«Артыңдан барсам бакчага…»

Бул ырдын жаралганы качан, бери жагы отуз жылдан ашык убакыт өтсө керек. Бирок, азыр дагы эл оозунда обого созулуп ырдалып жүрөт. Жүрөккө жеткен ырлар ушундай болсо керек. Акын Абды Сатаровдун сөзүнө жазылган бул обондун автору Текебай Мураталиев деген таланттуу артист эле. Деги Текебай Мураталиев деген ким болгон?

Улуу акын Токтогул Сатылгановдун уулу Бабажан 1957-жылы Токтогул районунун эски борборунда (азыр ал жер Токтогул суу сактагычынын астында калды) биринчи жолу эл аспаптар оркестрин түзүп, республикалык кароо-сынакка республиканын борборуна келишип биринчи орунду алышкан эле. Анда Текебай Мураталиев, Сабира Кулатаева комузда мыкты ойношчу. Мына ошондон Текебай Мураталиев чыгармачылыкка биротоло баш койгон.

Минтип айтканыбыздын себеби, Текебай Мураталиев деген ысымды Кетмен-Төбө өрөөнүндө улуу-кичүүсүнүн баары чоң урмат менен ызаатташат. Анткени ал өмүр бою Токтогул элдик театрынын таланттуу артисти катары элге таанылган. Республикалык кароо-сынактарда, театр фестивалдарында бир нече жолу жеңиштердин ээси болгон. Балким чоң чөйрөгө келип иштеп калганда залкар артисттердин катарында болмок, аттиң илгери Коргоол ата » мен элге ырдайм, зымыңа ырдабайм» деп кетип калгандай, Текебай атанын «айылдан кетпейм» дегени өзүн алыска алып чыгаралбай калды.

Убагында Жалал-Абад театры жаңы ачылганда Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев менен бирге чыгышкан эле. Балким бу дагы тагдырдын буйругунандыр, ким билет, бул эми жан ачып айткан кеп да. Тубаса талант 11 жашында комуз чертип, ыр ырдап көзгө көрүнүп, ошондо эле өз чөйрөсүнө тааныла баштаган.

1937-жылы Кетмен-Төбөдө колхоз, совхоз театры уюштурулуп, ошондо ал алгачкы жолу «Курманбек» спектаклинде Курманбектин ролун аткарып чыккан. Ал эми Жалал-Абадда театр ачылганда атайын чакыруу менен барып, жогоруда айтканыбыздай, залкар артисттер менен бирге иштешкен. Турмуш-шарттын айынан кийин райондук театрга келип, Алтымыш Мундузбаев, Калмурат Жаңыбаев, Кади Сатиев менен иштешип калды.

1969-жылы Токтогул элдик театры ачылып, борбордон Ашыралы Боталиев баштаган искусство өкүлдөрү келип, чоң салтанат болгон. Ошондо элдик театр Бексултан Жакиевдин «Миң кыял» спектакли менен ачылып, Т.Мураталиев Атакандын ролун жогорку чеберчиликте аткарган. Кийин А.Осмоновдун «Махабатында» узун ууру, Б.Жакиевдин «Эртең жаңы жылында» Бекей, Т.Абдумомуновдун «Сүйүү жана үмүтүндө» Бактыяр, «Жарыктык карыларым» комедиясында Мергенбай ж.б. бир нече образдарды ийине келтире аткарган таланттуу артист катары таанылган.

Ал көп кырдуу талант десе да болот. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Жоомарт Бөкөнбаевдин «Кош Ала-Тоо, уулуң кетти майданга» аттуу ырына жазган обону ошол учурдун гимнине айланып, бул ырды билбеген эч ким жок болгон. Ошол ырдын арты менен таанылып, согуштан калтырылган. Мындай мыкты ырды эл аралап, жаштардын мекенчилдик сезимин козгоого үгүт катары үлгү кылып ырдатыш керек болгон.

Ал эми сөзүбүз­дүн башында айткан «Сүйүүнүн күчү керемет» аттуу Абды Сатаровдун сөзүнө жазылган обону КРнын эл артисти, булбул таңдай ырчы Шахра Талипованын аткаруусунда элге жетип, азыркыга чейин ооздон түшпөй ырдалган ырга айланды. Анын 17 обону ырдалып жүргөнүнүн өзү эле талант көрөңгөсүн таанытып тургандай. Өзү дагы ырларды мыкты ырдаган. Ырыскүл Тиленбаеванын эскерүүсүндө мындай айтылат: «Биз аны Текебай ата дечүбүз. Ал жылдары гастролдорго көп чыгар элек. Концерттен кийин конок болобуз. Биз чарчап, уктай баштасак «Балдарым, үй ээси сыйлап жатса, уктаганыңар жарабайт» деп комузун колуна алып не бир укмуш кайрыктарды кайрып, Токтогулдун «Карылык» деген ырын ийине жеткире ырдачу эле. Күүлөрдү да мыкты чертчү, өкүнүчтүүсү эч бири да алтын фондуда жазылбай калды. Биздин театр үчүн анын эмгеги эбегейсиз. Өмүр бою ушул театр деп жашады. Анын ысмын биздин театрга берсе жарашат эле.»

Ал эми артист Эркин Баатырканов мындай дейт: «Спектаклде ролду, концертте ырды аткарып жатканында биз сахнадан аны карап суктанчу элек. Ал абдан таланттуу адам болчу. Искусство тармагында бүткүл өмүрү өтсө дагы бир наам албай кеткени армандай сезилет. Анын шакирттери болгон Асанкалый Керимбаевдей артисттер кийин эл артисти болушту. Эми, кур дегенде өзү иштеген элдик театрга аты берилсе деп демилге кылып жатабыз.»

— Мен театрга 1972-жылы келдим,-дейт Бузурманкул Корошов.  -Ошондо Текебай аке режиссер болуп иштеп жаткан экен. Ошондон баштап чогуу иштештик. Укмуштуудай талант эле. Айрыкча Жалал-Абад театрында Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев менен иштешкен жылдарын көп эскерер эле. Ошолордун деңгээлиндеги артист болчу, эмнегедир чоң чөйрөгө чыкпай жүрүп өтүп кетти. Кандай ролду аткарбасын адам суктангандай образга кирип ойночу. Комузда эң чоң күүлөрдү майын чыгара чертчү. Ушул театрда 45 жылдан ашык иштеген эмгеги бааланбай кетти. Бул улуу талантка кандай сыйлыкты ыйгарса да жарашат.

Театрдагы шакирттеринин бири Самат Аскаров мындай дейт: «Кош Ала-Тоо, уулуң кетти майданга» аттуу ырын ырдап эл аралап, согуш учурунда элдин духун көтөрдү. Бул ырдын өз учурунда таасири күчтүү чыккандыктан, бүтүндөй республикага тарап, элге жеткен. Ошондон Өкмөттүн чечими менен Текебай Мураталиев согуштан калтырылган. Түшүнгөн адамга бул таланттын чындыгы. Анын атын унутпай жүрүү ки­йинки муундардын ыйык милдети болуу керек.»

Ал эми дагы бир шакирти, обончу Ашымбек Мамытбековдун айтканы бул: «Мен театрга 1976-жылы келдим. Текебай аке ошондо Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасын сахнага алып чыкканга даярдап жатыптыр. Мен анда баланын ролун аткардым. Өзү байдын ролунда ойноду. Мен ага суктанып жүрүп көптү үйрөндүм. Мыкты уюштургуч болчу. Театр үчүн жанын берчү. Ырдаганы да укмуш болчу, обондору элде ырдалып жүрөт. Бу киши көп кырдуу талант эле. Бааланбай кетти. Бирок, анын атын түбөлүккө калтырууга азыр да кеч эмес».

Кесиптеш, шакирттеринин бул айткандарында чындык бар.

«Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, ал өмүр бою Токтогул элдик театрында эмгектенди. Андан сабак алышкан таланттуу артисттер театрда азыр дагы устатынын жолун улантып, чыгармачылыкта узанышууда.

Баарынан кызыгы артисттик өнөр Текебай Мураталиевдин үй-бүлөсүнүн тагдырына жазылгандай сезилет. Токтогул элдик театрында анын уулу Калкабек Мураталиев келинчеги Асылгүл Боорсокбаева менен, кызы Бакбүбү, өмүрлүк жолдошу Эсенжан Медетбеков бардыгы чыгармачылыкта эмгектенип келишкен. Эң негизгиси кичүү уулу Кадырбек Мураталиевди Кыргызстандын эли түгөл «Шылдыракчы» деген ат менен тааныйт. Анын ойногон шылдырагын көргөн көрүүчү башка шылдыракчыны көргөндө алымсынбайт. Мына ушул атактуу шылдыракчы жигит да өз баасын ала албай жүрөт. Өмүрлүк жолдошу Турсункан Борсокеева дагы аталган театрдын артисти, Кадырбектин уулдары да азыр консерваторияда окуп жатышат.

Өнөрдө Текебай Мураталиевдин династиясын даңазалуу алып жүр­гөн бул үй-бүлөнүн өзгөчөлүгү – өнөр менен оозанып, өнөр менен узанып келе жаткандыгы. Текебай Мураталиевдей чыгаан артисттин аты кандай деген күндө дагы унутулбай турган залкар ысым. Текебай ата көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, «Кыргыз Туусу», 26.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий