Садыр Нурбеков, ЖКнын аппарат кызматкери: «Спорттун улуттук түрлөрү боюнча борбор ачуу зарыл»

Садыр Нурбеков улуттук спорт оюндары дегенде ичкен ашын жерге кое чуркагандардын бири. Союз ыдыраганга чейинки жана эгемендик алгандан берки убактарга көз чаптырып, улуттук спорттун өнүгүүсүнө кайдыгер карабаган патриоттордон экенин билдик.

— Улуттук спорт оюндары СССР тушунда эмне үчүн өнүккөн эмес?
— Совет доорунда улуттук оюндардан чыр чыгат деп, улуттун өзгөчөлүгүн, анын салт-санаасын, үрп-адатын, тилин, дилин жоюп, бардык элдерге бирдей Союздук, окшош көз караш жаратуу максатында аларды өткөрүү үчүн тыюу салынып келген.

— Тыюуга качан жол ачылган?
— Кыргыз эли эгемендүүлүк алгандан кийин, кыргыз улуттук оюндарында кайра жаралуу, ата-бабалардын салт-санаасын, маданий, спорттук оюндарын өркүндөтүп, өнүктүрүүгө кеңири жол ачылган.

— Улуттук спорттун өнүгүүсүнө ЖКнын Эл өкүлдөр жыйыны кайдыгер болбогону айтылып келет…
— КРнын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын Жаштар иши, спорт комитетинин 2000-2005-жылдарда улуттук спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы зор болгон. Айта кетсек, 2000-2003-жылдары спорттун улуттук түрлөрүн кайрадан жандандыруу жана аны андан ары өнүктүрүү максатында «Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө» мыйзамын иштеп чыккан.

— Мыйзамга бир аз токтолсоңуз?
— Мыйзамда, биринчиден, спорттун улуттук түрлөрүнө кайсы спорттун түрлөрү кирээри, аны кайсы мамлекеттик орган аныктаары жана ал кайсы мамлекеттик документ менен бекитилээри камтылган.

-Дагы эмнелер эске алынган?
— Мыйзам долбоорун иштеп чыккан топ 400дөн ашык кыргыздын кыймылдуу элдик оюндарын тактаган. Мыйзамга ылайык спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык мелдештер жыл сайын, ал эми спартакиадалар кеминде эки жылда бир өткөрүлүп турчу, 2008-жылдын 13-мартында киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин спартакиада төрт жылда бир өткөрүлүп калган.

— Окуу жайлар да эске алынганбы?
— Мыйзамда каралгандай, спорттун улуттук түрлөрү боюнча сабактар жогорку окуу жайлардын, мектептердин кесиптик башталгыч, кесиптик орто окуу жайлардын окуу пландарына, мамлекеттик комплекстүү программаларга киргизилген.
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 2005-жылдын июнь айынан баштап Улуттук дене тарбия факультети жана «Улуттук күрөштүн түрлөрү жана кыргыздын кыймылдуу элдик оюндары боюнча кафедрасы» ачылып, жаш адистер даярдалып баштаган.

— Эл аралык көк бөрү федерациясы кайсы уюм тарабынан колдоого алынган?
— Эл аралык көк бөрү федерациясы спорт комитети тарабынан колдоого алынып, 2001-жылдын 9-ноябрында «Ак-Кеме» мейманканасында анын уставын Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан републикаларынын федерацияларынын өкүлдөрү менен бирге талкуулап, бекитип, федерациянын жетекчилигин шайлап, иш баштаган. Комитеттин дагы бир чоң ийгиликтеринен болуп, Кыргыз республикасынын улуттук «Көк бөрү», «Күрөш», «Кулатуу», «Тогуз коргоол», «Ак-Ордо», «Тайтору» федерацияларынын башын кошуп, 2003-жылдын 9-декабрында «КРнын спорттун улуттук түрлөрү боюнча ассоциациясын» түзгөн жана спорттун улуттук түрлөрүн андан ары өнүктүрүү максатында мамлекеттик спорт комитетинде бөлүмдүн ачылышына салым кошкон.

— «Улуттук спорттун чебери» деген наамдар качан таркатылып баштаган жана улуттук оюндардан тогуз коргоол, алыштын ошондогу абалы жөнүндө кичине токтолсоңуз?
— 2003-жылдын август айында түзүлгөн «Ак ордо» федерациясы спорт комитеттин жардамы менен Талас облусунун Манас районунда ордо боюнча 1-чемпионатты өткөрүп, биринчилерден болуп 10 оюнчуга «Улуттук ордо спортунун чебери», 2 ордочуга «Улуттук спорт ордосунун калысы» деген наамдары ыйгарылган. Чемпионаттар менен турнирлер жогорку деңгээлде уюштурулуп, оюнчулар чоң байгелер менен камсыз болгон.

Тогуз коргоол оюну, Дүйнөнүн чемпиону А.Карпов айткандай, шахматтан да кыйын, байыркы оюн болуп эсептелет. Тогуз коргоол боюнча Федерациянын аракети менен тогуз коргоол Түштүк Кореяда, Голландияда, Грецияда ойнолууда.

Бизде Азиялык, Европалык деңгээлде өтүп жаткан «Алыш» боюнча эл аралык мелдештер Эл аралык «Алыш» федерациясынын демилгеси жана каржылоосунда гана өтүлүүдө.

— Улуттук спорттун ышкыбоз адамы катары эмне кеп-кеңешиңиз бар?
— Учурда спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, аларды кеңири эл арасына жайылтуу, үгүт, уюштуруу иштерин колго алуу максатында спорттун улуттук түрлөрү боюнча борбор ачуу зарыл. Жыл сайын Мамлекеттик дене-тарбия жана спорт агенттиги тарабынан өткөрүлүп аткан «Алтын томпой» мелдешинин, «Тогуз коргоол», «Күрөш», «Кулатуу» боюнча республикалык биринчиликтердин байге куржундарын көтөрсө сонун болгону турат. Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган иш чаралардын аткарылышын да көзөмөлгө алуу учурдун талабы экенин баса көрсөткүм келет. КРнын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин 2011-жылдын апрель айында «Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө» мыйзамына киргизген спорттун улуттук түрлөрүнүн өнүгүүсүнө каражатты «жана башкалар» деген (калдыкча) берене боюнча которбой, атайын өзүнчө берене менен бөлүү демилгеси келечектен көптү үмүттөндүрөт.

Учур(“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий