Кайрандарым, а силер жатасыңар,/Терек муңун укпастан шуулдаган!

«Дуңгандай мээнеткеч, еврейдей куу, татардай акылдуу, чечендей намыскөй болгондо гана кыргыз башка элдер менен теңтайлаша алат».
С. Жигитов

Акын, жазуучу, сынчы, окумуштуу Салижан Жигитовду эскерүү

«Кыргыздын туулмагы да азап, катын алмагы да азап, өлмөгү да азап» деп кеткен Салижан Жигитовсуз кыргыз элибиз бешинчи жылын өткөрүп жатат. Арабызда болгондо не, арман дейсиң. Кыргыздын башына түшүп аткан кыйынчылыктарды Салижан агай менен бирге көтөрүш жеңилирээк болот беле… Далайдын куйкасын куруштуруп, чындыкты бетке чаап айтып турмак… Башты жерге салдырбай тамаша аралаш куйкуму менен элибизди сүрөп, күч берип турмак… Аттиң!

Киния Токтосунова, Салижан Жигитовдун жубайы:
«Бир бутуна күрөң, бир бутана кара ботинке кийип Акүйгө кетип калыптыр»
Салижан Жигитов менен Киния Токтосунова 1964-жылы баш кошуп, 40 жылдан ашуун бирге өмүр сүрүшүп, бир уул, бир кызды чоңойтушкан. Кожоюнсуз беш жыл өмүр кечирген Киния эже өткөн күндөрүн эскерип отурду. Китепкана бөлмөсү… Жыйнаган китептери тирелип 2-3 дубалды жаап турат. «Бардыгы эле ордунда турат. Бир гана жаркылдаган кожоюнубуз жок… Молдокемдин (агайыңарды ушинтип айтчумун) жандүйнөсү китеп менен болду. Өмүрү китеп менен өттү…» деди өмүрлүк жубайы Киния.

Кайсы өлкөгө барбасын китеп эле алып келе берчү. Мисалы, Түркия, Ташкенттен эле 600-700дөй китеп алып келиптир. Өзүнүн китепканасы бар болсо да, Улуттук жана Чернышевка китепканасына тынбай бара берчү.

-Ушул эки китепкананын эң көп барган кардары молдокем эле десем жаңылышпайм. Мынча китепти үйгө кармап эмне кылабыз, андан көрө студенттерге пайдасы тийсин деген ой менен «Манас» университетинен бир бурч сурап жатабыз. Эгер берип калса, ошол жакка өткөрүп берсек деген тилегибиз бар. Молдокем өмүр бою кичинекей, жука китеп чыгарып, анысы да 3000 нускадан ашкан жок. «Эмнеге үч миңден нускаңыз ашпайт?» деп кейип калсам, «көп чыкса өтпөй калат, аз чыккандыктан таланып калбай калып жатпайбы» деп койгон.

Кызматтан кеткен адамды конокко чакырчу
-«Той-топур болуп турсун, бирок мен бара албайм. Андан көрө бир макала жазганым жакшы эмеспи» деп чакырган жерге оңой менен барчу эмес. Мен конокко барабыз дегенде бир күн мурун ага кошомат кылып, сүйөп-таяп, үгүттөп араң көндүрчүмүн. Ошондо да кыйылып араң барчу. Баргандан кийин да сүйлөп, белек-бечкек тапшырылгандан кийин «эми силер эт жемейинче кетпейсиңер да, мен кете берейин» деп кетип калчу. Дагы бир артыкчылыгы — кызматтан түшүп калган адамдарды конокко чакырчу. «Ал эмнеңиз, эл кызматын куттуктап чакырат экен, сиз болсо табалагансып…» десем, «кыргыздын эң жаман жери кызматта турганда көкөлөтүп, кеткенден кийин карабай калган жаман адаты бар. Мына ошодон арылышыбыз керек. Буларга азыр жакшы сөз айтып, көңүлүн көтөрүшүбүз зарыл» деп калчу. Адамдын көңүлүн калтырбаган, таза, калыс, шайыр адам эле. Өтө жөнөкөйлүгүнөн студенттери менен деле теңтуш катары сүйлөшө берчү. Анан алар дагы агайына эркелешчүбү, айтор, акча сурай беришчү экен. Эгер жанында акча жок болуп калса, бирөөдөн таап берип, кийин өзү айлыгынан берип кутулуп койчу дешет. Негизи тууган-туушкандарын, жоро-жолдошторун, жердештерин жогору койчу. Жердештери келип калса, отургузаарга жер таппай, берээрге ашын таппай калчу. Өтө ак көңүл болчу. Бирөөнүн ишин өзүнүкүндөй чуркаганы менен өз балдарына анткен жок. «Атадан калган дүнүйө балага байлык болбойт» деп илгертен айтылат. Анын сыңарындай, ар ким ак эмгеги менен акча тапса, ошол буюрат. Мен уул-кызымды окуттум, кийинттим, китепти болсо жыйып койдум» деп койчу.

Биринчи жолугушуу
-Анда мен 21 жашта элем. Жаш болуп, чамгарактап турган чагым. Чынын айтсам, молдокемди биринчи көргөндө мага көп жага берген эмес. «Бою кичинекей турбайбы, чыкыйып турбайт экен» десем, досу Ишенбайдын жубайы (бизди Майрам эже тааныштырган) «Сырткы кийимди кийгизсе болот, ал эми ички дүйнөнү жасай албайсың. Костюм-шым кийгизип, мойнуна галстук тагуу сенден. Мындай идеалдуу кишини табыш кыйын, андыктан ойлон» деп койсо, керемет киши окшойт деп макул болгом.

Сага деген ыр тууралуу
-Молдокем студент кезинде Сайракан деген курсташ кызына ашык болуптур. Ал сүйгөнүн Майрам эжеден уккам. «Сайракан эжени сүйүп сөз айткан турбайсызбы, макул болбой коюптур го…» десем, «Сүйдүм деп Сайраканды алып алсам, «мага муну, тигини алып бер» деп жүдөтмөк экен. Себеби ал колунда бар кыз эле. Менин бир туугандарыма караган, түшүнүктүү кыз алсам деп тилегем, Кудай тилегимди берди» деп кутулуп кеткен. Эми ал бала кездеги сүйүүсү экенин жакшы түшүнчүмүн, кантер экен деп тамашалап койчумун.

Генийдин кемчиликтери
-Молдокем даяр турган кийимди кийгенден эринчү. Өзүн карабаган жагынан биринчи орунду алчу. Мен ишке сегизде, ал киши тогузда кетчү. Тамак-ашын подноско салып, кийим-кечесин столго илип, бут кийимине чейин жөндөп кетчүмүн. Ошентип кетсең да байкабастыгы бар эле. Бир жолу Ак үйгө бир бутуна кара, бир бутуна күрөң ботинкасын кийип кетиптир. Ар кимди тамашалап кетип бараткан жеринен бирөө «Агай, сиздин ботинкаңыздын түсү эки башка го» дептир. Мага телефон чалып: «Тезинен Нуралыны тапкыла. Машина керек болуп жатат. Машинаны ступеньканын жанына алып келип койгула. Мен эки башка түстөгү ботинка кийип алыпмын. Жарыкка чыксам көрүнүп, уялып жатам. Элдин баары көрүптүр, мен байкабай жүрө берипмин» дейт. «Мен Нуралыны кайдан тапмак элем. Болоору болуптур да, баары көрүп койгондон кийин эмнеге уяласыз, жүрө бериңиз да» деп койдум. Ошондон кийин күрөң ботинкасынын жанына кара ботинкасын койбой калдык.

Аткарылбаган армандар
-«Өзүмө өзүм бир аз нааразымын. «Кызыл күүгүм» деген романымдын аягына чыкпай кала турган болдум» дечү. Ошону улантсам деп тилек кылчу. Түркчөдөн кыргызчага, кыргызчадан түркчө китеп которушум керек эле. Көп пландар аткарылбай кала турган болду» деп кейип калчу.

Керээз
-«Өлүмгө түз караш керек. «Рак» деп айтып атышат. Илимге, билимге мурас калтырдым, ошол деле бир топ артыман сөз болоор» деп айтып калганда биз уккубуз келчү эмес. Уулубузга: «Акбар, мен өлгөндө өтө чыгым болбогула. Мен бөөдө чыгымды жаман көрөм, билесиңер» деп айтса, атасын жанындай жакшы көргөн уулу жашып кетчү. Агасынын уул-кыздары ооруп жатканда көргөнү келип калышты. Аларга да: «Көзүм өтүп кетсе, Оштон келип убара болбогула. Жол алыс, кыйналасыңар. Анын үстүнө жол кире да кымбат. Андан көрө ошол жактан мал союп, куран окуп койгула» деп алардын да жүрөгүн ооруткан. Абдыганыны үйгө чакырып: «Сен менин ордумдагы кызматты ээлеп кал. Дегеле жазганды билесиң, билимдүүсүң» деп айтса, «Агай, ойлонуп көрөйүн. Азыр бош жүргөн жокмун, китеп жазып жатам» деп койсо, аябай сүйүндү… Кетип калат деп ким ойлоптур…

Элегия
Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректери шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган чоочун үйдө.
Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай жабыла күү чыгарып
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Тоо койнуна кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
Турар эле шуулдап миң түп терек
Тигип койгон атакем жаш чагында.
Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк — уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем
Угуп жатып теректер шуулдаганын,
Убайымдуу алдейлеп ырдаганын.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Каргадайдан бир өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
Уктап жатсак, теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Апам өлүп, артынан атам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп,
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…
Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.
Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..
1964-жыл

Теректер жүрөктө шуудурап турат
Ар бир акын жеке тагдырын ырга айлантканда, ал кийин түбөлүк күткөн классикага айланып кетет. Саке бир тууган агасынан, инисинен айрылып кан жутуп, анан ушул ыр жүрөгүнүн тереңинен сызылып чыккан. Кыргыз акындарынын ичинен Алыкулдун ырлары ушундай жаралган. Ал ойноп күлөөр убагында өпкөсү чирип, оорунун айынан адамдардан сыртта калган. Анан ичине толгон арман ыр болуп төгүлгөн. «Шуулдаба теректерим» дагы ошондой чыгарма. Бул ырга көп обондор жаралды. Кээ бир ырдын текстти анча эмес болсо да обону шумдуктуудай жаралып, тексти көтөрүп кетет. Сакемдин ырына жаралган обондорду болсо текст чырайына чыгарып турат. Азырынча сөздүн өзүнөн артык обон жарала элек. Шуулдаба теректеримдин обону эмес сөзү эле жүрөктө шуудурап угулуп турат.
Шайлообек Дүйшеев,
Кыргыз эл акыны

Аман талкалаган ыр
Бир күнү эң жакшы көргөн ини-досу Аман Токтогулов: «Саке, «Шуулдаба, теректеримдин» биринчи варианты мыкты чыкты, эми бул ырды мындан мыкты классика кылып иштеп чыгалы, мен ар бир сабын, сөзүн, уйкашын талдап, сындап, керек болсо талкалап берейин, сиз жадабай, оңдоп-сызып, бузуп, улам бир жаңы вариантын жаза бериңиз, акыры көгөрүп олтуруп ушул ырды чыныгы классикага айланталы» деп кайрылыптыр. Чынында эле ошондой иштешкен экен. «Улам бир вариантын жазып Аманга берем, Аман кылайган кемчилигин тапса эле сызып-чийип, «талкалап» кайра колума карматат. Ал талкалагандан тажабай, мен оңдоп-түзөп жаңы вариантын жазгандан тажабай, акыры эл оозуна алынып кеткен акыркы вариантын жаздым» деп эскерер эле Салижан аке.

Ооруканада жазылган ыр
Ооруп жатам. Шайым куруйт алсырап.
Дем кыстыгат, нымшып муздак тер чыгат.
Уктап кетсем жаман сырдуу түш көрүп,
Көңүл чөгүп, сарсанаага тумчугат.
Тышта дүйнө кадимкидей соо турат,
Кылк-кылк этип тоо артынан күн чыгат,
Өмүр, шаттык, көрккө тунган жер бети
Ич бышырып, көз кызартып кулпурат.
Мен көз жумсам, кызмат ордум бош калар,
Бирок дароо орун басар башкалар.
Турмуштун түк токтолбосун белгилеп
Ошол күнү далай бөбөк көз жарар.
Мен көз жумсам, сыртта агайын, дос калар,
Алар мени аз убакка эске алар,
Бир гана арман: айтылбастан сөз калар
Жомок болуп эл эсинде сакталар.
Мен көз жумсам, жарык дүйнө соо калар,
Тыным албай жер өз огун айланар.
Тамак ичип,
Эмгек кылып,
Жер басып
Соо жүргөндөн артык бакыт кайда бар?!
2006-жыл

«…Замандын ырайын көрүп атабыз. Акаеви кетсе Бакиеви келет экен. Бакиеви кетсе дагы бир «акылманы» келет. Баарын көрдүк. Кысталак, анан калса бу дүйнөдөн мен көрбөгөн эчтеке деле калбаптыр. Анын үстүнө тиги дүйнө бар деп уккандан бери, такыр эле элеп-желеп болуп… уйку деген качты. Ошол жакты эле эңсеп калдым, тезирээк көрсөм деп… Бирок тамаксоо жан курусун, силерге окшоп көргөнү келгендердин тамак-ашын кыйып кеталбай, ушинтип олтурам… Болбосо, эмне, спокойно кете бермекмин. Эгер, а дүйнө болуп калса андан бетер жакшы…»
(Каза болоруна аз калгандаайтканынан)

Даярдаган Жамиля Таштанбекова, “Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Кайрандарым, а силер жатасыңар,/Терек муңун укпастан шуулдаган!: 1 комментарий

Добавить комментарий