Актан Арым Кубат: «Жыл өткөн сайын биздин кино артка кетип баратат»

Кыргыз элинин таланттуу кинорежиссерлорунун бири болуу менен кыргыз керемети аталган кыргыз киносунун ааламга кенен жайылган керегесин калашып келе жаткан Актан Арым Кубат бүгүн да кино тармагында үзүрлүү эмгектенүүдө. Негедир, Актан Арым Кубаттын бардык тасмаларында элеттик турмуш кеңири сүрөттөлөт. Мунун себеби бардыгыбызга белгилүү, биз билген көптөгөн таланттуу, чыгармачыл, ишкер адамдар ошол айыл жергесинен тарбия алып, ааламга аттанган. Анткени ааламга жол айылдан башталат эмеспи…

«Ата-энемдин алдында өзүмдү күнөөлүү сезем»

Мен мурда Актан Абдыкалыков, ал эми азыр болсо Арым Кубат деген фамилияны алып жүрөм. Абдыкалыковдор менен бир топ эле жакын тууганчылыкта турган Сарымсаковдор мени 8 айлык кезимде багып алышкан. Менин биологиялык ата энем Арымбек менен Сонун Сокулук районунда, Шалта айылында жашашчу. Арымбек колхоздун өкүлү, Сонун өмүр бою жергиликтүү мектепте географиядан сабак берди. Ал эми мени багып чоңойткон атам Кубаталы, апам Ракыя Күнтуу деген коңшу айылда турушчу. Күнтуу менен Шалта бир колхозго кирчү, Кубаталы атам ошол колхоздун башкармасы, апам болсо жөн гана эмгекчи эле. Күнтуудан орто мектепти аяктап, армияга кеткичекти, ошол эле айылдагы вино чыгарган заводдо жүк ташуучу болуп иштедим. Азыр мен мени багып, алдейлеп өстүргөн ата-энемдин астында өзүмдү күнөөлүү сезе берем. Фамилиямды Арым Кубат деп өзгөрткөнүм да буга себеп болду. Анткени өзүмдүн атам Кубаталы мен жөнүндөгү малыматтардын эч жеринде эскерилген эмес, ошондуктан ал атама таазим кылуу менен эки атамды тең бирдей деңгээлге коюуну туура көрдүм. Анткени, менин ушундай адам болуп калыптанышыма экөөнүн тең салымы бар.

«Сүрөт сабагынан мугалим болдум»

1975-жылдан 1976-жылга чейин советтик курамда Германияда кызмат өтөдүм. 1-жылдан кийин ден соолугума байланыштуу мени запаска чыгарып коюшту. Андан соң, мен көп жылдар бою түш көрүп жүрдүм, түшүмдө аскер кызматкерлери келип, «жүрү, сен өзүңдүн мөөнөтүңдү толук өтөгөн жоксуң»-деп армияга канча жолу алып кетип жүрүштү. Бул «кызматын толук өтөбөгөн» деген «комплексимден» жаралса керек деп ойлойм. Армиядан кийин, 1976-жылы Фрунзедеги Көркөм орто окуу жайына тапшырып,1980-жылы «чийүү жана сүрөт сабактарынан мугалим» деген адисти алып чыктым. Окуп жүргөн кезимде эле чыгармачылык менен кызыгып, Бүткүл дүйнөлүк жана Республикалык сүрөт көргөзмөлөрүнө өзүмдүн иштеримди кое баштадым.

«Кино тагдырымды түп тамырынан өзгөрттү»

Окууну бүткөн соң, чыгармачылыктан алыстай албай, искусствонун падышасы болгон Гапар Айтиев башында турган СССРдин сүрөт академиясынын өнөрканасында кароолчу болуп иштеп жүрдүм. Ушундай жол менен мен белгилүү сүрөткерлердин чеберчилигине кичине болсо да киргим келди.Түштүктө болгон чыгармачылык иш сапарлардын биринде Альгимантас Видугирисанын «Бойдок эркектер» деген тасмасын тартып жүргөн мас абалдагы кино тартуучу топ менен жолугуп калдым. Ошондон баштап киномотография менен «мас» болуп, менин тагдырым түп орду менен өзгөрдү.

«Балам башкы каармандардын ролун жаратты»

Дүйнө жүзүндө «балачак», «жаштык» тууралуу көптөгөн кинолор тартылган. Менин «Селкинчек», «Бешкемпир», «Маймыл» тасмаларымда дал ошол темалар камтылган. Балачактагы көргөн окуялар кийин иш жүзүнө ашырылды. Менин мындай сүрөткерлигим бир гана Кыргызстандын эмес, Орто Азиянын жаштары тарабынан жакшы кабыл алына баштады. «Трилогияны» түзгөн тасмалар Москванын кино үйүндө да көрсөтүлгөн. 1992- жылы «Селкинчек», «Бешкемпир» жана «Маймыл» кыскаметраждуу тасмаларымда Мирлан уулум биринчилерден болуп он беш жаштагы өспүрүмдүн ролун чагылдырган. Мирландын сырткы келбети, башынын түзүлүшү , көз караштары, маймылга окшошуп кеткен сырткы келбети тасмага кандайдыр бир көрк берген. Бул тасмаларда «бала»-«өспүрүм»-«жигит» адамдын өнүгүшү жана психологиясынын өсүшү бирден бир чагылдырылган.

«Келин» тасмасын Казакстандан тарттык»

Союз маалында Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Мелис Убукеев сыяктуу кинорежиссерлор казак киночулары менен тыгыз иштешип, казак тасмаларынын көбүн тартышкан. Алардын актерлеру биздин, биздин актерлор алардын тасмаларына тартылып, кызматташуу жакшы болчу. Ошол салтты улантуу ниетинде Сергей Азимов «Келин» тасмасын «Казакфильмге» директор болуп турганда эле баштаган. Эки өлкөнүн продукциясы болуп жаткандан кийин эреже боюнча тасма чыгымынын 30 пайызын кыргыз тарап чыгарышыбыз керек эле. Кыргыз бизнесмендерине, байларына кайрылсам да каражат чыкпады. Акча жок, тартпайм деп баш тартуудан да намыстандым. Каражаттын баары казак тараптан чыгып жаткандыктан өзүмдү ыңгайсыз сезип, сценарийди толук бышырып чыктым. Анан тасманы тартууну сценарийди кошо жазышкан казак сценаристи Эрмек Турсуновго өткөрүп бердим. Тасмага Мурат Алиев оператор болду. Өзүм да тасманы тартууда көп жагынан жардам кылып, аягына чейин аралашып жүрдүм.

«Тил билбегениме уялам»

Негизи менин тасмаларымда немец, француз, япон улутундагы адамдар катышышкан. Мага бүгүнкү күндө кино тартууга жардам берген адамдар бар. Жаңы проектер башка элдер менен болгон жолду ачат, маданиятты жакындатат, бирге иштешүүгө жардам берет. Мен чынында кыргыз, орус тилинен башка тил билбейм. Бирок, кино тилин билген адам көп тилди билген менен барабар болот экен. Муну өзүмдөн улам айтып жатам. Менин алгачкы «Селкинчек» тасмам чет өлкөгө чыгып калып, ошондон тарта инвесторлор пайда боло баштаган. Кино тармагында тил билбесең да тарткан, тартчу тасмаң кызыктуу болсо чет өлкөлүктөр котормочуларды да, башкасын да табышат. Турмушта убактымдын көбү чет өлкөлөрдө өтөт. Кээде тил билбегениме уялам. Бирок, мендей тил билбей, ошентсе да чет өлкөлөрдө өзгөчө адамдай жүрө бергендер да болуш керек го.

«Свет аке» жан дүйнө жарыгы»

«Свет» сөзү орус тилинен кирген сөзгө карабай, кыргыздын каны-жанына сиңип, жарыктыкты, жакшылыкты туюндуруучу сөз катары колдонулуп келет. Адыр-адырда, тоо койнунда жашаган кыргыздын жан дүйнөсү да ушул жарык берүүчү «светтей», шам чырактай таза болгондугу талашсыз. Ал эми «Аке» деп улуу же бейтааныш адамды келиндер тергешет. Бул болсо кыргызда улууга болгон сый-урматтын бир үлгүсү. Тасмадагы окуялар өтө курч сюжеттүү болбогону менен кадимки элет жергесиндеги күнүмдүк жай турмушту, анын кыйынчылыктарын, өзгөчөлүктөрүн көрарманга жеткирүү аракети көрүлгөн. Бир карасаң жөнөкөй көрүнгөнү менен ошол жөнөкөй кадрда канчалаган үмүт, тилек камтылып, жакшылыкка, жакшы жашоого умтулуунун кени катылган өңдүү туюлат. Фильмде бардык үйгө жарык алып келүүчү, түйшүгү түмөн, бирок кызыктуу кесиптин ээси жөнүндө сөз болот.

«Жыл өткөн сайын биздин кино артка кетип баратат»

— Өкмөт жылдан жылга кино тармагына көбүрөөк каражат бөлүп жатат. Бирок, жыл өткөн сайын биздин кино артка кетип баратат. Азыр киночулардын стратегиялык көз карашы жок болуп, мен кыйынмын дегендер эле алып-жулуп кино тартып жатышат. Биздин убагыбызда эки жылда болсо да бир тасма тартылып, анын техникалык, көркөмдүк сапаты жогорку деңгээлде болчу. Азыр «Кыргызфильм» эле эмес, кино чөйрөсү «кормушка» болуп калды. Таң калганым, кино тармагына бөлүнгөн каражаттын каякка жумшалып жатканын өкмөттөн бирөө да келип текшербейт. Мунун баарын азыр ийне-жибине чейин айткым келбейт. Буга чейин режиссерлор маалымат булактары аркылуу жакшы эле айтышты. Минтип отурсак, кинобуз качан өнүгөт билбейм.

“Кереге.kg” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 03.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий