Түлкүгө алданган карышкыр

(жомок)

Бир жолу карышкыр менен түлкү жолдо чогуу келатышып мүшөккө салынган койдун майлуу куйругун таап алышат. Түлкү дароо:
– Каке, бул майлуу куйрук турбайбы. Жолдо туруп жегенибиз болбойт го. Кел, тетиги бийик тоонун башына жатып алып, кымыздан ичип, анан жейли,- дейт.


Курсагы ачып турган карышкыр:
– Макул, сен айткандай болсун. Ал жакка жеткенче эптеп чыдайын…

Ошентип, экөө тоо тарапты көздөй жөнөшөт. Бир убакта түлкү:
– Каке, куйрукту сен көтөрүп ал. Мен артыңдан түртүп алайын,- дейт кууланып.

Карышкыр бышылдап тоонун башына чейин куйрукту көтөрүп чыгат. Түлкү озунуп “ой, сенин артыңдан жөлөп түртүп келгенче эсим ооп калды” деп отура калат.

– Түкө, эч нерсе эмес! Азыр бул куйрукту жегенде чарчаганыңды унутасың. Кел, жейли. Курсагым ачып, чыдабай калдым. Карышкыр баягы куйрукту алып чыгып, экиге бөлмөкчү болот.
– Ой, муну экиге бөлгөндө экөөбүз тойбой калабыз го. Көбүрөөк чарчаганыбыз эле жебейлиби?..- дейт түлкү жулунуп.
– Кууланып жатат окшойсуң. Мен деле чарчадым. Бул сунушуңа макул эмесмин. Андан көрө кимибиз улуу болсок, ошонубуз жейли.

Түлкү карышкырдын айтканына макул болуп, анын жашын сурайт.

Сүйүнгөн карышкыр:
– Мен сенден улуу болом. Кичине кезимде ушул биз отурган тоо кичинекей эле дөңсөө болчу. Дайыма бул жакка досторум менен келип, сууга түшүп, жашынмак ойночумун. Андан бери канча жыл өттү. Минтип чоң тоого айланыптыр,- деп өткөнүн баяндап кирет.

Мына ошол учурда анын сөзүн угуп отурган түлкү кокусунан эле ыйлай баштайт. Карышкыр «менден утулуп калганына ыйлап жатса керек» деп өзүн күнөөлүү сезип:
– Түкө, мейли анда, экиге бөлүп жейли. Экөөлөп көтөрүп чыкпадыкпы,- дейт.
Анда түлкү көзүнүн жашын сүртүп:
– Жок, сен туура эмес түшүнүп жатасың. Сен кичине кезиңдегилерди айтып жатсаң, мен өзүмдүн балдарым жөнүндө эстеп кеттим. Алар дагы ушул биз отурган тоо дөңсөө кезинде ушул жакка келип ойношчу. Кичинекейлерим сага окшоп сууга түшүп, жашынмак ойногону достору менен кетип калышчу эле.

Бир күнү мен аларга тамак алып келгени кеткем. Кайра кайтып келсем, мергенчи үйүмдү таап алып, балдарымды алып кетип калыптыр. Эгер балдарым азыр жанымда болгондо алар мага тамак таап беришмек,- деп капаланымыш болуп, боздоп ыйлап калат.

Анын айткандарын уккан ишенчээк карышкыр:
– Ой, мени кечириңиз! Эгер сиздин балдарыңыз мени менен чогуу ойношсо, анда сиз менин ата-энем менен тең турбайсызбы. Мен ата-энем менен теңдерди «ата-апа» деп сыйлап келем. Ошондуктан бул куйрукту сиз жалгыз жей бериңиз. Мен башка тамак таап тамактанайын,- деп түлкү менен коштошуп, жолуна түшөт.

Ошентип, ыйламыш болгон куу түлкү карышкырды калп ыйы менен алдап коёт. Анын карааны узаары менен көзүнүн жашын сүртүп, каткыра күлүп алат да, ишке киришет. Карышкырга көтөртүп келген куйрукту жалгыз аймап жеп, аябай тойгон экен.

Салтанат Мукасова, “Супер-инфо”, №454 15-21-июль, — №455 22-28-июль, 2011-жыл

Соц тармактар:

Түлкүгө алданган карышкыр: 1 комментарий

Добавить комментарий