Алик Акималиев

Сүрөттүн автору Б.Карагулова

(1957-2011)

Токтогул районундагы Акчий-Карасуу айылында 1957-жылы 19-ноябрда туулган.

Орто мектепти 1974-жылы бүтүрүп, Советтик Армиянын катарында 1976 — 1978-жж. кызмат өтөгөн.

1985-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктап, райондук, республикалык гезиттерде иштеген.

1988 — 1995-жж. Токтогул, Жоомарт, Коргол музей комплексин түзүүнүн, 125, 110, 80 жылдык мааракелерин уюштуруунун туңгуч демилгечиси болуп, элдик мурас жыйноочу катары иликтөөлөрдү жүргүзгөн.

1975-жылы «Жаш ленинчи» журналына, «Кыргызстан пионери» гезитине туңгуч ырлары чыгып, «Жалын», «Бир кеменин үстүндө» альманахтарына чыгармалары жарыяланган.

Акын 1987-жылы Алма-Атада өткөн жаш акындардын бүткүл союздук XIV фестивалынын катышуучусу.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар, Журналисттер союздарынын мүчөсү.

«Ханбазар times», «Эл үнү» гезиттеринин башкы редактору болгон.

«Бала мышык» (Балдар үчүн ырлар, 1982), «Күнөстүү элет» (1989), «Ай ааламга күйүп турган ыр чырак» (Тандалмалар, 2002), «Ханда жок байлык» (1-том: Тандалмалар, 2008), «Көрүнбөс калканыч менен арноолор» (2-том: Тандалмалар, 2008), «Чырак» (2004–2005) китептери жарык көргөн.

2011-жылдын 23-ноябрда 55 жаш курагында күтүүсүз ажалдан дүйнө салган.

Алик Акималиев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Акын Алик АКИМАЛИЕВ: «Дөөлөрдүн кичинекей аялды сүйүүгө убактысы жок»

Ырларына жараша мүнөзү

Алик Акималиев: «Менин неге аялыма алым жетпейт, ушунча күчтүү акын болуп туруп…»

Алик Акималиев: «Жүз грамм арак миллион генийдин түбүнө жетет»

Алик Акималиев өлгүсү келген эмес…

Алик Акималиевди эскерип 

Кыргыздын №1 акынын ким өлтүрдү?

 

Ырлар

«Ханда жок байлык Манассия» ырлар китеби

 

АДАМ ӨТТҮ

Бар беле, же жок беле?
Ың-жыңы жок. Айталасың башка не?
Жарыкчылык күкүмүндөй «чырт» этти,
Жашадыбы? Жашаганбы жокпу же?

Ага чындап болгон да жок жан ачуу,
Ал турмушту жал-жал этип карачу.
Бир көчөнүн Бабаканы болсо да,
Бирок, жалгыз Алыкулдай жашачу.

Жалгыздык-ов!
Жанды жеген тозок-оо!
Эч ким аны чакырчу эмес конокко.
Бир бутунан, бир уулунан айрылган,
Жылып барчу аракка-элдүү камокко.

А дүйнөгө учту өлүмдүн куштары,
Балким аны эч ким тосуп чыкпады.
Жадыраган жарык, байжан киши эле,
Жалгыздыктын эле жалгыз душманы.

Адам өттү.
Бар беле же жок беле?
Жашадыбы? Жашаганбы жокпу же!
Жахандагы купуя сыр бул пенде,
Жаалы бар, мээри бар. Жакшы эле…

 

ПОЭЗИЯ

Ыр чок шилеп, жүрөк «дүрт» деп жанса да,
Же жан түтөп көңүл кирдеп калса да,
Поэзия, таза сүйүп өзүңдү,
Чындык менен күйүп келем мен сага!

Адалдыктан тарттым далай муң, санаа,
Арамдыктар алдап шагым сынса да,
Поэзия, тепсеп өтүп пастыкты,
Улуу жолдор менен келем мен сага.

Талкалайм деп тагдыр кылыч сунса да,
Кыйратам деп кырсык, мүшкүл турса да,
Поэзия, кыйсыпырдан сак өтүп,
Кыйын жолдор менен келем мен сага.

Байлык, бийлик, атак, мейли, чанса да,
Көкүрөккө же бүт Жахан сыйса да,
Поэзия, жеңил, кыска жол баспай,
Уза-ак жолдор менен келем мен сага.

Акыл, изден!.. Кирсем турмуш чалгынга,
Акыр шыгым табат сөздү алтын баа.
Гений сындуу керек тура кудурет,
Бир сап ырды жаратуунун алдында…

 

АЙЫЛ ИРЕГЕСИНДЕ

Алтын баштан нээлер гана өтпөдү,
Тагдыр, мейли, тартсын жанды көкбөрү.
Көңүлүмдү турат бирок, көтөрүп,
Көпөлөгүң учуп жүргөн чөптөгү.

Жазмыш, мейли, жазаласын бейкүнөө,
Туулган жерим, көзгө не бир сүйкүм ээ?!
Кубанычына чек жок экен кудуңдап,
Кумурскаңдын дан ташыган ийнине.

Турмуштар бар биз көрөлек жактагы,
Туулган журттун көгүш кечи, ак таңы…
Бук чер жазып тыңшоом экен, ырахат,
Булбул кушуң сайрап жатса бактагы.

Келген жокмун чарк айланып дүйнөнү,
Энем сындуу эч ким аяп күйбөдү…
Санаа басып карап турам жөн гана,
Сары аарыны бал шимиген гүлдөгү.

Сабыркаба, дагы алыска узатсаң,
Эркелейби ээрчип өзөн суу аккан.
Саман кепе салып койбой «ат-та» дейм,
Сарчымчык жөргөлөсө шыбактан.

 

О, КЫРГЫЗ ЖУРТ!

Мен да пендең жолдогу,
Безеленем боз кушуңдай тордогу.
Көпөлөккө, кумурскаң, куш багыңа,
Көзүм сүйүп тиктей алса болгону…

 

ЖАЛГЫЗДЫКТЫН БИР ЫРЫ

Үйү жок, аялы жок, баласы жок,
Үшкүрүп дүйнө кезген шамалга окшоп.
Мен бул кез жалгыздыктай бир дос күттүм,
Арманын дирилдеген аван козгоп.
Жүрөгүм кусага жык толуп турат,
Бир аван көз жаралбай тыбырчылайт,
Дүйнөнү кезип кетким келет менин,
Бир ырын жалгыздыктын жалгыз ырдап.
Аваным муңканса да таңшыдыбы,
Кайгыңдын ачуу жашын аарчыдыбы.
Асылзат, шул дүйнөдө окшош экен,
Азаптын, атактын да жалгыздыгы.
Билип жүр, сен да менин жалгыз эркем,
Алыска сапар тартам балким эртең.
Турмушта бүт жолдорду жарык кылган,
Тутантып жалгыз сүйүүң өчүрбө сен?!

 

***

Бүркүткө бүркүт шаңшыйт да,
Куудулга шайыр каткырат.
Чымчыктар чумкуйт чалчыкта,
Карганы карга жактырат.

Алп турмуш шарын мен издейм,
Туманда жүрөк оту бар.
Баш созуп тоо, чөл, деңизден,
Чокуну көрөт чокулар!..

 

АДАМГА
АДАМДЫ ЭЧ ЖАМАН ДЕБЕГИЛЕ,
ЖАМАН СӨЗ АЙТПАГЫЛА ДАРЕГИНЕ

Дүңгүрөп дүйнө жашыл кутка толгон,
Дүйнө бүт чөгөрүлгөн карегине.
Тургузсаң жыгылып, сынып жаткан чакта,
Тулкусу жаратылган алтындан чылк,
Турмушту бүт гүл кылып иер эле.
Козгосоң адал, таза ниеттерин,
Колунан бар жакшылык келер эле.

Жаман сөз айтпагыла дарегине,
Адамды эч жаман дебегиле.

Түрмөнүн түбүндө да адам жатат,
Жабышкан өрттөй жалаа өрттөп жанын,
Шамшардай сөз миздерин жалаңдатат.
Көтөрүп көкүрөктө шам билигин,
Көңүлүн, ниетин зэктин ким агартат?!

Тагдырын башкалардын оюнчук көрбө,
Аныктап, кесалбайт сот да, тергөө.
Азаттык, зынданда да Адам — Адам,
Не бир муң, ыр шыңгырайт кишендерде.
Кааласам кордойм дебе зөөкүр менттер,
Камакта да сен сыяктуу ал да пенде.

Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине.
А балким, карап турган көзүң жаман,
А балким, сөөккө жеткен сөзүң жаман.
Нерв, кокустук, кыял жаман.
Акыйлашкан аймаңка мүнөз жаман,
Адамды өлтүрүүдөн кайра тартпайт,
Кылдай бети кызарып уялбаган.
Ууктуруп ушак сөздөр учкан сайын,
Башымды көтөрүп мен араң барам.

Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине.
Адам сен, билсең өзүң кадыр-баркың,
Падыша сага башын иер эле.
Тирденип, оңдосоң өз пейил-куюң,
Тиран да кол куушуруп келер эле.
Акын да, гений да,
Улуу жалгыздык да
Сен менен сүйлөшкө зар болор эле.

Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине
Адамдын тийбегиле ыйыгына,
Адамдын тийбегиле жүрөгүнө!!!

 

ЧУРКАГАН ОТТОР

Көрсөтмөгө манекенче койгондой,
Күлүп турсам эч нерсени ойлонбой,
Жагат сага.
Бирок, сүйүүм денемде,
От айланып чуркап жаткан жолдордой.

Же тийишип кыз-келинге шоктонбой,
Бейгам жүрсөм жүрөктөргө от койбой,
Жагат сага.
Бирок, сүйүүм каректе
Жолду айланып чуркап жаткан оттордой.

Шаар.
Жарык.
Кеч.
Көчө бойлоп келемин.
Бийкечтерге чап жабышат карегим.
Ашыктыктан махабатты чогултуп,
Арнайм сага бул кумардын белегин.

Коймаарегим, бактылуусуң эх, кандай!
Эркек туруп, мен көзүңө чөп салбай.
Алыс кетсем, ичиң бышып күтөрсүң,
Айжарыкта бирөө менен баскандай.

Антпей жүрчү, сабырың суз ойлонбой,
Санаа менен кызганычка кор болбой.
Бул калаадан сүйүүм жөнөйт айылга,
Жарык чуркап бара жаткан жолдордой,
Жарык чуркап бара жаткан жолдордой…

 

ОТУЗ БЕШ ЖАЗ

Кышың – кыял,
Жазың – жалган, күз – күмөн…
Кылым, сенин кыйырың тиктеп үргүлөйм,
Ойдо жокто келип калган меймандай,
35 жаш!..
Сен баш бактың күзгүдөн.

– Ассолоом?! – дейм,
Карбаластап дос сага.
Азгырык – күз, жаз, жай – шайыр, кыш – санаа.
Бир карасам: пайгамбардай карыпсың,
Бир карасам: бакыракай жаш бала.

35 жаш!..
Ойноп-күлдүк, ыйладык.
Дардес чакты шарап берип сыйладык.
Эми сенин дайыны жогуң кейитет,
Жазмышыңдан жан арданып, чыйралып.

35 жаш – Алыкулдун курагы,
Үстөлүмдө үнсүз күйөт чырагы.
Эргүүлөрдүн көөрүн төкпөй кагазга,
“Эх!” – Эрдимди кесе тиштейм ызалуу.

35 жаш – Чыңгыз алган баш байге,
Чындык, сүйүү чырак жаккан канча элге?!
А мен эми ат-жытым жок карайлап,
Кылдай эмнек кылбаптырмын эч нерсе.

Кечир мени, бир кем жашы Жоомарттын,
Кеңкелестей бетти жаман кызарттың.
Жаш кезимдей дале жайдак чапкым бар,
Жалын мыкчып, атырылган боз аттын!

 

УБАЙЛУУ ЖОЛ

Тынчып калбайм ашкан сайын ар кырдан,
Курчуйм, кайнайм, кубат жыйнайм айылымдан
Агайын-журт,
Туягынмын мен да бир,
Туйлап келдим турмуш чапкан камчындан.
Баш көтөрүп,
Жара тиштейм ооздугум,
Арданамын калган жок эч жаштыгым:
Туу байгеңе тулпар чуркайт үч жолу,
Туйлап үнүм — кишенеген жаш кулун.
Көз чачырайт!…
Көйгөйүн, баш катырды.
Жол чарчаткан Акынды да, Баатырды.
Жолго чыксам ар сапарым качан да,
Сезилет-ов, сыяктанып акыркы…
Акыркы эмес,
Үмүт чачып күй, жарык!..
Жакшылыкты жүргөн жокпуз сыйга алып.
Ташыркатат бөтөн жолдун таманы,
Ачууркантат тапкан жолуң кыйналып.
Бул жол менен,
Сен да өтөсүң, мен да өтөм,
Жол боюнда өмүр бөтөн, эл бөтөн.
Кайгы — шаңың кайра жууруп жанымдан,
Каректерден көз жашындай мөлт этем.
Билбейм, ырым, —
Дем-күч болот канчага.
Бирок далил айтар сөзүм бар сага:
Эгер жолуң катуу болсо — камыкпа,
Эгер жолуң узак болсо – чарчаба!..

 

КАРБАЛАСКА

Аз ыр жаздык, көп ой бугуп кумар жан,
Көкүрөк муң, көз жаш сыгып чыгарган.
Экөөбүздө бир чын достук, бир сүйүү,
Экөөбүздө бир чындык сөз, бир арман.

Рас, рас ар кыл сырлар, ыр башка,
Ыраазымын адил, жоомарт курдашка.
Ак боз атты үзөңгүлөш чаап биз,
Тагдыр менен түштүк таймаш, кармашка.

Суроолорду сен аттың жаш мергендей,
Сугум арттым аңчым олжо бергендей.
Биз табыштык чатакташып бир жолу,
Дос акындар Рембо, Поль Верлендей.

Мен ниетиңден сүттөй таза агарам,
Мезгил-табып, ыр деп курчу, жарала.
Бирок, билсек кимдер бизге дос, душман,
Бирге жүргөн кимдер адал, ким арам?

Азгырылбай мансап, даңкка күнүмдүк,
Асыл максат, чоң тилекти күтүндүк.
Сезимтал да, сергек карап турмушка,
Кыйынсынган кемпайларга түкүрдүк.

Кумарлансын бул дүйнөгө жүрөгүң,
Тунарбасын тунук лирик карегиң.
Биз эмеспиз соодагерлер жан баккан,
Биз эмеспиз Моцарт менен Сальериң.

Сен сыңары мен чоң топтон иргелем,
Бул эки өмүр, жалгыз жолдо бир келем.
Даңазабыз бир Ата Журт, эки айыл,
Алдыбызда бир шам чырак, бир калем.

Эссиздердей тар болбойбуз чычалап,
Эки туйгун бир уядан уча алат.
Бийиктиктен көз жүгүртүп кең, терең,
Эки альпинис бир чокуга чыга алат!

 

* * *

Миң гүл турмуш,
Ширең ачуу, таттуу эмес.
А бул турмуш —
Күйүт да эмес, бакты эмес.
Оргусам да кайнап турган жериңден,
30 жашта жалгыз калган жакшы эмес.

Ырас, тирлик —
Жаман да эмес, жакшы эмес.
Көздөрүңдөн өчпөй күйүп жатчу элес,
отуң жагып, чыгарсам да күлүңдү,
40 жашта жалгыз жүргөн жакшы эмес.

Максат жалаң:
арак, аял, акча эмес,
Мансап, бийлик
Байлык, атак, башка эмес,
Оолак жүрүп, оомат, абийир тапсам да,
50 жашта жалгыз калган жакшы эмес.

Турмуш деген
Бөлөк-бөлөк жакта эмес, —
Туулган журтта!
Туш-туш калган жакшы эмес.
Ойдогудай жашайын деп турсам да,
Олдо кургур, жалгыз жүргөн жакшы эмес.

 

ИЗДЕЙМ СҮЙҮҮ ЖЫЛДЫЗДЫН
(Ажар Жакеш кызына)

Көздөгөнүм жетпес куш беле,
Издегеним жалгыз кыз беле.
Махабаттан жолу болбогон,
Мага ушундай тагдыр туш беле?

Карай бердим көктүн кырбусун,
Балбылдаган кыздын жылдызын.
Мен издеген сүйүү нуру жок,
Мен сүйүүмдү таппайт окшодум,

Издейм, издейм сүйүү жылдызын…
Ашыктыгым бүткөн жалындан,
Ансыз окшойм отсуз, жарым жан.
Булут болуп жолук, бураң бел,

Урса уруп кетсин чагылган!
Теңим болор барбы бийкечим,
Тентигенсийм кыйнап бир сезим.
Кара жолдон кайчы кеткендей,

Канча бир жыл өзүңдү издедим.
Кыялданам сүйүүм кайда деп,
Кылгырткандай кыздар канча көп.
Жалбырактай жашыл жоолуктуу,

Кызыл тору кызбы алма бет.
Кубангандай адам алтын таап,
Сүйүү гана бактым тартуулайт.
Кайда жүрдүң экен жалгыз кыз,
Карагаттай көзүң жалжылдап.

Көздөгөнүм кыял куш беле,
Издегеним уяң кыз беле.
Махабаттан жолу болбогон,
Мага ушундай жазмыш туш беле.

Соц тармактар:

Алик Акималиев: 4 комментария

Добавить комментарий