Кош жылдыз

Кыргыз искусствосуна үлкөн салым кошкон, театрдын корифейлери аталган кош жылдыздар КР эл артисттери Сатыбалды Далбаев менен Мираида Далбаеваны тааныбагандар аз болсо керек. Учурда Сатыбалды агай пенсияга чыкса да сахнада роль жаратып келет. Мираида эже үйүндө ардактуу эс алууда. Неберелеринин ырахатына бөлөнүп, балдарынын камкордугуна кубанып отурган кези. Кош жылдыз менен сүйлөшүү үчүн алардын үйүнөн жолуктук. Үйлөрү заманбап жасалгаланган. «Сыр идиштин сыры кетсе да сыны кетпейт» демекчи, Мираида эже бир кезде сахнада кандай сулуу болсо, азыр да ошол келбетинен жазбаптыр. Албетте кош жылдыздын басып өткөн өмүрүн гезит бетине батыруу мүмкүн эмес. Биздин маегибиз узакка созулду. Сүйлөшкөн сөздөрүбүздүн өзөктүү жагын гана жазууга туура келди.

Сатыбалды Далбаев: «Медик болмокмун»
— 1952- жылы Жалал-Абаддагы интернатты аяктап, Фрунзеге мединститутка тапшырам деп келгем. Ошогезде Москвадагы Луначарский атындагы жогорку театралдык институтка конкурс жарыяланып атыптыр. Мектепте окуп жүргөндө анча-мынча театралдаштырылган иш-чараларга катышып калчумун. Жанымдагы классташтарым биз мединститутта окуйлу, сенин анча-мынча чымының бар, Москвага барып оку деп калышты.Сынакка катышкандар абдан көп экен, арасынан жыйырма эки бала тандалып, Москвага окууга жөнөп кеттик. 1952-1957-жылдары окууну аяктап келгенде бизди жаштар керек деп кыргыз драма театрына алып калышты. 1957-жылы «Курманбек» спектаклине даярданып атсак залга бир сулуу кыз кирип, артисттер менен сүйлөшүп калды. Ал эшиктен кирери менен көзүм түштү. Көрсө, ошол сулуу кыз Мираида экен. Ошол жылдары чыккан «Менин жаңылыштыгым» деген тасмадагы Гүлжандын образын жаратыптыр. Экөөбүз театрдан таанышып, алты-жети ай сүйлөшүп жүрүп, 1958-жылы 5-январда үйлөнүп, 20-январда үйлөнүү үлпөтүбүз болду. Ошондон бери Мираида экөөбүздүн түтүн булатып жашап келатканыбызга 53 жыл толуп, Айгүл, Айнура, Айбек деген үч балалуу болдук. Төрт неберебиз бар. Экөө Лондондо, экөө быякта.

Ар бир адамдын бешенесине жазылган тагдыры болот. 1957-жылдан бери театрда иштеп келатам, эмгегиме жараша бардык сыйлыктарды алдым.

Чыгармачылыгымда жетпей калган роль болгон жок. Жүздөн ашуун роль ойноп, жыйырма жылга жакын Лениндин образын жараттым. Азыр да теңтуштарым мени кээде Владимир Ильич деп коюшат. Эгер мединститутка өтүп калсам менден жакшы дарыгер чыгат беле, чыкпайт беле белгисиз. Жаш чагыбызда Мира экөөбүз эки-үч айлап гастролдоп, балдарыбызды кайната-кайненелерибизге таштап кетчүбүз. Биздин жолубузду улап театрга аралашып, чыгармачылыкка оогон балдарыбыз болгон жок.

Тагдырга ыраазылык
Мираиданы сулуу деп айткандар көп болду. Ашыралы Айталиев бир жолу мага «Ай, Сатыбалды, биздин эң сулуу кызыбызды алып кетип дердейип басып жүрөсүңбү» деп жакшы атак менен келатасыңар дегендей айтып күлгөнү бар. Убагында Мира экөөбүз күн-түн дебей иштедик. Азыр пенсияга чыксам да театрды таштабай келем. Кыргызстан боюнча театрда иштеген улуу артист мен эле калдым окшойт.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылындагы мен окуган мектепке 2000-жылы менин атымды беришкен. Азыр ал мектепте 700гө жакын окуучу окуйт. Султан Урманаев ӨКМ министри болуп турганда менин атыман коюлган мектепти курууга жардам сурасам, ал Азия Өнүктүрүү банкынын жардамы менен эки кабаттуу мектеп салдырып берди. Ал мектеп аяктаганда беш компьютер, он комуз, бир аккордеон, бир жарым миң китеп, волейбол, баскетбол, футбол топторун торлору менен, жыйырма улан-кызга улуттук костюм сатып алпардык. Жакшы окугандарга стипендия берип турдук. Ошол кездеги министр Султан Урманаевге үй-бүлөбүздүн, жаңы мектепке жеткен жердештерибиздин атынан чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ал мектеп мурда Кызыл Октябрь аталып, эскилиги жетип калган эле. Ушундай жашоомо балдарымдын ыймандуу өскөнүнө Кудайга миң мертебе ыраазымын.

Мираида Далбаева: «Кино болбосо мен да медик болмокмун»
— Менин чыгармачылык жолум өтө таланттуу, залкар адамдар менен кезиккенден башталды. Алар М.Рыскулов, Ш.Түмөнбаев, С.Жаманов, Л.Малдыбаева, Н.Чокубаев, Н.Кытаев, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүкова, С.Балкыбекова, А.Көбөгөнов. Тагдырыма түздөн түз таасир эткен өзүмдүн атам Өскөнбай Манапбаев жана Кыргызстандын эң биринчи маданият министри Абдыкайыр Казакбаевди эскербей койсом болбойт. 1956-жылы медучилищада окуп жүрсөм кино тартабыз деп биртоп кишилер ошол жердеги студенттерди сүрөткө тартып кетишет. Топ кыздардын ичинен мени жактырышып, баш каарман Гүлжан деген кыздын ролуна бекитишет. Бир күнү сабакта отурсам директорго чакырып калышты. Барсам кабинетте көп кишилер бар экен. Директор мага карап, «сени киного тартышат экен, эмне дейсиң?» деди. «Билбейм, ата-энем эмне дейт болду экен?» дедим. Эртеси үйгө кино тарта турган аттуу-баштуу адамдар атама келип, кызыңызды киного тартабыз, уруксат бериңиз дешти. Ата-энем абдан каршы болуп, биздин Мира келечекте врач болот деп макул болушпады. Анын эртеси режиссер А.Алымбаев келип, ата-энем менен мени маданият министрине ээрчитип барды. Атам абдан боорукер, ак көңүл адам эле. Кан күйгөн согуштан бир бутунан ажырап келген. Эки балдагын таянып министрдин кабинетине кирсе, аны жылдызы жүзүнөн чачырап турган адам эки балдак таянып тосуп чыкты. Абдыкайыр Казакбаев да согушка барып бир бутунан ажырап келген экен. Экөө тең балдакчан, бирөө министр, бирөө менин атам. Бирин-бири карап туруп калышты. Жымжырттыкты биринчи Абдыкайыр агай бузуп, «каерден?» деп сурады, атам «Харьковдон…» деп жооп берди. Экөөнүн көздөрү жашылданып, катуу кучакташып көпкө турушту. Ошондо кан майданда бирден мүчөсүнөн ажырап, бирок аман-эсен кайтып келишкен эки согуштун каарманын көрдүм. Абдыкайыр агай чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып көзүн аарчып, атамдын колун биртопко кармап, отургула деп өзү ордуна барып отуруп, күлүп-жайнап сөз баштады: «Кыргызстанда биринчи жолу көркөм тасма тартылганы жатат. Силердин кызыңар ылайык болуптур», десе эле атам «окуусу үзүлүп калат, экзамен жакындап калды, жөн эле койгула, кызыбыз врач болот» деди. Анда министр: «Москвадан режиссер, операторлор келиптир, ишти башташ керек. Антпеңиз, кызыңыз аман-эсен келет, окуусуна кат жазып берели, экзаменге кечиксе жардам беребиз» деп көпкө чейин сүйлөшүп, арасында тамашалап отуруп акыры атамды көндүрдү. Алымкул Алымбаевге кат жаздырып, өзү кол коюп бизди узатты. Азыр өзүм биртоп жашка келип калсам да ошол окуяны көп эстейм. Жаштык менен ошол кезде балким анча байкаган эместирмин. Бирок азыр эстесем, көзүмө жаш тегеренет. Ушундай эстүү, адамкерчиликтери жогору, жүрөктү жүрөк тыңшай билген адамдардан үлгү алганым мен үчүн чоң бакыт.

Атанын арманы
Атам Өскөнбай Манапбаев абдан билимдүү киши эле. Кыргызстандын бардык аймагында жооптуу кызматтарда иштеди. Кызыл-Кыя шаарынын мамлекеттик соода ишканасына директор болуп иштеп жүргөндө, 1939-жылы мен төрөлүптүрмүн. Ошол кезде шахтанын директору Кудрявцев деген атамдын досу кызыңдын атын мен коеюн дептир. Агезде Европада жаңыдан согуш башталып, пусть во всем мире будет мир деп атымды Мира болсун десе атам орусча болуп калбасын деп Мираида деп коюшуптур. Ошентип атам түштүктө иштеп жүргөндө согуш башталып, апам балдарды алып Фрунзеге келет, атам согушка аттанат. 1943-жылы атам бир бутунан ажырап согуштан кайтып келди. Кан майдандан бир буту жок, жүдөп келгенде бул сенин атаң деп айтса, мен жок, бул менин атам эмес деп айтыптырмын. Менин атам мындай эмес деп ойлосом керек. Эмнеге ошентип айттым экен деп ошол сөзүм үчүн азыр да өзүмдү кечирбей келем. Атамды апам багып, ал тез эле тыңып, кайра эле баягы Ош тарапка кызматына жөнөйт. Атам өмүрү өткүчө жооптуу кызматтарда иштеп жүрүп, акыры борбор шаарга которулуп, пенсияга чыкты. Мен мектепти аяктагандан кийин адегенде медучилищага оку, андан кийин мединститутка тапшырасың, сенден жакшы врач чыгат деп ушунчалык кыялданган. Бирок мен медучилищада окуп жүргөндө киного тартылып тагдырым башка нукка түштү.

Мен бактылуу аялмын!
Театрдан Сатыбалды менен таанышып, баш коштук. Сатыбалды экөөбүз баш кошкондо ал кичинекей батирде турат экен. Эки-үч айдан кийин Москвага декадага кетип калдык. Биз Москвадан келгенче атам досторуна сүйлөшүп эки бөлмөлүү квартира алып, апам болсо ичин жасалгалап, үй тиричилигине керектүү бардык буюмдарды даярдап коюшуптур. Ошондон баштап биздин турмушубуз өрдөп, экөөбүз күнү-түнү иштедик, балдарды бактык. Балдарды тарбиялаганга апамдын эмгеги чоң. Сатыбалды Лениндин ролун ойноду деп беш бөлмөлүү квартира беришти. Убакыт өтүп балдар чоңоюп, өз алдынча кетишти. Кийин балдарыбыз бизнеске аралашып бизге чоң үй салып беришти. Пенсияга чыккандан кийин театрдан эрте кетип калдым. Мени эл сахнадан кандай көрсө, ошол элесте калайын дедим. Чыгармачылык жолумда армансыз роль ойнодум, кийимдин түрүн кийдим. Пенсияга чыккандан кийин сахнаны сагынып кыйналам го дегем. Балдарым ошол учурда Англияга, Голландияга, Францияга саякатка алып кетишти. Чет элдик театрлардын кереметин көрүп, алаксып, театрдан кеткенимди сезбей калдым. Балдарым бизди чет өлкөгө көп эс алдырышат. Кышкысын Индияда деңиздин жээгине эс алсак, жайкысын көлдө армансыз эс алабыз. Азыркы тилегим, балдарым аман болсо экен деп ойлоп калдым. Балдарыма өтө ыраазымын. Алар бизди абдан жакшы багып, карап атышат. Турмушумда Сатыбалдыдай өмүрлүк жолдошко жолукканыма ыраазымын. Мен бактылуу аялмын!

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий