Ошол түнү жылдыз учкан…

(Жоомарт акындын акыркы күнү)

Июнь айынын акыркы түнү болчу. Жылдыздарга толтура көпкөк асман көл үстүндө көмкөрүлүп турду. Тигил Тоң тараптан соккон жел толкун айдап, ал жээкке согулуп, күү-шаа түшүп жатты. Ушул маалда көл үстүнөн жылдыз учту. Ал көл ортосундагы көктөн ак чыйырлана сызыла агып келип, Калыгул олуянын күмбөзүнүн тушунан өчтү. Көлдүн түнү кандайдыр кооганы сезгендей, сестейе жыйрыла түшкөндөй тунжурай калды. Караңгылыкка төнгөн айыл ичинен күтүүсүздөн өкүрүк угулду.

Ошол түнү Чоң Сары Ой айылы катуу кайгыда эле. Айылдын эки азамат уулунун алыскы кан майданда окко учканын угузушкан. Эл-журт капилеттен “кара кагаз” келип, каран түндө калган ошол эки үйдө куран окуп отурушкан. Жамандыктан жүрөгү түшүп турган улуу-кичүү учкан жылдызды көрүп, жакасын кармашты. Дагы кандай каран түнгө кабылтмаксың, жараткан кудай? Башыбыздагы кайгы аз болуп жатабы? Жамандыгыңдан сакта, алла-таала деп көкөтеңирге сыйынган эл эртеңки күндөн жакшылыкты гана тилешти.

…Ошол күнү акын Жоомарт эмнегедир эрте ойгонду. Көңүлү ушул таңдай таптаза, ачык эле. Жүрөгү элеп-желеп согуп, бир жакка ашыккандай кубанычтуу дүкүлдөгөнүн түндө түшүнө балдарынын, жу-
байынын киргенине жоруду. Ооба, түшүнө тигил Тоң тараптагы кайынатасыныкында калган чиедей балдары Кулубек менен Сырга, жубайы Тенти кирген эле. Жарым айдан бери көрө элек балдарын сагынганы ырас болчу. Сүйүктүү чүрпөлө­рүн көз алдына элестетип, ошондон жаны жыргап, атып келаткан ак таңга шүйшүнө карап турду. Көлдүн таңы керемет эле го, чиркин! Ошол ажайып кереметти айрыкча акындар гана көрүп, көңүлүнө, жүрөгүнө чөгөрүп, анан ыр нөшөрү кылып төгүп берет тура! Көз алдына са­гынт­кан ашык жары келип, ыр өзүнөн өзү куюлушуп агып кетти:

Эркелеп күлгөн эрте-кеч,
Ойнуңду сенин сагындым.
Коңур күз, жаздын нурундай,
Койнуңду сенин сагындым.

Жүрөк-дилинен бир ысык нерсе – кусалыктын куурал-жыргалы мелт-калт толо агып өткөндөй болду да, шарт бурулуп үйгө бет алды.

Үйгө кирип эле жолдошторун ойготту: “Тургула, кечке эле жата бересиңерби? Жолго эрте чыгалы. Бүгүн жай чилдесинин биринчи күнү. Салкында жолду арбытып алалы”, — деп ириде Аманкул Куттубаевдин үстүндөгү жуурканды сыйырды.

Сапарда жүргөндөр алтоо эле. “Манастын уулу Семетей” көркөм фильмин тартууга ылайыктуу жер көрүп жүрүшкөн киносценаристтер Жоомарт менен Исаев, кинорежиссер Рапопорт, Куттубаев, эки бир тууган операторлор Герштейндер болчу. Чыгармачыл топ андан мурда “Полуторка” деп аталган жүк ташуучу машина менен (кызыгы, айдоочусу аял болуптур) Таластын бир топ жеринде, Тоң аймагында болушкан. Тоңго барганда кайненеси алдыңарга салып жүргүлө деп шырдак берген. Саяпкерлиги менен мүнүшкерлиги жетик, мергенчилик жагынан да эл оозунда жүргөн кайнатасы Жунушбай экөө көпкө сүйлөшүп отурган. Андан кийин Жети-Өгүздүн кооз чөлкөмдөрүн көрүп, байманалуу Барскоон менен Көк Жайыктын көйкөлгөн табиятына таасирленип, айтылуу Каркыра жайлоосун кыдырып, иштери ойдогудай бүтүп, эми кайтып келатышкан. Кудай буюруп, баары жакшы жагында болсо, борборго жетип эле эч аялдабай Москвага жол тартышмак. Анан бат эле “Манастын уулу Семетей” деген кыргыздын биринчи тунгуч киносу тартыла баштамак.

Түптөн чыккан “полуторка” ошондой ойку-кайкы жолдо калдырап-шалдырап, көл жээктеп жүрүп келет… Күн чайыттай ачык, теребел шаңкайып таптаза. Ак толкундары удаалаша жарышкан, жээкке жетип эле кайра тарта түбөлүк арпалыштан жаны тынбаган касиеттүү көл көйкөлөт, көз учунда кыйыры көрүнбөй мелт-калт жыбырлап түйшөлөт, жүзүнөн күн көрүнүп, түпкүрүнөн нур менен сыр көрүнүп…

Көлдөн көз албай келаткан Жоо­март Чолпон-Атага жакындаганда обдула берип, Аманкул Куттубаевге карап минтти:

– Азис досум, келчи экөөбүз орун алмашалы. Балдарым Тоңдо эмеспи. Көл жагына отуруп карап барайын. Үч кадам болсо да жакын да…

– Ой Жокем ай – деди Аманкул күлө багып, – акындык кыял-жорукка айла жок тура. Эми экөөбүз орун алмашсак эле оюңдагыдай болуп калабы?

– Ооба, ооба досум, ошондой, ошо жакындыкты сезип жатпаймбы. Орун алмашалычы, эми, кыйылбачы…

– Болуптур, болуптур, Жоке. Мына, орун алмаштык.

Ошентип, экөө орун алмашып, жол андан ары уланган. Жүргүн­чүлөр Чолпон-Атадан өтүп Кара ой деген (орусчасы Долинка) коктуга шуңгуп кирип, өрүн өрмөлөп, кыр жонго кыбырап араң чыккан. Чолпон-Атадан кийинки бул чөлкөмдө үч чоң кокту-коо болоор эле. Бирничиси – биз атаган Кара Ой, андан кийинкиси – Сары Ой, үчүнчүсү экөөнөн алда канча кооптуу, тик куюлмалуу Чоң Сары Ой.

Тагдырдын бешенеге жазылган жазуусу ушундай беле? Кудурет буюруп, түртүп жаткан жазмышпы? Эмнеси болсо да ушул жарык дүйнөнүн бир эле ирмемине эки адамдын иче турган суусу, жашай турган өмүрү алмашты да калды. Эгерде тоо тарапта отурган Жоомарт көл жагында отурган Аманкул менен орун алмашпаганда экөөнүн тагдырлары кандай болот эле? Мүмкүн, экөө тең аман калмак беле? Мүмкүн, антпегенде улут адабияты асманындагы Чолпон жылдыз күтүүсүздөн жалп этип өчпөй калат беле? Бул – тагдырдын табышмагы эле. Кандай болгондо да табият мыйзамынан атайылап жасалган, же кудурет жиберген буйрук экени туюк бойдон калды…

…Азыр болсо Жоомарт машинанын көл тарабында отуруп, көгүлжүм көл мейкининин тигил четинде араң үлпүлдөгөн тескей тоолоруна ойлуу карап келатты.

Ушул маалда машина Чоң Сары Ой коосунун жантак эңишине кудуп кирип бараткан. Төбөдө күн көтөрүлүп, айлана үп тартып, тынч мемиреп турган эле. Ушул мерчемде машина таштак эңкейиштен тайып, көз ачып жумганча көл тарапты көздөй аласалды. Буркураган чаң, куюлган кум-таш, кыйраган машина, кыйкырып чыңырган үндөр. Бензин куюлган челектер менен адамдар коонун куюлмасына тоголонду. Тоголонбой жантыгынан жаткан машинада бирөө гана калган… Ал Жоомарт эле. Машинанын борту дал көкүрөгүнөн басып калыптыр.

Жакын эле жерде апийимде иштеп жүрүшкөн эл кырсыкты көрөр менен жетип келишкен. Машинанын астында калган Жоомартты жабылып жатып бошотуп алышты. Аңгыча эңишке тоголонгон жолдоштору да жете келди.

– Айланып кетейин Жокен, бутуң сынган го, — деди Аманкул үстүнө үйрүлө калып.

– Бут жерге кирсин, көкүрөк болбой калды. Боорум сыздап, ичимен бир ысык нерсе агып жаткансыйт. Болбой баратам. Бир айласын тап. Тентини алдыр, – деди Жоомарт көзүнөн азап учкуну жалт этип.

…Жоомартты куюлмадан кырга чыгарып, жол боюна жаткырышкан.

Жарылган боордун каны агып бүткөнчө эс-учунан ажырабады. Кан какшап кайта-кайта айтканы, эскергени – алган жары, асылкеч балдары, аларды жетим-жесир калтырып бараткан арманы болду.

Сулк жатты акын Жоомарт, тармал чачы маңдайына төгүлүп. Күтүүсүз кайгылуу окуянын күбөсү болгон эл-журт буркурап ыйлап турду. Ушул окуяны сегиз жашында көргөн курсташ курбум, азыркы кудам Эсен Дубанаев айылдаштарынын атактуу акынды акыркы сапарга кандай сый-урмат менен узатканын айтып берген.

Улуу акын Жоомарт дүйнөдөн ушинтип өттү. Эч кимдин оюна келбеген күтүүсүз кырсыктан, бул дүйнөнүн жаркып турган бир күнүндө, ушул Чоң Сары Ойдун коктусунда, касиеттүү көл боюнда акындын оттуу жүрөгү токтоду. Таланттуу өмүр токтоду. Дайрадай толкуп аккан ыр токтоду. Айтылбаган арман калды, периштедей балдар калды. Анан да ошол азалуу күн – 1944-жылдын 1-июлу айкөл акын Жоомарт Бөкөнбаев дүйнөдөн өткөн күн катары тарыхта калды. Эрте өткөн өмүр өксүгү – “Манастын уулу Семетей” кино болуп тартылбай калды. “Текес” поэмасы, “Курманжан датка” романы жазылбай калды. Дагы канча сөз берметтеринин, ыр арашанынын көзү ачылбаган бойдон кала берди.

Бекбай АЛЫКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”, 12.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий