«Кишенден бошонгон рухтун ырлары»

Редакциядан: Газетабыздын активдүү авторлорунун бири акын Советбек Байгазиевдин окурмандардын арасында резонанс жараткан «Кишенден бошонгон рухтун ырлары» китебиндеги ырлар менен мындан мурда калайык-журтубузду бир нече ирет тааныштырганбыз. Бүгүн аталган поэтикалык китептин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп отурушу колдоого ала турган факт. Төмөндө филолог Кыял Тажиеванын макаласы жана «Кишенден бошонгон рухтун ырларына» республикалык басма сөз беттеринде буга чейин берилген баалар менен окурмандарыбызды тааныштырууну чечтик.

Бийиктен старт алган поэзия
Биз адамдар бул турмуштун узак жолдогу жолоочуларыбыз. Бирок, ошол жолоочуга жол көргөзүп, океанда сүзүп бараткан кемеге маяк берип, багытын аныктаган сыңары, бараткан багытыбыздын туура жолун көрсөтүп турчу рухий компас-С.Байгазиевдин «Кишенден бошонгон рухтун ырлары» десем жаңылышпас элем. Автор өзү айткандай, ал эмнени жазганында эмес, кеп анын кантип жазганында. Ооба, С.Байгазиев эч бир акынга окшошпогон өзүнө таандык стили бар. Сөз менен айта алгыс, сүрөт менен тарта алгыс адабият майданынын табылгасы болгон башкача стил.

С.Байгазиевдин «Кишенден бошонгон рухтун ырлары » аттуу ырлар жыйнагын окубаган окурманды бул жашоого келип, бир энчиден кур калган пенде сымал элестетем. Өкүнүчтүүсү, мындай энчиден куру калып жаткан пенделерибиз миңдеп, жүздөп саналат. Биздин мамлекет башы жок бака, көзү жок көгөндөй болуп,идеологиядан кур жалак калып, жол таппай темселеп турган учуру. Идеологияны дал ушул С.Байгазиевдин жүрөктөн атылып чыгып, окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларынан тапсак болот.

Бирөөлөрдүн оюн оңой кабылдаш,
Бирок аның өз дөөлөтүң боло албас.
Өз пикириң өзөгүңө тамырлаш,
Өзүңкүндөй кымбат нерсе табылбас.
Ич жагыңдан мотор сындуу айланып,
Өтө керек өз ой менен жалындаш,
Бөтөн ойду балдак кылып таянбай,
Өз күчүнө ишенгендер жаңылбас.

Бул саптар бирөөлөрдүн модалуу идеяларын ээрчип, камгактай тоголонгон кыргызга сабак эмей эмне? Ал эми «Сен кимсиң?» деген ырындагы төмөнкү саптар бутага дал тийип, ачуу чындыкты айтып, ар намысыңды ойготуп тургандыгы менен көңүлүңө орноп калат. Үзүндүсүн эле окуп көрүңүз:

Кайда тууруң, кайда сенин очогуң?
Карагын эй, камгак болуп кайда учтуң?
Темселейсиң таалай издеп чет жактан,
Мекен туруп, мекениң жок байкушсуң.

«Мальборо» экен калпагыңдын урааны,
Кытай тамга — көйнөгүңдүн далысы!
Көөдөнүңдө христиандар символу,
Ары жок эй, кайда кыргыз намысы!

Анын ырларын окуп жатканда көчмөн турмуштун, адеп-ыймандын, каада-салттын бизден алыстап кеткенине бир кейисең, цивилизациянын, глобалдашуунун, массалык маданияттын кара таандай каптап, маңкурт кылып, мээңди кысып келаткан кесепетин жон териң менен сезип, Ата журт тагдырын саргарып ойлонууга аргасыз болосуң. Анан да ар бир ырын окуп бүткөн соң, айрыкча акыркы саптарында сыйдырылган сөздөрдү окуп, айласыз «чын эле» деп башыңды ийкейсиң. Анын поэтикалык-философиялык аныктамаларына сөзсүз макул болосуң.

Бул жыйнакта ырлардын басымдуу көпчүлүгү ата -мекен, атуул темасына арналган, таасын, жөнөкөй да, ошол эле убакта мааниси терең жана идеясы бийик ырлар:

Мен кыргызмын ата салтын туу кылган,
Ак бозүйдүн очогуна жылынам.
Өз коломтом-өзөк кенчим! Мен ансыз
Талга окшошмун тамырынан кыйылган.
Кудай мага Ала-Тоомду буюрган,
Мекеге эмес, Мекениме сыйынам!

Бул саптарды окуганда көкүрөгүң сыймыкка толо түшөт. «Көчмөн чал жоктойм сени», «Ойгонгон көчмөндүн монологу», «Жалгыз тайлак дайым боздойт түшүмдө», «Кайыр кош, Атлантидам»,» О Азиям» деген көлөмдүү ырлары окурманды көр тириликтин көнүмүш агымынан чыгарып, цивилизациянын арааны менен кумга сиңгендей жоголуп бараткан кыргыздын каада-салты, нарктуулук, баалуулук дөөлөттөрү жана мекен тагдыры, коом жана инсан, руханий драмалар жөнүндө күчтүү толгонууларга дуушар кылат. Бул ыр жыйнактын «Календердин дептериндеги ырлар» аттуу цикли өмүр жана өлүм, пенде тагдыры туурасындагы жүрөктү эзген, качып кутула албай турган трагедиялуу философиялык суроолор менен жан дүйнөңө бүлүк салат. Бул цикл чыгыш философиялык поэзиясынын стилинде жазылган.

Көзүндөн тамган жашың табышмактуу…
Уча албай канатыңдан талыдыңбы?
Бир кезде мергенчинин огу тийген,
Болбосо, түгөйүңдү сагындыңбы?
Же муздак мөңгүлөрдүн үстүндөгү,
Жалгыздыкка буулугуп кайгырдыңбы?
Неге ыйлайсың бүркүтүм, неге ыйлайсың?.

Чокудан карап туруп түшүндүңбү?
Же, дүйнөнүн опосуз жалганына,
Сен жаралып максатсыз калганыңа.
Мыкчылдыңбы, жалгандык, өзүмчүлдүк,
Жер үстүн каптап басып жатканына?
Куштун алпы болсоң да, болдуңбу ыза
Эч нерсени өзгөртө албасыңа?
Неге ыйлайсың бүркүтүм, неге ыйлайсың?.
(«Бүркүттүн көз жашы»)

Бул подтекстке бай, көп маанилүү үзүндү саптар окурманды тереңдеги карама-каршылыктуу татаалдыкты карай жетелеп, азаптуу түйшөлүүлөргө алып келип такайт. «Дептердеги жазуулар» аттуу төрт саптардан турган кыска ырлар бүгүнкү кризистин ачуу көйгөйлөрүн жогорку көркөмдүктө көтөрүп чыгат. С.Байгазиевдин «козголоңчул ырлары» окурманды таң калтырып, ойго салып, эсиңе келтирет, көзүңдү ачат, кайсы жолдо кантип баратканыңды күзгү сымал нак чагылдырып турат дагы, адашкан багытыңды ырларынын акыркы саптарында көзгө сая көрсөтүп, туура нукту карманууга мажбур кылат. Акындын «Абийир соту» аттуу ыры кыргыз интеллигенциясынын менталитетиндеги өксүктөрдү күчтүү эмоция менен жан дүйнөңдү титиреткен деңгээлде жазылган. Бул көлөмдүү бир ыры үчүн эле автор акын деген атка татыктуу боло алат деп айткым келет. Бекеринен бул поэтикалык чыгарманы өкмөттүк жана эркин газеталардын көпчүлүгү өз беттеринде басып чыгарган жок. Акындын чеберчилиги да жогору, сөз менен, уйкаш менен иштөө жагынан уста. Ээн-эркин жашай албаган, өз ою жок, ээрчиме адамдын образын «Топчуланып бардык болгон топчуңду» деген бир сапка сыйдыра алган. («Кишендеги тагдыр»).

«Булактын философиясы» деген ырын мен автордун өзүнүн өмүр жолуна салыштырам. Ооба, ал башкаларчылап, «Мен мобуну кыйратып салдым» деп көкүрөк кагып, бийликке умтулган жери жок, жөн гана тоодо таза аккан булак сымал:

…Жалпылыкка жутулбайын ылайым,
Айланганча ар ким кечкен чалчыкка,
Жер астына сиңип кетип тынайын,
-деп өзүнүн тазалыгын, жекелигин сактап, анык кыргыздын аксакалы бойдон калсам дейт.

Анан кайра, адабият, маданият, искусство майданында:

Өз белгимден, өз тагдырдан айрылбай,
Да бир жерден оргуп кайра чыгайын
— деп К.Бакиров айткандай «бунтарь» болуп оргуп чыгып жатпайбы.

Анан да ырынын акырында:

Өмүр берип,жээгимдеги чөптөргө,
Суусун болуп эңсеп келген көптөргө,
Мен түбөлүк, жалгыз мөңкүп агайын
,-дейт.

Ооба, автор жээгиндеги «чөптөрү-шакирттерине», замандаштарына, эң башкысы кыргыз элинин руханий байлыгына өмүр берип, суусап турган идеологияны сугарып, мөңкүп агып турган булак сымал. Ооба,ал булактын көзү эч качан соолубасын. Менин пикиримче, С.Байгазиевдин аталган китеби кыргыз поэзиясынын жетишкен бийиктигинен старт алып, андан ары жөнөгөндөй таасир калтырды.

Жыйынтыктап айтканда, С.Байгазиевдин «Кишенден бошонгон рухтун ырлары» ыр жыйнагы Токтогул сыйлыгына татыктуу деп эсептейм.

Кыял Тажиева Ж.Баласагын атындагы КУУнун филолог мугалими

«Кишенден бошонгон рухтун ырларына» («Бүркүттүн көз жашы»-биринчи басылышы ушундай аталган) басма сөз беттеринде берилген баалардан.

Эң кызык дегеним, бир дагы китепти Советбек Байгазиевдин «Кишенден бошонгон рухтун ырларындай» төрт, беш жолу кайталап, эң аялуу заттай, эң аяр кармап өтө кызыгып окуган китептерим аз болду. Бул эмнени билдирет? Бул деген чыныгы жетилген китеп гана ушундай сыйга арзыйт. Береги, «О, Азиям» деген ырдагы поэмалык мазмун, «Кайыр кош, менин кымбат Атлантидамдагы» «каректеги мелмилдеген» көз жаш… «Жалгыз тайлак боздойт дайым түшүмдө» дегендей, бул ырды бир жолу эмес жүз жолу окусаң да, кайра окуп тарыхты талдап, таразалап отуруп, өзүнө магниттей тартып, акыл-ой сезим түшүнүктөрүңүз бир сыйра буулуга буркурап, жан дүйнөңүз кайра бир жаңырып, оор үшкүрүп отуруп каласыз.
Барчынбек Бугубаев Акын, «Айкын саясат» газетасы, 15-июль,2011.

“Советбек Байгазиевди акын болгондо да, бүркүттүн шаңшыганын, тоолордун күңгүрөнгөнүн, токойдун шуулдаганын, жашоонун кыймылын өзүнчө түшүнүп, өзүнчө мамиле жасап, мына ошону окурмандарга не бир сезимтал, не бир философиялуу жетиктүү тил менен жеткире алган акын экен.”
Болотбек Таштаналиев, акын жана публицист,»Кыргыз Руху» , 2008, 12-декабрь

“Ал ушул бир китеби менен кыргыз поэзиясында көрүнүктүү орунду ээледи деп ойлоймун. Советбек Байгазиев «Бүркүттүн көз жашы» аттуу ырлар жыйнагы менен ааламдагы терс көрүнүштөргө каршы аттанган руханий жоокер, күрөшчүл бунтарь акын экенин даана айгинеледи. Бүгүнкү күндө биздин кыргыз акындарына дал ошол бунтарлык жетишпейт.
Карбалас Бакиров, акын,»Эркин Тоо», 2008, 18-март

“Китепти окуп отуруп, мен көкүрөгүмдү мелт-калт эттирген кубанычка толтуруп кубандым, сүйүндүм. Өкүнүч, кайгыга, кайдыгер ыкшоолугума шолоктоп ыйладым. Андагы ырлар кимди болбосун так ушундай уйгу-туйгу ойго салат. Чынында ар бир ыр философиялык терең ой, маани-мазмун менен сугарылган.
Жума Мамбетов, акын жана журналист,»Апта»газетасы, 2009, 27-март.

“Атуул жана Ата журт ырлары — бүгүнкү жашоонун күүсү менен үндөшүп, учурда кыргыз эли башынан кечирип жаткан оор турмушту түрдүү ракурстан изилдеген жана айрым окуяларга жабылган чүмбөттү сыйрып, ачуу чындыкты жарыялаган ырлар.”
Нурзат Казакова, филология илимдеринин кандидаты, «Адабий Алатоо» газетасы, 2008, 27-май

“Күчтүү ой-сезимдерге Пакистандын залкар акыны Ахмад Фаиздин түрмөдө жаткан кезинде жазган ырларын окуганымда кабылган элем. Эми болсо, чыгаан публицист С.Байгазиевдин мына ушул «Бүркүттүн көз жашы» деген ырлар китебин окуганымда куду ушундай абалга, куду ушундай ойлорго кабылгандай болдум. Бул да болсо, окумуштуу-педагогдун жаңы жыйнагынын өзүнчө бир керемет кудурети, өзгөчө бир канаттуу, таасирдүү артыкчылыгы эмеспи.
Тойчубай Субанбеков, жазуучу, «Кырчын»журналы 2008, №3-4

Китепке талкууда айтылган ойлордон:

«Бүркүттүн көз жашы» баягы «белестеги беш -ыргай» дегендей эмес, орусча айтканда книга — размышления, ойго чакырган интеллектуалдуу поэзиянын катарына кирет.
Санарбек Карымшаков, сынчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент

«Бүркүттүн көз жашы» поэзия китеби окурманды тар алкактардан алып чыгып, бизди дүйнөгө, өмүр жашоого, тагдырга, айланада болуп жаткандарга, адамдык атуулдук милдетке, улутка бийиктен, тереңден кеңири кулач менен кароого аргасыз кылат.
Назаркул Ишекеев, педагогика илимдеринин доктору, профессор

“С. Байгазиев аталган ыр китебинде сөз менен кылдат иштеген мыкты чебер катары көрүнгөн, көп-көп изденүүлөрдү баштан өткөрүп, поэзиядагы далай көнүмүш штамптардын тоскоолдуктарын жарып өткөн, ырлары, ашкере жасалмасы жок, чын дилден күйүп-бышып жазылган, адам тагдырынын жарык дүйнөдөгү трагедиясы тууралуу чындыкты айткан.”
Айнура Кадырмамбетова, филология илимдеринин кандидаты,»Адабий Алатоо», 2008, 15-апрель

“Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий