Альбина Имашова, актриса: «Жашоодо актриса боло албайм»

Кыргыз искусствосунун тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган нечен актер, актрисаларыбыз өткөн. Азыр да кыргыздын уучу кур эмес. Дегеним, мыкты образдарды жаратып көрүүчүлөрдүн купулуна толгон, келечегинен көптү үмүттөндүргөн актер, актрисаларыбыз бар. Алардын бири Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын жаш актрисасы Альбина Имашова.

— Кесибиңиз абдан кызыктуу кесип делет. Сиздин пикириңизде эмнеси менен кызык?
— Ар бир кесип эле кызыктуу болсо керек. Көптөр актер десе эле жыргап эле жүрүшөт, жашоосу жыргал дешет. Албетте, сахнага чыкканда ойногон ролду кандай ашуу ашып жасаганыбызды элге көрсөтпөйбүз. Андыктан ар бир ролдун артында кандай эмгек жатканын биле беришпейт. Актрисалык кесип мага кыйынга турган кесип, абдан баалайм.

— Аткарган ролдордон өзүңүзгө эмне аласыз?
— Аткарган ролдоруман ырахат алам.

— Кандай ролду ойносом деп кыялданасыз?
— Жаңыл Мырзанын ролун аткарсам деген илгери үмүт менен жашап келем. Студент кезимде эле Жаңыл Мырзанын монологун айтып, ошонун образын жаратсам деген кыялым бар болчу.

— Киного да тартылып жүрөсүз. Театр менен кинонун кандай айырмачылыгы бар?
— Кино менен театрдын айырмасы асман менен жердей. Театрда көрармандар менен түз байланыш болот. Кинодо болсо тартылып коюп монтаждалып жасалып анан чыгат.

— Сизге кайсынысы жакын?
— Мага экөө тең эле жакын. Анткени, мен алгач кинодон баштагам.

— Роль аткарууда түшкөн сунуштан баш тарткан учурлар болобу?
— Баш тарткан учур азырынча боло элек. Бизде Голливуддай сунуштар жок да. Чакан кинолорго сунуштар түшөт, бардыгына жетишүүгө аракет кылам.

— Жашоодо да актерлук чеберчилигиңизди пайдаланасызбы?
— Жок, жашоодо талантымды колдоно албайм. Бирге иштегендер айтып калышат далдакесиң, анча-мынча уялчааксың деп. Жашоодо актриса боло албайм.

— Профессионалдык сценага биринчи чыкканыңыз эсиңиздеби?
— 2002-жылы Кыргыз улуттук драма театрына чакыруу менен кабыл алышты. Эң биринчи Михаил Булгаковдун «Зойканын квартирасында» деген спектаклда Манюшканын ролун аткаргам. Ал ролду аткарууда эң жакшы болбосо да, жакшы деген сындарды уккам.

— Спектаклдерде жараткан образдардан сизге жакканы?
— Эң жакан ролум биринчи сахнага чыккандагы Манюшканын образы. Бул биринчи аткарган ролум болгондуктан жакса керек деп ойлойм. Негизи аткарган ролдорумдун бардыгы жагат. Анткени, алардын ар бири ар кандай мүнөздүү.

— Актерлук кесип сырткы келбетти талап кылат. Өзүңүзгө кандай көңүл бурасыз?
— Өзүмдү сулуумун деп деле эсептебейм. Диета да кармабайм. Тамакты тандап жебейм. Анан кээ бир ролдорду аткарууда арыкта десе арыктай албай куурайм да.

— Роль үчүн аябай тол десе көнөт белеңиз?
— Роль үчүн аябай тол деген сунуштар түшкөн бирок, анча толо албай койгом. Канча аракет кылсам да толбойт экен.

— Азыркы тапта эмне менен алексиз?
— Жаңы эле эс алууга чыктым. Ага чейин бир да тыным алган жокпуз. 2010-жыл башталгандан тартып Алтынай Темированын «Сынык Асман» спектаклин иштедик. Анда жигиттин энесинин ролун аткардым. Бул менин эң биринчи улуу каарманды ойногонум болду. Май айында Нарын, Ысык Көл жергесин кыдырып келдик. Ал бүтөөр менен Чеховдун «Сунуш» спектаклинде ойнодум. Немец драматургу Хюбнердин «Куру Намысында» башкы ролду аткардым. Декабрда жомок коюп Чүй облусундагы мектептерди кыдырып иштедик. «Кысылгандан кыз болдук» деген комедиялык спектаклди «Дем» театрынын балдары режиссерлук кылып коелу деп жатканда Султан Раевдин «Оо, кыздар» спектакли башталып, ага көп ооп кеттик. Комедиялык спектаклди сентябрга жылдырдык. «Оо кыздардын» 13-июнда премьерасы болду. Ал бүтөөрү менен эле Бексултан Жакиевдин 75 жылдыгына даярдандык. 30-июнда өткөрдүк да 1-июлда эс алууга чыктык. Ал ортодо кинолорго тартылып жаттым.

— Сиз театралдык окуу жайда да сабак берериңизден кабарым бар. Убактыңыз баарына кантип жетет?
— Ооба, театралдык окуу жайда Калийча Сейдалиеванын асистенти болуп сахна тилинен сабак өтөм. Убакытты бөлүштүрүп жетишүүгө аракет кылам.

— Бош убактыңыз болобу?
— Бош убактым чындыгында боло элек.

— Көптөгөн сыйлыктардын ээси болдуңуз. Ушул даражага жеткениңизге кимге ыраазы болосуз?
— Ушул даражага жеткеним үчүн биринчи кезекте үй бүлөмө ыраазычылык билдирем. Жолдошум ар кай жакка иштешиме чыдап, уруксат берип, түшүнүү менен караганына ыраазычылык билдирем. Өзүмдүн устаттарым Калийча Сейдалиева, Замир Сооронбаевге, режиссер Актан Арым Кубатка терең ыраазычылыгым бар. Актерлук кесипке багыт берген да ушул киши болду. Ага чейин менде актерлук талант бар экени тууралуу түшүнүк да жок болчу. Аялдын мыкты образын жараткандыгым үчүн дипломду «Теңри» тасмасындагы роль үчүн алгам. Андагы француз режиссеру Мари Рауль де Поншвилге мени татыктуу деп баалагандыгы үчүн ыраазы болом. Анын арты менен киного тартылдым, кино менен дүйнө жүзүн кыдырып келип жатам. Көптөгөн кыял тилектеримди аткарды. Чет элдик киного тартылсам, Парижди, Лувр музейин көрсөм деп көксөчүмүн. Ал айым Парижге чакырып музейди көрсөттү. Кинонун арты менен бир топ фестивалдарга чакыруу алып Бразилияга, Турцияга барып келдим.

— Орундала элек кыялдарыңыз барбы?
— Адам улам жаңы бийиктиктерди багындырууну көксөй берет турбайбы. Дале болсо чоң-чоң кинолорго тартылсам дейм.

— Албинаны экрандан көргөндө кандай абалда болдуңуз эле.
— Биринчи «Беш кемипир» тасмасына тартылып, өзүмдү экрандан көргөндө уялгам. Ал учурда аябай уялчаак болчумун. Мен көрө электе туугандарым көрүшүп үйгө чалып жакшы кино болуптур деп айтышкан.

Мээрим Айталиева, “Асман-пресс” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 07.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий