Чыңгыз Айтматов. “Гезитчи Дзюйо”

(аңгеме)

— Жаңы гезит!… Гезит! Жаңылыктарды окуганга ашыккыла!..

Дзюйо эки чоң жолдун айрылышында туруп алып кый-кырып жатты.

Кээде япон баланын үнү көчөнүн ызы-чуусунан угулбай калат. Бул чоң порт шаарынын эл эң көп жүргөн көчөлөрүнөн болот. Көчөдөгү машиналардын түтүлдөгүнөн, бош-боштогон рикшалардын кыйкырыктарынан, полициялардын чурулдаган ышкырыгынан, тротуарда мен-менсине баскан америкалык жоокердин дабышьшан Дзюйонун үнү жутулуп кетет.

Оозун чоң ачканында жүзүнде ойной калган ичке бырыштар таң каларлыктай көрсөтүп, гезитчинин жалооруган көздөрүн, анын кыйкырганын эч ким этибарга албайт. Бир гана:

— Гезиттер!.. жаңылыктар!.. Өрт!..— дегени үзүл-кесил эшитилет. Бирок, Дзюйо жалыкчу эмес. Эртеден кечке дейре бурчка туруп алып, ары-бери тынбай өткөндөргө жол бошотуп, өпкөсү көпкүчө кыйкырып гезит сатат. Бир паста эле сумкасын таңгакталган жаңы гезиттерге толтуруп, кайдан-жайдан пайда болуп турат.

Шаарга уурданып түн кирип, караңгылык өкүм сүрө баштады. Кызыл-тазыл дүкөндөрдүн көрүнүштөрү электр жарыгына азгырылып, булуңдан нымданган жагымдуу жел согуп турган кездеги күүгүм кечте Дзюйо шаардын чет жакасын көздей алыска бара жатты.

Бели сыздап чыкты, сенейген жылаңайлак буттары тыныгууну самады. Алсыз манжалары менен Дзюйо чөнтөгүндөгү бир нече майда тыйындарды кармалап көрдү. Эртең апасы базардан аларга дайымкыдай эле тоё тамактанууга жете бербеген азыраак күрүч менен сабиз сатып алат.

Кайра эле таң эртеден адатынча күндөгү жеринде кыйкырмай:

— Гезит! Гезит!.. Бурчта гезитчен сороюп турган бала шаардыктарга көнүмүш көрүнүш. Чачтары үксөйүп, жамачылуу кийимчен илмийген арык кара тору Дзюйого ары-бери өткөндөр көңүл деле буруп коюшпайт. Айрымдар тыйындарын шак сунушуп, гезитти колдоруна алаары менен көз жүгүртө коюшат. Адамдар дайыма кайдадыр шашылышып, дайыма ар нерсеге алек. Ар ким өз тирилиги менен. Ооба, ага эле ким кызыктар? Минтип гезит сатып, бут кийимдерди тазалап, чуркап кызмат кылышып, базардагы таштандыларды аңтарып-теңтеришип жүрүшкөн япон балдары азбы.

Дзюйо ар нерсеге кызыктар, сезимтал эле. Ал өзүн ушул жерде, көчедө туулуп-өскөндөй туйчу. Адамдарды так ажыратып, биле алат. Мына жумушсуз адам келатат. Ал тап-такыр максатсыз каңгып жүрөт. Жүзүнөн көпке дейре жумуш издөөдөн чарчап-чаалыгып көңүл чөгүүнүн залдары баамдалат. Мындай жумушсуздар көп. Алар гезит алганда шак эле кулактандырууларга көз жүгүртүшөт. Ан-дан соң шарт-шарт бүктөй чөнтөгүнө салышат да андан ары каңгып кетишет.

Дзюйонун апасы да жумушсуз. Ал фабрикада иштөөчү. Ал фабриканы америкалыктар согуш куралдарын чыгаруучу кылып кайра жабдышкан да көптөгөн жумушчулар көчөгө сурүлүп калышкан.

Мына үстү-башы көмүрдөн капкара болгон жүктөөчү өтүп баратат. Теңселип, мас матрос келатат. А коляскада жаркыраган жибек кимоночон дөөлөттүү, чачы «көп кабат үйлөрдөй» төрө айымды рикшачы тартып баратат.

— Ох!..Арам шүмшүк! Карасаң, бети башын ботола кылып… Аны байкуш рикшачы сүйрөп алган. Ал болсо эч нерседен бейкапар чалкалап гана отуруп барат…— Ушуларды ойлоп Дзюйо асфальтка түкүрүнүп, өзөгү үзө тартканынан курсагы ачканын сезди. «Тамак ичсем го… Бирок акча жок да. Чыдайын»,— деп өзүн жооткотот.

Америкалык келатат. Дзюйо аларды абдан жек көрөт! Дзюйо алардан бир нече жолу ыдык көргөн. Адатынча анын азыр да айкырык салышы этимал:

— Эмне турасың, мурду-көзүңдү кыйшайтып… Чык, жолду бошот. У, япондун шүмшүгү! Америкалыктар келатканын билип койгун, айбан!..

* * *

Дзюйо — көчө окуяларынын кичинекей күбөсү.

Бир жолу — бул кеч күздө болгон — таманынан өткөн сыздан буттарын алмак-салмак көтөрүп коюп, көк муштум боло үшүгөн Дзюйо күндөгү бурчунда турган.

Өйде-төмөн агылган элден кандайдыр бир толкундоону байкады. Эмнегедир дүрбөшүп шыбыр-күбүр болуп жүрүшөт. Топ-топ болушуп жумушчулар, аялдар, студенттер өтүп жатышты.

— Демонстрация экен!— деп баамдады Дзюйо. Бир нече убактан соң көчө кишилерге толуп чыкты. Дзюйо да элдин арасына куюлуп, алардын жүрүшүнө кошулуп кетти. Миң адам бир дем тарткандай туюлат. Жүздөрүнөн бирдиктүү чечкиндүүлүк, бирдиктүү нааразылык байкалат.

— Тынчтык! Тынчтык!..— деп кыйкырышат жапырт.

Жаркыраган кездемедеги плакаттарда: «Япон эли согушту каалабайт!», «Элге — эркиндик жана көз каранды эместик!».

Дзюйого көчө кайнап жаткан кырк кулактуу чоң казанга айлангандай сезилди.

Кайсы бир чечен терезенин кырына чыгып, бир колу менен андагы темир торду кармап, бир колунда шапкесин мыкчый жаңсагылап сүйлөп жатты.

— … Биздин эл-журтубуз америкалык империализмдин таманы астында калды. Саткын Иосид Америка Кошмо Штаттары менен сепаратисттик келишим түзүп жатат. Алар бизди жаңы дүйнөлүк согушка түртүшүүдө. Биздин аймакты согуштук базаларга пайдаланышып, элди өлүмгө даярдашууда. Өлкөбүз ансыз да кыйроо менен жумушсуздуктан мүңкүрөп турат… Мындай кан төгүлгөн согуштан бизди бекем тынчтык үчүн күрөшүбүз жана тынчтыкты сүйгөн совет эли менен биригүүбүз гана куткарып кала алат.

Атуулдар! Адамдар! Бардык ак ниет япондуктар! Беш улуу державанын Тынчтык Келишимине кол койгула!..— Чечендин уккулуктуу үнү алыска-алыска жаңырат.

— Туура! Чын айтат!— Дзюйо ушундай үндөрдү укту. — Коммунисттер дайыма ак иш үчүн, дайыма эл үчүн…

Калың топтун ар кайсы жеринде көпчүлүктөн колдор чогултулуп жатты. Жан-дүйнөсүндө эмне болуп жатканын Дзюйо өзү да билбеди. Жүрөгү алып учуп, оозу кургап чыкты… Ал кандайдыр бир бейтааныш, көңүлдү дүүлүктүргөн жапан кубанычтан өзүн араң токтотуп турду. Кыйкыргысы, ыйлагысы келди. Анын атасы менен агасы деген согушта курман болушкан да!

— Мен да, мен да тынчтыкты жактайм! Мен да кол коюуга тийишмин,— деп күбүрөй Дзюйо бардык күчү менен кысылып-кыстала кол чогултуп жаткан студентти карай жөнөдү.

— Сен али кичинесиң! Биртке чоңоё түш, анан колуңду коёсуң. Шашылба,— деди ага студент.

— Кандайча! Мен деген…— деп каршылык кылганынча көпчүлүк арылай жылып кетти.

— Муну кара! Бышыгын!— деп кимдир бирөө Дзюйону ийнинен таптады. Жанында жумушчу кийимчен көз айнекчен кары адам турду.

— Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес. Капа болбо,— деди ал, — америкалыктарды кууп чыксак, өзүбүздүн жерге өзүбүз ээ болобуз. А сен окуйсуңбу?

— Жок. Менин апам жумушсуз. Атам менен агам согуштан курман болушкан,— деп жооп берди Дзюйо. Анын көзүнөн жаш сызылып чыгып, жүзүнө акты.

— Ыйлаба, кой!— деп сооротту көз айнекчен адам. — Шүмшүк гана америкалыктар. Биз жеңебиз. Ыйлаба! Жумуш да, окуу да болот. Андан соң Дзюйону өзүнө тартып, кызуулана айтты:

— Бизге бакыт алып келүүчү Сталин, анын эли бар!.. Колду сен деле чогултсаң болот…

Көз айнекчен адам сезүн бүтүүгө үлгүрбей калды. Адамдардын көчкүсү кичинекей Дзюйону агызып кетип, экөө бөлүнүп калышты. Көпчүлүктүн арасында кысылып, тумчукса да элдин шарында баратканы ага кандай жакшы, кандай кубанычтуу.

— Сталин! Сталин!..— деп кайталады Дзюйо — Көрсө мен деле кол чогултсам болот турбайбы. Биз баарыбыз согушту каалабайбыз!.. Көз айнекчен кандай жакшы киши! Адамдар чогуу жүрүшкөндө кандай күчтүү!

— Полиция! Поли…ци…я…я!— деген үндөр чыкты туш-тарапган. —Америкалык солдаттар!..

Дзюйого көчө термелип, үйлөр мына-мына кулана тургандай көрүндү. Ал шашкалактап көздөрүн алайта жүк машиненин элдин эң калың катмарын кандайча жиреп бараткандыгын көрдү. Кыйкырыктар, онтоолор… Каршы-терши шилтеген полициянын таяктары көрүнөт. Солдаттар элди кармап, машинанын үстүнө ыргытышууда. А мына баягы студент. Кызыл-жаян болуп канга боёлгон. Ага карабай дале каршылашууда. Акыры аны машинеге ыргытып салышты.

— Биз баары бир жеңебиз! Биз көппүз!— деп кыйкырат ал. Дзюйо алдыга тырмышып чыкканда жүк машине кетип калган эле.

Дзюйо демейки бурчунда.

— Гезит,— дейт ага ары-бери өткөндөрдүн бири суз үн менен колун чөнтөгүнө сала.

— Алыңыз, мына гезит, а мында… эгер сиз тынчтыкты жактасаңыз буга кол коюңуз,— деп Дзюйо гезит менен кошо көп кол коюлган бир барак кагазды жая берет.

— Бул кагазга согушту каалабаган, өз элин сүйгөн адамдар өздөрүнүн колдорун коюшат,— деп Дзюйо аны таң кала караган адамга кагаз сунат. Тигил кол коюп, анан Дзюйонун колун бекем кысты. Күн бою ушул.

— Сиз балдарды сүйөсүз да, сиз алардын жетим калышын каалабайсыз да… Бомба жарылып, кан тагүлүүсүн ка-алабайсыз да… Буга кол коюңуз,— деп ал аялга кайрылат.

— Эгер сиз корейликтерди өлтүрбөшүн, америкалыктар биздин жерден кетишин кааласаңыз кол коюңуз,— дейт башкаларга.

Эми өтүп жаткандар Дзюйого мурдагыдай чоочун, сырт, тиешеси жок адамдар эмес эле. Алар балага жакын, мээримдүү, көздөрү жалжылдап жылуу көрүнүп жатты. Ар-ар кимдер Дзюйонун колун кысышат. Эми ал жалгыз эмес. Жумушчулар, мугалимдер, жаштар — анын достору көп болуп калды.

— Укчу, акмактанганды токтот! Сенин эмне кылып жүргенүңдү билбейт деп ойлойсуңбу я? Же менде иштегиң келбей калдыбы? Андай болсо эртең эле кубалап чыгамын,— деп коркутту Дзюйону бир күнү кожоюну. — Бокмурундардын саясатка аралашканы эле жетпей аткансып…

Дзюйо үн катпады. Бул аны коркута алган жок. Ал кожоюнун жекире тиктеди да кетип калды.

Жаңы жылдын алдында асман жума бою түнөрүп туруп алды. Кат-кат кара булуттарга тосулуп, күндүн көзү бир да мерте көрүнбөдү. Деңизде катуу шамал жүрдү. Муздак жаан жаайт. Күн нымданып, суук эле. Аба ырайы бүгүн түртөсүнөн өзгөрдү. Күн өзүнүн кыйгачынан кеткен алтын шоолаларын таптаза көмкөрүлгөн көгүлтүр асманга чачып турду… Таңкы жүргүнчүлөр. Мына, кимдир бирөө жолдун ой-чуңкурун карабастан чөөттөрдү текирең-таскак кечип, чуркап келатат… Бул Дзюйо! Анын колунда таңгакталган гезит. Бурчтан бери карай аны жумушчулар утурулап чыгышты.

— Токтогула! Токтогула!—деп кыйкырды Дзюйо. Ал күйүгүп сөздөрүн эптеп-септеп дүйлөдү. — Кубанычтуу кабар! туугандар, Кубаныч!… Бизге… Япон элине Сталин өзү… ал… Куттуктоо жибериптир! Окугула! Окугула! Гезит алгыла…

Андан ары эмне болгонун Дзюйо билбей калды. Аны токтотуп алып, өпкүлөп жатышты. Мынчалык эл кайдан чогулган! Анын көзүнө гезит, адамдар, Сталиндин сүрөтү андан-мындан алмак-салмак чалдыга калып жатты. Гезиттер колдон-колго өтөт. Адамдар Сталиндин Япон элине жаңы жылдык куттуктоосун ондогон жолу кайра-кайра окуп жатышты… Гезит сатуучу сүрөттөп айта албай турган кубанычты башынан өткөрүүдө. Жок, анын 14 жаштагы оор турмушунда али мындан ашык зор окуя, мындан ашык жарык күн болгон эмес.

— Премьер Сталин бизге эркиндик жана бакыт каалайт… Сталин бизге эркиндик жана бакыт каалайт! Сталин бизге жумушсуздуктан азаттыкка чыгууну каалайт…— деп туш-тараптан адамдардын толкунданган кыйкырыктары угулуп жатты.

— Сталин бизге тынчтык үчүн күрөштө ийгилик каалайт!

— Ишенгиле, боорукер адамдар, биз сөзсүз жеңип чыгабыз!

— Сталин бизге жеңиш каалайт!…

aitmatov2Ч.Айтматовдун башка чыгамалары

Соц тармактар:

Чыңгыз Айтматов. “Гезитчи Дзюйо”: 2 комментария

  • 27.05.2015 в 20:58
    Permalink

    Бул аңгемени алгач мен сканерлеп, уикикитептерге киргизген болчумун.
    Кыргыз маданияты үчүн жок дегенде кайсыл эмгекти кайсыл жерден алганыңарды да кошо жазсаңар бирөөнүн эмгегин сыйлап.

    Ответ
    • 03.06.2015 в 16:05
      Permalink

      Негизи биз дайым ушундай кылабыз — маалымат булактарын, же авторлорун сөзсүз көрсөткөнү аракет кылабыз.

      Эмне болуп мындай калпыстык кетип калганын азыр мага айтыш оор. 2011-жылы чыгарыптырмын. Азыр деле кеч эмес. Аты-жөнүңүздү айтып койсоңуздар.

      Бул сайттагы көп эле авторлордун чыгармаларын мен дагы өзүм терип чыктым эле. Бирок атымды көрсөтпөдүм. Анткени, чыгарманын автору, менимче, маанилүүрөк. Ал гана бул чыгарманы жараткан. Ал эми тараткандар көппүз. Мен болбосом башка бирөө кылат. Бул менин жеке пикирим.

      Ответ

Добавить комментарий