КР эмгек сиңирген артисти, манасчы Асанкан Жуманалиевди эскерип

2011-жылдын 14-июнунда, 64 жаш курагында манасчы Асанкан Жуманалиев күтүүсүздөн бул жарык дүйнө менен кош айтышты. Бул бетте манасчыны эскерип ал тууралуу айрым маалыматтарды, эскерүүлөрдү, анын аткаруусундагы Манастан үзүндүлөрдү берели дедик.

Өмүр таржымалы

Манасчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жуманалиев Асанкан 1947-жылы Таластын Манас районундагы Арал деген айылда туулган. Сарууга караган алакчындын акбай уругунан. Ал жаш кезинен эле элдик ырларга, уламыштарга жакын болуп, аларды жата калып тыңдап, дитин берип, дилгирлик менен чоңоёт. Айылындагы Ынаш Кумаш уулу деген манасчыдан тарбия алып, манасчылыкты ошондон өздөштүргөн.

Манасчылыкка катуу кызыгып, чөлкөмүндөгү манасчыларга издеп барып жолугуп, алардан таалим алганга аракет кылган. Кийинчерээк өзү да кошуп, эл арасына манасчы катары таанылган. 1963-67-77-87-жылдардагы Бүткүл Союздук Эл чыгармачылыгы кароосунун лауреаты. 1965-1968-жылдары ВДНХнын медалдары менен сыйланган. 1964-1968-жылдары республикалык телефестивалдын баш байгесин жеңип алган. 1988-жылы Финляндиянын Тампера шаарына тогуз мамлекеттен барган өнөрпоздордун эларалык сынагына катышып, «Манас» эпосунун үзүндүлөрүн мыкты аткаргандыгы үчүн баш байгеге ээ болгон. 1964-1966-жылдары атактуу манасчы Саякбай Карала уулунан, 1992-жылы кытайлык манасчы Жусуп Мамайдан бата алган. Эл агартуунун отличниги. Бир нече китептердин автору. Анын ичине Манаска байланыштуу «Алмамбеттин окуясы» өзүнчө китеп болуп чыккан. 2006-жылдан бери Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Манасчылар Самат Көчөрбаев, Аман Дүйшөбаев, Камил Мамадалиев, Замир Баялиев, төкмө акын Аалы Туткучевдердин устаты. «Манас» банкынын стипендианты.

“Кереге.КГ” гезитинен алынды

 

КР эмгек синирген артисти, манасчы Асанкан Жуманалиев дуйнөдөн кайтты
Өмүр бул аккан дайра, ал бизге дайыма токтобой агып турчудай сезилет, каалаган күнү суусуна чайынып, каалаган учурда суусунубузду кандырабыз деп ойлойбуз. Бирок ошол күрпүлдөп, токтобоочудай аккан дайра бир убакта шарт токтоп, куураган кургак сайга айланаарын билбейт турбайбызбы.

Ал сыңары чон Манасчы Асанкан Жуманалиев агайды да токтобой агып турчу дайрадай сезээр элем. Ажал деген баарынан улук да, күчтүү да. Манасчылык касиетине карабай, анын даанышмандыгын тааныбай туруп алып кетти. А мүмкүн кудайга дал ушундай киши керек болгондур…. мындан көрө тоо ураса болбойбу да, зоо куласа болбойбу, жок.. табият да, жашоо нугу да, адамзат да эч нерсе болбогондой, кадимки жай жашоо өтүп жатканы жаткан.

Акыркы жолу биздин борборго келгенинде Асанкан агай күүлү-күчтүү эле келген эле, өлүмүнө эмне себеп болду, али табышмак. Ошол сапар келгенде байыркы кыргыз келбеттенип оозунан нарктуу сөздөр төгүлүп, салабаттуу карыядай көрүнүп отурганын эстеп ичим кайрылып турат. “Дагы айта турган нерселерим көп, убакыт жок, июль айында жаш манасчылардын конкурсун өткөргөнү жатабыз ошого демөөрчү издеп келдим, азыр да бир жерге барышым керек ” деп улутунуп алганы эсимде, көрсө аз калган өмүрүндө дагы көп нерселерди жасап калайын деп шашып жүргөн турбайбы. Кийин соң дагы айткан кебин угаарбыз деген ойдо калган элем. Бул касиеттүү адамдын эми андай акылман кебин да, күрпүлдөп айткан Манасын да арбалып уга албайбыз, чымчып сүйлөгөн тамашасына да бата албайбыз. Мындай болоорун билгенибизде, күн-түнү жанынан чыкпай, көөдөнүндөгү бугуп жаткан көп нерселерин ачып калбайт белек, адам турпатындагы энциклопедия эле да. Окуп улгүрө албай калдык. Анын көкүрөгүндөгү далай жакшы нерселер эми кара топурак менен гана аралашып кала берет ээ, арман…

Ошентсе да акыркы жолу өзү жөнүндө айткандарынан диктофонго үнүн жаздырып калган элек. Бул маалымат биз үчүн чоң манасчынын акыркы үнү, акыркы бизге калтырган эстелиги болуп кала берди.

-Отур Жумананын сарысы, — деди. Отурдум.

-Отуруп чай ич! — деди. Чай ичтим. Анан ыйлаганыма боору оорудубу, же ыйлаганым басайын дедиби, күлкүлүү жомок айтып берди. Ыйлап жатып кантип күлүп калганымды деле билбей калдым. Ошол жомогу азыр эсте жок, андан бери элүү жыл өтүп кетти.

Анан: -Күнүгө келип тур, чөп берип турам. Уурдабай эле менин жаныма келип отуруп тур. Бирок шарт ушу, эки саат гана отурасың, эки саат жомок айтып берем, кетээриңде чөп берем, байлап берем көтөрүп алып кетесиң, — деди.

Кийинки жылы Семетейден баштадык. Ноябрдын башынан баштаган, апрелдин жыйырмаларына чейин созулду. Ошо менен мага эки жыл бою Манас айтты. Баягы сезимталдыкпы, зиректикпи, айтор ошонун айткандары айткандай сакталып калды. Мен өңчөй карыялардын арасында өстүм. Күнүнө китеп таап беришет, окуп берем. Анан бүткөндөн кийин өздөрүнүн жомокторун башташышат. Көргөн-билген окуяларынын бардыгын аңыз кылып айтышат.Азыр ошонун баарын “Өмүр мектеби” деп жазып жүрөм.

Манасчылык өнөргө баш багуу

Бир жайдын күнүндө жүгөрү сугарып жатып, күпүлдөп Манас айтып жатсам, Жумашай деген киши көрүп калды. Качып кеттим. Ой, сен Манасчы турбайсыңбы! – дегенде уялганымдан тура качып, жүгөрүнү аралап кетип калдым.

Бир күнү апам:

-Таятаңдыкынан барып айран уютку алып келе койчу, айран уютабыз- деди.

Таятамдыкына барсам, бастырмасында өңчөй чалдар: Жумашай, Субан, Жуман, Карабай, Көчөрбай, Жусупбек, ошол Ынаш дагы бар. Бир сегиз-тогуз чал отуруптур. Ар кими бапырап-шапырап сөзгө кирип узун сабак айтышып жаткан мезгили экен.

-Ассолому алейким, — деп учураштым. Колумда кезе бар.

-Ой, бери келчи, — деди Жумаш аба.

Оюмда эч нерсе жок, эсимден чыгып кетиптир. Колумдан катуу кармап алып кое бербей:

-Баягы Манасыңды айтчы, уялба, умтулган утат, улутунган калат, айткын, — деди.

Анан айтышка туура келди, анан отура калып эле айтып бердим.

-Оо азамат, Ынаш, бул балага дагы Манасты жакшылап үйрөт, сенин өрнөгүңдү алып жүргөн турбайбы – дешти.

-Эки жылдан бери артынан калбай үйрөнүп, айтып жүрөм – дедим.

-Мунун аркасынан калба, бул элге чыгып айтпайт, мунун Манасы жашыракей, көрүнө алып жатабы, билбейбиз, — дешип коюшту.

Ошондон баштап анан Манас айтып келе жатам.

Он үч жашымда Ынаш аксакалга жолуксам, анын өрнөгүн алып, он беш жашымда түшүмө баатырлар кирип, аян алып калдым. Көп эле түш көрчүмүн, кээде айт деп кыйнаган сыяктуу болуп, атчан бирөөлөр бастырып келип, эй бала, тур ордуңан, бизди эскерип айт дебедик беле! – деп мурда бир айткан сыяктуу болуп келип айтат.

Кээде топурашып тамак жеп атканыдарынын үстүнөн чыккандай болуп, “Отур биздин чекебизге, мына бул тамактан же” дешип, баягы тамактан кичине эле сузгандай болушат. Оозума салганда оозума батпайт. Минтип чулчуңдатып чайнайын десең “Жут нары, ары жутсаң эле өзү ширедей болуп куюлуп агып кетет” дешет. Түнкүсүн бирөө мени эшикке чакырып аткансып, тура калып эишкке жүгүрөм. Апамдын рахматы, кыргыз эшиктер болор эле мурун, ошол эки эшиктин ортосунан жип менен байлап туруп кадоого байлап коет. Тура калып эшикке жүгүргөндө эшик ачылбай кала. Анын ортосунда апам өзү тура калып:

-Ой, Эмне болду, — деп жонго чапкылап, бетке чапкылап ушинткенде анан көзүмдү ачып ойгонуп кетчүмүн. Үч-төрт жолу эшикке чыга албай калгандан кийин тура качканды да койдум. Кандайдыр бир себеп болду окшойт.

Мына ошентип менин Манас айтып келатканыма 50-жыл толду.

Өзүмдүн шакирттерим туурасында айтсам, мен бир баланы да урушчу эмесмин. Мен бир жакшынакай сабак өтөр элем. Таза болбосо анекдот айтып күлдүрүп, өзүмө каратып туруп анан сабак өтчүмүн. “Бир да бала мен сабакты айтып бүтмөйүнчө былкылдабай угасыңар. Анан аягында беш мүнөт силерге анекдот же жакшы жомок айтып берем” дечүмүн. Беш мүнөттү сөзсүз, милдеттүү түрдө бөлчүмүн. Айткан сөзүмө туруп айтып берчүмүн. Китепти өзүм аябай көп окуйм, абдан кызыгам. Үйдө үч миңден ашуун китебим бар. Там толо китеп. Эң эски китеби, 1894-жылдан берки китептер. Гезиттерден 1968-жылдан берки гезиттер бар, — деп жарыктык кишинин тогулуп чачылып айтып бергени дале көз алдыбызда.

Ал 64 жыл жашында дүйнөдөн кайтса да, артында калтырып кеткен изи тоодой. Манасчылыкка таптап жүргөн үч небереси бар эле. Арбак ыраазы болсун үчүн “Айгине” маданий изилдөө борбору тарабынан өткөрүлүп жаткан жаш манасчылардын жайкы мектебине бир небереси кабыл алынмакчы. Маркумдун өмүр жолунда өтөлбөй калган иштерин эми балдары, неберелери, жаш манасчы шакирттери жолго салаар.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

“Айгине” маданий изилдөө борборунун кызматкери Кыял Тажиева,
“Санжыра” сайты,
17.06.2011-ж.

 

Бул дарек боюнча Асанкан Жуманалиевдин Манас айтуусун укса болот.

Соц тармактар:

Добавить комментарий