Калп айтпаган Темир, кыялкеч Эгемберди жана саясаттан качкан Эмир

Бу жолку чайлашуу кинорежиссер Темир Бирназаров, бизнесмен Эмир Сарпашев, актер Эгемберди Чалабаевдин ортосунда болуп өттү. Темир байкебиз менен Эмир мырза дос эмеспи. Айткан убактан кечикпей чогуу келишиптир. Эгемберди байкебиз болсо жыйналыштын айынан жарым саат кармаларын айтты. Ал келгиче экөөнө суроо узатканга үлгүрдүм.

-Менин билишимче экөөң тең кырктын кырына келип калдыңар. Бул куракта көпчүлүк мырзалар курсак байлап, чачы жыдып, тиши түшүп дегендей улгая баштайт. Экөөңдөн андай өзгөрүүнү байкай албадым. Жаштыгыңардын сыры эмнеде?
Эмир Сарпашев: -Ой биз керек болсо кырктан да ашып кетпедикпи. Элүүгө жакындап баратабыз. Жакында эле мектепти бүткөнүмө 30 жыл толду. Классташтар чогулуп белгиледик. Анан ошол кечебизге бизди окуткан эжебиз келди. Аны көрүп алып көзүмө жаш тегеренди. Бул да зор бакыт эмеспи. Азыр эми байкайсыңарбы убакыт өтө тез өтүп атат. Коом өнүккөн сайын 50-60тагы адамдар жаш көрүнө баштады. Илгери алар абышка болуп калышчу да. Мен эми өзүмө токтолсом 7-8 жыл болду йога менен машыгам. Андан тышкары намаз окуйм. Бул экөө тең адамдын жан дүйнөсүн агартчу, энергия берчү касиетке ээ. Ички дүйнө, ой тазарганда ал сөзсүз сыртыңа чыгат. Анан жаман ойлордон качам. Ой материалдуу нерсе да, эртеби-кечпи ишке ашуусу мүмкүн.
Темир Бирназаров: -Өткөн саныңарда бугулар жөнүндө жазыпсыңар. Мен ошол Нарын районунун Таш-Башат айылында жарыкка келгем. Чынында керемет өрөөн. Касиети бар. Жаныбарлар ошон үчүн байырлап атышат да. Анан ошондой касиеттүү жерде туулуп, абасын жуткан киши кантип карылыкка эрте алдырат?

-Көптөн бери дос болуп жүрөсүңөр, бири-бириңердин кемчилигиңерди жакшы билсеңер керек?
Т.Б.: -Эмир тамакты тандап жейт. Ошонусун билем.
Э.С.: -Темир өтө олуттуу да. Майда-чүйдөгө баш ооруткусу келбейт. Анан кичине кыялы бар. Кычыгына тийбегенге аракет кылам ошон үчүн. Анан өтө улутчулдук жайы бар.
Т.Б.: -Ооба, андайым бар. Кыргыз үчүн өлбөгөн жерде калам. Башка улуттар кечирип койсун. Сүйлөсө эле биздин жерибизди, көлүбүздү макташат. Бирок биз жөнүндө эмне үчүн айтышпайт? Кыргызстанда жашап атып тилибизди сүйлөгүлөрү келбейт. Ушуга күйөм да.

-Бат-бат жолугуп, майрамдап турасыңарбы?
Т.Б.: — Жаңы жыл сыяктуу жасалма майрамдардан бала кезде көңүл калыптыр да. Үшүп-тоңуп балатынын жанында турчубуз. Ой-боюбузга койбой ырдатышчу. Анан белек деп алган 2-3 момпосуйубузду агаларыбыз тартып алып жеп коюшчу. Мен бешик тойду, тушоо тойду жакшы көрөм. Жакшы ниет менен өтөт. Жасалмалуулук жок.
Э.С.: -Мен да 500 кишилик тойлорду жаман көрөм. Чогулгандар бири-бирин укпайт. Ызы-чуу. Эми жөн эле показуха да. Андан көрө мага эки-үч досум менен санжыра же кино тууралуу кеп козгоп отурган кызык.

-Экөөңөр көп жылдан бери чогуу иштеп жүрөсүңөр, чыгармачылык жаатта кандай жаңылыгыңар бар?
Т.Б.: -Эмир бир аз күн мурда жаңы үлгүдөгү кинокамера сатып берди. Американын өзүнөн алдырды. Мен буга чейин автордук фильм тартып келгем да. Көбүнө Эмир демөөрчүлүк кылды. Эми жакындан тарта мунун тыйынын жөн эле корото бербейин деп коммерциялык максаттагы фильм тартууну ойлоно баштадым. Мына жакында Данияр аттуу жигит «Кү Жүң Пөгө кантип турмушка чыгуу керек?» деген кино тартты. Өткөндө Эмир экөөбүз чачын өстүргөн, шымынын аласы тизесине жеткен баланы көрүп күлгөн элек. Көрсө азыр жаштар корей сериалындагы каармандарга таасирленет тура. Данияр ошол нерсени убагында кармап, кино тартып отурат. Азамат жигит экен. (Сөзүбүз ушул жерге келгенде сырттан Эгемберди Чалабаев шашып-бушуп кирип келди эле Темир байкебиз «ии кайда жүрөсүз. Элдин баарын күттүрүп коюп, түштөн кийин калп эле кышылдап келип калдыңыз. Биз кетебиз азыр. Өзүңүз интервью бересиз» деп тийишкенге үлгүрдү).
Эгемберди Чалабаев: -Бүгүн жыйналыш болуп калбадыбы. Шашып келсем лифт бүгүн иштебейт экен. 6-кабатка жөө чыктым. Аны билбей эле Темир каарып атат. Бул ушундай да, чымчылап сүйлөгөндү жакшы көрөт. Режиссер болбосо мындан бир мыкты комедиялык актер чыкмак. Жөн эле комедия эмес, гротест да бар мында. Турмушта жок нерселерди табат дейсиң. Темир экөөбүз Садык Шернияздын «Биринчи кадр» фильминен кийин тил табышып калдык. Мунун бир «Путник» деген сценарийи бар. Ошону айтып бергенде жүрөгүм менен байландым дейсиң. Кандай бактылуу актер ойнойт ушуну деп. Мен ушул убакка чейин өзүмө суроо берем. Актермунбу же найза көтөргөндөрдүн бириминби деп. Кудайга шүгүр, роль жаратып жүрөм. Бирок анын бири да купулума толбойт. Анан ушул фильмде ойносом, күчтүү роль болмок деп ойлой берем да.
Т.С.: -Аны тартсам бүтүндөй доордун, мамлекеттин тагдыры жөнүндө фильм жаралмак. Бул эми актердун кудуретин көргөзчү сценарий да. Аны мен Советбек Жумадылов тирүү кезинде жазган элем. Байкуш киши үч жыл күттү да. Кашайып акча табылбай койду. Ал жерде бир эпизод бар эле да. Жолдо турган кишиге кортеж менен бараткан таз жетекчи колун булгап, жылмайып кетет. Ал Акаев болчу. Ошон үчүн көркөм кеңештен да өтпөй калды. Эки жылдан кийин тарттым. 200 миң сомдой кетти, бирок техникалык жактан жараксыз болуп калды. Ал убакта «Кыргыз фильмдин» жетекчиси Замир Эралиев болчу, ал да каражат бөлүп бербей койду. Эми ушу тапта депутаттар жөнүндө «Парламенттин бир күнү» деген тасма жараткым келип жүрөт. Булардын баары ушундай бир актерлор дейсиң. Тубаса таланттар да эми. Бир-эки эле режиссер бар арасында (күлүп).
Э.С.: -Мактагандык эмес, Темир дирижер сыяктуу иштейт. Тарткан тасмаларын карагыла, актерлордун баары бир ыргак менен ойнойт. Бул бардык эле режиссердун колунан келе турган оңой нерсе эмес. Мен чыгармачыл адамдарды эмне үчүн колдойм? Анткени булар мага дем берет. Искусство деген таза нерсе да. Саясатчыларга, бизнесмендерге караганда чыгармачыл чөйрө мага алда канча жакын. Буларга аралашканы жеген тамагымдын даамын биле баштадым. Көпчүлүк бизнесмендер аны билбейт.
Т.Б.: -Актерлор өзү бала сыяктуу. Бир жакшы роль берсең кудуңдап, жыргап калат. Кайсы жинди бирөөнү туурайт? Бала менен актер эле ошентет да. Экөө тең бирөөгө тез ишенет, тез алданат. Мисалы, актерлорго сен деген Чапаевсиң десең, өзүн ошондой сезип алат дейсиң. Башкалары анын тегерегиндеги солдат боло калганычы. Булардын жан дүйнөсү баланыкындай таза да. Эң коркунучтуу кишилер бул олуттуу болуп көрүнгөндөр. Киллерди жалдагандар саясатчылар менен бизнесмендер болуп атпайбы.

-Эгемберди мырза, чыгармачыл адам бат-бат сүйүп турбаса карып кетет дешет?
Э.Ч.: -Ой мен аябай романтикмин да. Жатып алып кино, театр өнүксө, режиссерлор бизди талашса деп кыялдана берем. Бирөөгө бат ишенем, бат ачууланам. Бирөө менен урушсам, кайра бат эле жазылып кетем. Эч кимге кек сактап көргөн эмесмин. Бир кезде казактын Асанали Ашимов деген кыйын актерунан сабак алгам да. Ал киши Абайдын «жүрөгүң махабатка ач турса тирүүсүң, ток турса өлүксүң» деген сөзүн оозунан түшүрчү эмес. Эми эргүү дегенди сатып алуу, кол менен жасоо, китептен окуп, үйрөнүү мүмкүн эмес экен. Ал дайыма болуп туруш үчүн жүрөктүн согуп турганы деле жакшы го.

-Эмир мырза, көптөн бери кинону каржылап келе жатасыз. Ошол чыгымдар үчүн үй-бүлө, жакындарыңыз менен жаман-жакшы айтыша элексизби?
Э.С.: -Мен эми көп нерселерди айтпайм да. Өзүмдүн ички сырларым бар дегендей. Албетте, биздики үй-бүлөлүк бизнес болгон соң андай-мындай сөздөр болот. Бирок аларды уга берсең руль башка жакка бурулуп кетиши мүмкүн. Киного бизнес катары карайм, чынын айтсам. Эми Темикеге да айтып жатам, сен бери жыл, мен ары жылайын. Келечекте бир жакшы коммерциялык кино тарталы деп. «Тазар» деген кинокомпания ачкам. Жакшы режиссердун идеясын, жакшы актердун талантын товар катары баалаганга көнүшүбүз керек.
Э.Ч.: -Ак сөз. Биз илгери «Тунгуч» болуп бөлүнүп чыкканда, «Буюккан көч» деген спектаклди Египетке барып койгонбуз. Бүт чыгымды ар кимден карыз алып өзүбүз көтөргөн элек. Кайра келгенде гастролдоп атып кутулган болчубуз. Асылбек Өзүбеков, раматылык Каныбек Бекбатыров, Мурат Мамбетов (Композ), мен болуп түндөп шаарга афиша чаптайбыз. Күндүз билмексен болуп чыкыя басып калабыз. Бир күнү түн ичинде чаптап атсак, «эй, эмне кылып атасыңар?» деген үн чыкты. Шарт бурулуп карай калсак, биз менен академиялык театрда бирге иштеген актер экен. Анан «аа байкуштар, көргөн күнүңөр ушу беле? Кетпе десе болбойсуңар» деп башын чайкаган эле. Муну менен эмнени айткым келет? Актер эмгеги татыктуу бааланганда, киреше тапканда гана издене баштайт. Азыр өкмөттүк театрда акча бербейт деп отурушат, көнүп калганбыз да. Убагында раматылык Арсен Өмүралиев атындагы театр кандай эле? Азыр эмне болду. Ошон үчүн ушундай жеке менчик кинокомпаниялар керек. Адамдын курсагы тойгондо, жан дүйнөсүнө азык издей баштайт. Мамлекеттин акчасын ортодон бухгалтер, шоопур ж.б. жейт. Ал эми бизнесмендер андайга жол бербейт да.

-Жеке турмушуңарда эмне жаңылык? Эмир мырза, сизди жакында эле ырчы кызга үйлөндү деп гезиттер жазып чыкты. Чын-бышыгын өз оозуңуздан уккубуз келет?
Э.С.: -Бул биздин азыркы маегибизге такыр катышы жок тема. Адамдын жеке турмушу кол тийгис нерсе го. Биз бүгүн улут келечеги, кино, чыгармачылык тууралуу эле сүйлөшсөкпү дейм.
Т.Б.: -Мен деле жүрөм эми, кызым чоңоюп жатат. Эмирдин сөзүнө кошулам. Акыркы кезде гезиттер адамдын жеке турмушуна асылып, жеңил-желпиге ыктап кетти. Баары окшош. Изденүү аз. Адамдын ичинде уктап калган сезимдерди ойготчу улуу нерселерди жазсаңар жакшы болот эле.
Э.Ч.: -Кээ бир журналисттер чалып алып жиндидей суроолорду берет дейсиң. «Актриса менен өбүшүп атканда, аялыңыз келип калса эмне кыласыз?» деген сыяктуу. Ой ал деген менин ишим да. Роль ошондой болсо эмне кылмак элем?

-Улут демекчи, Темир мырза кыргыздын таламын талашкан жагынан астына киши салбаганыңызды билебиз. Бирок эмне үчүн тарткан кинолоруңузда кыргыздын кемчилигин гана көргөзөсүз?
Т.Б.: -Эмне үчүн мен антпешим керек? Биз жамандыгыбызды көргөзгөндөн арданбашыбыз керек. Чындыкты айтып турбасак, коом акыры өлөт. Акаевдин убагында «Таштанды бейиши» деген фильм тартмак болуп токтоп калгам. Америкалыктар чыгарган таштандыны кыргыздар кантип талашып, мушташып жатканын тартайын дегем. Анын айынан бир күн камалып, экинчи жологус болуп чыккам. Акыркы 20 жылда кыргыздар эмнени гана баштан кечирген жок. Ошолор тууралуу документалдуу фильм жаралса кийинки муундарга өтөт эле да. Алар үчүн тарых болмок. «Белгисиз маршрутту» да көркөм кеңештен өткөрбөй, акча бербей коюшкан. Кийин өзүбүз каражат таап, кырдаалдан чыгып кеттик. Мен аны «Белгилүү маршрут» деп жүргүнчүлөрдү шалдыраган автобуска эмес, мерседеске отургузуп аягын жомоктогудай бүтүрсөм деле болмок. Анда мага наам, үй беришмек, жыргамакмын. Бирок мен калп айтмакмын да. Кантип анан элдин бетин карап, тынч уктайт элем?
Э.Ч.: -Чындыкты эч убакта жашырбаш керек. Биз гастролдоп Өзбекстанга көп бардык. Алыскы кыштактарында жашоо ушунча оор. Ал эле эмес мобу турган Кара-Сууга барчы. Өзбектин суйкайган кыздары, керилген жигиттери кыргыздын күрүчүн отоп, тамекисин эгип күн көрөт. Ошол эле маалда кинолорун көрчү. Тим эле укмуш кылып көргөзөт жашоосун. Булар өзүн-өзү алдап атат. Мен азыр институттан күндө урушам. Себеби актердук чеберчилик жана режиссура деген кафедраны училищаны бүтүргөн киши жетектеп отурат. Облустун баарына театр ачып салдык. Бюджеттен олчойгон акчалар бөлүнүп жатат. Же ал жакта кыйраган режиссер болсочу. Буларды эмне үчүн айтпашыбыз керек?

Санжи Туйтунова, “Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий