Сабира Күмүшалиева — Кыргыз театрынын Умай энеси

Бүгүн кыргыз маданиятынын өзүнчө бир доорун басып өткөн сахна чебери, кыргыз театрынын «Умай энеси» Сабира Күмүшалиева апа туурасында кеп кылууну туура көрдүк. Сабира апа 75 жылдык театрдагы, кинодогу үзүрлүү эмгегинин арты менен элдин эсинен кеткис кайталангыс образдарды түзүп кете алды. Анын кыргыз искусствосуна кошкон салымы ат көтөргүс экендигин айтпасак да белгилүү. Өзүнүн ички жан дүйнөсүнөн оргуштап чыккан талантынын арты менен Сабира апа далай чыгармалардагы кейипкерлердин образын жеткилең аткарып, элдин сыйына ээ боло алды. Ал кинодо эле эмес, жөнөкөй турмушта да мээримдүү, кайраттуу, сабырдуу эне болгон. Болбосо, бирдей эки уулунан ажыроо, алардын азабын тартуу ар бир эне үчүн азаптын азабы болсо керек. Бирок Сабира апа өзүнүн жан дүйнөсүнүн тереңиндеги жанына тынчтык бербей, көз жашын агызган кайгысын жан адамга билгизчү эмес дешет… Бекеринен Сабира апа «Кыргыз Эл баатыры» наамынын ээси болбосо керек.

Талант туурасында…
Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта Төкөлдөш айылында туулган. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин, Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн соң, 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген. Ушундан кийин Сабира Күмүшалиеванын өнөрү өркүндөп, актрисалык чеберчилиги артып, театрга болгон кызыгуусу күч алып бүтүндөй жан дүйнөсү менен искусствого сүңгүп кирип, өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, элдин эсинен кеткис не бир сонун спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жаратып, өзүнө түбөлүк урагыс эстелик тургуза алды. Ал өзүнүн өмүрүнүн акырына чейин кыргыз искусствосунун өсүп-өркүндөшүнө салым кошуп, не бир кайталангыс образдарды жаратып кетти. Бирок адам өмүрү чектелүү экен. «Дүйнөгө устун болгон адам жок» — деп элибиз айткандай, 2007-жылы 14-сентябрда ач ажал Сабира Күмүшалиеваны биздин арабыздан алып кетти. Эң негизгиси Сабира апа бул жалган жашоодо татыктуу, таза өмүр сүрүп, артында ат көтөргүс эмгек, эл арасында жакшы пикир калтырып кете алды. Адамдын жашоодогу максатынын маңызы ушул эмеспи. Мындан артык байлыктын, атактын, даңктын кереги барбы?..

Сыйлыктары…
Сабира апа эпизоддук ролдордун мыкты чебери болгондугун замандаштары көп кеп кылышат. Ал кичинекей эле эпизоддон чоң роль жаратып койчу экен. Муну айтылуу режиссер Болот Шамшиевдин «Ак кеме» тасмасындагы Керез аттуу кемпирдин ролун аткаруудагы чеберчилигинен улам билсек болот. Ал аталган тасмада тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, образын түзгөн. Бул тасма 1976-жылы тартылып, IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болуп, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Сабира Күмүшалиева 1934-жылы Кыргыз драма театрга кабыл алынып, алгачкы жолу Касымаалы Жантөшевдин «Карачач» пьесасында башкы каарман Карачачтын ролун ойногон. 1957-жылы театр искусство жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн Сабира Күмүшалиева «СССРдин эмгек сиңирген артисти» андан кийин «Кыргыз Эл артисти» наамын алган. Ал «Даңк» медалынын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык жана Казак Республикасынын «Алтын Көпүрө», Төлөгөн Айбергенов жана Ленин комсомол сыйлыктарынын лауреаты, эгемендүүлүк жылдарында «Кыргыз Эл Баатыры» наамынын ээси болгон. Ал ар бир алган сыйлыгына татыктуу болгон. Анткени анын таланты баалангыс эле…

Тасмалар…
Сабира Күмүшалиева театрдабы, кинотасмадабы, ар кыл мүнөздөгү образдарды кайталангыс деңгээлде жараткан. Казак боордоштордун «Адам-бугу», «Боордошум», «Уул тууган», «Согуш учурундагы балдар» ж.б. тасмаларында да ролдорду мыкты ойноп, эки элдин достугунда да данакер болгон болсо, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме», «Кызыл алма» «Эрте жаздагы турналар» ж.б. чыгармаларында кайталангыс образдарды түзүп кете алды. Мындан сырткары «Уркуя» тасмасында, «Курманжан датка» спектаклинде роль жаратып, элинин эсинде калды.

Театрга калтырган эмгеги…
Сабира апа 85 жашка чыгып, эл катары торколуу тоюн белгилейт. Ал киши жашоодо да, театрда да күтүүсүздөн эле бир нерселерди ойлоп таба койчу экен. Ошол кечеде да Сабира апа сахнага чыгып, апанын талантына таазим кылып келген элдин баарын бир сыйра сыдыра карап күтүүсүздөн «Бул жерде менин элим отурат, күйөрмандарым отурасыңар, силерге бир эркелеп алсам болобу?»-деп калат. Эл эмнени айтат деп сахнада турган Сабира апаны карап калышат. «Өзүмдөн жаш кесиптештерим, сиздин сөзүңүздү угат, сиз айтсаңыз»- дешип мени сахнага чыгарышты. «Муратбек Рыскулов сыяктуу залкар адамдар иштеген театрдын атынан, театрдын жамаатынын, өзүмдүн атымдан, ушул кыргыз драма театрына «улуттук» деген наам ыйгарып берүүңүздөрдү сурансам болобу, менимче «улуттук» деген атка татыктуу эле болсок керек «-деп суранганда, элдин баары туруп кол чаап жиберишкен экен. Залда ошол кездеги бийликтин өкүлдөрү Апас Жумагулов, Күлипа Кондучалова ж.б. дагы бир топ адамдар отурган экен. Ошондон 10 күн өткөндөн кийин Аскар Акаев «Кыргыз драма театрына «улуттук» деген статус берилсин» деген буйрукка кол коюп берген экен.

Жакшы көргөн майрамы…
Эң сүйүктүү майрамы — 8-март эл аралык аялдардын майрамы болгон. Негизи эле Сабира апа үчүн март айы майрамдардын айы болгон дешет жакындары. Себеби ал жазды, гүлдөрдү аябай жакшы көрчү экен. Үйүндө кышы-жайы дебей дайыма жыпар жыты аңкыган жаңы гүлдөр турчу дешет көргөндөр.

Апанын чыдамсыздык менен күткөн майрамдары: 1-март — жаздын келиши, 8-март — Аялдардын эл аралык күнү, 19-март — өзүнүн туулган күнү, 21-март — Нооруз, 27-март — Театр күнү. Мына ушул даталуу күндөрдү Сабира апа чыдамсыздык менен күтүп, жаздын узак болушун самачу экен.

Өмүрлүк жолдоштору…
Сабира апанын биринчи жолдошу жазуучу Күмүшалиев болгон. Ал киши согушка кетип, ошону менен көп жыл дайынсыз болуп кетет. Ошол убакта Сабира апа белгилүү актер Муратбек Рыскуловго жолугуп, Кудайдын буйругу менен экөө баш кошот. Кийин бир канча убакыт өткөндө биринчи жолдошу Күмүшалиев аман-эсен согуштан кайтып келет. Сабира апа биринчи жолдошу менен жолугуп, бирок ортолорунда эмне сөз болгонун экөөнөн башка киши билген эмес. Муратбек атанын: «Ал кишиде күнөө жок, ошон үчүн Күмүшалиева бойдон кала бер»-деген сөзүнөн кийин Сабира апа биринчи жолдошунун фамилиясында Күмүшалиева бойдон калган экен. Бул жерден Муратбек атанын айкөлдүгүн, түшүнүктүүлүгүн да баса белгилегим келет.

Экинчи жолдошу Муратбек Рыскулов далай тасмалардагы кейипкерлердин образын мыкты аткарган чыгаан, тубаса актер болгон. «Эки корифей бирин-бири урматтап, сыйлап, барктап, колдоп турушчу. Муратбек агайдын сырдуу касиети — терс каарманды жаратып жатканда да, анын адамдык жан дүйнөсүнүн жакшы жагын да жарата билчү. Анын Ата Журт үчүн болгон сый-урматы, сүйүүсү өзгөчө эле. Жерин, элин эч нерсеге теңечү эмес», — дешет жакындары. Анан да үй-бүлөгө камкор, күйүмдүү жолдош, мээримдүү ата болгон деп Сабира апа да өз эскерүүлөрүндө кеп кылып калган. Муратбек атанын адамдын талантын, эмгегин сыйлай, баалай билгендигин мындан билиңиз, «Бечара Сакиш, мен деп жүрүп, менин көлөкөмдө калдың го…» — деп кейигени азырга чейин эл арасында айтылып келет.

Жөнөкөй жашоодо…
«Апам ооруп үйдө отуруп калганда да сымбатынан жазбай, кийимди тандап кийип, бутунан такалуу туфлисин түшүрбөй койкойуп гана отурчу. Кара, кичинекей сумкасы дайым жанында, ичинде сандыктын ачкычы, француз атыры, бет аарчы, анан 100 сом акча дайым болор эле. Ал киши өзү кичинекей болсо дагы, үнү ушунчалык өктөм, катуу чыкчу. Үйдө отуруп алып бизге буйрук менен сүйлөчү. Анын ар бир айткан сөзү биз үчүн закон эле. Урушчу эмес, кыйкырчу эмес. Үйгө «бата алабыз» деп тааныган, тааныбагандар деле келе берчү. «Өзү ооруп атса»-деп биз келген кишилер менен сүйлөшүп жатканыбызды угуп, «Киргизгиле, мен элдик кишимин» — деп буйрук бере сүйлөчү. Дагы бир баса белгилей кете турган нерсе, апам эч качан өзүн атамдан өйдө койчу эмес. Ал өмүрүнүн акырына чейин атамды биринчи орунга коюп келди» — дейт кызы Нуржамал өз эскерүүлөрүндө.

Акыркы кол тамгасы…
Сабира апа ооруп, карылыкка моюн сунуп үйдө отуруп калган кезде ал кишиден бата, кол тамга алганы же жөн эле ал-абалын суроо үчүн барган элдин аягы тынчу эмес экен. Ошондой күндөрдүн биринде Сабира ападан бир журналист кол тамга сураганда көп жаза албайм деп кызы Нуржамалга «Кагылайын кыргыз элим, мен силер менен! Аман-эсен болгула!» — деп жаздырып, аягына Сабира апаңар деп кол койгон экен. Ошондон көп өтпөй эле 2007-жылы 14-сентябрда 92 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Көрсө, чыгаан талант ошондо эле эли менен коштошуп койгон тура…

Даярдаган Жаркынай Кадыркулова, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий