Кыргыз элчилеринин Бейжинге барышы

1758 — жылы жаздын аягы, жайдын башталыш мезгилинде Цин империясынын өкүлдөрү Уэрден, Толунтай, Идамчжаб жана Линьбао кыргыздардын бир далай аймактарына чейин барып ошол кездеги кыргыздардын ханы болгон Маматкул Үчүке уулу менен жолугушуп, эки калктын ортосундагы чек-ара талаш маселелерди чечиш үчүн Кытай мамлекетинин борбор шаары Бейжинге (Пекинге) кыргыз элчилигинин барышы жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулдашылган.

Цин императорунун 1758-жылдын февралында кыргыз башкаруучуларына жазган манифести өтө кызыктуу. Бул документтин мазмуну XVIII кылымдын экинчи жарымында жазылган «Пиндин чжунгээр фаньлюе» («Жунгарияны тынчытуунун баяндамасы» деген кытай булагында (49-бап, 25а-26б-беттеринде) келтирилген. Мында демейдегидей эле улуу державалык мазмунда, Цин империясынын Борбордук Азиядагы, анын ичинде Жунгария окуяларындагы ролу ашыкча даңазаланат. Кыргыздарга атайы жазылган кайрылуусунда минтип айтылат «Силер, буруттар (кыргыздар – Д.С.), жунгарлардын (калмактардын – Д.С.) иштерине эч качан кийлигишкен эмессиңер, бирок эзелтен коңшу журтсуңар.

Бу күндө жунгарлар толук багындырылды жана силердин жериңер биздин чегара менен ирегелеш болуп калды. Эгер силер, казактар сыяктуу биздин дөөлөткө ыктап, баш ийип келсеңер, мен силерди мурдагыдай жашаганга, кийим-кечеңерди өзгөртпөөгө, мүм­күн­дүк берем. Мансап даражаларын дайындабайм жана салык албайм. Арийне, өкүл жиберип өтүнүч кылсанар мен жакшылыгымды жана сыйлык-сыйымды аябайм. Силердин чет жерлик салт-санааңар Жер Ортолук (Серединное государство – Кытай – Д.С.) мамлекеттен айырмалансаңар керек, андыктан биз тарапка өтүштү жана баш ийишти каалабашыңар ыктымал, бул өзүңөр­дүн ишиңер. Бирок силерге караштуу урууларды эч качан чек ара бузбагандай кылып тескөө зарыл. Ошондо мен аскеримди көбөй­тпөйм жана тынчыңарды албайм. Жок, жоошуп, тынчыбайт экенсиңер, же империянын чегинен көчүп өтүп, өз билгениңерди жасап талоончулук кылсаңар, анда карама каршылыкты өзүңөр түзгөн болосуңар. Аскерлерибиздин каарына каласыңар, өкүнөсүңөр, кийин биздин ырайым кылышыбыз кыйын болот».

Айтмакчы, «Манифесттин» мазмунун талдаганыбызда мунун авторлору Жунгар хандыгынын кыйрашында кыргыздардын ролун атайлап төмөндөтүп көрсө­түш­көн. Демек, кыргыздардын убактылуу таштап кеткен жерлерин ээлегендигин тааныгысы келбеген. Биздин оюбузча бул документ цин чиновниктери тарабынан жаңыча редакцияланган сыяктуу. Себеби чегаралар жөнүндө суроолор дипломатиялык байланыштар учурунда Пекинге барганда гана чыкканы белгилүү. Же болбосо «Манифест­тин» мазмуну кытай элчилери тарабынан кыргыздардын жер-жерлеринде болгондо жумшагыраак, ийкемдүү түрдө которулуп берилгендей.

Келтирилген документтен биз Цин өкмөтү кыргыздарга өз алдынча эл жана  эгемендүү мамлекеттин эгедери катарында кайрылганын ачыктан ачык баамдайбыз. Анда, алар эки мамлекет аралык тынчтыкта болууну, чынында эле расмий дипломаттык мамилелерди түзүү­нү, императордук сыйлыктарды берүү­нү убада берген. Бул үчүн кыргыздар өз элчилерин Кытайга жиберип, так чек ара жок болсо да, аны бузбай сактоого чакырганы байкалат.

Чүй өрөөнүн баарлаган солто уруусунун атынан асылбаш уругунан чыккан Нышаа Кудайменде уулу (1702-1785) тандалган. Анткени Нышаа өз мезгилинин билимдүү адамы болгон, кичинесинен калмактардын колунда болуп лама чиркөө­сүндө билим алгандыктан, монгол тилин жакшы билген жана кытай тилинен да ка-бары болгон. 1758-жылы июль айында Кытай элчилери 20дан ашуун кыргыз-урууларынын өкүл­дөрүн коштоп, жаңы чек аталган Синьцзяндын чыгыш тарабындагы Кангай чөлүнүн чыгыш жагына аң уулоого келген Цин императору Богдо Ежен хан (орустар аны кыскартып Богдо хан десе, кытайча толук аты Гаоцзун Чуньхуанди Цзяньлундун 1736-1796-жылдары башкарган) жолугушууга алып барышкан. Элчиликтин алгачкы сүйлөшүүлөрү октябрь айынын 4ү күнү Мулан Вейчыңдын (азыркы Кытайдын Хыбий аймагы Вейчың району) Бухуту деген жерде болгон. Биздин оюбузча ушул үлпөт Бейжинде (Пекинде) императордун сарайында жашаган италиялык сү­рөтчү Джузеппе Кастильонинин (кытайча Лаң Шы Нин, 1688-1766- жыл­дары өмүр сүргөн) чыгармасында чагылдырылган. Ушул сүрөт­түн түшүндүр­мөсүндө мындайча жазылган: «токой арасындагы бир аянтчада Кытай падышасы ат минип жана артында жан-жоокерлери атчан коштоп турушат. Ошондой эле Солун баатыр (кебетесине жана куралчан болгонуна караганда кытайлык жоокер сыяктанат, анткени кыргыздар тартууга малдан тышкары, жолборс алпарганы айтылбайт – Д.С.) бир жолборстун күчүгүн падышага тартуу кылып жатат. Сол тарабында сегиз бурут элчилери падыша менен кө­рүшкөнү жөө тизилип турушат. Алардын баш кийими калың жээктүү, төбөсү бийик (калпактар, алардын бешөөсү ак, үчөөсү кызыл түстө – Д.С.), кийгени узун гүлдүү чапан, белдеринде түстүү курлары менен,  кытайлардан өзгөчөлөнүп тургандыгы тартылган». Мындан тышкары, биздин баамыбызда сүрөттүн арткы планында, сол тарапта кыргыздардын элчилигинин калган курамы 22 адамдын улуттук кыргыз кийиминде, куралдарсыз, жөө, ээр токулган аттары менен тургандарын көрөбүз. Демек, бул сүрөт Мулан Вейчыңдын Бухутудагы,  1758-жылдын 4-октябрында эң алгачкы кыргыз-кытай дипломатиялык жолугушуу учуру экенине ынансак болот. Джузеппе Кастильони ушул окуяга байланыштуу дагы бир чыгарма жараткан экен. Анда Ежен хандын аң улоо учурундагы кооз жасалгаланган ат үстүндө, шаңдуу кийимчен, саадакка салынган жебелер жана жаа менен куралданганы чагылдырылган. Муну биз, падышанын бул аты, кыргыз элчилерин кабыл алуу учурундагы минип турган,  так ошол жердеги (жону ала өзгөчө­лөнгөн) ат экендигинен баамдайбыз.

Мындан кийин, Богдо Ежен хандын кыргыз элчилери менен дагы бир жолугушуусу болуп, Кытай аскерлеринин чеберчилик тамашасын көрсөткөн. Кечки сый тамак берүү учурунда кыргыздар «эски тааныш Дебачыга кабылышкан». Белгилүү болгондой Дебачы (Даваци) Жунгар (калмак) мамлекетинин акыркы ханы болуп 1752-жылы жарыяланган. Бирок, «Ургада так талашуунун айынан алардын башчысы — Дебачи кыргыздарга  кетип, алар аны кармап алышып, уулу менен бирге байлап туруп Пекинге Богдо ханга жөнөтүшкөн» деген маалымат Сибирь губернатору В.А.Мятлевдин Россиянын Сенатына 1756-жылдын 17-сентябрында жолдогон билди­рүү­сүндө келтирилген эле. Бул жагдай Кытай булагында да ырасталып жатат, бекеринен  Дебачыны кыргыздарга «эски тааныш» дебесе керек да.

Он күн өткөн соң падыша кыргыз элчилерин өзүнүн ордосуна — сый тамакка – Бейжинге (Пекинге) чакырган экен. Цин императору Богдо Ежен хан менен Пекин шаарына кыргыздардын беш элчиси баргандыгы орус тарыхый булагында эскерилет. Ал эми бизге белгилүү болгон Кытай булактарында болсо, ушул жылдагы окуяларга тиешелүү алты адамдын аты жолугат, алар:  кыргыз ханы Маматкулдун иниси делген Шербек (сарыбагыш), Черикчи Темир уулу (сарыбагыш), Түлкү Айты уулу (саяк), Нышаа Кудайменде уулу (солто), Шүкүр (атасынын аты тактала элек –- кушчу уруусунун өкүлү болгон), Ноочу (атасынын аты жана уругу айтылбайт).

Кыргыз элчилери Бейжинге барышканда Ры Хынын (Жылуу дарыя), Би шу шан жуань (Салкын төр) деген жерде болушуп, негизги сүйлөшүүлөрдү Цин императорунун Ваншу гүлбагында (үлпөт сарайында) жүргүзүшүп, бири-биринин чек араларынан өтүшпөөгө макулдашуу менен ата-бабалар ачып берген жолду ынтымакта сактап калуу жөнүндө убадалашкан. Кыргыз элчилери бир нече жолу Богдо Ежен хандын чын ыкластан, сүйүнүч менен берген сыйын көрүп ыраазычылыкта мекенине кайтышкан. Элчилерден Черикчи, Түлкү жана Нышаага – үчөөнө тең 3-даражадагы башкаруучулук чен жана тоос кушунун (павлин) канатынын бирден талы, ал эми Шү­күргө 6-даражадагы чен жана кара куштун канатынын бир талы ыйгарылган. Шербек менен Ноочунун кандай  белек алгандары жөнүндө маалыматтар азырынча бизде жок.

Кытай мамлекетинин сыйлык чен, белектери атадан балага мурас катары берилгендиктен, Нышаа баатырдын чени уулу Дөөлөткө, Түлкү баатырдыкы анын уулу Кедейге, ал эми Черикчи баатырдыкы анын уулу Ахлакка ыйгарылыптыр.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы
Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору
“Кыргыз туусу”,
19.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий