Япон кереметтери тууралуу жаңы китеп!

Нуржигит Кадырбековдун «Япон кереметинин сыры» аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Бир киришсең баш көтөрбөй окугудай жатык тил менен жазылган бул китепте сакура гүлү менен Фудзияма тоосунун сырларынан тартып, айдоочусу жок поезддерди жана адам оюн окуган Асимо роботун ойлоп тапкан япондордун кадыресе турмуштагы сапаттары тууралуу абдан кызыктуу маалыматтар камтылган. Күн Чыгыш өлкөсүндө бир топ мезгил жашаган Нуржигит мырзанын бул баянын окуган киши табышмактуу жана сырдуу япон духу жана мүнөзү жөнүндө ушунчалык пайдалуу маалыматка ээ болот. Бул эмгекти окубаган арманда…

Айтмакчы, китепке белгилүү коомдук ишмер, кыргыз жана советтик дипломатиянын корифейи Ишенбай Абдуразаковдун баш сөз жазганы эле китептин жогорку деңгээлинен кабар берип турат. Ал эми маданиятка эмгек сиңирген ишмер К.Молдокасымов бул китепке «акыркы мезгилдерде жазылган чет элден алган таасирлер тууралуу баяндардын эң мыктысы» деп баа берди.

«Япон кереметинин сырын» алуучулар болсо, 0555 77-09-05, 0557 06-54-06 же «Нуска» китеп дүкөнүнө кайрылыңыздар. Ош шаары боюнча 0555 81-53-00 телефондоруна чалсаңыздар болот.

Окумдуу чыгармага пикирлер:

Мамат САБЫРОВ, «Кыргыз Туусу» гезити:
-Күн чыккан өлкө жөнүндө окуган китептеринен таасирленип, Фудзияманы, сакураны түшүндө көрүп, же ал жакка кыялый саякат жасап жазылган чыгармалар көп эле. Бирок, Жапонияда жашап, самурайлардын урпактарынын турмушун өз көзү менен көрүп, анан бул ажайып өлкөгө кыргыздын көзү менен караган чыгарма али жазыла элек болчу.

Нуржигиттин китеби кыргыздарга Жапон өлкөсүн кыргыз окурманына башкача көз менен, жаңы өңүттөн ачып берген ошондой уникалдуу эмгек болуптур.

Абдыкерим МУРАТОВ, педагогика илимдеринин доктору:
-Орустарда Всеволод Овчинниковдун «Сакуралардын бутактары» китеби кандай окулса, Нуржигиттин жазганы дал ошондой окумдуу, ырыскылуу да болуптур. Мындай китеп жазып бергендигине жетине албай, Күн Чыгыш жакты карап кубанып да, ошолордун жакшы жагы бизге жугар бекен (?) деп үмүттөнүп да отурам…

Самат ТОЯЛИЕВ, «Шоокум» журналынын жооптуу редактору:
-Япон элинин жана жергесинин уникалдуулугун Күн Чыгыш өлкөсүндө бир нече ай-жылдарды карытып, япон дүйнөсүн аңтарган идиректүү инсан гана таасын айта алат деп ойлойм. Таланттуу кесиптешибиз Нуржигит Кадырбековдун күндөлүк-баяны кыргыз окурмандарынын ой-чабытын кеңейтип, япон элине жана япон жергесине болгон сый-урматын арттырган жакшы саамалык деп эсептейм.

Сакен БӨРҮБАЕВ, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.05.2011-ж.

 

ЯПОН КЕРЕМЕТИНИН СЫРЫ

Чыгыш акылмандыгы
Жакында эле Токиого Кыргызстанга таанымал болуп калган жаш журналисттердин бири келип кетти. Чыгыштын акылмандыгы тууралуу көп укчумун, япондордон ошол акылмандыкты деле байкай албадым деп кат жазыптыр.

Чынында, бул тууралуу ага чейин таптакыр ойлонгон эмес элем.

Акылмандык деген эмне? Акылман адам кандай болот? Бала кезде жомоктордон окуп, сүрөт тасмалардан (мультфильм) көрүп жүрүп менин аң-сезимимде акылмандын элеси куудай аппак сакалы көкүрөгүнө жайылган, каштары көздөрүн жаап, бүкүрөйө таяк таянган, акырын сүйлөп, мыйыгынан жылмайган, узун чапан кийген, элден обочо жупуну үйдө же храмда жашаган адам катары калыптыр. Балким, ал журналисттин акылында да ушул сымал акылмандын классикалык образы бардыр. Ошол образды заманбап Токионун көчөлөрүнөн жолуктура албай, жогорудагыдай бүтүмгө келгендир.

Акылдуу менен акылмандын айырмасы тууралуу: «Акылдуу кандай абалдан болсо да жол таап чыга алат, ал эми акылман жол таап чыгууга аргасыз болгон абалга түшпөйт»,- деп кеп уктум эле. Эгер ушул аныктама туура болсо, анда япондордун көбүн акылман десе болот. Анткени, алар оңойлук менен чыр-чатакка барышпайт, кызууланышпайт. Кызуулангандарга да кызууланышпайт. Ушунча болуп, бир дагы мактанчаак японду жолуктура элекмин. Сүйлөсөң, канча болсо да тыңшай билишет. Жөн эле тыңшабай, «соо деска» (ошондойбу) деп колдоп-коштоп угушат. Макул болбосо да, башын ийкеп, «со дес не» (ошондой десеңиз) деп угуп, анан гана өз оюн жылуу-жумшак билдирет. Сөзгө конок бербей, оозуңдан кебиңди жула калмайы жок. Убакытка так, сөзгө бекем жактары бар. Ошондуктан «жол таап чыгууга аргасыз блгон абалга» оңойлук менен кабылышпайт.

«Сумимасен»
Эгер менден: «Эмнеге өкүнөсүң?» — деп сурашса, «Ачуумду кармай албай калган учурларыма»,-деп жооп бермекмин. Адамдын көңүлү кандай назик. Абайлабаса жана аярлабаса, аны оорутуп алуудан өткөн жеңил нерсе жок. Калган көңүл жана чыккан жан кайра келбейт дейт го. Япондордо ошол адамдын көңүлүн «абайлоо» жана «аярлоо» аябай күчтүү. Алардын кайым айтышкандарын, бири-бирин ызаланткандарын, кагып-силкип сүйлөгөндөрүн деги эле көрбөйсүң. Көчөдө урушуп-мушташкандарын элестете да албайм. Сөгүнүү дегенди түк билишпейт.

Бир жолу Кобенин борбор бөлүгүндөгү Санномия деген жерде жык-жыйма элди аралап велосипед менен шашып баратып, жөө кетип жаткан бир жигитти артынан сүзүп алдым. Эңгезердей болгон неме экен. Мага бурулуп чын ыкласы менен сылык-сыпаа гана «Сумимасен» («Кечирип коюңуз»)-деп, андан ары кете берди. Ошондо бир жагынан уялып, бир жагынан ага ушунчалык ичим жылып турду. Күнөө менде болчу, жок дегенде, кечирим суроону мага койсо болмок. Ачуусу келбегенине эле ыраазы болмокмун. Ал болсо ачууланмак турсун, өзү кечирим сурап…А Кыргызстанда мындай окуя эмне менен бүтөр эле, билбейм.

Ушул «сумимасен» деген сөздү бүт жерден угасың. Кууш аллеяда шашып баратсаң, алдыңдагы киши сени өткөрүп жибериш үчүн жол бошотуп берип жатып да, «сумимасен» деп калат. Бир жерди сурасаң, билбей калса да, күнөөлүү немедей «сумимасен» дешет. «Билбейм» деп кесе айтып кетип калышпайт. Ресторан, барларда официант тамак-ашка буюртма берип жатып да айткандары «сумимасен». Банк, дүкөн, ишкана, почта, автобус, поезд ж.б. жерлерде бул сөздү байма-бай угасың. «Сыйга сый» дегендей, акыркы кезде аларга да «сумимасен» деп жооп берчү болдум.

Мекенибизде эмнегедир ачуулуу кишилерди көп кезиктиресиң. Эртең менен жумушка бара жатып, эл толгон чакан автобуста бири-биринин бутун байкабай тебелеп алып, айтпаганды айтып урушкандар канча. Ошол бойдон кечке маанайың чөгүп же жумушту түзүгүрөөк жасай албай, ызаңды кимден чыгарарыңды билбеген учурларың көп болот. Көчөдө кетип баратып, таламандын так түшүндө жакалашып бети-башын канжалата сабашкан адамдарды көп эле көрөсүң. А япондордун «сумимасен» деген сыйкыр сөзү бардыгын убагында жайгарат.

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ

“Кереге” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.07.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий