Жетимиш өнөрлүү Куйручук

Куйручук өзү адаттан тыш,  эч кимге окшобогон кайталангыс инсан болгон. Табият-энебиз адам баласына таандык көптөгөн  касиеттерди бир адам аркылуу чыгара албай көпкө кыйналып жүрүп, акыры өзүнүн “долбоорун” Куйручук аркылуу жүзөгө ашырган сыяктуу. Карап турсаң, Куйручук таймашаарга теңи жок, талантынын чеги жок, атагы алыска угулган куудул дагы, таңдайынан чаң чыккан чечен дагы, оозунан ыр чуурган акын, акылы алысты болжогон даанышман, күпүлдөп эпос айткан манасчы, көзү ачык олуя, уюштуруучулук таланты бийик, чоң аш-тойлорду башкарган чыгаан, эч кимден жалтанбаган “жүрөгүндө жалы бар” кашкөй эрен дагы.

“Бардеңке мурун”, “токоч бет”, “кырчаңгы кербышты”, “корккон түлкү”…

Куйручук кишилерди өңүнө карап туруп, бир нерселерге окшоштуруп айтып, элди күлдүрүү жагынан өзгөчө уста болгон экен.

Энеден тубаса куудул туулган улуу са-тириктин бул кайталангыс жөндөмүнө 1937-жылы Көпбай Күмүшалиев өзү күбө болуптур. Залкар таланттардан турган концерттик бригаданы Жумгалга баштап барып, Куйручукка кездешкендигин маркум Көпбай ага кеңири жазып калтырган. Мен үзүндүсүн гана келтирип өтөйүн:

“Бөлмөнүн ичи жанданып калды. Куйручук:

– Мынабу кош ооз бардаңке мылтык мурундаган кара кишиң ким? – деп Алымкулга кайрылды.

– Карамолдо Орозов деген атактуу комузчу ушу.

– Каз, өрдөгү көбүрөөк жерден болгондуктан, апасы бардаңкелүү кылып төрөп койгон тура,– деди Шаршен.

– Мен дагы ошондой го деп болгон элем, жаза айтпаптырмын, – деди Куйручук.

Ичилип жаткан чай, сунулуп жаткан кымыз токтолуп, бөлмөнү күлкү басты.  Кимиси дагы эмне дээр экен  дегендей  олтургандардын көңүлү Куйручук менен Шаршенге бурулуп калды.

Куйручук: – бул ким, тигиниң ким болот? – деп эч кимди сөө­мөйү менен көрсөтүп сурабады. Ал бар болгону көзүнүн кыйыгы менен карап, бирок  көңүлү бурулган кишинин сырткы көрү­нүшүнө, ички дүйнөсүнө таандык салыштырууну чукуп алгандай таап Алымкулга кайрылып олтурду.

– Дандырдан чыгарылган базар токоч беттенген кызыл кишиң ким?

– Черткен күүлөрүн санасам бир куржун болгондой. Комузчулук жагы Карамолдо менен Ыбрай Тумановду борбуйлап келаткан комузчу Чалакыз Иманкулов дегенибиз ушу.

– Чала эмес бүтүн кыз болбой калганы өкүнүчтүү. Жүктүн бурчунда олтуруп темир комузга шыңгырамасын аткарганда далай жигиттердин жүрөгүн сыздатчудай неме тура.

– Атаганат дечи, Куке! Убалы апасына жетсин, – деди Шаршен.

Алымкул күлкүчү киши эле, тукумуң курган Шаршендин жиреп жатканын карачы, деп ыкшып күлдү.

Мусаны карап туруп:

– Музоосун жалаган ак уй кейиптенген ак жуумал жигит ким? – деди Куйручук.

– Ал өзүңүздүн иниңиз Куке. Тогуз-Тородон чыккан атактуу обончу, ырчы Муса Баетов.

– Корккон түлкүдөй ырсайган балаңар кайдан?

– Олимпиадага Ат-Башыдан келип катышып, филармонияга  обончу болуп өткөн  Жумамүдүн Шералиев деген жаш ырчыбыз ушу, – деди Алымкул.

Шекербек Шеркулов ошол жылы келте оорусу менен ооруп айыккан эле. Чачы түшүп, башы тарбылала болуп калган болучу. Куйручук аны карап туруп:

– Кырчаңгы кербышты кейиптенген жигит ким?

– Таластык Шекербек Шеркулов деген комузчу. Черткен күүлөрү менен ырдаган ырларынын күрдөөлдүсү Атайдыкы.”

Куудулду Токтогул баалаган, хан да  чоочулаган

Куйручукту улуу акын Токтогул да өтө сыйлап, жогору баалаган. ХХ кылымдын баш жагында айтылуу Тержайлак жайлоосунда өткөн Райымбектин ашы жөнүндөгү “Көргөнүмдү айтайын” деген ырында Токтогул ашка алыс-жакындан нечен, түркүн меймандардын келгендигин санап ырдап, бирок бир да коноктун ысымын оозанбай, ошончонун ичинен “Сакал-чачы көк ала, буурул келди бул ашка, жарчы башы Куйручук, куудул келди бул ашка,” – деп жалгыз Куйручуктун гана атын атаган.

Мындан улам “Тоо булбулу” Токтогул үчүн ашка келип жаткан, казысы салаңдаган болуш-бийлерге, манаптарга, мансаптууларга караганда, Куйручуктун ысымы бийик жана кымбат экени көрүнүп турат.

Куйручуктун кимдин алдында болсо да сөздү жалтанбай түз айткан чынчылдыгынан, бектен кайра тартпаган бетке чабарлыгынан, кара кылды как жарган калыстыгынан, эл арасындагы аброюнан улам болуш-бийлер куудул менен эсептешүүгө аргасыз болушуп, ага зордук-зомбулук көрсөтүүдөн жалтайлап турушкан.  Бир фактыга кайрылалы.

1914-жылы Жумгалда атактуу Байзак баатыр кайтыш болгондо, Кочкорлук Канат хан бир топ аксакалдар менен салт боюнча өкүрбөстөн эле, маркум жаткан бозүйгө түшмөк болот. Ошондо Канат манаптын тоот­погонсуган, көпкөнсүгөн мамилесин кө­рүп, Куйручуктун кандай аракетке өткөндү­гүн тарыхчы Абдыхалил Молдалиев мындайча жазат:

“Куйручук Чөкөгулдун тору жоргосу менен үйгө жөлөнгөн ала баканды ала коюп, түтүндөй качырып, Канат баштаган аксакалдардын аттарын башка-көзгө чапкылап, артын карай айдап, “Атаң Ыбыке чөпкө какап өлгөндө (Ыбыке конуш талашып туугандарынан өлгөнүнөн улам айтылган сөз) менин атам Байзак ажы өкүрүп барган. Өкүрүгүмдү бергин” деп, Кара-Суунун наркы өйүзүнө түшүрүп таштады. Канаттын Байзак ажыга өкүрбөй келиши келген  манаптардын, аны уккан элдин бирине да жаккан жок. Кайра Куйручукту “Аягынан эле тик түшкөн азамат да, Байзак ажы атасы Ыбыкени ызааттап өкүрүп барса, Канаттын өкүрбөй келиши орозгелирээк эле иш. Куйручуктуку туура, өкүрүгүн албайбы” дешип кубаттап жатышты” (А.Молдалиев, Байзак баатыр, – Бишкек, 1998-жыл, 197-б.).

Канат Куйручукка эч нерсе дей албай, куудулдун дегенине көнүп, Кара-Суунун өйүзүнөн кайра кайрылып, Байзакка өкүрүп түшкөн. Ошондой эле, Солто уруусунун азуусун айга жанган манабы Тынаалы уулу Чолпонкулдун кемчиликтерин бир чоң ашта бетке айтып ырдаганда Чолпонкул Куйручукту жазалай алган эмес.

Куйручуктун абдан активдүү, лидерлик сапатка, чоң уюштуруучулук жөндөмгө эгедерлигинен улам аны кээде проблемалуу кырдаалдар түзүлгөн жерлерге элчиликке жиберишсе, кээде чоң аш-тойлорду башкарууга же ошондой аш-тойлордо жарчылардын башчысы болууга ишеним көрсөтүп турушкан. 1914-жылы Шабдандын досу атактуу Байзак дүйнөдөн өтүп, ашы кошо өткөрүлүп, Жумгал суусунун өйүз-бүйүзүнө көчө, көчө болуп тигилген боз үйлөрдүн катары үч чакырымга чейин созулуп, күн чыгышынан Турпан, Кашкардан, тиягынан Алма-Ата, Ташкент­тен, биягынан Ош, Жалал-Абаддан, Теңир-Тоо, Көл, Талас, Чүй аймагынан самсып эл келип, ушундай зор ашты Куйручук менен Көкүмбай башкарган.

Улуу адам кичик болот

Куйручук атагы таш жарган куудул болсо да, өзүн ар дайым жөнөкөй туткан.  Ошо жанагы 1937-жылкы Жумгалдагы кездешүү учурунда отургандардын арасында куудул Шаршен Куйручуктун алдында көп унчуга албай жүдөп калды деген күбүр-шыбыр сөз чыгып кеткен экен.

Муну байкап калган Куйручук ыгы келе калганда абалды оңдоо үчүн минтип сүйлөптүр: “Мен окшоштуруп айтсам Шаршен орду менен айтат. Мен айыбын айтсам, ал айлаңды кетире айтат. Мен көргөнүм­дү айтсам, ал көмүскөдөгүнү көз алдыңа келтирип коет. Мен тилдин уусуна салсам, анын тилинин тибирткелүүлүгү төгүлүп кетет. Шаршенден сөз кутулбайт. Шаршен ошондой киши. Сиз келгени Шаршен көп унчукпай калды дегениңер ката. Ал менин сакалымды сыйлап отурат. Шаршен өнөрү өркүндөгөн элдин шайыры”(К.Күмүшалиевдин эскерүү­сүнөн).

Байзак даанышман менен Куйручук кезегинде бири-бири менен өзгөчө мамиледе жүргөн. Байзак ажы карыган чагында өзүнүн айтылуу жыйын дөбөсүндө отуруп, Куйручукка мындай деген экен: “Куйручук, сенин басып өткөн жолуң, уккан-көргөнүңдү калпыс айтууга аракеттентпес калыстыгыңдын аркасы менен сени эл тааныйт. Жигитим мага калыс боло албайт, анткени ал дайыма мени менен бирге жүрөт. Сен эртең эле эл арасындасың, чындык да элдин элеги аркылуу сындан өтөт. Эл арасындагы ошол электин алкагын кармагандардын бири сенсиң. Бирок алкагын кармагандардын баары эле Куйручук боло бербейт. Сенин айдаган малың, күткөн дүйнөң – эч кимдин бетине карабай айткан акылдуу курч сөзүң, калыстыгың. Ошол калыстык сени түбөлүккө элге сиңирип коёт”. (Абдыхалил Молдалиев Байзактын бул сөзүн  кызы Рапиянын оозунан жазып алган).

“Кудайга сөзүн чын айткан, Куйручук төгүп ыр айткан”, – деп акын Барчынбек Бугубаев туура жазгандай, Куйручуктун даярданбай туруп капыстан төгүп жиберген ырчылык өнөрүн айтып отурса, өзүнчө сөз. Анын Найманбай менен айтышы жана башка айрым төкмө ырлары кагазга түшүрүлүп калган. Көбү оозеки ырдалган бойдон калып кетти. Ал, Молдо Кылыч, Калык, Тоголок Молдо сыяктуу акындар менен достук мамиледе жүргөн. Тоголок Молдону куудулдугуна салып, “улак текедей болгон кургурум”, – деп тамашалап койчу экен. Куйручуктун манасчы да болгону белгилүү. Анын оозунан жазылып алынган “Манас” эпосунун үзүндүлөрү Улуттук Академиянын кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Ал эми улуу куудулдун жабыкта катылуу жаткан буюмду, жоголгон жокту көрө билген көрөгөчтүгүнө, боло турган окуяны алдын ала айта билген көзү ачыктыгына, олуялыгына калың эл далай  жолу күбө болгон экен. (Бул жө­нүндө Эркалы Өс­кө­налиевдин “Куй­ручук” аттуу  китебинен окуй аласыздар).

Калыгулдун оозеки портретин бизге жеткирген

Дагы бир сөз. Куйручуктун атасы  Өмүрзак илгери айтылуу олуя Калыгул Бай уулун көрүп калган  экен.  Өмүрзак  Калыгулдун  кийген кийим-кечесин, сырткы кебете-кепширин өз учурунда  уулу Куйручукка төмөндөгүдөй деп сүрөттөп айтып бериптир: “тогуз топчулуктуу кара кашка ныпчасы бар, сыртынан төө боз чепкен, башында кары бою кештелүү ак калпак, сары жаргак шымынын багелегин басма менен сайдырган, бутуна көк жеке кийген чап жаак, кара сур киши”.

Бала кезинде атасынан уккан ушул сөздү унутпай, эсинде сары майдай сактап жүрүп, Куйручук Октябрь революциясынан кийин кагазга айтып берип жаздырып, бизге мурас кылып калтырып кеткен. Куйручук атабыздын тарыхый эстутумунун аркасында бүгүн биз илгерки олуя Калыгулдун тышкы портретин аз да болсо көз алдыбызга элестетүүгө мүмкүнчүлүк алып отурабыз. Бул жагынан биз Куйручукка милдеттүүбүз деп айтаар элем.

Коомдогу комиктин, куудулдун, сатириктин өнөрүнөн туулган күлкүнү эки баскычка салып кароого болот. Биринчи баскычтагы күлкү тиричиликтеги майда-барат кемчиликтерди, мүчүлүштүктөрдү чымчылоодон, же бирөөнү куудулданып туроодон, жеңил-желпи юмордон чыккан күлкү. Экинчи баскычтагы күлкү бул социалдык жана коомдук мааниси бар жогорку мазмундагы күлкү. Орус коомунда ушундай адамдардын ички дүйнөсүндө «катарсисти» (Аристотель) пайда кылган,  коомдук маңызга толо күлкүнү атактуу Гоголдун комедиялары жараткан.

Куйручуктун өнөрүндө  күлкүнүн биринчи баскычы да, экинчи баскычы да жашап турат. Маселен, куудулдун ырчы Найманбай менен болгон сценасын эле алалы. Найманбайдын өзүнүн жеке ар-намысын унутуп, колунда байлыгы, мансабы бар улуктарга келинче жүгүнгөндүгүн, бөйпөңдөгөн кошоматчылыгын сындап, Куйручуктун ырчынын өзүнүн сөздөрүн кайра өзүнө каршы коюп, чукугандай табылган мурчтуу сөздөр аркылуу ысык кычкачты жылаңач этке  баскандай  каршылашын «кайырып» жатканын окуганыңда, дуу күлгөн көпчүлүк менен кошо күлөсүң да, анан көшөкөрлүктүн жийир­­кеничтүүлүгү жө­нүн­­дөгү ойдун жана Найманбайдай пас болбоо тууралуу нравалык  идеянын жан дүйнөң­дүн тереңинде кандайча тымызын «бүчүр жарганын» сезбей да каласың.

Советбек БАЙГАЗИЕВ, профессор, публицист, “Кыргыз туусу”, 15.07.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий