Көжө

Аны кышкыдан калган согумдун этинен, сүрсүгөн эттен казанга салып, түркүн тамактарды, анан буудайды өндүрүп алып, аны да кошуп жасайт. Эмне болсо ошонун баарын кошо берет. Аны Ноорузда жасайт.

Үмүт Эржанова, Түп району, Түп айылы,
“Салттык билим” сайтынан алынды

* * *
Көжөнү буудай түктөп алып жасачу, эски эттен салып, аны эзилте бышырып, азыр күрүч салып ийип жасап атпайбы. Буудайды түктөйт дегени, буудайды жылуу сууга аралаштырып алып, сокуга салып күйшөсө, кебектери чыгып кетет, анан кайра күйшөсө ак түк ун болуп чыгат. Ошентип жасачу, андан башкасын билбейт экенмин.

Салима Балбакова, Түп айылы,
“Эл билими” сайтынан алынды

Наурыз көже

Ұлыстың ұлы күні жасалатын қасиетті ас. Оған тары, арпа, бидай, бұршақ, күріш сияқты жеті түрлі дән мен ақ қосылады. Түркі халықтарының ұғымында жеті саны қасиетті саналғандықтан, наурыз көжеге жеті түрлі дәм қосылады. Оған қоса, ол — тоқшылық пен ырыс құттың жоралғысы. Төменде наурыз көженің даярлану үлгісін ұсынып отырмыз.

Құрамы: 1 келі ет
Қазы, қарта
100 грамм бидай
100 грамм күріш
100 грамм жарма (перловка)
100 грамм тары
Тұз
3 литр су
1 литр айран

Қазанға су құйып, ет, қазы-қартаны салып, қайнатыңыз. Алғаш қайнағанда сорпаның көбігін алуды ұмытпаңыз. 1,5-2 сағаттай қайнатып, етті сүзіп алыңыз. Енді дәндерді жақсылап жуып, бірінші бидайды салып, 5 минут қайнатыңыз. Екінші жарманы және күрішті салып,. 5 минут қайнаған соң, тарыны салыңыз. Талғамыңызға қарай тұздаңыз. Дәндер пісіп болды-ау дегенде оттан түсіріп, салқын жерге қойыңыз. Қазаннан түсірілген еттерді ұсақтап турап, барлығын сорпаға айранмен қосып араластырыңыз.

BAQ.KZ, kazakzaman.kz

* * *
Элибизде, көжөну, “чон көжө” деп да атап келишет. Аны жасоодо: күрүч, нокот, өндүрүлгөн арпа, буудай, жүгөрү, акталган таруу, сүр эт, сары май керектелип, ж.б дан азыктарын дагы даамына жараша кошсо болот.

Чоң казанга бөксөрөөк суу куюп алып, алгач кышкы согумдан калган сүрсүгөн этти салып, кайнатат. Андан сон, буга чейин өндүрүлүп, даярдалган буудайды салат. Ирээтүүлүк менен улам бирден даамды салып отуруп, көпкө кайнатып, пияз, сарымсак жана тоонун татымал чөптөрүнөн кошуп бышырат. Көжөну жалгыз эле бир адам жасабайт. Илгертен, чон апаларыбыз, женелерибиз, эжелерибиз көжөнү биргеликте, жаздын келиши менен элге-жерге жакшылык, тынчтык, токчулук тилеп, чын дилден жасашкан. Чоң көжө ар түркүн азык кошулгандыктан даамдуу болуп, ден соолукка дагы пайдалуу деп айтылат.

http://www.sanjyrafm.kg

 

АРПА – АМАНЧЫЛЫК ДАНЫ
Кыргыздар сүмөлөк менен катар Жыл ажыратыш күнүнө карата арпа, буудай же жүгөрү өндүрүп, сокуга түктөп кабыгынан арылтып, акталган данынан чоң көжө жасашчу. Ал табияттын өлбөстүгүн айкындоочу, дүйнөнүн, жашоо-турмуштун гүлдөп-өнүгүшүнүн даамы катары бааланган. Аталган дандардын ичинен өзгөчө арпага басым жасап, баалашкан.

Айрым бир уламыштарга караганда, бир улукман арпа өскөн эгин талаасынын жанынан өтүп баратып арпага коё берилген суу жолго чейин агып жатканын байкайт. Ошондо: «Арпа – аманчылык даны, анын чөбү – жакшы чөп. Арпаны аралап өткөн же андан чыккан суу чарчоону басып, ашказан ооруларын айыктырат. Бул суудан ким ичсе, жаңы жылдын арпа бышыгына чейин ар кандай оорулардан сакталган болот»,- деп айткан экен. Ал эми Мухаммед пайгамбар (С.А.В): «Арпа уну – таңсык даам. Денеңизден кубат кеткен убакта арпа нанын көбүрөөк жеш керек»,- деген.

Нооруз көжөсү акталган арпадан (перловка), кээде акталган буудайдан да жасалат.

ЧОҢ КӨЖӨ
Элибизде «жети санында сыйкырдуу күч бар» деген ишеним бар. Анын сыңарындай, чоң көжө да 7 даамдан жасалуусу кажет. Азыркы убакта көжөгө сабиз, болгар калемпири, картошка, ашкөк жана башкаларды кошушат. Ал эми илгери чоң көжө май, эт, акталган арпа (же буудай), суу, туз, сүзмө жана көктөрдөн жасалчу. Чоң көжөнү айыл аксакалдары үймө-үй кыдырып ичип, ал үйгө ак дилинен баталарын беришкен.

ЖЫЛ АЖЫРАТЫШ КӨЖӨ

kojo

Керектелүүчү азыктар (бир порцияга):
1. Акталган арпа (перловка) же буудай – 50 грамм
2. Эт – 200 грамм
3. Суу – 1 литр
4. Пияз, сабиз – 1 даанадан
5. Май (өсүмдүк майы)60 грамм
6. Туз
7. Сүзмө (айран же эзилген курут)

kojo1

Жасалышы:
1. Алгач акталган арпаны же буудайды өзүнчө бир идишке эртелеп жылуу сууга чылап коюу керек (көөп чыккыча).
2. Акталган майга этти, пиязды, сабизди, тузду салып кууруп алабыз.
3. Үстүнө суу куюлуп, кайнатылат.
4. Акталган арпа салынып, бышканча жай отто кармалат.
5. Даяр болгон көжө чоң чыныларга куюлуп, сүзмө катыкталып дасторконго берилет.
Ушул эле тамакты куурубастан, азыктарды утурлай салып кайнатуу жолу менен да жасоого болот.

kojo3

Салтанат Мукасова, “Супер-инфо”, №489 16-март — 22-март, 2012-ж.

 

* * *
Чоң көжөгө күрүч, нокот, түктөлгөн арпа, буудай, жүгөрү, ун-талкан, ар түрдүү акшак, акталган таруу, маш, сүр эт, жаш эт, ич май, сары май сыяктуу азыктарды эски жылдын кагынчыгы катары чоң казанга бөксөрөөк суу куюп алып, элден мурда эт, анан улам бирден даам салып отуруп, көпкө кайнатып бышырат. Ага пияз, сарымсак, тоонун татымал чөбүнөн кошуп, калемпир себилет. Чоң көжө ар түркүн азык кошулгандыктан даамдуу болот.

“Азаттык”

Соц тармактар:

Добавить комментарий