Кыргыз эл жазуучусу Бексултан ЖАКИЕВ: «Согуш, кайгы-муң, элдин кайратынан биз да тез жетилдик»

— Бексултан ага, 75ке чыктыңыз. Кутман курагы-ңыз кут болсун!
Ыракмат.

Өткөн өмүрүңүзгө кыскача сереп салганда, эмнеге өкүнүп, эмнеге топук кыласыз ?
— Менин курагымдагылардын өмүрү сыдыргыга салгандай шыдыр болгон жок. Бала кезибизден дүйнөнү титиреткен окуялардын жеңиши менен кайгысын, өчпөгөн үмүттөрү менен аткарылбаган күтүүлөрүн башыбыздан кечирдик. Согушка удаа келген жокчулукка чыдап, токчулугун күттүк. Социализм менен капитализмдин «кансыз согуш» атанган айыгышкан атомдук куралдануусуна акылыбыз жетпей, ошого кеткен ченемсиз каражаттын эл камына сарпталбаганына кыжырланган күндөрүбүз болгон. Сталинди кудайсынткан доордо жашап, студенттик кезибизде Хрущев анын «культун» айгинелеп чыкканда, анын айткандарына ынанбай, ишенимибиз астын-үстүн аңтарылып, бийликте эл кызыкчылыгын көздөгөн ыйык максаттарга караганда өз кызыкчылыгын көздөгөн кара өзгөйлүк жосундар көп болоорун көрө баштап, мугалимдерибизге сабагына тиешеси жок суроолорду бере берип шайын оодарганыбыз көз карашыбызга таасирин күчтүү тийгизген. Андан соң СССРдин кулаганы, ойдо жок жерден эгемен өлкө болгонубуз, ошондо көңүлүбүздүн көкөлөгөн эргүүлөрүнүн таш капканы, өлкөнүн талоонго туш болгону, ушунун баарын силер менен чогуу башыбыздан өткөрүп жатабыз.

— Адам тагдыры ал жашаган доор менен жуурулушат экен да…
Жогоруда айтылган доорлордо ар кимибиздин тагдырыбызга таасирлүү толгон- токой өзгөчөлүктөр, ачуу-таттуу жагдайлар бар. Эл ичинде окшош тагдырлар менен катарлаш окшобогон тагдырлар да болот. Маселен, согуштагы жетимчилик, жесирчилик, күйүт аралаш кайрат же кайратсыздык, күтүү, үмүт — бүткүл элибизге орток тагдырлар. Эмнеге өкүнөрүмдү сурадың. Утурумдук майда өкүнүүлөр жашоодо боло берет. Эсимен такыр кетпеген мендеги өкүнүчтөр: атам Жакый мен үчкө чыга элегимде көзү өтүп, чоң атам Абийирдин тарбиясында эрке, эркин, бирок ымыркайымдан эмгекчилдикке, болгонду болгондой сүйлөгөн адептүүлүккө, адам сыйлаган ыймандуулукка үйрөнүп өстүм. Жакыйды байке, Абийирди ата дечүмүн. Абийир атам кадыр-барктуу, бүт кыдык элинин ичиндеги талаш-тартыш, таарынычтан чыккан келишпестиктерди чечкен, «Абийир чечен» атыккан калыс адам болучу. Биз тоңдук кутчубуз. Кутчунун уул-кыздары Абийир атамды «апакай ата» дешчү. Абийир атам менен жаным бирге эле. Аны «Атанын тагдырындагы» Акылбектин прототиби десем жарашат. Экинчи уулум Бакыт да бабасы Абийирдин тарбия-таасиринде өсүп, жаштайынан туугандар арасында адилет, анан дагы, кудая тобо, санжырачы болуп калганына таңым бар. Абийирдин таасириби же Абийирдин атасы Бакыттын жетеси Дөнөмбай бабамдын улуу санжырачылыгы жукканбы, билбейм.

Илгери партияга өтө турган болуп калып өмүр баяныма атам менден жакшы деп жазсам, райкомдо парткомиссия деген абышка-кемпирлер болот экен, чоң атаң партиядан өөдө болуп кетиппи деп жемелей баштаганда, аларга мен чоң атам партиядан өөдө да эмес, кем да эмес десем, парткомиссиядагы чал-кемпирлер туш-тушуман ит талагандай талап киргенде партияңарга өтпөйм деп чыгып кеткем. Абийир атама сөз тийгизмек тургай кичинемден мен аны жыргатам деп окудум, иштедим, бирок мен «жыргатканча» көзү өтүп кетти. Атамды өлбөчүдөй сезип жүрүпмүн көрсө. Ушуга аябай өкүнөм. Улуу чоң энем Сурган он бир уул-кызды төрөп, көр оокат, казан-аяк менен иши жок неберелеринин бирин жонуна көтөрүп, бирин жетелеп, чоңурактарыбызды ээрчитип өзөн бойлоп, гүл тергизип, жомок айтып, Табылды баатырдын эрдигин, 16-жылдагы үркүндү, Жакыйдын эмгекчилдигин, согушка кеткен байкелеримдин адамкерчилигин айтып түгөтө албаган байбиче болчу. Мен жетинчиге келгенде өтүп кетти. Кичүү чоң энем Бытыкый төрөбөгөн киши эле, бирок өтө эмгекчил, таза, казан-аяк, тамак-аштын түйшүгүн бүт тейлеген камбыл, мени өз баласынан артык көрчү. Москваны көргүсү келчү. Мен жетилгенде сөзсүз Бытыкый энеме Москваны көрсөтөм деп эңседим, бирок көрсөтө албай энемди өткөрүп ийдим. Бул менин экинчи чоң өкүнүчүм. Мени тууган апам Сейилман. Жакый өлгөн кезде Жакыйдын уялаш агасы Акмат да жесил калат. Акматка апамды баш байлашат, анткени Жакыйдан бирге толо элек карындашым Зарипа экөөбүз калыппыз. Жетимдер бөлөк колго туш болсо кор болуп калат деп ушундай бүтүмгө келишкен экен. Акмат үркүнгө чейин медресени бүтүп, кийин сельревкомдун төрагасы, анан согуш чыкканга чейин Тоңдо далай айылда мектеп ачып мугалим, деректир болуп иштеген. Ошондуктан тоңдуктар аны «молдоке» дечү. Молдокем 1993-жылы кайтыш болду. Касым Тыныстанов менен жашташ экен, бирок Касым Тыныстановдун үч айлык курсунда окуп, ошондон кийин мугалим болуп калыптыр. Молдокем баарыбызды окутту, өстүрдү. Абийир атам менен Бытыкый энемдин камын кандай ойлосом, молдокем менен апамдын да камын ошондой ойлоп, ун-талкан, чай-чамегинен баштап отун-суусуна, башка муктаждыктарына чейин кем кылбоого далалаттандым. Антиш менин милдетим эле. 1995-жылы «Манас» эпосунун миң жылдык мааракеси башталарына төрт күн калганда (мен «Манас-1000» деректирлигинин көркөм жетекчиси болчумун), 21-августта Азамат Алтайды түнү менен айылга, туугандарына жеткирип түнкү бирден өткөндө үйгө келсем апам уктабай мени күтүп отуруптур.

— Азамат Алтайды бөкөнбайлыктардын бири калбай тосту, сен эле үйдө отуруп калыпсың го, апа? — деп учурашып атып тамашаласам,
— Караңгыда темселеп кайдан эми… — деп койду да, анан аркы дүйнө жөнүндө, ошояктан кудай бир жакшыраак жай берсе дегенчелик сөздөрдү айтып калды эле, мен тамашалап:
— Апа, сен эмне, тыякка камына баштагансыңбы? Кой, өлбөй кое тур, «Манастын» миң жылдыгы өтсүн, ага чейин өлсөң элдин баары тойго кетип калып сени жалгыз кантип көмөм? — десем апам:
— Өлбөйм балакетиңди алайын, кантип өлөйүн. «Манастын» тоюн көрүп өлөм, — деди.
Эч нерседен капарым жок, ошондо эле апамды догдурга көрсөтө кетсемчи! Антиш оюмда да жок таңкы алтыда Бишкекке жөнөп кеттим. Мааракеден кийин апама учурашканы барсам апам төшөктө экен.
— Суук тийген окшойт, өпкөм куушурулгансыйт… — деди апам көңүлүмдү улап.
— Догдур апкелейин… — дегенимче болбой,
— Догдур келип атат. Азыр түзүкмүн. — деди апам.
Санаам тына түштү да:
— Миң жылдыкты көрдүңбү, апа? — дедим.
— Көрбөй анан! Кыргыз ченебегендей мыкты эл турбайбызбы, айрыкча Таластагы оюнуңардан даана билинди. Көрбөй өлсөм арманда кетмек экем. Эми өлө берейин, уруксат бересиңби? — Апамдын ушинтип айтканы эсимен түк кетпейт. Анда мен аны этибар алган эмесмин, демейдеги гана тамашасы деп кете бергем. Көрсө…

Көп өтпөй сентябрдын онунда Тоңдон кабар келди, апам катуу деген. Угаар замат учуп жеттим. Абалы оор экен. Бишкекке ооруканага алып кетейин десем апам көшөрүп болбоду. Райондун врачтарын чакырттым. Баарылап туш-туштан кыстасак, апам байкуш «бөөдө алпаратасың, балам» деп араң көндү.

Бишкекте ооруканада сегиз күн жатты. Оозуна кенедей наар албады, дары да жолоткон жок. Врачтар өпкөсү рак экенин, өтүшүп кеткенин айтты. Дагы 4-5 ай жашайт, андан да узагыраак созулушу мүмкүн дешти. Укканда денем дүркүрөдү, ишенгеним жок. Үмүтүм өчпөдү. Бирок санаам санга бөлүнөт. Апам тамак ичпей, дары жолотпой, кың дебестен солуп жата берди.
— Апа, каныңа глюкоза куйсун, кубат болот — десем, апам алсыз:
— Менин жанымды антип узартпагыла, өзүңөр да убара болуп каласыңар — деди.
— Анан эмне кылайын, апа?! — дедим каңырыгым түтөп.
— Үйгө жеткир — деди апам. Ошол эле күнү Тоңго жеткирдик.

Ошто эки карындашым, Бөкөнбаев кыштагында кенже карындашым бар эле, үчөөнү тең иштен уруксат алып апамын жанына койдум. Дабаа жок экен, тогуз күндөн кийин тамак оозанбай, дары албай жатып 27-сентябрда апам кайтыш болду. Өлөрүндө карындаштарыма «Бексултандан ак сүтүмдү кечтим» деп айтыптыр. Муну укканда арманым арылбачудай буркурап ыйлап ийгем: ак сүтүнөн кечкидей мен эмнени кыйраттым эле?! Апамын ден соолугун мурунтан ойлогонумда дагы жашамак. Ошентпегениме өтө өкүнөм. Ал эми топук жөнүндөгү сурооңо ири алды кыргыз болуп жаралганым дайыма жакшылыктан үмүттөнтөт. Анткени кыргыз өзгөчө калкпыз: жакшыга да, жаманга да бат көнөбүз, элпек, сезимдүү элбиз. Демек, калк башындагылар ач көздүк кылбай адилет, калыс иш кылып жакшылыкты көздөй баштаса, элибиз оң жолго түшүп, пейлин, ыйманын оңго бурарына ишенем. Топук кылган үмүтүм ушундай. Барга дардаңдабайм, жокко чүнчүбөйм. Бул да топук.

— Чыгармачылык жолуңуз бактылуу десек жарашат. Жеке турмушуңузга нааразы эмессизби?
Эч кандай нааразычылыгым жок.

— Сиз «Атанын тагдырын» жазганда болгону 21 жашта экенсиз. Турмушту түшүнө турган куракка келе элек жатып кантип жазып салгансыз? Сиз анда ата болуп баланын кадырын, жубайлуу болуп аялзаттын психологиясын түшүнө элек жашта болчусуз да?
Мен бала чагыбыздан эрте жетилгендерденмин. Бизди согуш, ошондогу кайгы-муң, жокчулук, элдин кайраты менен ынтымагы тез жетилткен. Деги эле кыргыз уул баланы 12 жашка чыккандан жетилди деп эсептеген. Мындай түшүнүк бизди кичине чагыбыздан психологиялык жактан да чыйралткан болуу керек. Андай тарбияны азыркы балдарга жеткирген далалат жоктой сезилет мага. Мен «Атанын тагдырын» жазганда үйлөнүп алган студент болчумун. Анда жазган окуянын баары эле маселен, карыялык баштан өтүшү зарыл эмес. Айталык, Оңолкандай кемпирди мен өмүрү көргөн да, уккан да эмесмин, бирок ошондой кемпирлердин болоруна көзүм жетет. Кыскасы, жазуучунун башынан бардыгы эле өтө бербейт.

Азыркы муун менен өзүңүздүн муундун акыл чөйчөгүндөгү айырмачылыкты сурагым келет. Мен бүгүн 21 жаштагы калемгердин турмуштун оош-кыйышын чагылдырган чыгарма жазышына ишене албайм. Илим менен техника өнүккөн сайын дүйнө тааным, руханий байлык жардылана береби ?
— Азыркы муундун шаардыктары, айылдыктары бар. Экөөнүн ортосундагы айырмачылык чоң. Айылдык балдар биздин муунга окшошураак келет. Алар турмуштун жаратылышка жакын бар-жогуна, аки-чүкүсүнө аралашып чоңоет. Бирок шаарга келсе, шаардыктарды туурап бөксөрө баштайт. Ал эми шаар балдарында турмуш жокко эсе. Бүгүнкүсү эртеңкиге, эртеңкиси эмдиги жылга окшош. Азыркы доордогулардын техникалык маалыматтары биздин учурдан алда канча бай, таасирдүү жана кенен. Техникалык прогресс жашоону ыңгайлатат, жеңилдетет, бирок ошол эле учурда жаратылыш берген табигый көп сонундарды да шыпырып кетет. Бирок ошондой шарт менен тил табышып жашоого көнүшүбүз зарыл. Руханий өзгөчөлүктөрүбүздү сактоо жолу менен жаңыча жашоого көнбөскө аргабыз жок. Буга япон элинин тажрыйбасы мисал болот. Кийинки муун биз жетпегенге жетерин, бизден бышык, өткүр чыгарын унутпайлы.

— Мамлекетибиздин учурдагы абалына кандай баа бересиз?
Бул узак сөз. Мен кыскача эле жооп берейин. Изденүү, калыптануу, байлык, бийлик талашуунун жолундабыз. Элибиз булардын кайсынысы жеңсе ошол багытка түшөбүз, же оңолобуз, же… кудай анын бетин ары кылсын, кырчылдашкан кыйналууларда чайнала беребиз.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий