«Поэзиянын күнү бүттү, кезек публицистикада»

«Жандүйнө жакырланганда кимди гана болбосун жарга такап коюшу мүмкүн. Өлкөбүздө болуп өткөн кандуу окуялардын келип чыгыш себептери да ушул. Демек, 400дөн ашык мүчөсү бар (убагында 700гө чыгып кеткен) Кыргызстан жазуучулар уюму, дегеле жазуучу аты барлар өздөрүнүн озуйпасын аткарган эмес…» Элеттик жазуучу, Кыргызстан, убагындагы СССР жазуучулар союзунун мүчөсү Муса Сапаев сөзүн ушундайча баштады. Байкап көрсөк, данек бардай.

— Жакында уюмдун кезектеги съезди болуп өтүп, жаңы жетекчилик шайланды. Анын мурдагы төрагасы Баяс Турал доклад жасап, сөзүнүн көбү өзүнө чейинки жетекчилердин жеп-ичкени болду. Ал окуяларды кайра чукугандан майнап чыкмак беле. Мен күткөнүм башка эле. Жазуучулар эмнени жазып, эмнени унуттук, дегеле бүгүнкү шарттарда жазуучу деген ким, адабият, маданияттын орду кайда өңдүү суроолорго жооп изделип, бир толгонуп алабызбы деген элем. Андай болбоду. Бекер эле Алайдан ат арытып келиптирмин деп калдым… Өткөн жылы «Жазуучу улуттун элитасы боло алабы?» деген китебимди жарыкка чыгардым. Анда жыйырма жылдык тарыхый чайпалышта жазуучулар руханий көрөңгөбүзгө бирдеме кошо алдыбы, дегеле улуттун элитасы болгонго жарадыбы деген суроого жооп издедим.

Айтматовду ала жыгылган жоксузбу?
Ошол Айтматовдун бийиктигине жете албай жатпайбызбы. Ал бир келишкен чынар терек. Кыргыз жазуучулары ошол теректин тегерегинде өскөн бири чалкан, бири чырмоок, бири көдөө чөп абалында калып калган. Анын философиясын, айтайын дегенин жандүйнөбүзгө сиңирип албадык. Мурдагы жылы атайы чыгармачылык максатта Орусияга барып келдим. Новосибирск, Иркутск, Красноярск өңдүү ири шаарларын түрө кыдырдым. Байкаганым алардын чоң-кичине шаарларында китеп дүкөндөрү тим эле жайнайт. Ошолордун кайсынысына кирбе атайын публицистикалык бөлүмдөрү бар. Мындайча айтканда, бүгүнкү дүйнөлүк адабиятта публицистика басымдуулук кыла баштады. Адабияттын башаты поэзия болсо, кийин проза, драматургия демитип чыга келген. Азыр публицистика алдыга озду. Себеби, XXI кылымда адамзат системалык оор кризиске келип такалды. Мындай шарттарда бардык кыйын мезгилдин күжүрмөн жанры публицистикага күн түшүп турган учур. Мына экономиканы, экологияны, жөн эле адамдардын ортосундагы инсандык мамилени алып көрсөк жарга такалганыбызды көрөбүз. Ошентип поэзиянын канаты кайрылып, коомдук күчкө ээ эмес, жөн гана хобби деңгээлинде калып баратат.

Поэзиянын күнү бүттү дейсизби?
Поэзия — жаркын маанайдын, эргүүнүн адабияты. Дүйнөлүк коомдук кырдаал поэзиялуу болбой, көйгөйлүү тартып, адамдарды ой басып калды. Эмне үчүн мындай деген жооп күтүп калышты. Ал көйгөйлөрдү роман, повесттер менен бере албайсың. Аны окуганга адамдардын чолоосу да жок. Андыктан фактыны кыска, таамай, курч берүү керек. Публицистика турган-турушу менен буга жооп бере алат. Ошондуктан дүйнөлүк адабияттын 80 пайызы публицистикага өтүп, публицистиканын өзү тармактарга бөлүнүп кетти.

Кыргыз адабияты кандай абалда бул жагынан?
Кандай болмок эле. Кырдын ар жагында калды. Буга бир мисал келтирейин. Жакында Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинде «Соңку кыргыз адабияты, проблемалар, көз караштар» деген аталышта республикалык илимий-теориялык конференция болуп өттү. Ага аттуу-баштуу академиктер, профессорлор, адабиятчылар катышты. Баш-аягы 80ден ашык доклад окулду. Өкүнүчтүүсү, кыргыз публицистикасы боюнча бир ооз да сөз болгон жок. Демек, биз дүйнөлүк адабий процесстен артта калганбыз.

Азыркы учурда этнопублицистика деген өтө күчөп баратат. Бул улуттар аралык мамилени иликтеген публицистика. Аны кантип жөнгөрүү керек дегенге баш оорутат. Геосаясатта чоң державалар улуттук картаны ачыктан-ачык ойноп, улуттук сезимди арам пайдаланганга өтүштү. Буга кандай туруштук бере алабыз? XXI кылымдагы эң башкы көйгөй ушу. Колумбиялык Эскабор деген жазуучу өзүнүн жети томдук этнопублицистикалык китебин чыгарды. Учурда дүйнөлүк масштабда чоң кызыгууларды жараткан чыгарма катары бааланууда. Кыргыз адабияты бул жагынан али уйкуда.

Сиз деле жазуучусуз. Колумбия билбесе да биз билебиз. Анчалык түшүнүп тургандан кийин өзүңүз деле тиш салып көрбөйт белеңиз?
Мен бул багытта катуу эле иштеп жатам. Ош-90, андан кийинки Ош, Жалал-Абаддагы улуттар аралык окуялар, алардын келип чыгыш себептери, дегеле жыйырма жылдык аралыкта эмне болуп өткөндүгү жөнүндө бир салмактуу китеп жазып, бүтөйүн деп калдым.

Сиздин бир китебиңиз «Адамзар» деп аталат. Эмне үчүн мындай атагансыз?
Адам эки нерсеге зар. Биринчиси эркиндикке зар. Ошол эркиндиги үчүн күрөшөт. Экинчиси өзүнүн кадырына зар. Менин кадырыма жетпеди дейсиң го. Адам казына. Зар деген сөз алтын дегенди түшүндүрөт. Демек, адам асыл. Асылдын баркын билебизби дегенди айтайын дегем.

Дагы бир китебиңизди «Өзүңө ишен» дептирсиз…
Азыр Кыргызстанда ар бир адам өзүнө гана ишенип жашоого туура келет. Өкмөткө ишенип көрдүк, эмне чыкты? Президенттерге ишендик эле, эмне болду? Жазуучуларга ишендик эле, алтыга бөлүнүп басып кетти. Анан кимге ишенишибиз керек? Аңтарылган заманда ар ким өзүнө ишенгенден башка жол жок. Биз заманды изилдегенди үйрөнбөй жатабыз. Бизнес деген эмне, маркетинг менеджмент деген эмне катардагы адам эмес, айрым жетекчилерибиз түшүнбөйт. Ошондуктан ар ким буларды өз алдынча түшүнүп, үйрөнүп, өзүн-өзү тарбиялап жашашыбыз керек. Мезгил ошондой.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий