Кыргыз калпагына 5000 жыл

Кыргызстандын бардык аймактарында 5-мартта жалпы кыргыз элинин улуттук кийимдеринин күнүнө (Калпак күнү) карата

Биздин улуттук кииймдерибиз өзгөчө касиетке ээ, анткени биздин улуттук кийимдер, анын ичинен калпак, элечек, шөкүлө сыяктуу улутубуздун баш кийимдери биздин элдин космостук философиясы менен тыгыз байланыштуу. Биздин калпактын жана элечектин тарыхы те тарыхтын тамырынан башталат. Байыркы шумер эли да калпак кийгендигин биз тарых булактарынан билебиз, ал эми байыркы гергес (хет, гет- автор) бабаларыбыз түздөн –түз жоокерлери, айрыкча жазылыктагы сүрөттө 24 аскер башчысы алтын калпак кийип майрамдык жүрүш менен кетип бара жаткан сүрөтүн чечмелеп жазганбыз. Бул гергес элин аалым С.Г.Сайс мырза кийимдерине караганда байыркы түрк элдери экендигин жазган. Түркиянын Карабел аскасындагы тартылган сүрөттө тик калпак кийген жоокердин жана элечек кийген аялдардардын жана эки кабаттуу калпак жана куштун канатын элестеткен калпак кийген аскер адамдарынын сүрөттөрүн байкоого болот. Бул бабаларыбыздын кийимдерин жана маданиятын уланткан кыргыз сактары болгонун байыркы тарых булактары да ырастайт. Байыркы тарыхтын атасы деп айтылып калган Геродоттун эмгектеринде сактардын бир түрдүү төбөсү бийик калпак кийип жүрүшөт деп жазган, ошондой эле кытай тарыхый булактарында кыргыз ажолору кышында суусар тебетей, ал эми жазында, көктөм келгенде алтын түймөлүү, төбөсү бийик калпак кийип жүрүшөт деген маалымат бар. Айрыкча кыргыз сактарынын калпактарынан түрдүү формалары болгон, ал эми аялдарынын элечек, кыз келиндеринин тик төбөлүү шөкүлө кийгенин жана тебетейлери да болгонун маалыматтар ырастайт. Кезинде Акбурун коргонунан табылган алтын жалатылган, кыргыздын ою-чиймери түшүрүлгөн калпак табылган. Кийинки эле Самарканд шаарындагы археологиялык казууларда биздин элибиздин калпактары табылган. Бул да болсо биздин элдин эң байыркы эл экендигин дагы бир ирет далилдеп турат.

Биз төмөндө кыргыз калпагынын кайсы доорлордон бери келе жатканын, өзгөрүүлөргө ээ болгонун схема аркылуу берүүгө аракеттендик. Тагыраак айтканда, биздин элдин калпагына бери эле дегенде беш миң жылдык тарыхты өз ичине камтыйт. Демек, биз кыргыздар калпагыбыздын тарыхынан, калпактын жасалгаланышынын философиясын, кол өнөрчүлүктүн туу чокусун, этногенетикабыздын байыркылыгын билип, үйрөнүп дүйнөгө жар салуучу кез келди. Биз калпактын гана тарыхын билбестен, бүтүндөй тарыхыбыздын жаңы табылгасы менен ширелишибиз керек, анткени тарыхы бар эл, түптүү эл гана бийик төбөлүү калпак кийип жүрөт.

Демек бийик төбөлүү калпак — баш кийим биздин элдин улуулугун, маданиятынын карылыгын, кайратын билдирүү менен табияттагы кубулуштар менен тыгыз болуп, географиялык этночарбабызды, өзгөчөлүгүбүздү биле жүргөнүбүз ийги.

Ошондуктан, кыргыз эли кылымдар өтсө да Манас атадан калган баш кийимин ыйык сактап, калпагын ыйык тутуп жашап келет.

Соңку сөз, кыргызым, алтын калпагын башыңдан түшпөсүн, калпагыңдын бийиктигиндей ойлоруң таза болсун!

Кыргызым, ак калпагын башындан түшпөсүн, журтубуз эркин, эрктүү, өнөрлүү болуп көбөйсүн!

С.Наркеевдин сүрөтү

Сапарбек Наркеев, ЖАМУнун Аксы колледжинин доценти,
«Баракелде» сайтынан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий