«Сүйүү закымы» белгисиз сүрөтчүгө арналган

Искусство үчүн курмандык, сүйүүгө туруктуулук, мекенге болгон кусалык “Сүйүү закымы” тасмасында өзгөчө сүрөттөлгөн. Тасмага катылган сырды чечүүгө канчалаган адамдар аракет кылышпасын, майнап чыкпай келет. Табышмактуу аяктаган тасма кыргыз кереметинин катарын толуктайт.

Тарткан өлкөлөр – Кыргызстан, Тажикстан, Сирия
Жанры – Мелодрама
Режиссёру – Төлөмүш Океев
Сценарийин жазган – Тимур Зульфикаров
Оператору – Нуртай Борбиев
Сүрөтчүлөр – Рустам Одинаев, Сергей Романкулов
Бет ачары –1987-жыл, сентябрь (Москва)
Башкы каармандар – Ходжадур Нарлиев, Асел Эшимбекова, Мухаммад-Али Махмадов, Фархад Мирзоев, Фаррух Касымов, Элвира Болдонова, Токон Дайырбеков, Эдилбек Чокубаев

ӨНӨР ЭЧ НЕРСЕГЕ БАГЫНБАЙТ
Орто кылым, Бухара шаары.Карапачы Муфаззалдын даңкы алыска кеткени менен, жүрөгүндө чоң арманы бар. Анткени анын артында өнөрүн улантуучу уулу жок. Ошол күндөрдүн биринде күң базардан Алтынбүбү аттуу кыргыз кызын көрүп, кыздын көздөрүнө ашык болгон уста аны сатып алат.

Алтынбүбүнүн да өз тарыхы бар эле. Жактырган жигити менен көл жээгинде ойноп жүргөндө капыстан келген кербендер кол салып, жигитин өлтүрүп, өзүн күңдүккө сатышкан. Тагдырына баш ийбеген Алтынбүбүнү Муфаззал кош теректин ортосуна колу-бутун алтын чынжыр менен кишендеп коюп багат. Ал «мага уул төрөп берсең, биротоло бошотом» деп сөз берет. Алтынбүбү уул төрөп берет. Бирок уста антын бузуп, «эми бизди уулубуз бириктирди» деген сөзүнөн кийин ымыркайга карабастан, качып кетет.

Көздөрү апасына окшош, усталыкты атасынан мурастап алганМанинин 12 жашында даңкы чыга баштайт. Атасынын ичи тар душмандары Манини алдап жетелеп барып, оң колун арабага тебелетип жанчып салышат. Бир колу менен калса да, Мани тагдыры менен күрөшүүнү чечет. Ал бир колдуу сүрөтчү Шавкатты издөө үчүн үйүнөн аттанат. Алдыда бир топ жолду жеңип, Шавкатты таап, андан бир топ өнөрдү үйрөнүп, атагы чыгат. Мекенине келе жатып атасынын “уулум, кетип бара жатканда улуу тоонун арасында көз жашындай тунук Ысык-Көл деген жер бар. Сенин апаң Алтынбүбүнүн жери ошол. Ошол жерге сыйын” деген насаатын эстеп, Ысык-Көлгө келет.

БЕЛГИСИЗ СҮРӨТЧҮНҮН ЭЛЕСИНЕ
Гений үчүн мезгилдин айырмасы жок. Орто кылымда көркөм шаарларды курган колу жок сүрөтчү, архитектор – тасмадагы Манинин прототиби. Ал тууралуу уламыштар өтө көп. Тажик акыны Тимур Зульфикаров: “Мен легендарлуу сүрөтчү тууралуу мыкты чыгарма жаздым. Бирок тасма кылып тартууга ким даайт?”- дейт. Төлөмүш Океевдин бул ишке белсенгени да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени ал дагы өз мезгилинин генийи болчу.

Тасманы тарткан оператор Нуртай Борбиев тасма жөнүндө кызыктарды айтып берди. «Мага бардыгы “эмне үчүн тасма түшүнүксүз бүтүп калды?” деп суроо беришет. Көрүүчүлөргө түшүнүксүз болгон бул эпизоддор режиссёрдун өзүнө гана түшүнүктүү болгон философиялык ой-толгоосу деп ойлойм. Тасма бүтүндөй эле философия. “Махабат закымы” деген аталыштын да өз философиясы бар. Көз алдына укмуштай шаардын элеси келе берет эмеспи. Бул – жаш сүрөтчүнүн белгисиз бир закымга болгон сүйүүсү. Ал эми канга боёлгон жер-жемиш тууралуу ирандыктардын мистикасы бар экен. Тасма боюнча көп нерселерди Океев тирүү болсо, мыкты айтып бермек».

ЖЫЛАҢАЧ ЭПИЗОД КАНТИП ТАРТЫЛГАН?
Тасма 6 айдын ичинде тартылып бүткөн. Дүйшөмбү, Дамаск, Хива шаарларында жана Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган. Алтынбүбү керилген кош теректин түбүндө бийлеген жер Дүйшөмбүдөгү Кашанги кыштагынын дал ортосу. Күң базар Сирияда тартылган. Ал эми Алтынбүбүнүн ролун атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова аткарган.

Төлөмүш Океев бул ролго ылайыктуу кызды бүткүл Союз боюнча издеген экен. «Миң бир түн» фильминде Шахрезаданын ролун ойногон актриса Елена Тонунц Алтынбүбүнүн ролуна жалгыз талапкер болгону менен, акыркы учурда Асел Эшимбекова тандалып калат. Тасмада Алтынбүбү жылаңач болгон эпизоддор бар. Аларды бурят кызы аткарып берген.

Кичинекей Мани тууралуу Нуртай агай төмөндөгүлөрдү айтат: “Дамасктын базарын кыдырып, үйдөгүлөргө сувенирлерди алып жатканмын. 11 лирге бир зажигалка алгам. Ал эми Манинин ролун аткарган Фархад 11 лирге 3 зажигалка алыптыр. “Кыргыз соодалаша алмак беле, тажик соодалашат да” деп аябай күлгөнүбүз эсимде. Фильмде Манинин колун бастырып кеткен эпизод бар эмеспи. Манинин колун ошол жолдогу топуракка көөмп, үстүнөн араба менен бастырып өтүп тартканбыз».


Нуржамал Жийдебаева, Лунара Бекиева, “Супер-инфо”, №453 8-14-июль, 2011-жыл

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий