Куйручук олуя жана таңгалыштуу окуя

Көп кырдуу талант, Алла Таала тарабынан берилген касиети олуялык даражага жеткен, Совет доорунда Коммунисттик партиянын идеологиялык кысымынын натыйжасында элибизге «купшуңдаган куудул» катары гана белгилүү болуп келген Куйручук атабыз жөнүндө эгемендүүлүктүн шартында жана да жакындап кирип келген 145 жылдык мааракесин утурлай кандай айтсак жарашар кези.

Менин айтайын дегеним, кийинки учурларда жазуучу Эркаалы Өскөналынын Куйручук тууралуу китебинен материалдар массалык маалымат каражаттарында анын талантынын көп кырдуулугу боюнча, өзгөчө олуялык касиети тууралуу сандан санга чыгууда. Бул материалдарды окуган окурмандардын: «Атаңдын көрү! Кукем азыркы заманда болгондо айрым саясатчы сөрөйлөрдүн куйругун толгоп эле өз-өз ордуларына олтургузуп коймок экен. Кантели, арабызда болсо эмне!» деп аргасыз алакан жайчуларына мен: «Жок! Куйручук олуя өлгөн жок! Анын касиеттери бүгүн да кадимкисиндей жашап жатат. Болгону, аны туя билүүгө ар кимибизде жөндөмдүүлүк жетишпейт» демекчимин. Аны туюу үчүн эң эле оңой жолу — жан дүйнө аруулугу керек. Калганы Кудайдын колундагы нерсе.

Эмесе, сөздү узартпай, мен туйган нерседен бир окуяны окурмандарга тартуулайын.

Мындан төрт жыл мурда өзүм иштеген И.Арабаев атындагы КМУнун атынан Кочкор, Жумгал райондорунун мектептерин кыдырып, адистикке багыт берүү боюнча коллегам, Көркөм сүрөт кафедрасынын башчысы, ага окутуучу Исагалиев Аянбек экөөбүз бир жумалык командировка менен Жумгал районуна барып калдык. Аянбек Сагынбекович Кызыл-Туу айылында туулуп өскөн. Куйручук атага төрт атадан барып кошулган тууганчылык жайы бар жигит.

Күн эрте жаз. Жумгалдын көкүрөк жагында кар кеткени менен тоо баштарында ала-телек кардын какаарынын күчү эртели-кеч буту-колду тызылдаткандан али кала элек кези.

Кызыл-Тууда Аянбектин апасы, биртуугандары турат. Бишкектен чыгып, түш оой кең Жумгалга жетип келдик. Аянбектин үйүнө түшүп учурашып, чай ичкенден кийин Куйручук атанын күмбөзүнө зыярат кылып куран окуп келүүгө бардык. Ошол жылы Аянбектин биртууган агасы каза болгон эле. Анын да бейит башына барып куран түшүрдүк.

Кечке маал Аянбектин апасы: «Балдарым, бул үйдүн төркү бөлмөсү бир аз суугураак. Кышкысын баарыбыз бир бөлмөдө олтургандыктан, бөлөк бөлмөлөр суук болот. Мен тигил эгиздердин үйүнө от жактырып койдум. Кененирээк буту-колуңарды сунуп ошондо жаткыла. Жол жүрүп да чарчадыңар» деп калды.

Көрсө, Аянбектин эгиз биртууган инилери, эгиз кызга үйлөнүп, кадимки Куйручук ата жашап өткөн журтка там салышып, ошол жерде чогуу турушат экен. Кой көңдөн мешке балбылдата жагып, үйдү абдан ысытып, дасторкон жайып коюшуптур. «Чаекте жумуштарым бар» деп биз менен кошо барган иним Мурат тамак ичип жатканда: «Байке, ашказаным ооруп жатат. Дарымды унутуп калыптырмын» деп көңүлсүз олтурду. Ашказанымда жара бар деп, көптөн бери дары ичип жүрчү эле.

Аянбектин эки инисин тең өңдөрү жок, бири чыкса, бири ооруканага жатып сыркоолой беришет экен. «Врачтардан деле таасирлүү жардам болбой жатат» дешти. Ошентип, ал жерге жатып калдык. Таңга жуук багымдат намазын окуп кайра жаттым. Эртең менен турганда Мурат:
— Байке, мен таңга жуук бир нерсе көрдүм, — деп калды. Баардыгыбыз таңдана аны карап калдык. — Же өңүм экени же түшүм экени белгисиз абалда жатыптырмын. Бирок, силердин жатканыңарды, үйдүн эшик-төрүн, кайда жатканымды сезип турдум. Бир убакта эшик тараптан узун бойлуу, ак сакалчан, чап жаак, кара тору киши кирип келди. Мен эмнегедир эле ага: «Ата, ашказаным ооруп жатат, карап бериңизчи» деп өтүнүп калдым. Ал киши: «Аа, ашказаның ооруп жүргөн турбайбы. Азыр, Кудай буюрса, шыпаа сурап көрөйүн» деп эле чалкамдан жаткан боюнча жууркандын үстүнөн колу менен ашказанымдын тушун басты. Колунун жылуулугу жууркандан өтүп, мага кадимкидей сезилип турду. Жылуулук өткөн сайын ашказанымдын оорусу басаңдап, жаным жай алып баратты. Бир убакта ашказанымдын оорусу толук жок болгондо колун тартып алып, жылмая карап эшиктен чыгып кетти. Азыр ашказаным жымылдап эле, өзүмдү жеңил сезип калыптырмын, — деди.

Мен ошол жерден Аянбектин инилерине:
— Мына, көрдүңөрбү Алла Тааланын кудуретин. Кааласа, канчадан бери ооруп жүргөн адамды көз ачып-жумгуча айыктырып коёт. Мурат иним, буюрса, эми өмүр бою ашказаның оорубайт. Бүгүнтөн баштап каксыз айыктым дей бер. Анткени, бул журт — улуу инсан Куйручук олуянын журту. Мындай жерде жашаган адамдар Кудай жолунда таза жүрүш керек. Ыпылас иштерден алыс болуп, Куйручуктун арбагын ыраазы кылып, куран окуп туругула. Дасторконго арам тамак аралатып, арак ичпегиле. Силер мындай нерселерди аткарбагандыктан, бириң ооруканадан чыксаң, экинчиңдин кайра жатып калганыңардын түпкү себеби ушунда, — деп чечмелеп бердим. — Эгер мен айткандарды жасап, мусулмандык беш парзыңарды аткарсаңар, оору эмне экендигин унутасыңар. Бүгүнкү окуя, силерге үлгү болсун деп көрсөтүлгөн керемет, — дедим.

Ал күнү Чаек жакка түшүп кеттик. Кайра эртеси келип, Аянбектикине түнөй турган болгондо, апасы «бүгүн силер мында жаткыла, мен балдардын үйүнө барып жатайын» деп, эгиз балдарыныкына кетти. Эртеси таң атпай эле, апа сырттан өзүнчө күлүп-жайнап кобуранып кирип келди:
— Кудай бизге берди, балдарым. Түшүмдө атаңар (Куйручук олуяны айтып жатат) жайында Орозбекке сойгон көк атты чийне куруп минип алыптыр. Мага карап: «Үйүңөргө үч чийне чөп түшүрүп койдум, буюрса, жазга кенен чыгасыңар» деп бастырып кетти. Кудай буюрса, ырыскы-киреше болот, — деп, жети токоч жасап, куран окутту.

Ошентип, Куйручук атанын касиеттерине күбө болуп, «арбак катары да олуялардын бир нерсеси калат окшойт» деп, таңдана Бишкекке жол тарттык.

Жарым ай өтпөй Мурат иним түш көрөт. Түшүндө кадимки Куйручук олуяны жолуктурганын мындайча баяндайт: «…Көчөдө элдин баары жыйылып алып эле: «Куйручук келет, Куйручук келет» деп жол тосуп турушуптур. Мен ал кишини асмандан түшчүдөй көктөн издеп жатсам, эл аралап бая Жумгалдан көргөн ата кетип бара жатыптыр. «Ассалоому алейкум, Куйручук ата!» десем, укпай эле кетип баратат. Алдынан чуркап чыгып, «Ассалоому алейкум, ата!» деп колунан кармап калдым. Анан, дароо эле: «Ата, эчкилерим ооруп жатат. Көрүп бересизби?» деп мал короого ээрчитип келсем, Куйручук ата: «Балам, кайсыл эчкиң ооруп жатат? Тигилби же тигинисиби?» деп эле малдарды аралап, «Буюрса, баары жакшы болот» деп, бата берип жөнөп жатканда ойгонуп кеттим» дейт. Анан көп өтпөй, инимдин эчкилери төлдөп баштап, он бештей эчкисинин баардыгы тең эгиз тууса, менин жалгыз эчким үч эм тууптур. Муну укканда Мурат иниме: «Муке, Куйручук атаң ушуну менен сага эки көрүндү. Арбагына атап бир мал союп, кан чыгарып, ыраазычылыгын алып кой» десем, макул болду.

Андан көп өтпөй, апрель айынын башында чоң атабыз Жакыптын өлгөн күнүнө карата куран окутуп коёлу деп, Бишкектеги бала-чакалары «Манас» аэропорту тараптагы Учкун айылына чогулуп калдык. Ал жерде атам менен Мурат чогуу турушат. Бейшемби күнү мал союлуп, жума күнү куран окутулмак.

Менде аян алуучулук касиет болгондуктан, мага «бая Куйручук атага аталып союлуучу мал союлбай, аманат аткарылган жок, эгер мал-жаныңардан оор зыян тартып калсаңар, капа болбогула» дегендей таарынычтуу эскертүү айтылып калды. Мен таңдана, «эмдигиче эч нерсе жасай элексиңерби?» десем, «ылайыктуу мал табылбай…» дегендей кур шылтоо айтышты. «Эртең куранга келген эл тарай элегинде, кабыргасынын сырты тишке илингидей эле мал болсо да кан чыгарып, аманаттан кутулгула» деп айтылды.

Ылайыктап, бир көк серкесин жайытка чыгарбай алып калышкан. Келген эл тарай баштаганда серкеге Куйручук атанын арбагына багыштап куран окуп, серкенин этин жетиге бөлүп, кошуналарга, келгендердин муктаждарына ылайыктап, иним өзү эттерин бөлүштүрүп жаткан. Аңгычакты талаага уйларды жайып кеткен жигит кийими бүт суу, өң-алеттен кетип чуркап келди. «Эмне болду?» дегиче эле: «Мурат, сенин уюң каналга түшүп калды. Чыгарганга такыр алым жетпей койду. Көптөп жардам бербесеңер өлүп калчудай» деп, кайра талаадагы каналды көздөй чуркады. Келген элдин жашыраак эркектери аркасынан бүт кетишти. Мен да барсам, суу ичем деп жазгы сыйгалакта зоот уй каналдын түбүндөгү сууга кирип, жыгылып калыптыр. Эптеп тургузсак, деги эле аяк тикпейт. Жыйырмага жакын жигит чечинип кирип, эптеп сүйрөп жээкке чыгардык. Караңгы кирип кеткендиктен, кайра сууга кулап кетпесин деп казык кагып, чөп салып байлап коюп, үйгө келдик. Келсек, үйдө баардыгы ызы-чуу. Ар кимиси эле бирден уйду жетелеп, экинчиси кубалап, жолдо жүрүшөт. Кээ бири уйлардын жонуна суу куюп жатышат. Көрсө, биз тигил уй менен алектенип жүргөндө, калган он чакты уй талаадагы жаш бедеге жайылып кеткен турбайбы. Өтө катуу кыйналгандарынын бөйрөк тушунан тешип, жел чыгарып жатып, араң дегенде түн ортолой эс алдырдык. Бирок, бирөө да зыян болбой аман калышты. Ошол убакта мага кайрадан аян келип: «Балдарым, серке союп, жолдугун жасап кеттиңер. Болбосо, уйларыңарды айдап кетейин дедим эле» дебеспи. Мына сага тамаша. Бул окуя жөн эле туура келүүбү же Алланын кереметинин бир көрүнүшүбү? Окурмандар өздөрү чечмелеп алышар. Мен болгону, Куйручук олуянын арбагына байланыштуу күбө болгон окуяны жарыя кылдым.

Кубатбек Жакыпов, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү,
“Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий