Таалай Дөңбаев, жылкычы: «Жылкынын сүйүү кызганычы өтө өрчүгөн»

Кыргыздын керемет жайлоосунун бири, Бишкектин жогору жагындагы Кашка-Сууда жылкы багып, улак тартып, тайган агызган кыргыздын бир мырзасы күн кечирип келет. Өңү да, өзү да кыргыз жыттанган Таалай мырза бизге жылкынын сырларынан тең бөлүштү.

— Таалай мырза, жылкычы деген ат сизди сыймыктантабы?
— Мага жылкы жаныбары жаккан үчүн ушулар менен таң атырып, күн кечирип жүрөм да. Өзүм Таластын Көк-Ой деген айылынан болом. Бала кезимен жылкыга жакын өстүм. Агам Союз учурунан бери эле жылкы баккандыктан, ага жардам берип жүрдүм. 1993-жылдан баштап мен да өз алдымча киришип, жылкынын таза кандуусун алып, күлүк суута баштадым. А бул Кашка-Сууга келип жайланышканыма 3 жылдын жүзү болду. Мурун жылкынын жакшы пародалары көп болчу, азыр азайып баратат. Менден бирөө суранды эле, «жылкыларды селекция кылып, тазалап бергенге аракет кылып берчи» деп. Азыр анын 20дан ашык жылкыларын багам.

— Күлүктөрдү кантип таптайсыз?
— Кыргыздар «туягында бар» деп коюшат. Күлүктөн эле күлүк чыгат. Аларды ошол тейден багып, асырап алса, күлүк бойдон калат. Негизи эле жылкыларды жакшы багып караса, астыңкы менен үстүңкү тиштери калбай калгыча жашайт. Аларга эң керектүү нерсе эле тиш да. Жакшы багылган жылкы 20 жолу төл берет.

— Кыргыздар адамдарга мүнөздөмө берип жатышып, «жылкы мүнөз» деп айтып калышат го. Эмне үчүн мындай айтылып калганын сиз жакшы билсеңиз керек?
— «Кайсы эл эмне жаныбарды көп бакса, ошол жаныбардын мүнөзүн да өзүнө сиңирип алат» деген сөз айтылып жүрөт. Ушул сөз туура айтылган окшойт. Жылкылар арык кезинде акырын басып, акырын оттоп, каякка айдасаң башты көтөрбөй ошол жакка баса беришет. А эттенгенде эт-бетинен кетип, таскагы катуулап, мурунку арык, жүдөп жүргөн кезин бат эле унутуп калат. Ошон үчүн «жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт» деп айтылып калган да. Ошол сыяктуу адамдар да жылкы мүнөзбүз, өткөн-кеткенди унутуп, жакшы жашоого жеткенибизде, мурунку жашообуз эстен чыгып кетет.

— Жылкы адамдын жакшы, жаман мамилесин байкайбы?
— Албетте. Кээ бири адамдын жакшы көрүп атканын сезип, кадимкидей эркелешет. А кээ бир жылкылар чалпоо, азоо келип, кожоюнунан башка адамга баш беришпейт. Аларды камчы менен тарбиялаганга туура келет. А жанагы ипподромдо багылган жылкылар адам жебеген витаминдерди жешип, биздин жылкылардан эки эсе эрке келишет.

— Бир үйүр бээге канча айгыр болушу керек?
— Бир айгырга керек болсо 22 бээ да аздык кылган кездер болот. Булардын сүйүүлөрүн сүйлөшө албаган соң, билбейбиз дечи, бирок, алардын сүйүү кызганычы укмуш өрчүгөн. Айгыр бир бээге баратканын көрүп, берки бээлер ошол бээни кадимкидей тепкилешет. Бирок, жайыт кенен, жай кенен дегендей, айгыр бирде болбосо бирде жолоп алат.

— Улак тартмай, тайган агызмай деген кошумча өнөрүңүздөн да кеп кылып кетпейсизби?
— Кой-Таш айылынын үстүндөгү Чуңкурчак деген жайлоодон бери карай малчылар ынтымакташып алганбыз. Жуманын үчүнчү күнү сайын шерине уюштуруп, улак тартабыз. Эмки кезек Кызыл-Желек жайытынын малчыларында. Бул жума ошол жакка жөнөмөй. Андан тышкары, тайган агызып, алыскы жактарга чыгып мергенчилик кылам. Ушул жерден жылкынын дагы бир касиетин айтпай кетпесем болбос. «Ат — адамдын канаты» демекчи, жылкы адамды талаада жөө калтырбайт. Жылкы, тайган үчөөбүздүн астыбыздан карышкыр, элик, каман, кашкулак, түлкү чыгат. Аларга тайган салам. Тайганды да мергенчиликке бышыруу үчүн аларды иш жүзүндө үйрөтүш керек. Тайганды 8 айына чейин аңга алып чыкпай үйдө багып жата берсең, кадимки үй кайтарган иттен айырмасы жок болуп калат. Ошондуктан, тайгандын шыгы өчпөс үчүн кичинесинен эле тарбиялаш керек.

— Кеп соңунда үйбүлөңүз жөнүндө айтсаңыз?
— Бир уул, бир кызым бар. Экөө тең борбордогу № 1 гимназия-интернатында окушат. «Уулум тайганга, жылкыга жакын. Кызым «окумуштуу болом» деп колунан китеп түшүрбөйт. Келинчегимдин аты Наргиза. Менден 10 жаш кичүү. Өзү орус мүнөз, орусча сүйлөгөн кыз болчу. Бир-эки жолу көрүп, алакачып алгам. Башта айылда жүргөндө кыйналып жүрдү, азыр болсо бээ сааган боюнча алдыга киши салдырбайт.

Эльмира МАДИЕВА, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.07.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий