Айтылуу Уркаш манасчы

Өткөн айда кыргыз элинин көрүнүктүү бир нече азаматы бул дүйнө менен кош айтышты. Алардын бири – белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев. Манасчынын өрнөктүү өмүрүн жубайы, кызы жана шакирттери эскеришти.

САЯКБАЙ АТА КОЛДОГОН
Белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев көл кылаасындагы Түп районунун Талды-Суу айылында 1934-жылы 8-мартта жарык дүйнөгө келген. Адатта, манасчыларга аян берилет эмеспи, улуу манасчы да түшүндө аян алган экен. Түшүндө суусап чаңкап баратып, жолдон боз үйгө кирет. Ичинде сакалы белинен келген, бетинен нур чачыраган аксакал отурган болот. Узун бойлуу, сулуу келин дасторкон жайып, кичине чыныга бал, аппак нан коюп, кызыл чөйчөккө куюлган кымыз сунат. Уркаш агай ошол даамдан ооз тийип, ошондон баштап акырындап “Манас” айта баштаган.

Аз өтпөй айылына манасчы Саякбай ата келет. Уркаш агай Саякбай атанын алдына барып күпүлдөп “Манас” айтып берет. Анда ал: «Жолборстун астында кара күчүктүн тайманбай “Манас” айтып турушу оңой иш эмес, сенден бирдеме чыгат»,- деген экен. Ошол кезден башталган манасчылык өнөрдү Уркаш Мамбеталиев өмүрү өткөнчө айтты.

Эмгек жолун 1957-жылы Ысык-Көл драма театрында баштаган. Андан соң Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына «Манас» боюнча ырчы болуп кабыл алынып, акыркы күнүнө чейин ушул жерде эмгектенип келген. Ал «Манастын чоң казатка аттанышы», «Колдун жолдо жүрүшү», «Алмамбет менен Чубактын жол талашы», «Кичи казат», «Көкөтөйдүн ашы» бөлүмдөрүн айтчу.

Уркаш агайдын айтуусунда «Манас» 28 сааттык узактыкта Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылган. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Кыргыз Эл артисти ардактуу наамдары ыйгарылган. «Түгөлбай ата» сыйлыгынын лауреаты, ошондой эле Манас орденине да ээ болгон.

Жубайы Батыш Мамбеталиева: “УНУТУЛГУС ЧОҢ МИСКЕЙ”
Бирге өмүр кечирип, таң атпай чай берип жумушка узатып, кечинде жылуу сөздөрүн айтып тосуп алган Уркаш агайдын жубайы Батыш эже учурда кайгыга батып турган кези.
– Эже, сиз үчүн эле эмес, кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу болду, кайрат кылыңыз.
– Рахмат. Бирок эртең менен эле аман турган адам кайтпай калат деп эч ойлогон эмесмин.

– Уркаш агайдын акыркы күндөрү кандай өттү?
– Акыркы күндөрү негедир аябай шашып жүрдү. Жума күнү ооруканага бардык. Доктур “сиз дарыланышыңыз керек” десе да болбоду. “Жок, мен Курултайга барышым керек, биринчи күнү жатайын” деп койду. Эртеси “мен кечигип калам, такси чакыр” дегенинен такси чакырып бердим.“Барбай эле койчу” десем, укпай Курултайга кетип калды. Анан ошол жерден жүрөгү кармап калат. Ошондон улам кете бериптир. Мен үйдө эч жамандык күтпөй эле отурганда бул суук кабар жетти. Ошентип, Уркаштан айрылып калдык.

Мындан эки жыл мурун дарыгерлер “жүрөгүңүзгө көп күч келтирбеңиз. Дайыма дары ичишиңиз керек, ошондо жүрөгүңүз нормада жүрөт” дешкен. Өмүрүндө дары ичпеген киши аларды да, бизди да уккан жок. “Ичпейм” деп эле тырышып туруп алды.

– Эми жаркын күндөрүңүздү эскерип берсеңиз. Уркаш агай менен кантип таанышып, баш кошуп калгансыздар?
– Экөөбүздү Уркаштын карындашы табыштырган. Сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. 54 жыл бирге жашадык. Эми эркек кишиден кандай талаптар талап кылынса, ошолордун баарына тең жооп берчү. 3 балалуу, 8 неберелүү, 3 чөбөрөлүү болдук. Балдары, неберелери үчүн жанын бергенге даяр эле. Уркаштын ачуусу бат келип, бирок тез эле жазылып кетчү. Бала кыял, бат алданып, бир нерсеге ишенип калуу мүнөзү бар болчу. Экөөбүздүн урушканыбыз деле эсимде жок.

– Агайдын кайсы белеги сиз үчүн өзгөчө болгон?
Үй-бүлөлүү болгондон кийин көр оокат менен алек болосуң да. “Үйгө чоң мискей керек” деп айтып калчу элем. Уркаш командировкага чет өлкөгө кеткен. Кайра чемодан, жүктөрү менен келатса эле аялдар кезекте турушуптур. Өтүп баратып аялдардан “бул жакта эмне болуп жатат?” десе, алар“сизге идиш-аяктын эмне кереги бар?” дешиптир. Анан Уркаш баягы аялдарга “мен алыс жактан келатам, мени өткөргүлөчү” дегенде көп аялдар “азамат” деп өткөрүшсө, кээ бирлери “бизге жетпей калат” деп чырдашыптыр. Акыры өтүп, анан бир кичирээк, бир чоң мискей алыптыр. Үйгө ошолорду көтөрүп келгенде абдан таң калгам, менин суранычымды аткарды деп. Ошол чоң мискей дале бар. Баарыбыз чогулуп же көп конок тоскондо ар дайым бешбармак жасачу элек. Ушул жоругун көп эстейм.

– Аягына чыкпай калган иштери көп калса керек?
– Ооба, көп иштери аягына чыкпай калды. 9 ыр китебин, андан сырткары өз вариантындагы “Семетейди” жарыкка чыгарган. “Сейтектин” да өз вариантын чыгарайын деп жаткан.

Кызы Марал: “АТАМ КОМАНДИРОВКАДА ЖҮРГӨНДӨЙ ЭЛЕ СЕЗИЛИП ЖАТАТ”
– Атаңыз сизди аябай жакшы көрөт дешчү эле…
– Атасыз калганыбызга такыр ишенбей турам. Мен үчүн атам командировкага кеткендей эле болуп жатат. Баарыбызды жакшы көрчү. Бирок мени өзгөчө жакшы көрчү эле. Кайсы жакка барбасын, ар дайым мага өзүнчө белек ала келе турган. Эки сөзүнүн бири эле Марал болчу. Үйдө жүргөндө биздин, небере-чөбөрөлөрүнүн аттарын кайталап ырдай берер эле.

– Сиз үчүн атаңыз кандай элесте калды?
– Биз бала кезде эле атам тазалыкты талап кылчу. Үйгө келген курбуларым “силердин үйүңөрдүн ичи музейдин ичиндей таза” деп таң калышчу. Качан болбосун, үйгө келип бөлмөсүнүн эшигин ачпайын, калем колунан түшпөй бир нерсе жазып отурчу. Анан дагы атам уколдон кичинекей баладай коркчу эле. Укол алганда сөзсүз мага келип бир сыйра арызданып, “колумду карачы, көгөрүп калды” деп мага укол сайган жерин көрсөтчү. “Ата, эч нерсе болбойт, оорубай калат азыр” деп кучактап, өөп койсом алаксып калар эле.

– Атаңыз тууралуу кайсы унутулгус окуя эсиңизде?
– Бир жолу атам Көлгө кетти, жолдон тоонун арасынан машинасы ылайга тыгылып, жүрбөй калат. Анан баягы машинанын ичиндегилердин баары сыртка чыгып түртө баштаганда атам “бол эми, Марал” деп сүйлөнө бериптир. Жанындагылар эки жакты карап, “кана марал?” дешсе, атам “менин кызымдын аты Марал да, аны эстеп кетиптирмин” деп баарын күлдүргөн экен.

Рыспай Исаков, манасчы:
– Уркаш абам аябай шашма адам эле, сөздү аягына чейин укчу эмес. Башын укса эле болду, ары жагын өзү каалагандай түшүнүп алчу. Бир жолу ашканага барып калдык. Абам менюну карап тамактардын аттарын окуп жатты. Официант келгенде “кызым, мага биштекс, биштекс” деди. Тиги кыз бифштекс жок экенин айтса, Уркаш аба “ооба, ооба, ошол биштекс, биштекс” деп жатат. Жок экенин түшүнгөндөн кийин аябай күлдүк эле.

Бир ирет жумуштар бүтүп, абам үйүнө кеткен. Үйүнө кирип, залындагы диванына жатат. Бир маалда астыңкы кабатта жашаган орус кемпир келет. Анан абам тура калып “заходите, заходите” деп сүйүнсө, кемпир чаңырып баштаптыр. Көрсө, агай бир кабат өйдө жашайт экен, адашып коңшусунун диванына жатып алыптыр. Ушундай күлкүлүү жоруктары бар эле.

Азамат Болгонбаев, төкмө акын:
– Уркаш Мамбеталиев – кыргыздын, кыргыз өнөрүнүн, асыл өнөрүнүн алтын көпүрөсү. Алтын көпүрө дегеним, Саякбай атабыздын заманынан бери карай улуу өнөрдүн үлгүсү, күзгүсү болчу. Уркаш атаны көрүп, көптөгөн жаштар улуу манасчылык өнөргө аралашты. Адамгерчилиги тууралуу айтсак, Уркаш ата кең пейил, назик, боорукер адам болчу. «Манас мурас» коомдук фонду, «Айтыш» коомдук фонду менен тыгыз иштегендиктен, акыркы 5 жылда бат-бат жолугуп турду.“Өсүп келе жатасыңар, дагы аракет кылгыла” деп ак батасын айтчу. Бир дагы адамдын көңүлүн оорутпаса керек.

Мальвина Уметбекова, “Супер-инфо”, №453 8-14-июль, 2011-жыл

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий