Сүйүнбай Эралиев, КР эл акыны, эл баатыры: «Бабаңдан бото калбаса да, бата калсын тууруңа»

Учурда Арашан айылындагы «Арашан» жазуучулар үйүндө бир топ акын-жазуучулар жайкы эс алуусун өткөрүп аткан кези. Алардын арасында Кыргыз эл акыны, Кыргыз эл баатыры Сүйүнбай Эралиев атабыз да бар. Сүйүнбай ата быйыл 90 жашка толуп, Кудай буюрса, 15-октябрда 90 жылдык маараке тоюн мамлекеттик деңгээлде өткөргөнү турат. Кыргыз поэзиясы үчүн зор эмгегин жумшаган, күндүр-түндүр жүрөгү ыр деп соккон Сүйүнбай Эралиевдин ден соолугун, ал-акыбалын сурап, өткөн-кеткенди кеп кылып отуралы деген максатта атайын «Арашан» жазуучулар үйүнө бардык.

— Сүйүнбай ата, алдыда боло турчу 90 жылдык юбилейиңиз куттуу болсун! Ден соолугуңуз, акыбалыңыз жакшыбы?
— Рахмат, айланайындар! Эми токсонго чыктым, ден соолугум, баскан-турганым Кудайга шүгүр, жаман эмес. Кудай аман-эсен алып барса, буюрса, 15-октябрда 90 жылдык юбилейим өтөт. «Жакшылап өткөрүп алалы» дегенде эки көзүбүз төрт. Мамлекет өткөрүп берет, атайын комиссия түзүлгөн. Аманчылыкты тилеп туралы. Ушул куракта ден соолук болсун дегенден башка арга жок. «Арашанга» каалаган учурумда келип эс алам, бизге кененчилик. Тамак-аш бекер, жаткан бөлмөмдү мага бекитип беришкен. Бир ай мурда байбичем экөөбүз келгенбиз, жакшы эс алып атабыз. Ал эми карылык баскандан бери чыгармачылык жагынан мактана албайм.

— Акын-жазуучулар өткөн өмүрүнө кайрылып, чыгарма жазышат эмеспи. Сиз дагы өзүңүз тууралуу чыгарма жаза алдыңызбы?
— Буга чейин өз учурунда болду. Аталышын атайын «мемуар» деп атап жазган жокмун. Бирок, «Сага айткан сыр» деген китептин ичинде өзүм жөнүндө жана турмушта болгон нерсенин баары камтылып жазылган. Үчүнчү жолу басылып чыкты, азыр да «чыгарсаңыз боло?» деп сурап атышат.

— «Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт» деген жакшы сөз бар го. Анын сыңарындай, сиздин сыныңыздын сакталышынын сыры эмнеде?
— Байбичем тамак-аштын таттуусун, каймагын тандап берет (күлүп). Карылык келген сайын биз дагы тамактын жакшысын иргеп калат экенбиз. Казы-карта, чучуктан берет. Бербей калган күнү «ай байбиче, беркиңден барбы, берип койсоң болбойбу?» дейм. Ал «берки» дегеним чучук. Аны бербесе, башка тамактын кереги жок болуп калат. Күч-кубат берип, витамини көп болот экен. Азыркылар болсо, май жегенден коркуп атышат.

— Узак өмүрүңүзгө сыдыра карап, өкүнгөнүңүз эмне болду экен?
— Өкүнүч мына, 90 жашка чыкканда болуп атат. «Ай, атаңдын көрү ай, бул чыгармамды башкача кылып, дагы өнүктүрсөм болмок экен, иштебей калыптырмын, бул жагы жазылбай калган турбайбы?» деген өкүнүчүм бар. Бирок, жалпысынан алганда, мен өзүмдүн жазгандарыма ыраазымын. Мен жөнүндө башкалар да жазып атышат, аларга да ыраазычылык билдирем. Андан башка өкүнүч деле жок. Эки уулум, эки кызым бар. Бала-чака, неберелердин сый-урматын көрүп атам. Элдин ичинде кадыр-баркым менен жүрөм.

— Өзүңүздүн эмгектериңизге баа бере аласызбы?
— Баа бере алам. Ойлоп көрсөм, поэзияга жаңылык киргизүү, изденүү жагынан бир топ жакшы иштептирмин, Кудайга шүгүр, менде жылыш болуптур. Поэзиядагы эң чоң көйгөй, акындар бири-бирин кайталай бергендиги. А мезгилдин өзүнүн поэзиясы, жаңы ойлору, жаңы сөздөрү бар. Ошолорду айтып бериш керек. Мен убагында ушул жагына катуу кириштим, анан мени туурап жазгандар да болду. Бизде мурда уйкаштыгы жок, жалаң кара сөз менен жазган жок болчу. Акындар «муну сиз баштадыңыз» деп айтып калышат.

— Советтер Союзу учурундагы жана Эгемендүүлүк жылдарындагы чыгармачылыгыңыздын айырмачылыгын айтып берсеңиз?
— Чыгармачылыгымдагы жазуучулуктун өнүгүп, жетип турган кези Советтер Союзунун учурунда болду. Союз убагында дүйнөдөн келген жазуучулар менен жыйналыштар өтчү. Анын баарына катыштык. Капиталисттик-социалисттик өлкөлөрдүн далайын кыдырдык. Акын-жазуучуларга көп көңүл бурулчу. Мен бул жагынан Кудайга ыраазымын, дайыма эле «сизге ылайык, сиз барышыңыз керек» деп мени жиберишчү. Жазганды гана билип, жазганыбыз үчүн акча алчубуз. Эгемендүүлүк алгандан кийин деле баягы чыгармачылыгым өзгөрүп кеткен жок. Мурдагы калыбында кете берди. Бирок, адабиятка, акын-жазуучуларга мурдагыдай көңүл бурулбай калды. Азыр өкмөттүн көз карашы анча эмес, камкордук жок. Өзүбүз акча төлөп, китеп чыгарып атабыз. Мындайча айтканда, бүгүнкү күндө акын-жазуучулар каралбай, талаада калды.

— Убагында сиздин чыгарма-чылыгыңызга көрө албастык кылгандар болсо керек?
— «Баланчаны көрө албайм» деп айтышпайт, бирок, тымызын көрө албастык кылгандар көп эле. Мен деле чыгармачылыгыма көрө албастык кылгандарды байкап калчумун. Бирок, интригага эч качышкан жокмун. Мен алардан өйдө болуп, «кой айланайын, андайдан корком» деп качтым. Мындай нерсенин баардыгы пастыктан болот. Бул адамдын өзүнө байланыштуу. Антүүнүн ордуна, ырымды кандай пайдаланарым, кандай алып жүрөрүм тууралуу ойлонуп, жашоодогу көз караштарга реакция кылдым.

— Акыркы учурда Манас баатырыбыз жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып, бири «жомок» десе, белгилүү эле саясатчылар «Манас бандит болгон» дешүүдө. Сиздин оюңузча, айкөл Манасты өтө эле саясатташтырып жиберишкендей сезилген жокпу?
— Элдин турмушу мындай болушу мүмкүн эмес эле. Манас эл-жер үчүн жаралган улуу адам. «Манаста» эч жамандык жок, жалаң гана жакшылыктар камтылган. Манастын эли баардык жактан жигердүү, билимдүү, күчтүү болуш керек эле. Азыр ынтымак да, биримдик да жок. Манастын элинин күчүн көрсөткөн, кубаттуу нерсесин көтөрүп чыккан кишилер да жок болуп атат. Манастын аты, даңкы, бизге таштаган өрнөгү ошончолук. «Манас» эпосунун оюн беришке биз өзүбүз жетише албай атабыз. Жалпы өнүгүш-өсүш жок болуп атат. Жакында эле «Манас» мыйзамын көтөрүп чыгышты. Муну мен абдан жакшы кабыл алдым.

— Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгы белгиленбей калды. Мамлекеттик деңгээлдеги көңүл бурууларга оюңуз кандай?
— Эми Чыңгыздыкы тагдырдын иши болду. 80 жашка чыгып атып, 80 жылдыгын өткөрө албай кетти. Бул, Кудайдын кудуретинен. Башкалардыкы да ушундай болуп атат. Табияттан тагдырга келген нерселерди моюнга алыш керек, аны менен күрөшө албайсың жана бирөөнү күнөөгө тарта албайсың. Чыңгыз Айтматов кыргыздын улуу адамы эле, Советтер Союзунун убагындагы жазуучулардын эч кимиси Чыңгызга тең келе алган эмес. Баардыгы Чыңгызга кулдук уруп турушчу. Эң мыкты деген орустун атактуу жазуучулары ушул жакка келип, Чыңгызга жолугуп турушчу. Чыңгыздын аркасы менен биз да аларга жолугуп калчубуз. Чыкем кеткенден кийин баары токтоп калды. Көрсө, табиятынан сүйлөгөн сөзү ордунда, чыгармалары мыкты болгон улуу адамга дүйнө эли суктанат турбайбы. Бул албетте, Чыңгыз Айтматовдун улуулугунда.

— Бүгүнкү күндө элдин баары эле саясатчыларга таянып алгандай сезилет, сиз сыяктуу аксакалдардын сөзүн уккан учурлар болуп атабы?
— Бир эсептен, жакшылап кеңеш айткан аксакалдар да болбой атат. Кунт коюп, уга тургандай, элдин жашоосун бийиктикке алып чыга тургандай киши жок. Аксакалдардын айрымдары улуу иштер турса, майдаланып, майда иштерге кетип калып атышат. А биз адабиятка көп эмгекти жумшадык. Мен чыгып сүйлөп калсам, «мени эч ким уккан жок» деп кабыл албайм. Анткени, биз жөн сөздү сүйлөй бербейбиз да. Элге эмне керек, кайсы турмуш жөнүндө айтыш керектигин билебиз, «элди биримдикке, ынтымакка чакырмайынча, өсө албайбыз» деп айтып келатабыз. Элде күнөө жок, бирок, элди уюштуруп, элдин турмушун өркүндөтүш жагын эч ким ойлобой аткандай.

— «Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет» дегендей, сиз да кыргыздын улуу инсаны катары, өз өлкөңүздүн келечегин кандай көрө аласыз?
— Кызым, мен олуя эмесмин (күлүп). Эл болгондон кийин агым өзгөрөт экен. Азыр турмуштун азабын тартып, айылда жашагандар бизге караганда бир топ кыйналып жашап атышат. Анан жок болсо, эмне кылат? Мен дагы жокко моюн сунбай, «адамдар өзгөрөт, турмуш жакшырат, өнүгөбүз, кыргыз деген улуу эл болот, сан жагынан болбосо да, адамгерчилик, бийиктик жактан, маданиятыбыз жактан өнүккөн калк болобуз» деп толук ишенем. Себеби, ишеним көп учурда көңүлүңдү көтөрүп, үмүт берет. «Жаштарыбыз келатат, Кудай жакшы жашоо бер» деп тиленип, турмуштун оңолушун күтүп атабыз. Силердин «Учур» гезитиңер аркылуу кыргыз элиме батамды берип коеюн:

Атаңдан алтын калбаса да,
акыл калсын уулуңа,
Бабаңдан бото калбаса да,
бата калсын тууруңа.
Айлуу күндү Теңирим,
сарсанаага салбасын,
Саналууга бербесин,
Бешикте балабыз
коркпосун.
Белесте атыбыз үркпөсүн,
Айылыбызда кырсык
болбосун,
Арыкта суубуз соолбосун,
Эмчек баштуу эне жер —
эсендикти улап турсун,
Алтын баштуу ата жер —
амандыкты сурап турсун!
Оомийин!

Айнура Касымова, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий