Сөөгү кыргыз, эти казак Жөжө акын

Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.

«Баарын убакыт дарылайт» деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.

Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысымы калган инсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Тээ илгертен эле кыргыз калкы көчмөн эл болгондуктан ички жана тышкы душмандар менен кагылышып, кандуу кармаштарды башынан өткөрүп келгени баарыбызга эле маалым эмеспи. Ошол мезгилдерде эмне деген гана таза таланттар менен өнөр ээлеринин эмгектери көмүскөдө калды, аны ачык айтуу кыйын.

Абалтан сөз баккан, сөз кадырын сактаган элибиздин арты менен оозго илинген гана өнөр ээлеринин ысымдары аталып калганы болбосо көптөгөн таланттар убакыттын өтүшү менен унутта кылып баратканы өкүнүчтүү эмей эмине.

Эмесе сөз өңүтүн учурунда казак-кыргыз элинде бирдей таанылган ак таңдай Жөжө Каржабай уулу жөнүндө уламакчыбыз.

Айтмакчы Жөжө акын жөнүндө көпчүлүк деле биле бербесе керек. Дегеним, Жөжө Каржабай уулу Казакстанда төрөлүп өскөн. Ошентсе да жүрөгү кыргыз деп согуп, кыргыз тилинде сүйлөп, кыргыз жерине келгенге чейин дитин казакка бербей, ата-мекенге, улутка болгон патриоттук сезимин өчүргөн эмес.

Сокур уулдун төрөлүшү
1970-жылдары (1790-жыл болушу мүмкүн. Айрым маалыматтар боюнча Жөжө акын 1808-1895-жылдары жашаган. КМБ) алакандай кыргыздар өз ара уруу-урууга бөлүнүп, ынтымактары ыдырап, кокту-колоттордо жашап, сай-сайдын башында турушканда, казак элинин каардуу-заардуу хандарынын бири таластык кыргыздарга кандуу жортуул жасайт. Бул каргашалуу кармашта мен менсинген эрлер өлүп, коломтодон от өчүп, өлгөндөн калгандары олжого түшүп, Абылай хандын колуна түшүшөт да, аны менен бирге Казакстанга кетишет.

Аяк башы көрүнбөгөн Казакстандын чөлү менен бөксө тоолорун азап менен басып өткөн туткундар «Ала-Тау» деген жерге келгенде гана жетчү жерлерине жеткенин билишип, Абылай ханга көз каранды болуп жашап калышат. Ошондо Жөжө акындын атасы Каржабай, казакстанга туткун болуп барган соң бир-эки жылдан кийин тактап айтканда 1805-жылы уулду болот. Болгондо да эки көзү көрбөгөн азиз уул төрөлөт. Өзү кичинекей жөжөдөй бала болуп төрөлгөндүктөн ысымын Жөжө деп коюшса керек. Болбосо башка эле ат коюлат эле. Дегеним илгери балага ат коёрдо дайыма ырым кармап коюшчу эле го. Какаганга муштаган-болуп, Жөжө жерден боорун көтөргөндө энеден, бой тартканда атадан айрылып, көр турмуштун азабына кабылат. Бирок Жөжөнүн маңдайына акындык шыбага жазылып, бак айтып, өмүрү өсүп, атагы таш жарган төкмө акын болуп чыга келет.

Айтыш өнөрүнүн устаты
Абалтан сөз баккан, сөз кадырын сыйлаган казак калкы Жөжөнүн жаактууга жаа бербеген, сөздүн бүрүн тандап, кындан кылыч сууругандай мааниси терең ырларынын өткүрлүгүнө, курчтугуна, беттешкен акындарды курч сөз менен жеңгени, хандын, бектин, султандын, бийдин көзүнө, бийлигине карабай айтчу сөзүн ачык айтып, ак ырдаганы менен ысымы ооздон- оозго айтылып, уламага өтүп, ырдаган ырлары калктын жан шеригине айланат. «Ак ийилет, бирок сынбайт» демекчи эл Жөжө акындын таза талантын сыйлап, анын таамай сөзүнүн, ырдаган ырынын салмактуулугун баалашкан.

Жөжө, айтыш өнөрүнүн улуу устаты, негиздөөчүсү деп айтсак жарашат. Учурунда Жөжө акын замандаш, тагдырлаш казак-кыргыз акындары менен далай жолу айтышка түшөт.

Ошондо, көбүнчө акындар Жөжөнүн сокурлугуна басым жасап, сындап ырдашканда Жөжө кызуу кандуулукка алдырбай, аларга жалпак тил менен гана ырдап жооп берип, какшык сөз менен алардын оозун жапкан күндөр болгон.

Акыры көптөн көксөгөн кыргыз жерине келип, айтылуу манасчы Балык менен жолугушуп өнөрлөрүн сынашат. Чынында Жөжө Балыкты ат арытып атайын издеп келип, аны эптеп кайсы бир жайлоодон таап, жайдын саратан чилдесинде бир нече күн жата конуп, Балыктын өз оозунан манас угуп, жарпы жазылып, Балыктын манасты айтуу чеберчилигине таазим этип, анан Балыкка өзүнүн «Оторкан» деген дастанын үйрөтөт. Эки өнөр ээси бирин-бири жактырып, жылуу коштошушат.

Жөжө акын жөнүндө Мухтар Ауэзовдун «Абай» жана белгилүү жазуучу Ильяз Жаналовдун «Кер толгоо» аттуу романдарында кеңири баяндалат. Сөөгү кыргыз, эти казак Жөжө кандай гана турмушта жашабасын, кандай гана атак-даңкка жетпесин, абалкы ата-бабасы жердеген жерди самап, элин сагынып жүрүп 1885-жылы жарык дүйнөдөн өтүп кетет.

«Обон» (“Кыргыз гезиттер айылы”), №36, 07.10.2008-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий