«Мен узун, ал кыска болуп, бир кашыктан, бир чыныдан куралдык…»

Альбина… Ушул ат эмнегедир эле чоң алп кушту элестете берет мага, апакай чоң куш! Алыска учат. Ошол сейрек алп куштардай шашпай түгөй таап, шашпай уя куруп, шашпай бардык нерсени ойлонуп жасаган актриса Альбина Имашева менен жеке турмушу тууралуу маек кылдык. Ал эми чыгармачылык ийгиликтерине келсек, «Теңири» тасмасына тартылгандан кийин «Аялдын эң мыкты ролу үчүн» деген сыйлыкты Голливуд жылдызы Марк Дакаскостун колунан алганын айтсак эле жетиштүү болор азырынча.

— Альбина, жолдошуңа сүйүп тийдиңби же эсеп-чот мененби?
Альбина Имашева: — Сүйүп-күйүп эле, беш жыл сүйлөшүп жүрүп, институтту бүткөндөн кийин үйлөндүк. Бир чыныдан, бир кашыктан куралып үй-бүлө болдук. Экөөбүз Искусство институтунда актерлук кесипте окуп жүрүп таанышканбыз. Ал менден эки курс кийин окучу, анткени Караколдогу музыкалык окуу жайды бүтүп келгенден кийин тапшырыптыр. Комузда, гитарада, виоленчелде аябай жакшы ойнойт. Актерлукка аны Арсен Өмүралиев тандап апкелген, окуткан-үйрөткөн шакирти, Эл артисти Гүлайым Каниметова, казак-кыргыз режиссеру Бекболот Пармановдордун окуучусу — Арнис Кыдырмышев. 1-курстан баштап эле Шаардык театрда ойноп баштаган. Азыр мыкты актер, кыргыздрамда да ойнойт. Мен да азыр эки театрда тең ойнойм. Башка театрлар да чакырып калышат.

— Экөөңдүн махабатыңды «итальянча сүйүү» деп койсо болчудай?
— Ооба. Элдин баарын таң калтырганбыз — мен узун, ал кыска болуп, дагы эле жаңы көргөндөр болсо таң калып калышат.

— Жанагынча таланты болсо — «бою кыска болсо да — ою узун» жигитти тандапсың. Уруша элексиңерби?
— Болот, кээде. Башка бирөөлөрдүн таламын талашып-тартышып атып эле уруша кетебиз. Анан бизге эмне кереги бар деп эсибизге келип, токтоп калабыз.

— Үйлүү болдуңарбы?
— Үй алыш кыйын болуп, ылайыктуу жер издедик. Көпкө издеп жүрүп араң Ак-Ордодон сатып алдык. Кызым — Мадалена үчтө эле, үчөөлөп кирпичин куйдук, анан, туугандар, тааныштар, достор келип кичинеден жардам берип атып дубалын көтөрүшүп, бүтүрүп алдык. Үй салып атканда, арбуз алып жегенге акчабыз жок, ачка калган күндөрүбүз болгон, батыраак бүтүрөлү деп, болгонун үйгө жумшап коюп.

— «Теңири» фильми менен чет өлкөлөргө чыктың, жакшы ийгиликтер болду окшойт?
— Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалында «Аялдын эң мыкты ролу үчүн» деген сыйлыкты Голливуд жылдызы Марк Дакаскостун колунан алгандан кийин, режиссер Мари Жауль де Поншевилль кетээринде «гонорарыңды алдыңбы» деп сурады. Мен кубанып «алдым, мынча экен» десем, таң калып «эмне үчүн ошончо эле?» деп сурады. Мен түшүнбөй калдым «көп эле-го» деп. «Сеники анча эмес, мынча болчу, эмне үчүн андай?» деп киностудияга телефон чалып, бир аз талашып-тартышкан соң, телефонун жерге бир чаап жини келген боюнча биз менен коштошту. Анан менден кайсы жерди баарынан жакшы көрүп, көргүм келээрин сурады. Мен Париж кол жеткис кыялым экенин, аябай көргүм келээрин айттым. Ал бараары менен дагы бир башкы актер Илим Калмуратов экөөбүзгө Чакыруу жиберип, Париждин болгон жеринин баарын кыдыртты, 20 күн — Версальды, Луврды, Антуанетта дворецин, Елисей талаасын, ж.б. көрдүк. Эйфел мунарасына чыктык, Сена дарыясында кемеде сүздүк. Андан кийин Бразилияга чакырды кинофестивалга. Көп шаарларын кыдырдык, жунглини көрдүк. 10 күнгө баргам жалгыз эле, «Манаус»-Манас шаарына, индеец туугандар атагандай. Ортосун Амазонка дарыясы как жарып агып жатат. Кызык жери, бир дарыя ак-кара эки түскө бөлүнүп агат экен, эч кошулбай, бир нукта жатса да!

— Табигат да ак менен караны катар коюп, баарын көрсөтүп турат тура адамдарга! Дагы канча жерде болдуң, канча фильмге тартылдың?
— Түркияда болдум, Бурса шаарында, Хакасия, Казань, Астана, Алматы, көп эле жерде болдум. Он чакты фильмдерге, ондон ашык спектаклдерге ойнодум.
— Жолдошуң кандай ийгиликтерге жетишти, ичи күйгөн жокпу?
— Жок, ал түшүнүктүү, колдоп турат. «Жаңырык» деген фильмге тартылган. Клиптерге көп тартылып жүрөт, Аяз ата болуп, өрт өчүргүч болуп Моби-картта, «Ноу-файрда» жакшы клиптерге чыкты. Лутц Хюбнердин «Кур намысында» — Синанды, Ч.Айтматовдун «Эсимдесинде» — Жайнакты ойноп эки жолу Гран-При алышты. Былтыр Хакасияга, июндун башында Казанга барып келишти. Эми А.Максүтовдун «Айлампа» спектакли менен Литвага театр фестивалына кетишти.

— Мурунку ролдоруңдун баарында жаш каармандарды ойногонсуң. «Сынык асманда» жашы улуу эненин ролун чыгарыш кандай болду?
— Режиссер кеңеш берип атты. Анан, былтыр 7-апрелде тегеренип эле аянтта жүрдүм да… Ошондо энелердин ыйы-кайгысы катуу таасир берди. Ошолордун күйүттүү бейнеси аркылуу өзүмө образ таап, өз жашыма ылайык эмес, кайгыга баткан эненин ролун аткаруума чоң жардам берди. Негизи, энелер күйүткө батпасын демекчимин.

“Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий