Кыргыз искусствосун дүйнөгө алып чыккан Баттерфляй

Музыка дүйнөсүндө сейрек кездеше турган, аты дүйнөлүк аренага чыккан, азыркы замандын чыгаан адистери жогорку баа берген опералык ырчы Кайыргүл Сартбаева

Дүйнөдө классикалык мектептен өткөн жагымдуу, кооз үндүү, профессионал ырчылар бар, алар болгон, боло берет, алар эч качан өтүп кетпейт, өчүп калбайт. Алар так кулагыңда, так маңдайыңда, так жаныңда. Ошондой аялуу инсандардын бири, элибиздин бирден-бир назик үндүү, адептүү, маданияттуу ырчы кызы – Кайыргүл Сартбаева. Мезгил канаты сабалап учкан сайын, жылдар артка билинбей жылган сайын Кайыргүл Сартбаева деген улуу кубулуш – улам ири планда көрүнүп, шаңшыган үнү, кулакка даана угула берет. Ал ХХ кылымдын 60-80-жылдарында, эгер ал мезгилди ренессанс доору деп атай турган болсок, ошол замандын улуу ырчысы жана жаңы заманда жашап жаткан азыркы замандын ардактуу өкүлү.

Качан болбосун, “кулактан кирип, бойду алган” Кайыргүлдүн үнүн, аземин, абазын, мукамын сөз менен айтууга болобу? Адам кубаныч-шаттыгын, кайгы-бактысын, уйгу-туйгу ойлорун бирөөлөр менен бөлүшкүсү келген соң, Кайыргүлдүн үнү, тембри, дикциясы, интонациясы, интуициясы, колорити эмне экенин, ар бир тыноосун, демин, айткан текстин, аткарган ариясын, ариозосун, дуэтин, романстарын, артыкчылыгын, музыкада баскан жолунан табууга болот.

Кайыргүл “Чио-Чио-Сан” операсынан Баттерфляй-айымды аткарып, акыркы ариясын ырдаганда, залдагы адамдардын көздөрүнөн жаш тегеренгенин көргөн элек. Музыкалык өнөрдүн бийигине жеткен бул үн жөн эле аткаруу ыкмасынын – артистизм­дин же вокалдык өнөрдүн бийиктиги эмес, ал андан да башкача, жан-дүйнөнүн ачылышы, кантамырдын чыңалышы, тагдыр менен мүнөздүн, ишеним менен жек көрүүнүн, бакыт менен кайгынын, шаттык менен сүйүүнүн айкалышы, өнөр үчүн өзүн курман чалуунун, тобокел деп эрдикке баруунун өрнөгү, бүт күч-кубатын сыгып, балбылдап күйүп-жанып, өмүрүн элге арноонун үлгүсү!

Сахна менен көрүүчүлөрдү абдан сергек сезген Кайыргүл отургандардын бардыгын демин ичине тартып, унчукпай жым болуп угууга аргасыз кылган. Партердин биринчи катарынан балкондун акыркы катарына чейин, адатта, анын спектаклдерине эл толо келчү. Кайыргүл аткарган Татьянаны, Дездемона, Маргарита, Ярославнаны дилгир болуп, кунт коюп угушчу… Албетте, анын эң жогорку жетишкендиги – мадам Баттерфляй. Бул партияны Ирина Архипова жана дирижёр Марк Эрмлер менен бирге ал Чоң театрда 15 жолу ырдаган. Салыштыруу максатында айта кетели, Сайра Кийизбаева Чио-Санды Чоң театрда бир гана жолу ырдаган. Владислав Пьявко, Юрий Мазурок, Эрмек Серкебаев, Владимир Атлантов, Хусейин Мухтаров, Болот Миңжылкиев жана башкалар Кайыргүл Сартбаеванын партнерлору болгон.

Мына, ушул спектакль менен жана классикалык “Айчүрөк”, “Манас” менен Кыргыз опера жана балет театры Алма-Атадагы гастролдорду ийгиликтүү өткөрүп, бир ай бою театрда аншлаг болуп турган. Кыргыз элинин жетишкендигин же болбосо улуттун жүзүн көрсөткөн 1939- жана 1958-жылдардагы адабият менен искусствонун декадаларынан кийин мындай чоң гастролдордун болбой калганы абдан өкүнүчтүү. Албетте, маданият күндөрүн, декадаларды өткөрүү кымбатка турат, көптөгөн адамдардын эмгегин талап кылат, бирок “тонду ашатып, өңдөп, кытаттап, бычып, тигип, жасай билүү керек”. Декада – бул кубаттуу чыгармачыл стимул ага карата ондогон жаңы чыгармалар жазылат, айрыкча жаңы опера, балеттер жаралат. Кыргызстанда “Ай­чүрөк”, Казакстанда “Кыз Жибек”, Өзбекстанда “Гүлсара” операларынан өткөн опералар жок. Мындайлар Борбордук Азияда, айрыкча опера жанрында азыр жаралбай калганын моюнга алыш керек.

Көчмөн турмуштан цивилизация­луу турмушка өткөн кыргыз сыяктуу элдин азыркы жүзүн ушундай зор иш-чаралар гана дүйнөгө таанытат. Кыргыз эч качан өзүнүн өндүрүп чыгарган товарлары менен эч кимди таң калтыра албайт. Декадалар болбогондо, Бейшеналиева, Кийизбаева, Махмутова, Бекмуратова, Сартбаева, Сарбагышов, Базарбаев, Тугелов, Жумакматов сыяктуу кыргыз өнөр чеберлерин ким таанымак?

Кайыргүл өзү жеке же башка солист менен бирге ырдаган ариялар, дуэттер кайсы жерде, кайсы өлкөдө, кайсы убакта, качан болбосун, адамдарды өзүнө тартып, тамшантып, ага болгон куштарлыкты, дилгирликти, ышкыбоздукту арттырып келген. Адамдарды тартып турган анын таасирдүү күчү эмнеде? Үндөбү? Албетте, лирико-драмалык бекем сопранодо! Жана да ал өздөштүргөн ажайып музыкада! Музыкага жан-дилинен берилип, анын тереңине киргендикте, солист катары репертуарын тандай билип, эл жүрөгүнө сиңгендикте! Бул багытта ага атаандаштар жок дээрлик. Ал алдына күлүк чыгарбаган феномен! Ал солист гана эмес, улуу музыкант, профессор-педагог. Тагдыр тартуулаган анын ар тараптуу талантынын кайталангыс жагы ушунда!

Башкалар аткарган, аткарып жаткан же аткара турган опералардагы каармандарды, арияларды, дуэттерди, романстарды, музыкалык образдарды Кайыргүл жаңыча ачып, жаңыча интерпретациялап, СССРдин жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдырган. Бир гана биздин опера театрында коюлган “Евгений Онегинде” Татьянанын, “Отеллодо” Дездемонанын, “Аидада” Аиданын, “Фаустта” Маргаританын, “Карменде” Микаэланын, “Дон Карлосто” Елизаветанын, “Дон Жуанда” Дона Аннанын, “Борис Годуновдо” Ксениянын, “Князь Игордо” Ярославнанын, “Алекодо” Земфиранын, “Фигаро тоюнда” Графинянын, “Карганын дамасында” Лизанын партияларын аткарып, Мадам Баттерфляй менен Япониядагы эң жогорку деңгээлдеги дүйнөлүк сы-ноого катышып, андан триумф менен өткөн. Баттерфляйды чегине жеткире ырдаган бир кезде японка Миура Тамаки, кийин СССРдин эл артисти молдован Мария Биешу, Киев опера жана балет театрынын солисткасы украинка Гизелла Ципола жана СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева болду. Ушунун өзү эле Кайыргүлдүн дүйнөлүк авторитетин айгинелеп турбайбы.

Демек, Москва консерваториясындагы педагогу, СССРдин эл артисти В.Ф.Рождественская Кайыргүлдү үнүн жолго коюп, бекер тарбиялабаптыр да, ага СССРдин эл артисттери Архипова, Лемешев, Вишневская, Мазурок, Пьявколор бекер баа бербептир да! Баскан жол барактарын кунт коюп окуп чыксаңыздар, Кайыргүлгө дагы кимдер баа берип, кимдер көз салып, кандай адамдар камкордук көрүп, ак тилек, асыл ойлорун айтканына күбө болосуздар. Алардын ичинде республиканын ардактуу адамдары: А.Токомбаев, К.Маликов, Т.Үмөталиев, А.Жакшылыков, М.Бегалиев, А.Казакбаев, К.Кондучалова, А.Куттубаев, А.Жумакматов, С.Кийизбаева, М.Махмутова, Г.Айтиев, К.Чодронов, М.Абдраев, К.Молдобасанов, Н.Давлесов, Б.Миңжылкиев, Ч.Базарбаев, Т.Сейталиев, Э.Касымов, С.Мнацаканова, С.Окунь, К.Каракеев, Б.Орузбаева, Ж.Акималиев бар.

Кайыргүл Сартбаева кыргыз операларынын дээрлик бардыгында негизги ролдорду аткарып, башкы партияларды ырдап келди. “Манас”, “Айчүрөк”, “Ажал ордуна”, “Алтын кыз”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Жамийла”, “Михаил Фрунзе”, “Токтогул”, “Ак шумкар”, “Айдар менен Айша”, “Алтын Көкүл”, “Аста-секин колукту!”, “Бойдоктор”, “Сепил”, “Ак Мөөр”, “Аршынмалалан” спектаклдериндеги  Гүлчахра, Каныкей, Ка-найым, Айчүрөк, Калыйман, Зулайка, Чынар, Кишимжан, Жамийла, Гүлсара, Тотуя, Зияда, Ширин, Акбийке, Ак мөөрдүн образдарын ойдогудай жаратып, көрүүчүлөрдүн жана угуучулардын көңүлүнө уюган, дүркүрөгөн кол чабуулардын астында эл алкоосуна ээ болгон. Кайыргүлдүн өмүрлүк жары Кубанычбек Арзиев режиссер гана болбостон, ал операнын чыныгы рыцары болгон. Ал операнын адамдарына урмат көрсөтүү менен мамиле кылган. Кубанычбек Арзиевдин чыгармачылыгын мезгилсиз өлүмү чарт кескен.

Театр – абдан татаал, кыжырды кайнатып, туталантып турган организм, кулистин артында көп чыр-чатак, көрө албастык, ачык жана жашыруун таарынычтар, толгон-токой ушак-айыңдар болуп турат. Чын-чынына келгенде, кулистин артындагы турмуш “экинчи театр”. Ал нерви начарлар үчүн эмес, чыдамкайлар үчүн! Кимдир-бирөө бирдемени бутташтырып салат, калп айтат, күнөөлүү иш кылат, бирөө менен жүрүп коёт, анан ушакты андан ары жеткирет, жогорку инстанцияга жазат. Бардык жаңжалдарга, чыр-чатактарга сын көз менен карап, белгилүү деңгээлде колдон келсе, тамашага айлантуу керек. Эгерде ушак-айыңдарды олуттуу түрдө кабыл ала берсе, анда иштегенге убакыт калбай калат.

Тилекке каршы, жакшы үнүнөн тышкары, көпчүлүк артисттердин кулк-мүнөзү оор болот же өтө эле жеңил болот. Эмнеси болсо да, премьерада ырдап калгысы келет, анан мейли чөп өспөй калсын, дүйнөнүн түбү түшсүн, ал спектаклге чыкпайт, “бул менин партиям эмес” деп ырдабайт. Антип премьерага чыгуу – демек, өз шартын театрга таңуулоо дегендик, бул “өзүнүн үнүн мамлекеттин байлыгы” деп эсептеген примадоннанын жаман белгиси. Эч ким талашпайт, – талант Кудайдын белеги! Бирок бул өзүнүн кызыкчылыгы үчүн театрды четке кагып, кыжырлануу эмес. Тескерисинче жакшы үнү бар ырчы коллективдүү чыгармачылык процессте өзүнө талапты эки эсе коюуга милдеттүү. Башка да мисалдар көп. Эң сонун таланты бар артист, аны ысыраптап, аялдар менен ойноп, ичкилик ичип, жок кылат.

Сайра Кийизбаевадан кийин операдагы бардык башка партияларды Кайыргүл Сартбаева аткарып келди. Бул табигый таланты айрыкча жаркырап турган актриса чоң опералардан татаал арияларды ырдап, өзүнүн ким экенин элге ачып берген. Дирижердун иши – аны туура ээрчип, туура сезип, бардык акценттерин кармай билип, кайталангыс үндүн бөтөнчө кооз люфтыларын, дал ушул актрисанын вокалдык-сахналык табылгаларын ачууда турган.

Кайыргүл кыргыз композиторлорунун, обончуларынын жаңы чыгармаларын же мурда ырдалып жүргөн элдик ырларды эң жогорку профессионалдык үлгүдө элге жеткире билген. Ыр аткаруу жаатында новатор болуу менен ал Малдыбаев, Абдраев, Аманбаев, Молдобасанов, Давлесов, Эрматов, Осмонов, Шералиев, Жантемиров, Жандаров, Абдыкадыров, Досмамбетова, Казаков, Жумалиев, Жалгасынов, Рысбаевдерге кандаш, уялаш, боордош, таламдаш болуп келген. Бул авторлордун ырларын өзүнүн шаңдуу үнү менен эч ким туурай алгыс бийиктикке көтөргөн. Кайыргүл ырдаганда музыка менен текст бирдей шайкеш келип, таамай, так, даана угулат. Бардык жагынан тагдыр Кайыргүлгө жогорку интуи­ция­лык сезимди берген экен.

Кайыргүл ажайып музыканын өзүндөй, мөл булактын көзүндөй, таланттуу акындын сөзүндөй ар дайым жүрөктө. Анын үнүнөн эки жүрөктүн кагышы – Кайыргүлдүн жана калың элдин дабышы угулат. Мына, бул зор кублушта – улуу деңиздин ташкыны угулат. Өмүрдүн акырына чейин Кайыргүлдүн үнүн уккан адам бакытка термелип, шаттыкка бөлөнүп турар.

Эрнис ТУРСУНОВ, Кыргыз эл акыны, “Кыргыз туусу”, 08.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий