“Жашасак нансыз жашайбыз, “Манассыз” жашай албайбыз”

Он миң киши “Манас” айткан Кытайдагы шат майрам

Нарын өрөөнү аркылуу Кытайды көздөй жол тартып баратабыз. Бул жылдын жаз-жайынын жаанчылдыгы ташка да гүл чыгарыптыр.

Жашыл кымкап жамынган жердин бети быйыл өзгөчө шиберлүү көрүндү. Нарын, Ат-Башынын керемет жайлоолору, коктуларда алда кайдан көрүнгөн ак боз үйлөр, апай беттерде жайылган төрт түлүк мал,  ак чокулуу бири-бирине окшобогон бийик тоолор бейиштин төрү сымал керилип көзгө тартылат.

Нарын, Ысык-Көл облустарынын мамлекеттик акимчиликтеринин өкүлдөрү жана журналисттер чогуу  июлдун 8-9унда Кытайдын Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусунун Улуу Чат районунда өтчү “Манас” эл аралык маданият жана туризм фестивалына бараттык. Ош жана Жалал-Абад, Талас облустарынын ушундай эле өкүлдөрү,  аймактын манасчылары жолдун жакындыгына карата  Эркештам аркылуу барышмак. Кытайдын чек арасына келсек, кыргыз боордоштор бизди бир жарым сааттан бери күтүп жатышыптыр. Кубанычтары коюндарына батпай, кубанып тосуп алышты. Суук шамал ичиркентет. Бизди күтө берип үшүп кеттиңер го десек, “силер үчүн үшүсөк эчтеке эмес”, – дешип боордоштугун, сагынычтарын билдирип жатышты. Андан ары жол уланды.

Чек арадан өтөөр менен эле  көркөм дүйнөдөн “боппоз дүйнөгө” туш келдик. Тоолорунда кылайган чөбү жок, анда-санда оазистей бир аз жашыл жер, анча-мынча жол боюндагы теректер болбосо, такыр. Жолдун эки жээгинде үстү жапыз, жепирейген, топурактан салынган, сырты өмүрү акталбаган, терезелери төөнүн көзүндөй болгон үйлөр. Алардын жанында боз үй түрүндө салынган тамдарды көрөөрүбүз менен кыргыздардын үйлөрү экенин дароо түшүндүк.

Как эткен карга, кук эткен кузгун жок дегендей, үйдөн басып чыккан бир кишини көрбөй, шаарга көчүп кетишкенби деп сурасак, үйлөрүн бекитип коюшуп, бардыгы малдарын айдап жайлоолоп кетишти дешти. Тоолоруңарда малыңар оттогонго чөбүңөр жок го десек, “Койлорубуз чөптү көз айнек кийип, издеп жешет”, — дешип жылмайтышты. Ушундай какыраган жерде тээ илгертен бери мал багышып, мөлтүр сууга зар боло тиричиликтерин өткөрүп келишкенин сезгенде боорубуз толгонду. Тоонун аркы эле бетиндеги жапжашыл, суусу туйлап аккан булактары мол, мал-жанга ыңгайлуу кооз табиятыбыз көз алдыга тартыла,  ойго термелдик.

Кыргыздар жашаган Улуу Чат

Улуу Чат ооданы 1985-жылы катуу жер титирөөдөн кийин берирээк жаңы жерге көчүрүлгөн экен. Кайда караба бардык жерде курулуш, жалаң көп кабаттуу үйлөр салынууда.

Бизди коштоп жүргөндөрдүн айтымында Жибек жолунун боюндагы Улуу Чат келечекте төрт тарабы келишкен чек ара району болот жана гүлдөп өнүгөт. Чынын айтканда ал калетсиз сезилди. Мындагы жаркыраган мейманканадай мейманкана районубузда эмес, облустарда да жок экенин ичибизден моюнга алып жаттык. Ооданда 11 улуттан турган 62 миң калк жашайт. Басымдуусу же 80 пайызы кыргыздар.

“Манас” эл аралык маданият жана туризм фестивалы ушуну менен төртүнчү жолу өткөрүлүп, “Манас” аркылуу кыргыздын маданиятын, салтын, үрп-адатын таанытуу жолу менен саякатчылыкты, бизче айтканда туризмди өнүктүрүүгө багытталып жатыптыр. Облустун губернатору Пархат Турду менен маектешкенибизде, ал “туризм канчалык өнүксө, элдин жашоосуна, шаардын өнүгүшүнө пайдасын тийгизет”, – деп айтты. Кытай өкмөтү билгичтик менен өнүккөн шаарларын же ири компанияларды жарды аймактарды камкордукка алууга милдеттендирип коюптур. Маселен, Улуу Чат менен Чанжоу шаарынын ортосунда туризмди өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлганынын күбөсү болдук.

Облустун саякат мекемесинин башчысы Эркин Турдунун билдиришинче Чанжоу шаарынын жетекчилери Улуу Чаттын кооз табиятын, анда жашаган элдин өз алдынчалуу турмушун, каада-салтын, маданиятын көрсөтүү үчүн туристтерди бул ооданга тартууну уюштурушмакчы. Мамлекеттик казынадан бөлүнгөн акчадан тышкары алар берген каражат социалдык маселелерди чечүүгө жумшалат экен. Анткени, Пархат Турдунун айтуусунда облустун жылдык кирешеси 380 млн. юань, ал  чыгашанын сегиз пайызын гана жабат, жылдык чыгаша 4 млрд. 500 млн. юанды түзөт. Ошондуктан мамлекеттик казынадан 92 пайыз жардам берилет.

Он миң манасчы

Фестиваль 9-июль күнү саат 11де ачык асман алдындагы чоң стадионго окшогон жайда башталды. Эл батпайт.

Кыргызстандан барган делегацияны көптөн бери күтүп, сагынган бир туугандарындай дуулдаган кыйкырык менен өзгөчө жылуу тосуп алышты. Чек арадан тосуп алган боордошторубуз “эртең 10 миң киши “Манас” айтат” дешкенде баарыбыз эле ишенген эмеспиз. Майрам өтүп жаткан жайдын бир капталында 600дөй ак калпак, ак көйнөкчөн жигиттер, бир капталында андан да көп ак бөртмө жоолук, чылкый кызыл көйнөкчөн кыз-келиндер, ортодо улуттук кийимчен улуулар, жаштар турушту. Манасчылар жалпыга көрүнүп тургандай ортодогу секичеде отурушту. Алдыда 800дөй комузчулар, бир жагында ооз комузчулар, айтор санаса сан жетпейт дегендей эле болду.

Алгач расмий сөздөргө кезек берилип, негизинен эки элдин достугу, “Манасты” бүт дүйнөгө таанытуу, туризм аркылуу Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусун өнүктүрүү  айтылды. “Он миң киши “Манас” айтат” деп боордошторубуз бекеринен айтышпаптыр. Салт боюнча улуу чаттык төкмө акын салтанаттын шаңдуу бөлүгүн ачып, эликтей сымбаттуу кыздар чимирилип бийлешти. А бирок миңдеген киши бир убакта бир ооздон “Манасты” айтышын тарыхта биринчи көрдүк, түбөлүк эсте калчу окуя болду. “Манас” айтардан мурун алар “Манас, Манас” дешип, колдорун асманга созо дүркүрөп ураан салганда ал жердеги “кыргызмын” дегендин баарынын сезимин козгоп, көздөргө жаш ирмелтип, денебизди титиретип жиберди. Тим эле Манас тирилип келгендей, тулпарлардын дүңгүрөгөн дүбүртү угулуп, кырк чоролор кылкылдап тургандай таасир калтырды.

Анан “Манас” айтканды көрүп ал! Он миңдей аял, эркек, тал чыбыктай балдар, кыздар, ак сакалын жайкалткан карылар кыраатын келтире, бирдей кыймыл менен “Манас” айтышын сөз менен жеткире айтуу кыйын, аны өз көз менен гана көрүп, угуу керек. Кантсе да жуңголук кыргыздарда улуттук рух бизге караганда бийик турарын ичибизден туюп турдук. Алар дүнүйөкорлуктан, ач көздүктөн алда канча алыс, жан дүйнө жагынан таза экен.

Биз “Манасты” окуп жакшы билген менен алар окубай туруп эле, “Жашасак нансыз жашайбыз, “Манассыз” жашай албайбыз”, “Кийгендери кызыл чок, калпактары ак куруттай, “Манас” айтат унутпай” дешип, Манаска, “Манасты” айткан кыргыз экендиктерине бир бөтөнчө урмат-сый менен карашып, нечендеген жылдан бери миллиарддаган калктын ичинде жашап жүрүшсө да, өздөрүн кыргыз улуту катары таза сактап келишет. 200 миңге жетпеген кыргыздардын ичинен эле 120 манасчы чыккан.

Аянтка тигилген чоң боз үйлөрдүн ички жасалгасына суктанып карадык. Кыргыз уз кыз-келиндер улуттук оюм-чийим менен көз тайгылткан, негизинен кызыл түстө не бир сонун буюмдарды жасашат экен. Өзгөчө сокмо таарлар көңүл бурдурат. Бир чоң боз үйдүн жанынан чач кеп (алардын тилинде калэк) кийген Калича Шамшы кызы менен баарлашып калдык. Ал ушуну менен “Манас” фестивалына төртүнчү жолу катышып жатканын айтты. Тиричиликтерин мал менен өткөрүшөт. 150 кой, 2 уй, 5 жылкы кармашат. Кийинки кезде малчылардын балдары билимге умтулуп, шаарга окууга кеткендери көбөйүп жатыптыр.

Шат майрамдын аягында Улуу Чаттын ипподромунда келген коноктор үчүн ат чабыш, жорго салдыруу, төө жарыштыруу, куш салуу, көк бөрү сыяктуу улуттук оюндар көрсө­түлдү.

Какыраган жердин берекеси

Улуу Чат ооданынын жери кудум эле Балыкчынын какыраган таштуу, боз такыр жерине окшоп кетет экен. Ошондой жерлерге курулган питомниктер алыстан эле көрүнөт.

Питомниктерде жалаң кыргыздар иштешет. Кыргыз кыздар, жигиттер меймандарга өздөрү өстүрүшкөн даамдуу бармактай, муштумдай помидорлорун, бадыраңдарын ооз тийгизишти. Мамлекет аларды иш менен камсыз болсун, жандарын баксын деп бардык шартты түзүп, он жылга насыя беришиптир. Насыяны өкмөт акча түрүндө эмес, продукция түрүндө алып турат. Алдыдагы он жылда 10 миң питомник куруу каралганын айтышты. Муну менен Кытай өкмөтү ар бир үй-бүлөгө бирден парник куруп берүүнү пландап жатыптыр. Ошол эле жерде өрдөк фермасы бар экен.

Кыргыздарга канын, терисин берген Юдун Юнг

Кыргызстандан барышкан облустардын жетекчилери өзгөчө мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын курулушуна, окутуу, дарылоонун каржыланышына кызыгышты.

Улуу Чаттагы заманбап бала бакчада 2 миңден ашуун бала тарбияланат. Жаткан жери, тамагы, кыскасы баары бекер. Кароосуз калган балдар болсо, чогултуп келишип жатак мектепке жайгаштырышат. Дарылануу да бекер. Бир аз гана кошумча акча төлөшөт. Оодандагы эң чоң, 200 орундуу заманбап ооруканадан Юдун Юнг деген айтылуу дарыгерге жолуктурушту. Ал эч бир оорукана жок кезде кан керек болгондорго канын, териси күйүп калгандарга терисин кесип берип, 40тан ашык адамдын өмүрүн сактап калыптыр. Мамлекет улуу дарыгерден эмне жардам керектигин сураса, жаңы үлгүдөгү оорукана куруп берүүсүн өтүнгөн. Азыр ооруканада болгону 8 дарыгер, 25 медкызматкер иштеп, дарылоодон тышкары бардык операцияларды жасашарын билдик.

Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусунун борбору Артыш шаарында облустун парткомунун биринчи секретары, эл курултай туруктуу комитетинин төрагасы Ян Фин Шин кыргызстандык өкүлдөр менен жолугушту. Ал Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусу Кытайда эң жарды аймакка кирерин, ошондуктан кийинки кезде өкмөт тарабынан облусту өнүк­түрүүгө айрыкча көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Шин мырза “Кыргызстан кошуна өлкө, элибиз бир туугандар. Мындай иш-чаралар эки элдин ортосунда көпүрө болууга кызмат өтөйт. Маданий байланыштарды чыңдоо аркылуу социалдык маселелерди чечүүгө болот”, – деп белгиледи.

“Манас” бүткүл кыргыздардын “Манасы”

Көп жылдан бери “Манасты” изилдеп жүргөн Кызылсуу-Кыргыз автоно-миялуу облустук эл курултай  туруктуу комиссиясынын төрагасынын  орун басары  Жумак Кадыр уулунан жуңголук кыргыздардын атынан  “Манас” эпосун заттык эмес баалуулук катары ЮНЕСКОго каттатып алуунун чоо-жайын сурадык.

– “Манас” кыргыз рухунун туу чокусу. Кыргыз маданияты, философиясы бүт “Манаска” борбордоштурулган. Биз муну заттык эмес маданият барактары катары ЮНЕСКОго өткөрдүк. “Манасты” жыйноо, иреттөө 1950-жылдары Кытайда коммунисттик партия бийликти колго алып, социалисттик түзүм орногондон башталган. Биздин билишибизче Кытай кыргыздарынын ичинде “Манастын” 80ден ашык варианты бар. Эң улуу, бийиги Жусуп Мамайдыкы. Бул кишиники 245 миң сап, 8 том болуп чыкты. Эки жолу китеп кылып чыгардык, өзүбүздүн жана силер окуган тилде арабча. Эми кытай тилине которобуз. Эки-үч жылдын ичинде китеп болуп чыгарылат. Мунун баарын Кытай мамлекети колго алып, өк­мөттүн эсебинен чыгарылууда.

Сиздерде талаш болуп, кытайлык кыргыздар “Манасты” ээлеп алды деп жатышыптыр. “Манас” бир эле Кыргызстанда жашаган кыргыздардын “Манасы” эмес, бүткүл кыргыздардын “Манасы”. “Асманда жылдыз көппү же кыргыз көппү” деп өзүңүздөр айтып жүрөсүздөр. Ошондуктан, “Манасты” бир гана мамлекетке таандык деп чектеп алсак, дүйнөдөгү кыргыздарга кантип түшүндүрөбүз? Аларда да “Манас” бар. “Манас” оозеки тарагандыгы үчүн ар кайсы жерде жашаган кыргыздардын тарыхына, тилине байланыштуу ар кандай варианттары кирген. Албетте, анын негизги идеясы, тамыры бир. Ошол себептен бир эле вариантын таанып, калганын чыгарып таштасак, ошол кыргыздарды эсептен чыгарып таштаган болобуз.

Мынакей, кытайлык кыргыздардын “Манасты” “менчиктеп” алганынын мааниси. Биздин баамыбызда алар мындан ары да “Манасты” көтөрүп, бүт дүйнөгө бул жолку фестивалдагыдай өтө масаштабдуу, мазмундуу, кызыктуу өткөрүү менен жуңго кыргыздарынын брендине айландырып саларынан шек санабай деле калдык.

Дагы бир айта кетчү нерсе Кытай мамлекети чек аранын оозунда жайгашкан кыргыздар жашаган жердин экономикасын көтөрүү менен элинин жашоосун жакшыртууга эми чындап аттаныптыр. Болбосо, алигиче жарыгы жок жашаган айылдар арбын окшойт. Жашоолору, кийгендери жупуну болсо да улут катары салт-санаасын бек сактаган, руханий бай жашаган кыргыздарга жаркын келечек каалап кайттык.

Бермет МАТКЕРИМОВА, Бишкек – Артыш – Бишкек. Сүрөттөрү автордуку,
“Кыргыз туусу”,
19.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий