Жолдошбек Зарлыкбеков

Жолдошбек Зарлыкбеков жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Жолдошбек Зарлыкбеков өз кезинде “Кыргызстан маданияты”, “Асаба”, “Агым” ж.б.д.у.с. көптөгөн гезиттерде эмгектенген, курч макалалардын автору катары калың журтка таанымал чыгаан журналист. Ошол эле учурда ал поэзия ышкыбоздоруна таланттуу акын катары да белгилүү. Бир гана кейичтүүсү – ырлар китеби чыга элек болчу. Бирок жакында баарыбызды кубантаарлык жаңылык болчудай. Ушул маалда анын ырлар, аңгемелер жыйнактары басууга даярдалып жатат.

Акын, журналист Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: «Ичи кыжыр, сырты жоош, Жолдошбек деген жакшы айбан» деген сөз туура экен»

 

Ырлар

ТЫНЧТЫК ЖОК!

Мобул шамал шарактаган шакардай,
Эмне кайнайт бутактарда миң үндөп.
Мобул жолдор барар жагы базар жак,
Неге чаңдайт жөө тумандап, ириңдеп.

Бели ийри отургучтар береги,
Көтөрдү эле кимдин семиз салмагын.
Көлөкөсүн сүйрөп булут кебээрсип,
Эмнеге учат самсааланып-сандалып.

Мобул суулар кыларкандай суналган,
Эмнеге эшет толкундарын күнү-түн.
Мобул коңшум, ашмүшкө чай суранган,
Чаап жүрөт кай шумпайдын кылычын.

Акебайым! Байкап турсам тынчтык жок.
Өлгөндөр да тынч жатышпай көрүндө,
От жагышат алоолонтуп фосфорлоп,
Түшкө кирип, сесимди алат түнүмдө.

Мобул шаардын мүштөк ТЭЦи бургутуп,
Неге жай-кыш оозу — очок, мурду — көө.
Мобул Акүй сай-саясат былгытып,
Мобул Көкүй неге жай-кыш Чырдөбө.

Азы эркек, көбү айгыр катындар
Пикет жыйып, абийир төгөт кармасаң.
Гутенбергдин темир зооту такылдап,
«Агымды» ачсаң хайлайт «Хайл-Сайракан».

Кумурскадай быкылдаган таңатпай,
Тоодак көчүк машинелер жолдогу,
Айкалышта, ишке шашып баратсам,
«Пипилдетпей» өтүп кетсең болбойбу?!

Оштон келген, төштөн келген асылзат,
Насвай саткан, сагыз саткан жолдогу,
Жетишкенсип, кайта-кайта чыкылдайт…
Чемичкеңди чакпай койсоң болбойбу?!

Жаш чагымда такылдагы жакчу эле,
Асылдардын асфальт жолдо такасы.
Эмне минтип «тык-тык!» этип кайта эле,
Мээм чукуп ары-бери басасың!

Үйүмдө да тынчтык жок кымындай.
Чорго суусу жети атамды ататып,
Эмне мынча «тып-тып!» этип тыйылбай,
Мээм чукуп тамып-тамып жатасың!

Акебайым! Төрт тушумда тынчтык жок.
Оорукана, базар, вокзал гүрү-гүү.
Аз-аз ары Чымкоргонго түшчү окшоп,
Нервим бошоп, оозум кыйшак, жиними…

 

КЫРК БЕШТЕН СОҢ…

Жөндөн эле капага батканым жок.
Жөндөн эле өңүмдөн азганым жок.
Жакшынакай селкини кырк бешимде
Жаным каалап калганын айтканым жок.

Жөндөн эле сар-санаа эзгени жок.
Жөндөн эле көңүлүм чөккөнү жок.
Өрүктөй кыз өпкүн деп өтүнсө да,
Өптүм окшойт, а бирок өпкөнүм жок.

Жөндөн эле кабагым карышкан жок.
Жөндөн эле кабыргам кайышкан жок.
Жинди болуп кетемби жакын тушта,
Аңыз бойлоп жалгыздап, арык бойлоп.

Сакал күтөр кезде не балаа кылдың.
Сары таштан тизмектеп санаа курдум.
Жан көрбөгөн жашымды он талаа кылдым,
Жүрөгүмдү кызылгөш жара кылдым.

Теңиш болсом терикпей үндөмөкмүн,
Теңтуш болсоң теңата сүй демекмин.
Тең эмесмин, өрүк кыз, өзүңө мен,
Теңтушуңду таап ал, гүлдөп-өскүн.

Жараткандан жан отун тиленбегем.
Жаратылыш сырын бүт билем дегем.
Өрттөй каптап жалының үйөрлөгөн,
Өзөгүмдө ыпысык ый эмнеден?

Курдаш болсоң кызыл гүл арнамакмын,
Кысырынбай кылактап жандамакмын.
Кай күнөөмө, аруу кыз, арбаласың,
Аруу сырың агаңа кайдан айттың?

Жалыны алоо жагылган жыйырмадасың.
Өткүрлөнүп, назданып, нурданасың.
«Кеткин!» десем, кейийсиң, буйдалайсың,
«Кеткин!» келээр бактыңдан кур каласың.

Жаштык жалын жылдарым кеткени үчүн,
Дабан ашкан дооронум өткөнү үчүн —
Нымдуу музоо кирпигиң сыладым чын,
Кундуз кара чачыңды өпкөнүм чын.

 

* * *

«Экөөбүз…» деген сөздө канча жыл бар?
Канча эргүү! Канча күтүү, канча кумар.
Кылчайсам артта жылдар айдыңында
улгайып барат улам кубанычтар.

Аттигиң!
Ушул сөздүн эпкининен
жел тийген барик окшоп титиребейм,
кусадар болбойм эми өзүңө мен.

А бирок, кээде жаным кыстаганда,
көңүлүм көк музданып муздаганда,
бук-зарым буураланып буктаганда,
жонумдан бүт жылдарды силкип, сага
бой урам жылаңаяк чуркаганга!

Ошондогу тумаксыз чыккан кыштай,
о, көпкө-көпкө келдиң эстен чыкпай.

Калдык биз, караңгалгыр, калдык мына,
кар жаабас, издер түшпөс бир уюлда,
тагдырдын акыл жетпес туюгунда,
жылдардын айнектелген мис-кырында,
жүрөктүн чоочун көрбөс булуңунда,
күндөрдүн колдон түшкөн сыныгында,
чындыктын чырактандай бир ырында.

 

СҮРӨТТӨГҮ ӨСКӨН ЖЕР

Жол кетет. Жолду жээктеп талаа кетет,
талаанын арты, билем, дагы талаа.
Кеткен жол илкип-салкып араң жетет
суу кечип, Боом өрдөп Тянь-Шанга.

Алкагы өрүк жыгач, буудай түс сыр —
эргүүдөн бүткөн сүрөт. Ойго тунам,
жанымдын дабаасына жазылган ыр
жаралган өңдүү жайсыз чындыгымдан.

О, айтпа, түшүндүрбө! Өскөн жердин
көгүндө күмүш канат булут шашып,
төрүндө дүйүм чөбү тамыр жайып,
жээгинде шамал дуулап, толкун ташып

жол келет. Жолду жээктеп талаа келет,
берилеп, улам жылган сайын дагы,
берилеп… илкип-салкып араң жетет
апамдын сөөгү жаткан айылга бу.

 

КАРА КУЖУР

Асмандын бир тарабы жайдак калып
чаалыккан булуттун кербендери.
Августтун күнү үргүлөп салмактанып,
шылкыят боз адырдын эрмендери.

Дарыя күмүш үнүн жашыралбай,
аркайган арык жонун каржактатып,
сай ылдый бүткөн боюн батыралбай,
тынымсыз өзүн өзү жатат ташып.

Кыялай чайыр жолдо жалгыз аяк,
ат барат көнүп бүткөн ак боз үйгө.
Кыраңда ак жоолукчан апам калат,
муңайым сагынч катып көздөрүнө.

Жанында кичүү иним жаңы баскан,
быйтыйган колун булгайт кубанычтуу.
Жашоодо деги кимдер ойлоп тапкан,
өмүрдө узун-кыска аралыкты.

Автобус узап кетип. Чоң калаадан
кат жазам “…аман жеттим, силер кандай?..”
Ортодо булут ташып тынчсыз асман,
ортодо суулар үнүн жашыралбай…
1975-ж.

 

* * *
Тоо беттеп төрү агарган,
баратат караан арылап,
жайма-жай өр таянган,
жайды-кыш мингич арык ат…

Шыбырайт ак жаан жайма-жай.
Караанды тиктейм артынан.
Жайды-кыш коюн айдаган,
жашоодон өттү канча жан?

Кырдагы жалгыз боз үйдөн,
булгалайт жоолук бир караан.
Тоо-тоолоп отун өчүрбөй,
турмуштан өттү канча жан?

Кара жол. Колдо чамадан.
Кыйлага турам жол тосуп.
Шыбырайт ак жаан жайма-жай,
шыбактан тамчы мөлт этип.

Кылчая калып артка улам,
бир атчан кайкы кыр ашып,
акчага келген аптага
студент уулун узатып…

 

ЫСЫК-КӨЛДӨ ТОЛГОН АЙ

Кудум күмүш табактай,
Көл түбүндө ай жатат.
Кубалашкан чабактар
Айдын жүзүн чаңдатат.

Күмүш суунун түбүндө
Күмүш түспөл чабактар.
Күмүш айдын үнүндөй
Күмүш толкун агат жай.

Күмүш толкун дирилдеп
Кудум күмүш тарактай,
Күмүш көлдүн түбүндө
Күмүш айды тарайт жай.

 

* * *
Гүл көркү өчтү терезе оту өчкөндөй,
Күүгүм кирди күлкүсүнө толкундун.
Тагдырымдын жээгине жеткендей,
Тиземе ээгим таяп үнсүз олтурмун.

Күн нуру өчтү, каптап кара шоолалар,
Айсыз асман ным дубалдай салмактуу.
Алы курган периштедей жөө-жалаң,
Эстен чубайт таарынычтар алгачкы:

“…Мен каткырсам сен карарып түн болдуң,
Мен түнөрсөм сен жаркырап нур болдуң.
Кырк чачылып, кырк тушумдан жыйылып,
Жортуп-жортуп бөртүп бүтпөй тим болдум.

Көмөкөйдөн кургап чыккан үн болдум,
Көңүлүңө төп келбеген ыр болдум.
Кырк томсоруп, кырк тушумдан жасылып,
Айтчумду бүт айтып бүтпөй тим болдум…”

Гүл жаркыды күн нуруна өрттөнгөн,
Шоола кирди шыбырына толкундун.
Түндө бирөө мени унутуп кеткендей,
Бугум муунуп дале кырда олтурмун.

 

* * *
Жалгыз тамчы шүүдүрүмдүн жүзүндө,
Көрдүм көктүн түбү чөгүп жатканын.
Жалгыз тамчы кирпигимден үзүлбө —
Жерге тамып калбаса дейм асманым.

Жалгыз тамчы бетиндеги көгүш төр,
Көк асмандын чагылышкан түбүдүр.
Көз чанагым көөмп турган кайсы көл?
Жалгыз тамчы – шүүдүрүмүдүр сүйүүнүн.

 

ЖАЛГЫЗДЫК

Таң талаада уктап жатат сулуудай,
Маңдайында бир бырыш жок, суйкайып.
Колумдагы өчүп калган чылымдай
Дымып тиктейм кыя жолдон кылчайып,
Жалгыз тамды, унут калган буюмдай,
Кош теректи, бүткөн күзгө ышталып.

Ошол тамдан жалгыз аяк жол чыгат,
Тагдыр окшойт ийрелеңдеп өйдөлөп.
Ошол тамдан билектей суу жылтырайт,
Ар толкуну артына атып көрбөгөн.

Дымып тыңшайм бейпилдикти кылымдай,
Бейпилдикти бир бырыш жок жүзүндө,
Жылдарыма конбой өткөн бир ырдай,
Бир сулуудай баса берген түшүнбөй…

Билем, чыктым. Жалгыз аяк сапарым
Далай таңдын талаасына нук буруп,
Далай сырдын дарбазасын ачарын,
Далай таңдын бейпилдиги жыртылып.

Билбейм, бирок эмнеге ушул кыяда
Экинчи ирет келбөөчүдөй кайрылып,
Жан-теңимди жымжырттыкка сугара,
Жаным сыздайт, сан тушумдан айрылып.

Балким, мунум өскөн үйдүн караанын,
Кош теректи, бүткөн күзгө ышталып,
Алдын туйган арман менен карадым,
Экинчи ирет көрбөсүмдү кылчайып?

 

БУЛ ӨМҮР – БЕРЕР ЖООБУ КЕЧЕҢДЕГЕН…

Тянь-Шань, кең асманың толо жылдыз.
Төккөн ай нурун ундай. Көөшүйт кыштак.
Желаргы. Токум булут сүзөт изсиз,
дайранын мээлүн күүсүн үзүл тыңшап.

Жетелеп сансыз майда толкундарын,
дайра агат бейпилдикти бузуп-бузбай.
Мелтейет Күңгөй-Тескей, олтургансып
эки чал маңдай-тескей унчугушпай.

А бул жол – алда неге сунулган кол,
арылап, аң-сезимде андан да ары.
Төбөдө тетир түшкөн Саманчы жол —
жылдыздар – жылдыз курттай шамалдагы.

А бул жол кеткен өрдөп тоо-талааны,
жээгинде чаалыгышкан чаңдан чийлер.
Бу жолдо ээсиз издер канча дагы,
бу жолдо артка кайтпай өткөн кимдер?

Кырка тоо – кудум кырк төө үргүлөгөн,
сан ойдун салбыратып чуудаларын.
Жол жутат жолоочуну түн жиреген,
басаңдап бабыргандын ыйлаганы.

Сен мага… түшүндүңбү? Туура түшүн,
же мейлиң, эчен-токон көзөлдөрдөн
өттү өмүр – жеңдей кыска, колдой узун,
өттү өмүр – берер жообу кечеңдеген.

 

* * *

Тынчтык азыр жарылчудай сурданат.
Өрөөн тымтырс кыш чилдеде кайыккан.
Ай кабагын бүркөп, мээлүүн жылмаят,
Наристедей сабыркаган сарыктан.

Иттер гана анда-санда күрсүлдөйт,
Абышканын жөтөлүндөй какшыган.
Куран окуп жаткан сымак бүлкүлдөп
Агат булак топ мүрзөнүн астынан.

Уйкум келбей, ичигимди кымтынып,
Турам жалгыз капталында сарайдын.
Жетип-жетпей жалгыздыкка умтулуп
Жер үстүндө сүрөт тарткан адаммын.

 

САРЫСИЯ СҮРӨТ

Кыя жондо чаба жааган жамгырда,
төө жетелеп атчан адам бараткан.
Жез коңгуроо, жез өң талаа алдында,
жез коңгуроо… жез добушу адашкан.

Жетелейт жол таман тийбей карыган.
Жамгыр чабат. Кирпикте суу жылтырап.
Жез коңгуроо… жез добушу арылап,
агат салаа-салаа суулар нымтырап.

Жалгыз боз үй жар түбүнө тигилген.
Жалгыз эркек. Короо кою. Алыстан
жез коңгуроо… жез добушу дирилдеп,
кабар каккан саргайган бир сагынычтан.

Бирок артта, артта калган далай жыл,
далай күтүү, далай добуш, далай жаан.
Жол жоголуп. Боз үй да жок. Адамдын
ал караандан көңүлү эбак карарган.

Артта калган, калган артта далай жыл,
дале эсимде жез коңгуроо, жез талаа.
Не болгону ошол жалгыз адамдын,
тынчтык бербейт тыюу бербей эч мага.

Ал коңгуроо төө мойнунда илинген,
какпай калса эс-дартымда акыры,
чагылгандай жарык төккөн бир ирмем —
саргарган бул сүрөттүн жок жасыгы…

 

ОКТЯБРЬ

Аралай басып жүрүп калың бакта
сезбепмин адам мынча кайгырарын,
жайма-жай жылдагыдай жаап жатса,
октябрь, сенин сары жалбырагың.

Булуттар ыраңы суз уюп турган,
табият, турпатыңда аз-аз кайгы,
убакыт доош катпай дымып жылган
туюмда түшүм өңдүү ирреалдуу.

Сапырып шамал адыр, жолдун чаңын,
чарчаган түс жамынып жоңдор жаткан,
негедир түшөт эске тоодогу айлым,
октябрь, образдуу атыңды айтсам.

 

АРТЫ ЖАРЫК

Кыргыз жери, сенин ойлуу кечиңде
кубаныч бар, бирок аз-аз муңайым.
Жете бербейт аның түркөй сезимге,
туя бербейт ар бир кызың, уланың.

Таң саарынан сергек тартып айылдар,
ит арсылдап, короз кургак чакырып.
Бир капталы көлөкөнү жамынган
тоонун кокту-колоттору жасылып.

Дайра дымып, үнүн тартып ичине,
толкун чарчап агат толкун артынан.
Жалгыз терек жол караган кишидей,
жол жон ашып, учун үзөт кайкыдан.

Саздын бетин бербей өскөн сары гүл,
саргын баскан эгин талаа четинде
сугатчынын суусаганы… баары бир
жете бербейт дээри тайкы кей бирге.

Актап койгон таштан тизген тамгалар
айтып турат тоо боорунан заманды.
Кетээр күндү тосор кандай айла бар —
арты жарык, алды дайым караңгы.

Жаккан менен асман миң-сан чырагын,
ал ураандар окулбайт тоо бетинде…
Кубаныч бар, бирок аз-аз муңайым
кыргыз жери, сенин ойлуу кечиңде.
Ноябрь, 1982-ж.

 

АВАЗ

Жолуккан барбы, кезигет кайдан,
бир курак өттү билинбей,
жалбырак ылдый жылтырап тамган
тамчынын тунук үнүндөй.

Кезиккен барбы, жолугат кайдан,
бир курак калды көрүнбөй,
өткүндөн кийин жаңырып калган
жайлоонун жашыл өңүндөй.

Жолугат кайдан, кезиккен барбы,
жамынып жатып ай нурун,
алыста калган жылдардын шаңын,
ырлардын козгоп кайрыгын…

 

САРЫ

Асман аздап кочкул түскө боёлуп,
чөккөн күүгүм чирик барик жыттанат.
Кечээгимдей бүгүн дагы ой ооруп,
кечээгимден бүгүн үмүт кыскараак.

Жол тозоңу, жолоочунун көктүгү,
шагы сынган сагынычтын арааны
басаңдады, улам жылдар эскирип,
азаңдады улам эргүү шамалы.

Эсиңдеби? Себептерге эбептер
кайчы түшкөн күзгү кечте ушундай,
жалгыз аяк аллеяда теректер
баригинен коңур нымдуу жыт урган?

Капалантпа, жайыма кой, күзгү бак!
Жолу кайчы акыл менен жүрөктүн.
Аздан кийин жылдыз күйүп, ай чыгат,
асманда да өз нуру бар мүнөттүн.

Бардыгына тойдум, койгун унутуп!
Сагыныч да жанбай калса, муздамак.
Аллеяда жалгыздыгым дымытып,
асман, күүгүм, чирик барик жыттанат…

 

* * *

(атама)

Тоо тарапты булут чалса түнөрүп,
санаам аздап күчөй баштайт тыйылбай,
тоо суусундай таштан ташка бүлөнүп,
азоо аккан багытынан бурулбай.

Балким, өткүн жаап өттү дыбырап,
балким, ак жаан өтмө катар суу кылып
калпагыңдан моюн ылдый куюлат,
мээлүн тартып денеңдеги жылуулук.

Бир сап табам автобуста баратып
тоо башындай түнөргөн бир ой менен,
ырдын артын таап, кайра адашып,
демим катып, кымырынам бүргөдөй.

Ошол жума дале эсте чайыттай,
ат кыядан кулап, бутуң сынганда
короого кой толук келбей жайыттан,
көк тешилип, күнү-түнү куйган жаан…

Жаралгандан канда жүрөр санаа бар –
байланыш бар ата менен балада.
Көзү тоодо, озү дайым санаадар,
чабан уулу жашап турса калаада.
1980-ж.

 

КУРБУЛАР

1.

Кайтат куштар уясына жазында,
артат көздөр жакшылыкка жай-кышын.
Качан, кантип сымпооч ээр кашында
жаштык унут таштайт элик камчысын?

Гүлдөп кирет терезелер кеч сайын,
гүлдөп кирет жылдыздары асмандын.
Гүлгүн кезде гүлдөй сергек жылдардын
күндө кечте көк пардасын тарткан ким?

Өчүрбөгүн, өтүнгөнүм өчүрбө
сагынычты… жылдар, аста, акырын.
Кайсы тойдо кай дасмалдын четинде
жаштык унут таштайт күмүш кашыгын?

Кундуз чачы ичке өрүмү кырк салаа,
коргосо не мезгилдерден көрк өзүн.
Кайсы айылда, кай жаздыктын астында
кыз курагың унут таштайт сөйкөсүн?

Бала күтүп, түтүн улап, үй куруп,
колтугунан сүйөп жаса баскандын.
Карлыгачтай салам-кабар билдирип
кайда жүрсө катың жооп жазган ким?

Ойлобоймун, карыйбыз деп ойлобойм,
Качан болсун жолугушсак шарактап,
улан чактын ууз күнүн бойлогон,
кыз курактын кеткен жылын барактап.

 

2.

Биздин турмуш баскан сайын бийиктеп,
тагдыр чийип кимибиз жөө, ким атчан.
Бүлөө багып ата болгон жигиттер,
уул төрөп эне болгон курдаштар.

Ойлобоймун, өлөбүз деп ойлобойм.
Машинеден каза тапкан күзүндө
Дыйканбекти кырсык дейм бир болбогон…
Дыйканбекти күлүп кирген түшүмдө.

Шамдай курак! Тамшандырган, таңданткан,
куса толот көңүлүмө кез-кезде,
ыза толот ой жүрүшүн жайлатсам
августтагы аңгыраган мектептей.

Узайт күздөр канаттарында куштардын,
соолуйт жаздар таажысында гүлдөрдүн.
Кумары бар учкан сайын учкандын,
сүйөөрү бар жүрөк черин билгендин.
1989-ж.

 

ЭСИҢДЕБИ, КОЧКОРДОГУ ОШОЛ КҮЗ?

Таң кылайып, седеп күмүш жылдыздар
улам бирден өчүп жатат дабышсыз.
Ай астынан айбалтадай күмүш жаак,
учуп өттү уйкулуу бир агыш куш,

Агып өттү булут изин калтырбай
таңды беттеп желкемедей байыркы.
Тоңот пейлим, толкун чоору тартылбай
токсон тогуз күмүш кайрык кайырчу.

Коңур күздүн канаты окшоп чириген
сызда жаткан жалбырагы теректин
эмнени угат бейпилдиктин үнүнөн,
эмнени ойлойт бул таңында элеттин?

Кар алдында калган үйдөй иттин үнү,
анда-санда короз кургак чакырат.
Жаңы ойдогу мендеги эски түшүнүк
жанды уялтып алтын тиштей жаркырайт.

Эсиңдеби, Кочкордогу ошол күз
ушул таңдай уктабаган, чарчаган
түстөр менен кыйнап келди түшүнгүс
оорулуудай ажал жанын калчаган.

Эсиңднби, ооба, бүтүн эсиңде
ошол таңдын суздугуна кошулуп,
“…кечир мени, алакачты кечинде”
деп жазгансың көшөгөдө олтуруп.

 

* * *

Иңирде иттери көп чолок көчө,
тушунда терек өсчү көк терезе,
“бүркүттөн – гүлгө” деген кызыл жаян
узун кат жана укмуштай кыска кече?..

Томуктай дөбө алдында чакан айыл,
көк дүкөн качан барсаң кулпу турган.
Жыбылжып жылдар жылып жаткан сайын,
жылуу обон сөздөрү аздап унутулган?

Жан эркем, кыз курагың эсиңднби,
жайдары, элик мүнөз, жарык маңдай.
Чырагын жаккан жылдыз кечиндеги
таңга маал титирөөчү кайыккандай.

Жан эркем, улан чагым эсиңдеби,
уурданып күндөлүгүң барактаган?
туюнса чексиздикти өзүндөгү
зар тура, каран калгыр, канатка адам.

Мына эми, кээде көңүл кыйырымда
сампарлайт сагынычтын кары жумшак.
Адашып ошол жылдар чыйырында
сен ойгоо, мен дагы ойгоо, күйөөң уктап…

 

ЖООПСУЗ…

Күткөн сайын кетти күтүүм тереңдеп,
Сызган сайын сызды санаам тызылдап.
Буккан сайын бугум буура, жолум муз,
Бул сүйүүнү бүтөм качан бүт ырдап?

Акылымда күлкүң агып шыңгырап,
Тамырымда сагыным зыркырап.
Качкан менен кайда барам өзүмдөн,
Бул сүйүүнү коем кантип кулпулап?

Башым батып, балтыр сыяр жай барбы?
Бырыштарын жууйм нетип маңдайдын?
Гүлдөр мага күү чертишти жазды-жай,
Буркураган жытын үрөп армандын.

Ушул илеп улааргандан уларып,
Көп жуулган көйнөк окшоп кубарып…
Жалгыздыктын жаалы катуу, каары курч,
Теним муздайт тамырымда суу агып.

Жараткан ай, унутууга мүмкүнбү,
Чоктой ысмың, оттой ысык күлкүңдү.
Дудуктандым, дүлөйлөндүм дымыдым,
Тепкеси жок толгонбогон кыл сындуу.

Кашыктагы кара суудай мөлтүрөп,
Көзүң күйөт көөрүк окшоп өрт үрөп.
Жаным сыздайт жарылбаган жарадай
Ушул сүйүү акыр мени өлтүрөт.

Кулдук уруп кетээримде чөгөлөп,
Көзүңдү өбөм – көз отуңду керемет.
Кезиң үчүн эс-учумдан тандырган,
Кездер үчүн кеткен жана келе элек.

Жок кылдай да сага менин керегим,
Кетем деле кайра айланып келемин.
Ара жолдо калаар жоопсуз ак сүйүү,
Ара жолдо сокпойт жүрөк эгерим.

Мени ушунча беймазага батырган,
Арманымды мумиядай катырган.
Эмне мынча түшүнүксүз, эссизсиң,
Эмне мынча эсимди алган асыл жан.

 

АПОССИАНАТА

Сагынычтын кандай таттуу азабы!
Клавиштер онтойт минор үн менен.
Кайрыктарда кайкыйт тагдыр мазагы
тириликтин заңына баш ийбеген.

Ким деги бул, кабакка кир түнөткөн
жарым түндө жалгыз чертип кыягын?
Созгон күүсү тумчуктурган, жүдөткөн,
уккан сайын түтөп санаа-кумарым.

Жарым түндө жаңырганы жаңырган,
чыйрыктырып ар илеби, кайрыгы,
сиңет ыргак сайсөөгүмө, каныма.
Чыгам сыртка чылым отун жандырып.

Чыгам сыртка акыл-эстен, жүрөктөн!
Чыңырыктай чындыгымдын үнү өчкөн
кезди унутам – санаа отун өчүрөм
чарчап күйгөн үмүт менен тилектен.

Билдирбейсиң кабарыңды, алыңды,
кушу кайтты, суусу тоңду Нарындын.
Бекер күйдүм. Безилдедим. Ак урдум
илебиндей шамалдагы жалындын.

Кан тамырда калкып аккан не сезим,
таарынычын унутпас кай сагынч бу.
Жаңырыгым, кайсы жарык үндөсүң,
кай айылда, кай үйдөсүң алыскы?

Жабык калып жанды жеген ал кумар,
Ачык калды бир күтүүнүн эшиги,
Эртең кайра кезикчүдөй алдыман,
Эртең кайра суроочудай кечирим…
1987-ж.

 

АЛЫСКЫ ЖААН

Суу болуп дарактардын жалбырагы,
суу болуп көк көйнөгүң, саамай чачың.
Жолуктук жоодур кечти узатканы,
жоогазын жыттуу жоодур карындашым.

Шатырап эс-көөнүмдө куят жамгыр.
Канча жыл өттү арадан? Канчанчы жаан?
Капилет кездешчүдөй туюласың,
жамгырлуу ошол күндүн далдасынан.

Билбегем үмүт мынча тереңдигин,
туйбаган күтүү мынча алыстыгын.
Кез-кезде ырыскыдай түшкө кирет,
шатырап жамгыр куйган алыскы күн.

 

ДХАММАПАДА

(Индияда «Дхаммапада» деп эки сап, үч сап, беш сап, жети сап накыл-ырларды аташат. Ал негизинен Будда Шакьямунинин айткан-дегендерин, накыл сөздөрүн чагылдырган топтомдор).

* * *

Бир пендеде эки дүйнө — эки асман:
Бири — дүйнө, бизди айыпсыз жараткан.
Бири -дүйнө күлкү менен жарааттан,
Жанды тиштеп биздер куруп бараткан.

 

* * *

Жакшы китеп окугула,
Кыз сулуусун өпкүлө.
Жаш кезде чок чокугула,
Көпкөнүңчө көпкүлө.

 

* * *

Даңк азгырып өпкөңдү алып мобул жол,
Багалегиң үзүп бийлик канчыгы.
Сен — бийиктик сага жетүү кандай оор,
Намыс, абийир, эрк чыйыры аркылуу.

 

* * *

Жакшына сөздөр жыйып кел,
Тоюма турам чакырып:
Энемдин аты — Үмүткөр,
Атамдын аты — Жакшылык.

 

* * *

«Турсам-өлдүң» деген сорттун биримин,
Мендей коркок болгон жоктур биз жактан.
Кармаштарда калбасын деп билинип,
«Коркок!» деген сөздөн коркуп мушташкам.

 

* * *

Жакшыбы, жаман өлгөндө,
Жабыла кыргыз барабыз.
Ыйлаган жанды көргөндө,
Күлгөндү тыйсаң адал иш.

 

* * *

Бир алы келбес күндүккө,
Бир кою жок жалаң төш.
Бөлүнсөң түштүк-түндүккө,
«Кыргызмын» дешиң арам сөз.

 

* * *

Соргондор кирин тишинин,
Ачкадан азып бири өлбөйт.
Эшегин берген кишинин,
Эсеби эч бир түгөнбөйт.

 

* * *

«Аз өмүрдө аппак жашоо керек» деп,
Асман-көктү айтасың да кеңкелес.
Падышаң да митаам, талоон заманда,
Абийир деген анча дурус нерсе эмес.

 

* * *

Калайманды салам десең,
Көтөргөнүң үйүн үч.
Чын кошомат кылам десең,
Бутун жуу да, кирин ич!

 

* * *

Аз болор дейм жан боорумдай Соң-Көлүм,
Ысык-Көлгө кошуп берсем. Анткени,
Хафиз сенин жүзүңдөгү мең үчүн,
Самарканга кошуп берген Ташкенин.

 

* * *

Каргалар учат топ-топ салп-салп этип,
Жүрөгүм каккан сайын ирмем өчүп.
Жаш чакта кең ааламга мен кетчү элем,
Баратат эми менден аалам көчүп.

 

* * *

Башымда бактым, колумда күмүш кашыгым,
Тилегим таза, жок сага кылдай жасыгым.
Үзөңгүм түшөт, шаабайым сууйт, шак сынат,
Үйүңө барсам, үрпөйүп турса катының.

 

* * *

Май чубурган байлыктын жолу тайгак,
Ошол жолдон өткөндөр жылаңайлак,
«Укса урат», -деп казына кайтаргандар,
Кепич кийип басышат кудайайлап.

 

* * *

Сен кубансаң, кудай акы, ич күйөт,
Мен кубансам, муз жалап,
Экөөбүздө көрө албастык үшкүрөт.
Ал үшкүрүк муздабайт.

 

* * *

Көчөдө иттер кабышып атса,
Иттердин иттик кылыгы.
Тирүүлөй башын жутушуп атса,
Адамдын айбанчылыгы.

 

* * *

Эби менен, эпсиз да күлө берсең,
Эссиздер да эбиңди билип алат.
Кайда айдаса жорголоп жүрө берсең,
Эшек мүнөз немелер минип алат.

 

* * *

Ашып кетсем кенен-чонон арыштай,
Шашып-бушуп бара жаткан чолоктон.
Эмнегедир сезем чексиз карыздай,
Менде окшоп бактысы ал бир кез жоготкон.

 

* * *

Боз уландар убап-чубап келишкен,
Шакар шаарга күйүп турган күзүндө.
Кантсе дагы болушунча картайдык,
Болбогон бир үч он жылдык ичинде.

 

* * *

Акындын ак айтканын айып алба,
Пейлиң кең, дасмалыңда ашың арбын.
Жоосу бар, эр жигиттин башы барда,
Тоосу бар, томуктай бир ташы бардын.

 

* * *

Теги бийик төрө эне төрөгөн,
Тарбиясы-алсыздарды жөлөгөн.
Бу-бу дейсиң, зыяның жок Төлөгөн,
Бубуиндей чөптөн башка жебеген.

 

* * *

О Алла, сени унуттум,
Калп айтып жаткан кезимде,
Сен турган жоксуң эсимде.
Кыйды, көө, абжөөр бурутмун.

 

* * *

Чоңдоруна, өз чини да өскөнчө,
Жолду тороп, чаап жүргөн арыгын.
Көчүгүнөн түтүн чыгып кеткенче,
Көчөдөгү ышкырыгы МАИнин.

 

* * *

Акын калкы ак жүрөк да, аңкоо калк,
Он ыр жазса, алда кокуй алтоо калп.
Халтурщиги халал эт жейт, калганы
Дубалына мык какпаган жалкоо калк.

 

* * *

Лакылдап жайкы закым көчү жүргөн,
Суусаган жол акактап чуркайт көлгө.
Дирилдеп торгой асман түпкүрүнөн,
Суусаган август чаңкап үзүм желге.

 

* * *

«Жардамдаш» деп жалынсаң,
Тийсе тиер керегим.
Эгер өпкөң кагынса,
Мени да жөтөл дебегин.

 

* * *

Картайган алсыз жылдыздар,
Саржарык отун жагышты.
Келатам тоодон алыскы,
Ат жалын сылап кар учту.

 

* * *

Мээни жарып кээде кагат жүрөгүм.
Өлгөн адам колундагы сааттай.
Араңарда мен эмнеге жүрөмүн,
Качан болсун каршы коркунуч, сааттай.

 

* * *

Тетирибиз бирибизден бирибиз,
Көрөм сени, көкбетирээк кимибиз,
Эрегиштен эбин таппай күнүбүз,
Эчен жолдо эзилди го сүйүүбүз.

 

* * *

Турмушумду келет сенин башкаргың,
Сен жок кезде казан кургап ач калдым.
Сен бар кезде ак булутту жаздандым,
Бакылдадым башын сүйлөп асмандын.

 

* * *

Ажал сандык аңтарганда,
Жан тизгинин каңтарганда.
Тил күрмөлбөйт, айталганга,
Чөбөрө тил — бал тамганда.

 

* * *

Ойротто жок оптуу иш болду-
Ажаан келин ыйлаак кыз тууду.
Шалпык эри он уй, жүз койлуу,
«Кырк жылкылуу» болду — ышкырды.

 

* * *

Жоргодон туулган жоргокту айт,
Баатырдан туулган коркокту айт.
Устадан туулган чоркокту айт,
Сындуудан туулган сөлпөктү айт.

 

* * *

Кызуу келип күнүгө,
Катынынан келтек жеп.
Тууганынын үйүнө,
Качып барат телтектеп.

 

* * *

Беймаза, кутум тукуму,
Кайрыдин кесеп жарыбайт.
Жабышкак жаскак учугу —
Ач көздүк гана карыбайт.

 

* * *

Туулгамын январда ак таңда,
Кудай Таалам састумоолоп жатканда.
Жеткир жанмын, кечир, чыным айтканда,
Кылмыш кылсам желкемди ийип башты алба…

 

* * *

Кимге каршы достошобуз?
Кимдин канты набаттан.
Кимди көөлөп соттошобуз?…
Колдой көргүн жараткан.

 

* * *

Эчен эрен жеди, калптан жөтөлдү,
Көмөчүнө күлүн тартып, жеке өлдү.
Ата Журтуң турган тушта сыркоолоп,
Көпкөн адам сүйө алабы Мекенди?

 

* * *

Нилдин башы Судандан,
Пил тумшугу кудайдан.
Сендей сулуу-тилдүүнү,
«Жарым бол» деп суранбайм.

 

* * *

Ар оттун башын үйлөгөн,
Ак үйдүн сөзүн сүйлөгөн.
Ары жок арам күн менен,
Ал дагы өттү дүйнөдөн.

 

* * *

Гүлмүчөсү келишкен,
Эх, Бакдөөлөт периштем,
Кемин көрүп Кемчонтойдун,
Эрге тийдиң неликтен?

 

* * *

Кечээ кечте терезеңден ачылган,
Сундум сага үч тал кызыл кызгалдак.
Достор чыгар, мага ичи ачынган,
Басам сендей кызгалдактай кыз жандап.

 

* * *

Пейлим таза ыплас кара жердеги,
Кайталаймын төрт ирекет келмеми.
«Сүйөм, сүйөм, сүйөм, сүйөм дүйнөнү,
Сүйгөн үчүн сүйүндүрүп сен, мени!»

 

* * *

Жашоого даңк, сен мага пейил салдың,
Жашоого даңк, мен сага шашып бардым.
Жашоого даңк, сен мени сүйүп калдың,
Жашоого даңк! Мен сага кучак жайдым.

 

* * *

Ат-Башыда бир азамат,
Билек түрүп, канашалап:
«Салмакчынын ташты жамап
Да бир жаңы Таш-Рабат!»

 

* * *

Кеттиң кези көз отуңа жылынгам,
Төрт салаа жаш агат жазган ырымдан.
Какап-чакап муунап эссиз жыгылгам,
Ак сүйүүнүн кара күлүн сугунгам.

 

* * *

Өмүрүңдө кесир кезиң,
Өлүмүңдүн кечин берсин.
Ээ-жаа бербей эсиргенсиң,
Кудай аның кечирбесин.

 

* * *

Табытыңа тактай тилди,
Кабырыңа кирпич куйду-
Сен өлгөндө жыргап күлдү,
Сенден митаам, сенден кыйды.

 

* * *

Сүйгөм сени — ал бир чындык кашкайган,
Тангам сени — күнөөм туруп актангам.
Көрдүм сени — саамайыңды ак чалган,
Өптүм сени — көздөрүңдү жаш чайган.

 

* * *

Бирде жигит-банкрот,
Бирде жигит-Жан Клод.
Таза болот, так болот,
Кечки жооптон таңкы жооп.

Котормолор

ҮЧ АСЫЛ
(Генрих ГЕЙНЕден)

Үч аялды сүйөрүм ак чынында
Үчтү жазды маңдайыма жараткан.
Эркек-али эркек эмес ырымга
Үчөөн жазбай өмүр кечип бараткан.

Алгачкысы түшкө кирген керемет,
Кыялымда кыл жукпаган асылзат.
Экинчиси маган али келелек…
Үчүнчүсү маңдайымда какылдап.

 

БЕЙКУТ КЕЧ
(Леопольд СТАФФдан)

Керек мага арааны ачык бейкут тынчтык чалкыган,
Жылдыздардын чанак жарган шоораты азыр тоскоолдой.
Саманчыжол сартуманы уюлгуган, калкыган,
Көк Теңирдин түбүн ойсуз тиктеп турам козголбой.

Уясына конгон куштай шамал жыйды канатын.
Нымдуу түндүн жыты бургуп, каңылжаарым жарылат.
Ким тынчтыкты сөзү менен албайм десе канатып,
Шатыраган жамгырда да үн чыгарбай жалынат.

 

Соц тармактар:

Жолдошбек Зарлыкбеков: 2 комментария

Добавить комментарий