар тоо-теке, аркар-кулжа атып жегени менен ал кезде бугуларга тийишпегендигинен булардын саны аябай өскөн. Анан Орусиянын Коргоо министрлиги мындай маалыматты уккандан кийин атайын чечим чыгарып, Түркестан аскер округунун аскерлерин эт менен камсыз кылып туруу үчүн жылына 1300 баш бугу-маралды атып эт даярдоого буйрук берген. Мына ошол күндөн тартып Кыргызстанда бугу-маралдын саны кескин түрдө кыскара баштаган. Өткөн 20-кылымдын 70-жылдарында бүт Кыргызстан боюнча 120 баштай эле бугу-марал калган болчу. Анан ошол кездеги вассалдык кыргыз өкмөтү жакшы иш-чара баштап, бугу-маралдарды коргоого ала баштаган. Бугу жаныбарынын душмандары, албетте, бөрү-карышкыр, илбирс-жолборс жана Тянь-Шань аюусу. Бирок эң коркунучтуу душманы бул колунда мылтыгы бар эки буттуу карышкырлар — браконьерлер», — деди Дамир Карыпбеков.

— Бугу-маралдардын саны жылдан жылга көбөйүп баратабы?
— Көз карандысыздыктан кийин коомчулуктун коргоосуна алынган кыргыз бугу-маралы 1995-жылдары 250 башка өссө, бүгүнкү күндө буйруса 500 башка жетип калды. Баары бир жерде, Теңир-Тоо тоо кыркаларын мекендеп Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бийик тоолордо көчүп жүрөт. Жыйырмага жакынын колдо багып, жыл сайын төл алабыз. Быйыл колдогусунан 5 музоо алганы турабыз буюрса. Андан башка да бугучуларыбыз жайылып жүргөн жапайы бугулардын музоолорунан да кармап келип колго үйрөтүшөт. Келечекте Кытай, Россиядагыдай бугунун мүйүздөрүнөн кыркып, пантокрин деген дарыны өндүрүү максаттарыбыз бар. Бугунун мүйүзү миң орууга дабаа болуп, дүйнөлүк рынокто өтө кымбат бааланат. Мына ушул максаттарда биздин марал чарбасы уюштурулган. Кыргыз Илимдер академиясы менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз, келечекте бугу-маралдарды Сары-Челекке, Арсланбапка да жөнөтүп көбөйтсөкпү деген ойлорубуз бар.


Чарбанын бугучусу Токтоналиев Жолдошбек: «Мүйүздөрү август айында таштай катып, бугулар өз «гаремин» түзө баштайт»
— Бу, касиеттүү жаныбар өтө төрө чалыш келет. Маралдарында мүйүз болбойт, ал эми бугуларында аркайган-аркайган, кооз буралган, 1,5 -2 метрлик мүйүздөрү болот. Ал мүйүздөр августтан февралга чейин эле таштай катуу болуп, атаандаштары менен салгылашууга, карышкырлардан коргонууга жарайт. Калган убакта бугу-маралдар душмандарынан адам сыяктуу эле эки алдыңкы бутун көтөрүп алып, туяктары менен чапчып, коргонот. Кадимкидей бокстап, адамдын бетин айрып салат. Карышкыр сыяктуу душмандары келгенде тоо теке-эчкилери аска-зоого чыга качса, эликтер бүт күчүн бутуна чыгарып, качып жүрүп кутулат. Ушул бугу-маралдар гана тоо текедей зоого чыгалбай, эликтей катуу качалбай, мүйүзү менен, туягы менен коргонуп туруп берет. Жылдын март-апрель айында бугулардын аркайган мүйүздөрү өзү түшүп, жаңысы чыга баштайт. Ошол кезде мүйүздөрү өтө жаш, морт болгондуктан алар өтө аяр, сак кармашат. Эч кимди челип сүзө албайт. Колуң менен кармап көрсөң мүйүзү жумшак, ысык болуп, ичинде ойноп-кайнап жаткан кандын оргуштаганын байкайсың, — деди бугучу Жолдошбек.

Мен да кызыгып кетип бугунун мүйүзүн кармасам, чын эле мүйүздүн ичинде шуулдап, айланып жаткан кандын басымын сездим. Бирок бугуга бул жакпады окшойт мүйүзүн акырын тартып алды.

Жолдошбек кайра сөзүн улантты:
Күзүндө бул мүйүздөр 1,5 метрге жетип август айларында таштай катат. Ошол кезде бугулар күүгө келип, тоо-токойду жаңырта кыйкырып, маралдарды имерип, өз үйүрүн (илимде «бугу гареми» деп коюшат) түзө баштайт. Бир бугунун 5тен 20га чейин маралы болот. Мындай гаремге жетиш үчүн бугулар күнү-түнү карсылдашып сүзүшүп, ач калып, ток калып, баарын жеңип чыгыш керек. Көбүнчө каршылаштарын сүзүшүп жатып, ичинен чалып айрып, өлтүргөнгө чейин барышат. Кээ бирлеринин мүйүздөрү бири-бирине чаташып калып чыкпай, айлап-күндөп тирешип жатып өлгөнү болот ачкадан. Кээ бирлери алсырап баратканда качып жөнөйт. Эгер тез узап кетпесе жеңип баратканы артынан кууп, мүйүзү менен ичин чалып, айрып салат. Ушундай оор сыноолордон өткөндөн кийин гана бугулар өздөрүнүн маралдарына ээ болот. Бирок жеңилген бугулар да өтө алыс кетпейт. Бир аз узап эле, өз ара топтолушуп алып жеңүүчү бугунун үйүрүнөн көз албай, алыстан ээрчип жүрө берет. Оңтойлуу учур болуп, чоң бугу байкабай калса мындай четке сүрүлгөн бугулар четте жүргөн маралдарга тийишет. Сейрек болсо да маралдар буга көнүп, кошулушкан учурлары болот. Бирок мунун аягы өтө трагедия менен бүтөт. Анткени бугу баласы өтө кызгаанчак келет. Эгер чоң бугу байкап калса жете келет да ал маралды жыттап көрөт. Эгер жат бугунун жыты болсо андай маралды бугу чоң, курч мүйүзү менен ичин жарып, өлтүрүп салат. Ошентип, күчтүү бугу ал-күчтөн тайганча өз гаремин башкара берет. Эгер эле ооруп же карып алдан-күчтөн тайса, анда эле аны сезген кезектеги бугу анын ичин жара сүзүп, анын гаремине ээ болот. Бугуларда өтө катаал турмуш айлампасы өкүм сүрөт. Ал эми жазында бугулардын мүйүздөрү түшүп, мусаапыр болуп, маралдары бир-бирден төлдөй баштайт.

Ошол төл башталганда бугучулар жапайы маралдарды аңдып токой аралап кетет. Анткени бугу баласын жаңы тууганда, эки-үч күндүк болгондо кармап калбаса, андан кийин такыр карматпайт да колго үйрөнбөйт экен. Жаңы туулган музоону кармап келип, уйдун сүтүн берип жүрүп чоңойтуп, азыр 20 башка жеткиришиптир. Эки жолу чарбадагы маралдарга карышкыр тийип, дароо байкап калып, кыйкырып-өкүрүп аман сактап калышкан. Экинчисинде үч-төртөөсүн жеп кетти. Дагы бир жолкусунда килейген бир жапайы бугу өз үйүрү менен келип токойдон кол салып, Айдар аттуу чоң бугунун ичин жарып өлтүрүп, маралдарды өз үйүрүнө кошуп айдап кетиптир. Бугучулар артынан кууп жүрүп араң ажыратып калышкан. «Бирок ал «баскынчы бугудан» бизде тукум калды. Ошол жылы маралдарыбыздын баары бир кылка боозуп берди» дешти бугучулар.

Мына окурман, Теңир-Тоонун койнундагы кыргыздын бугу-маралдары менен учурашып, кадимкидей тазарып, энергия алып кайттым. Төрө чалыш бул жаныбарлар маңкая карап, сасыган саясатты не кыласыңар, көртирликтен башыңар чыкпай койду го дегенсип текебер карап, кыргызды бүт ыйманга, аруулукка чакырып тургансыйт. Бийик десең бийик, сындуу десең сындуу, карылуу, күчтүү, шамдагай, ыкчам, керилген ак сөөк жаныбар мага кыргыздын ата-бабаларын элестеткендей болду. Ал эми Нарын районунун Ийри-Суу капчыгайында бугу-маралды бапестеп колго багып, туягын көбөйтүп аткан нарындык бугучуларга таазим этебиз.

Бегалы Наргозуев, парламенттин экс-депутаты,
«Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 30.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий