Улуу тоого чыккандай, Улар үнүн уккандай Айтматов

Кыргызды дүйнөгө таанылткан улуу талант, көрөсөн инсан жөнүндө бир канча муун көптөгөн эмгектерди,ой жорууларды жарата бериши табигый нерсе. Ал акыры чындыкка кымындай коошпогон уламыш, мифке айланып, башкасын кой, укмуштуу дүйнөнүн келгини катары ар кыл аңыздар айтылышы ыктымал. Ч.Айтматов жалаң кыргыз адабиятында жаңылык жасап, дүйнөлүк сүрөткерлик туу чокусуна чыга албаса, Батыш менен Чыгыштын окурман калкы аны кылымдын олуясы катары санап калат беле?!

Аны биз Улуу тоого чыккандай, улардын этин жегендей узак жашайт деп саначубуз. Сексен жылдык мааракесин мындай кой, 90 анан 100 жылдыгын белгилөөчүдөй ишенимде болуп, жамандыкты дегеле жакындаштыргыбыз келбеген. Залкар талантты тагдыр элибизди тааныткан жылдыз болсун деп тартуулагандыгына ишенбей коё албайсың. Бул Жараткандын ашкере мээримдүүлүгүн,адилеттигин айгинелеген айныксыз далил сыяктанат.

Антпесе калкынын саны чамалуу эле кыргыздан Чыңгыз, башкырдан Мустай, авардан Расул,балкардан Кайсын, калмактан Давит, тажиктен Турсун-заде сыяктуу дүйнө тааныган адабияттын алптары чыгышын эмне менен түшүндүрүүгө болор эле? Эгерде калктын санына карап «квота» бериле турган болсо, Кытай, Индия, Россия, Пакистан, ФРГ сыяктуу мамлекеттерден дегеле башкаларга жол тиймек эмес. Ошого карабай Ала Тоодон космостук кораблдей болуп, Жер шарын чарк айлана Ч.Айтматов чыгып жатпайбы! Анын кыргыз кыртышынан алып жараткан ажайып чыгармалары дүйнөнүн 170 тилине которулуп, 60 миллион нуска менен жарык көргөндүгү таң каларлык эмеспи!

Чыңгыз агада көркөм көрөңгөнүн жаралышына,калемгер катары калыптанышына шарт түзгөн бир катар өтө олуттуу факторлор болгон. Дээринде кыялкечтиги, асем дүйнө тар­туу­га шыктуулугу Каракыз чоң апасынын жомоктору, Нагима апанын муңдуу ырлары аркылуу тутанып,бала кездеги ырайымсыз тагдыр анда унутулгус таасирлерди калтырган. Аны окуу жылы башталганда башкалар менен кошо мектепке барса, «эл душманынын» туягысың деп мугалимдин пионерге өткөрбөй кою­шу кандай катаал сокку болгон?! Мына ушундай мерездикке, наадандыкка, түркөйлүккө каршы ал келишпес күрөш ачып, фанатиктердин кордоо, кол салуусуна карабай жаңынын жарчысы болгон Дүйшөндүн образын жараткан.

Бир белгилей кетчү нерсе – Чыңгыз ага чыгармаларындагы окуяларды гана өз айылынын турмушунан алуу менен чектелбестен каар­мандарынын аттарын да ошол бойдон калтырган (Толгонай, Султанмурат, Ысмайыл, Мырзагүл, Сейде, Алиман, Сейит ж.б.). Мен «Жамийла» повестин алгачкы жолу окуп чыкканымда биздин айыл­дык Гүлжамийла аттуу эжебиздин баянын жазган турбайбы деген таасир калган. Акыйкатында эле ал эжебиз китептегидей өңдүү-түстүү, шаңкылдап ырдаган шайыр-шат жубан эле. Айылдык мектепке директор болуп келген жигит менен сүйүшүп калып, аскердеги жарын күтпөй баш кошуп алган болчу. Эженин кайын журту чуу салганда жаңы табышкандар издерин суутуп кетишкен.

«Бетме-беттеги» Ысмайылдай дезертир бизде да болгон, анын аты Сапен эле. Аны атайын куралган топ жашынып жаткан жеринен барып атып ташташкан. Сапендин биз менен курбалдаш эки уулу жол боюндагы таш үйүлгөн дөбөдө «Мырзалиевди соёбуз» деп (аталарын аткан) бычак кайрап олтурушканы азыр да көз алдымда. Колхоздун жумушчу аттарын биз да Султанмурат, Анатайларга окшоп шефке алып, ат багар Жумабек абабызга керээли кечке жардам берчүбүз. Анда карамагыбыздагы жаныбарларга Акбайпак, Арчатору, Койкүрөң, Жибекжал, Шамкулак деп койгон аттарыбыз азырга эсимде.

«Саманчынын жолундагы» кан майданга бараткан уулун эшалондон узатып, перрондо чуркап бараткан Толгонай эне үй-бүлөсү менен коштошуп калган Төрөкулду эске салып турбайбы… Мындай параллелдерди Чыңгыз аганын чыгармаларынан каалаганча тапса болот. Элибиздеги: «Жакшынын шарапаты» деген ылакаптын эч калети жок. Чыңгыз ага бүткүл адамзатка рухий күлазык болчу шедеврлерди тартуулоо менен өнөр салаасындагыларга жаңы өрүштөрдү ачып берип олтурган. Буга жогоруда келтирген мисалдарыбыз далил эмеспи. Көөдөнүн муң менен нур тээп турган зирек улан ошону жарыкка чыгарып, оор жүктөн арылуунун жолун издеп түйшөлгөн. Мындай аруу ой ага балким баягы класстан чыгарылып, ачуу жашын булактын суусуна жууп олтурганында келгендир. Болбосо, уй ууруну жалгыз ок менен жайламакчы болуп, жаалы кайнап баратканда жолдон кайтарган Кызыр ак бата берип, айкөлдүктү ыроологондур…

Мунун баарын мистика менен байланыштырууга болобу? Акыйкатында Казат мырза айткандай, Чыңгыз агада жазгандан, окугандан башкага шык деле жок эле (же ырчылыкка, музыканттыкка, спорттун тигил же бул түрүнө). Бирок, каармандары кайсы кесиптин өкүлү болбосун (трактористпи, шофербу, темир жолчубу, геодезистпи) ал жаатта компетенттүү экендигине шек санатпаган. Ал эми жан дүйнө жаранын, психологиясын ачуудагы чеберчилигин адабият адистери ар тараптан талдап бүтүшө элек. Ошол эле учурда калемгердин жаныбарлар дүйнөсүн, аларга мүнөздүү жорук-сыпаттарды (жылкыбы, кара нарбы, карышкырбы, бугубу) дрессировщиктей эле билгендиги таң калтырбайбы!.. Көрсө, сыртынан өтө эле жупуну көрүнгөн улуу сүрөткердин жан дүйнөсү өзүнчө эле татаал системаны түзгөн галактика турбайбы.

Ч.Айтматовдун өз учурунун чыгаан калемгери катары топтон суурулушуна олуттуу роль ойногон башкы фактордун бири – анын орус тилинде да жаза билгендиги болгон. Түпкү­лүгүндө таланттын орошон кору менен дал ошол апсундуу куралы жеңишке жеткирип олтургандыгын танууга болбойт. Антпесе балким көптөгөн перифериялык калемгерлердин катарында кала берет беле, ким билет?..

«Ала Тоо» журналына жарыяланган «Жамийла» повестинин тегерегинде Жазуучулар союзунда уюштурулган ызы-чуу, анын демилгечилери тууралуу маркум С.Жигитов күжүнүн чогуна бышкан күйдүргү сөзү менен дыкат баян­дап берген эле. Ошол эле ажайып чыгарма орус тилинде Москвадан жарык көргөндө баягы каралоочулардын ичи кандай күйгөнүн айтып олтурбайлы. Ал эми чыгарма Луи Арагон тарабынан французчага которулуп, анысы «Махабат жөнүндөгү ажайып баян» деген коштоосу менен чыкканда ичине кара таруу айланбаган айрым каламдештери асылып алууга жип таппагансып да жүрүштү. Мындай малгундук Ч.Айтматовдун чыгармасы СССР Мамлекеттик сыйлыгына көрсөтүлгөндө да жасалган.

Атаганат, аганы дагы он, жыйырма жыл жашатмак турсун даңы-шаңы менен өткөрүл­мөкчү болуп жаткан 80 жылдык мааракесин көрүүнү да буюрбаган экен. Калабалуу дартынан аласталып, касиеттүү Ата Журтуна айбат ажары менен кайтып келет деген арзуу, үмүтүбүз акталбай калбадыбы, каран күн!

Эми Чыңгыз көргөндү көрбөй, Чыңгыз билгенди билбей жүз жылдабы, миң жылдабы-анын дал өзүндөй залкар талант чыгышы даркүмөн. Ал Манас сыяктуу эле улуттук улуулуктун ыйык эталону болуп каларына ишенгиң келет. Ч.Айтматов балким кыргыздын акыркы улуу жазуучусу болгон чыгар. Анын акыркы «Тоо­лор кулаганда» романы да бекеринен жазылган жок да.

Ушул жерде улуу залкардын «…аңчынын ыйындагы» бир эскерүүсүн келтире кетүү орундуу сыяктанат, кыязы, гений инсандар да өзү теңдүүлөр менен сырдаш, курдаш болууга куштар келишет окшобойбу. Чыңгыз аганын ошондой дили жакын санаалаштарынын бири Дмитрий Шостакович болуптур. Экөөнүн бир маегин мындайча эскерет: «Кебибиз капыстан Шекспир тууралуу болуп кетти. Сөздү адамзаттын бүгүнкү проблемаларына таяп:

Шекспир түбөлүктүү, анткени, биздин арабызда ар дайым Гамлеттер жана король Лирлер бар,-деди Шостакович.

-Сиз жаңы Шекспирдин төрөлүшүнө ишенесизби?

-Жаңы Шекспир болбойт, бирок,ошондой масштабдагы гений сөзсүз төрөлөт.

-Буга менин шегим бар.

-Мен болсо ишенем! Шостакович өз ишениминин тууралыгын ошерден эле аныктап кирди. -Жаңы Шекспирдин жаралышы үчүн азыркы учурда оголе көп өбөлгөлөр бар. Анткени мурдагы кылымдарда адамзат азыркыдай кубаттуу, ар тараптуу рухий өнүгүүгө дуушар болгон эмес. Эртеби-кечпи дагы бир улуу талант чыгып, баарынан кудуреттүү искусствонун алдына кайрадан баш ийүүгө мажбур кылат.

Анын сөзүн угуп олтуруп, аргасыздан макул болуп жаттым.

-Чыңгыз,-деп кайрылды ал мага. -Менин сага эки өтүнүчүм бар. Биринчиси-колуңдан келишинче өз чыгармаларыңдагы каармандар аркылуу курчаган чөйрөгө карата философиялык аңдоо жүргүзүү жолуна өт. Экинчиси-бул жарыкчылыкта зуулап өтчү ар бир минутаны баала. Сен коомдук ишке көп убактыңды коротосуң.

Турмуштук коллизиялар менен жекеме-жеке күрөштө классиктин кеңешин туттумбу-жокпу, аны турмуш көрсөтөт» деген эле.

Китеп жарыкка чыккандан кийин залкар талант он эки жыл өмүр кечирди. Гениалдуу композитордун осуятын Чыңгыз ага орундаттыбы-жокпу, ага биз арбитрлик кылбайлы.

Ильгиз ТАЛИП (Гилязетдинов), жазуучу-публицист,
КРнын маданиятка эмгек синирген ишмери,
«Кыргыз туусу»,
26.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий