Абдылдажан Акматалиев, академик: «Адамдарды арам ойлордон арачалап кала көр…»

— Азыр гезитте деле саясат, нан, сүт саткан жерде деле саясат, үйдө, чай ичкен жерде деле саясат сүйлөнүп калбадыбы. Биз бүгүн мына ушул көнүмүшкө окшобогон башка «саясат» жөнүндө сүйлөшсөк. Сизге жакын Айтматов темасында, анын жазуучулук «саясаты» жөнүндө, жеке пенделик көз караштары жөнүндө сүйлөшсөк. Айтматовдун жазуучулук таланты жакшы эле көкөлөтүп макталды. Ошол эле учурда айрым каармандары сынга да кабылды. Маселен, Жамийла күйөөсүн таштап, Даниярды ээрчип кетти; Танабай аялы туруп Бүбүжанга ашык болуп калат?…
Ооба, өзүңүз айткандай, искусствонун да өзүнчө «саясаты», жол-жобосу, тартиби болот. Адабий чыгарма, прозалык, драмалык чыгарманын сюжети адетте белгилүү бир карама-каршылыктардын негизинде куралат. Карама-каршылыктардын негизинде белгилүү бир турмуш чындыгы айкындалат, такталат. Турмуштун өзү деле зымга тарткандай түз эмес, булуң-буйткалуу жактары көп да. Конфликттердин түрлөрү да көп — коом менен коомдун карама-каршылыгы, коом менен мезгилдин, коом менен адамдын, адам менен адамдын, бир адамдын жеке өзүндөгү ички карама-каршылыгы ж.б. А болбосо, «барды, келди, эч кыйынчылыксыз эле ийгиликке жетишти, дагы ийгиликтер болду» — деп жаза берүү кызыксыз дагы, максатсыз дагы. Айтматовдо каармандардын ичинде пайда болгон карама-каршылыгы, өзү менен өзү күрөшүүсү абдан күчтүү берилет. Жамийла жөнүндө айта турган болсок, аны мурда да күнөөлөгөндөр болгон, азыр да табылат. Бирок мындай көрүнүш чыгарманын табиятын, автордун айтайын деген оюн, максатын жакшы түшүнбөгөндүктөн келип чыгып отурат. Тагдырдын кандайдыр бир жагдайында жубай болуп кошулуп калган адамдар кээде бирге жашоого мүмкүн болбой калган учурлар болот. Жамийла эркинен тыш Садыктын аялы болуп калды, ошол эле учурда Садык да Жамийланы жактырып калганы үчүн, аны менен үй-бүлө курайын деген максаттын негизинде Жамийлага үйлөнгөн эмес. Кыз куумайда жетпей калганы үчүн ала качып алган. Садык Жамийлада сүйүү сезимин ойгото албады. Эгер Жамийла Садыкты сүйгөн болсо, аны кырк жыл болсо да күтмөк. Кийин Даниярды сүйүп калып, Садык менен мындан аркы жашоого мүмкүн эмес экендигине көзү жеткенде Жамийла үй-бүлөдөн кетти. Жамийла өз барк-баасын билген күчтүү инсан, ал тагдырга моюн сунуп, басынып жашай албайт. Ал максаттуу, татыктуу өмүр сүргүсү келет. Ушундай эле тагдырдагы адамдарды биз турмуштан кезиктиребиз. Курманжан датка да кудалап берген биринчи күйөөсүн теңсинбей, андан кетип калып, кийин Алымбекке турмушка чыгат эмеспи, же болбосо ошол эле XIX кылымда Жумгалда Каптагай деген кишинин кызы өзү жактырбаган жигитке күйөөгө беришмек болгондо, жигитче кийинип үйүнөн качып чыгып, өзүнө ылайык жар издеп, кийин Чүйгө келип, Жантайдын балдарынын бирине турмушка чыккан эмеспи. Эмне үчүн аларды күнөөлөбөйбүз дагы Жамийланы күнөөлөйбүз?.. Айтматов күйөөсүн таштап кеткен аялды даңазалайын деп жаткан жок, эмне үчүн ал ошондой кадамга барды, ошону көргөзөйүн деп жатат. Адабият — бул адамтаануу дейт эмеспизби. Күйөөсүнөн ажырашкан аялдын баары эле акылсыз, күнөөлүү эмес. Аларды айрып таануу керек; үй-бүлө бузулган — шаар бузулган менен тең, бирок ал «шаарды» башынан акыл-эс менен, келечектүү болгондой кылып, сүйүүнүн негизинде, түшүнүүчүлүктүн негизинде бекемдеп куруу керек, — деген насаат айтып жатат Айтматов повести аркылуу.

— «Делбирим» повестинде сүйүшүп үйлөнүшкөн Ильяс менен Асел деле ажырашып кетишпедиби?..
Ооба, ошондой. Турмушта мындай көрүнүштөр да кезигет. Адабият ойду турмуштан алат. Бул повестинде жазуучунун айтайын деген ою, максаты «Жамийладагыдан» таптакыр бөлөк. Повесть аркылуу: Сүйүү — бул керемет сезим, капыстан келип кончу бакыт кушу, — аны чоочутпай, качырып жибербей, өлтүрүп албай бапестеп багып алгыла, — деген насаат ой айтылып жатат. Албетте, бул маселенин бир гана тарабы, чыгармаларда мындан башка да проблемалар толтура. Окурман чыгарманы окуганда анын сырткы окуясына эле кызыкпай, алар аркылуу автордун айтайын деген оюн түшүнүүгө аракет кылыш керек.

— Чыңгыз Айтматов да чоң сүйүүгө кабылбады беле?!.
Туура айтасың, тагдырдын жазуусу менен Чыңгыз агай да өмүрүндө кечиккен чоң Сүйүүгө кабылган. Компартия желкелеп турганда да Сүйүүдөн баш тарткан эмес. Сүйүүсүн, сүйгөнүн сатып кеткен эмес. Кысымга учурап, ушак-айың кулактын кужурун алып жатканда да Сүйүүсүн алаканга салып бапестеди, көкөлөтүп бийик көтөрдү. Луи Арагон «Жамийла» повестине «Махабат жөнүндөгү дүйнөдөгү эң сонун баян» деп баа бергендей, Айтматовдун өзүнүн турмушуна да ушул сөздөрдү түздөн-түз арнаса болот. Жүрөгүндө чоң Сүйүү бар Адам гана Сүйүүнүн жыргалынан, ысыгынан мурда, азап-тозогуна чыдайт. «Чоң кемеге чоң дайра керек» дегендей, Айтматовдо чоң Сүйүү болгондуктан улам, Сүйүү темасын «Жамийлада», «Кызыл жоолук жалжалымда», «Кызыл алмада», «Гүлсаратта», «Кассандра тамгасында», «Тоолор кулаганда» романында бири-бирине окшошпогон ар түрдүү кырдаалдарда, ар башка ракурстарда сүрөттөбөдүбү?! Чыңгыз агайдын Сүйүүсү жөнүндө бир лирикалык поэма жазган элем. Поэманын темасында «Махабат жөнүндөгү эң сонун баян» деп койгон болчумун.

— Залкар жазуучунун Кудайга карата мамилеси кандай эле? Ишенгенби же ишенбегенби?!
Айтматов Кудайга ишенген беле?.. — бул абдан татаал суроо. Буга андай-мындай деп, оңой жооп бере салышка мүмкүн эмес.

Мурдагы совет мезгилинде, динди жокко чыгаруучулук, атеизм күчөп турган кезинде «Адамдар билимсиз караңгылыктан, жаратылыш закондорун түшүнбөгөндүгүнөн Кудайга ишенишкен» деп, Кудайга ишенүүчүлүктү караңгылыктын, билимсиздиктин белгиси катары түшүндүрчү эмес беле. Мындай түшүндүрүүнүн да өз жүйөөсү бар, бирок бизге белгисиз күч, акыл бул жашоо айлампасын сааттын механизминдей өтө так ыргакка салып, өлчөп-ченеп тургандай Аалам сырын адам акылы, билимдүүлүктүн жогорку жеткен чеги толук ачып түшүндүрүүгө жетише алдыбы? Жетише да албайт го деп ойлойм. Бир суроого жооп тапсак, экинчи бир суроо пайда болот, ага жооп тапканча туурадан үчүнчү суроо пайда болот дегендей. Анан аргасыздан «Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту», «Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту да сынбайт» деген сыяктуу макалдарга баш ийүүгө аргасыз болуп калат эмеспизби. Ушундай багытта сөздү улай берсек мунун аягына да чыкпайбыз го. Конкреттүү суроого келели. Дал ушундай деп так кесе айта албайм, бирок Чыңгыз агай Кудайга ишенсе керек эле. Кудай түшүнүгү дайыма Ишеним түшүнүгү менен байланышта айтылат. Ал эми диндердин тарыхынан белгилүү болгондой, адамдар, улуттар өздөрүнүн коомдук өнүгүү шартына, айлана-чөйрөсүнө, түшүнүгүнө жараша ишенимдердин көп түрлөрү болгон. «Кылым карытаар бир күн» романында Казангаптын бейитинин башында жаттап алган куранын окуп бүткөндөн кийин Эдигейдин Кудайга кайрылып: «Мен сенин бар экениңе ишенгим келет, сен менин көңүлүмдөсүң, оюмдасың, пейилимдесиң. Куран окуп, мен сага кайрылганда сен аркылуу мен өзүмө кайрылган болом» — деген жери бар. Ал эми «Кассандра тамгасы» романында мамлекеттик коомдук жана саясий «кызыкчылыктар» үчүн жасалма жол менен тексиз иксрод — адамдарды жаратуунун жолун иштеп чыккан илимпоз Андрей Крыльцов да кийин Кудайдан тизгин талаша алам деп ойлогон өзүнүн адепсиздиги үчүн зор өкүнүч менен өзүн өзү жемелеген учуру бар. Албетте, каармандарынын оюн жүз процент автордун оюн билдирет деп айтыш жаңылыштык. Бирок ушул маселеде автордук позицияны алып жүргөн башкы каармандар менен автордун ою дал келет деп ойлойм.

Өз учурунда Л.Толстой менен Достоевскийлер да социализмди курабыз деген революционер — идеологдорду динден безе качып жатышкандыгы үчүн сындап, алардын келечегине күмөнсүнө карашкан. Дүйнөлүк адабияттын, маданияттын, философия илиминин тарыхын «чемичкедей чаккан» Кант, Гегелдер деле Кудайды тааныбаган динбезерлер болушкан эмес. Бирок алардын баары «Кудайдын буюрганындай болот» деп кол куушуруп отура берген жанбакты, жалкоо кулпенделер эмес, Кудай берген мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланып, бир боор адамзат пенделери үчүн жакшы иш жасап калууга умтулган жаратман адамдар болушкан.

— Айтматов космополитпи?
Чыңгыз агайды, ооба «космополит» деп сындап жүрүштү. Христиан, будда, ислам диндерин бири-бирине каршы койбой, кайра тескерисинче алардын жалпылыктарын таап, жалпы адамзатка таандык жакшы озуйпаларын ачуу маселелерин дүйнө элине айтып чыгуунун, сунуш кылуунун эмнеси жаман?! Дүйнөдө тынчтыкты сактоо, ынтымак, биримдик идеялары үчүн космополит болсо жаманбы?! Исламдын терс жактарын, мисалы, жихадды күнөөлөгөнү үчүн гана мусулман болбой калабы?! Дүйнөнү бүлгүнгө учураткан, адам баласынын өмүрлөрүнө зыян келтирген террористтерди динине карабай айыптаганы үчүн күнөөлүүбү?!.

Мен Чыңгыз агайдын Кудайга карата өзүнчө мамилесин байкадым. Өтө этият, ошол эле мезгилде жан дүйнөсүндө ишенүү..

Айтматов ырым-жырым, аян белгилерге ишенчү беле? Мисалы, акыркы романында чабалекейлер Арсен Саманчинге «жамандыктан сактан» деп аян берген сыяктуу шаардан да, айылдан да ал отурган үйдүн терезесине келип, жан талашып айнекти каккылашат эмеспи?..
Ашкере ырымчыл эмес болчу, бирок элдик каада-салттык ырым-жырымдарды сыйлачу, балким айрымдарынын магиялык касиети бар экендигине ынанчу. Ал эми «Тоолор кулаганда» романындагы чабалекейге келе турган болсок, чабалекейлер сюжеттик көркөм ыкма, каражат. Эмне үчүн таранчы же көгүчкөн эмес?.. Өзүңөр билесиңер, Айтматов жазма адабияттын өкүлү, болгондо да реалист жазуучу болгон менен элдик оозеки чыгармачылыкка аябай көп көңүл бөлүп, аны чыгармаларында түздөн-түз да, кыйыр да көп пайдаланат. Бул учурда романындагы чабалекейлердин безилдеген аракети Нух пайгамбар жөнүндөгү уламышка барып такалат. Уламыш боюнча пайда болгон тешикти жылан өз денеси менен жаап, кемени сууга чөктүрбөй сактап калганы үчүн көрсөтүлгөн сыйга адамдын канын тандаганда, анын жообун пайгамбарга жеткирмекчи болгондорго жолтоо болуп, чабалекей жыландын тилегин таш каптырат эмеспи. Романдагы учурда да чабалекейлер уламыштагыдай эле жыйырма миллион же ханзаадалардын канын көксөп, ниети бузулган Ташафгандарды, акча үчүн тоосун да, тоонун сөөлөтү болгон барсын да, бүркүтүн да, керек десе аларга кошуп ак мөңгүсүн, топурак, ташын соодалап жиберүүдөн кайра тартпай калган Туюк-Жарлыктарды жыландай сойлогон арам ойлордон арачалап кала көр деп Арсен Саманчинге келип олтурушат. Көпчүлүктүн ниетинин бузулушу жаратылыштын селинен да коркунучтуу нерсе да.

— Эми, акыркы бир суроо, аны бербесем болбойт, күндөлүк турмушка кайрылып келели! Чыңгыз Айтматовдун атын коюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлө баштады. Кандай ойлойсуз, туура эле коюлуп жатабы?!
— Кайдыгерликтин туңгуюгунан чыгып келе жатканыбыз кубандырат. Айтматовго акыры көңүл бура баштаган процессти колдоого алам. Мен Айтматовдун жактоочусумун. Бирок, ичим чыкпай келет, этияттик, кылдаттык болбой жатат. Эмне үчүн дебейсиңби, Улуу жазуучунун ысмы өз деңгээлине жараша коюлбай келе жатпайбы! Орус элинин өкүлдөрүнүн атынан коюлгандарды улам Айтматовго тартып бере берсек, эртең ынтымагыбызга доо кетип, орус улутунун өкүлдөрү менен да тил табышпай калабыз го деген ой кетет. Бул жерде мен этикалык жагын гана эске алып жатам. Крупская атындагы драмтеатрды, Скрябин атындагы агрардык университетти, Молодая Гвардия бульварын бердик. Эми бир депутатыбыз да Свердлов районун сунуш кылып жатат. Эртең бирөө Путин кызматтан кеткенден кийин анын аты берилген чокуну Айтматов чокусу кылабыз десе, эмне дейбиз?! Мен орус өкүлдөрүн коргоп жаткан жерим жок. Этият бололу деп жатам. Менин оюмча, Биринчи Май районуна берилиши туура, үч жылдан бери айтып да, жазып да келе жатам. Айтматов интернационалист болгон. Эч убакта ал орус улуту менен карама-каршы болгон эмес. А биздин карама-каршы коюшубуз болбойт. Тескерисинче, Россияда жарык көргөн окуу программаларына, китептерине Улуу жазуучунун чыгармалары киргизилип, окутулуп, басмалар басып, аны менен миллиондогон окурмандар тарбияланып келе жатат. Орус адабиятын, маданиятын пропагандалап келген. Орус тили аркылуу дүйнөлүк адабиятка кошулган. Дүйнөлүк ойчул, коомдук ишмер аталган. Ушул жагын унутпасак. Айтматовдун атына жараша заты ылайык келген көчөлөр, проспектилер, бульварлар, мекемелер Бишкекте табылбай калыптырбы?! Бар! Эстелиги болсо өзү атаган Ала-Тоо аянтында гана коюлушу керек деп ойлойм. Ошондо, Айтматов бульвары да, району да, паркы да, эстелиги да чогуу болуп, комплекстүү ансамблди түзүп турмак, көңүл толмок, сыймыктантмак, толкундантмак. Али кеч боло электе жети өлчөп, бир кессек жакшы болор эле…

Маектешкен Баратбай Аракеев , “Фабула”, (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.07.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий