“Белимди бекем буусамбы, бегим…”

Саадат Муратова кесиби боюнча журналист. Ж.Баласагын атындагы  КМУнун алдындагы Конфуций институтунда сабак берет. Кыргыздын тарыхын, элдик оозеки чыгармаларын өз алдынча изилдеп, жакын арада Курманжан датка жөнүндөгү китеби жарыкка чыкканы  турат. Биз аны менен дал  ошол датка энебиздин таржымалынын белгисиз барактары тууралуу маек  курдук.

– Саадат Муратовна, китебиңизде “Алай канышасы” жөнүндө биз  билбеген көп кызыктуу маалыматтар бар экен. Алар сиздин колуңузга кандайча тийип калды?
– Мен Курманжан датканы жакындан билген кишилер аркылуу изил­дөөгө аракет кылдым. Алардын бири  Бөрүбай Түркбаев Кара-Кулжанын  тасма уруусунан болот.  Бөрүбай аксакал жылкысын сатканы Алайга барган  сайын Ысмайыл керең деген Гүлчө базарында базарком болуп  иштеген Курманжан датканын туугандарынын үйүнө жатып, анын оозунан жазып алыптыр. Ысмайыл керең Курманжанды датка апа деп айтчу экен.  Бөрүбай аксакалдан мен жазып алдым.

Ошол Бөрүбай  абанын айтуусунда, Алайкуудан Жаман деген киши Курманжандын колун сурап келгенде ата-энеси салт боюнча калыңын алып, берип салышат. Ошентип, Курманжан мурда бир да жолу көрбөгөн кишиге турмушка чыгып, жашап  калат. Бир жолу күйөөсү жаздыгын аттап өткөндө абдан ирээнжийт дагы сенин атың гана жаман эмес, өзүң да жаман турбайсыңбы деп кетип калат. Өзүнүн кийимдерин түйүнчөккө түйүп алып, жөө-жалаңдап кетет. Алайкуунун Тар деген дарыясын кечип өтөт. Дарыя кирип турган убагы экен.  Суу агызып кетээрде кайдан жайдандыр бир  жолборс келип, кадимкидей сүрөмөлөп жээке чейин чыгарып коёт. Өзүнүн жөлөмөрү жолборс экенин биринчи жолу Курманжан  ошондо  сезет. Ошол жерде курганып отуруп  ойго батат. Ал кездеги салт боюнча күйөөгө чыккан келиндин атасынын төрүнө барып отуруп алышы өтө одоно  көрүнүш эле да. Атам менин айыман элге-журтка сөз болобу, ылайыктуу бирөө болсо башымды байлап кала берейинчи деп ошол жерден дагы күйөө караштырат. Адегенде Сыдык деген тасмалык  бир болушту сынап көрөт. Болуш жакшынакай кийинген киши экен. Эмне деп сөз баштаарын билбей бир татым асмай бериңиз дегенде болуш суусар тебетейинин кырынан бир татым насыбайды алып бергенде Курманжандын купулуна толбой калат. Өзүнүн алтын чакчасын ачып туруп,  “асмай дегенди момундайга сактайт” деп көргөзүп коёт экен. Андан ары Мадыга кетүүгө мажбур болот. Мадыга жетиш үчүн эки бийик ашуу бар. Жете албай кыйналып, бир жерге отуруп калганда  өгүз минип келаткан Ниязбек деген бала жолугуп калат. Аны токтотуп, “мени эптеп Мадыга жеткирип койчу, мен аябай арып-чарчадым” дегенде  Ниязбек аны өгүзгө отургузуп,  жеткирип коет экен. Алымбек датканы ажырашып баргандан кийин атасынын төрүндө отуруп жактырып калат. Алымбек датка ошол кезде төбөсү элге көрүнүп калган киши экен. Көп мал айдап Ошко базарга келгенде Курманжан датканын атасы болушка ызат көргөзүп, үйүнө чакырган экен да. Ошол  конок болуп отурган жеринен Курманжандын купулуна абдан толуп, жеңесинен  айттырат.  “Көпүрөнүн боюнда жоолук салынып турам, жоолугумдун бир учу алдыга, бир учу артка ташталуу болот. Ошол жерден мени бир көрүп өтсүн” дейт (Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тынара Абдразаева  Курманжандын бул ишарасын  чечмелегенге жардам берди. Жоолук салынганы келинмин дегени, жоо­лугунун бир учун алдыга, экинчи учун артка таштаганы турмушка чыккам, бирок жолум  ачык деген белгиси дейт). Алымбек датка аны көргөндө эле  сынына толот. Бир жумадан кийин аябай көп мал айдап келип, шарият боюнча мурунку күйөөсүнөн талак алдыртып баш кошот. Такталбаган маалыматтарга караганда, Курманжан Алымбек даткага төртүнчү аял болуп барган. Баргандан кийин көпкө чейин төрөбөй жүргөнүнө караганда,   башка күндөштөрү ага төртүнчү аял катары адегенде   күң катары мамиле кылышкан  деген маалыматтар  кандайдыр бир деңгээлде чын болушу да мүмкүн.   Бирок бардык иш колунан келген  чебер уз Курманжан  боз үйлөрдү жаңыртып,  бат эле эл оозуна  алынып кетет. Анын үйүндө өрмөчүлөр, шырдак баскандар, сайма сайгандар аябай көп болгон деген эскерүүлөр бар. Алымбек экөө абдан жакшы жашашып, беш эркек балалуу болушат. Бирок жогоруда  айтылгандай, кеч төрөйт. Ырым кылып, койчусунун баласын багып алышат. Ал акжолтой болуп,  Курманжан жалаң эркек, баатыр  балдарды төрөйт. Экөө жакшы жашап жаткан мезгилде капысынан Алымбек даткага ордодо кутумчулук болот. Мындай кутумчулук ага карата төрт жолу уюштурулган. Үч жолкусунда   аны Курманжан  өзүнүн акылы менен сактап калган деп айтылат. Төртүнчүсүндө аябай тыкан уюштурулгандыктан  Алымбек  ажалга учурайт. Кырсык болоорун Курманжан датка түшүнөн билет. Кандайдыр бир жаман окуя бүгүн-эртең болуп кетчүдөй  болуп, улам-улам жол карайт. Алымбек датканын кыркында ал   минтип кошкон экен.

Оңдоп бир белим буусамбы бегим,
Орустан барып кол сурап бегим.
Кунуңду өзүм куусамбы бегим,
Кайрадан белим буусамбы бегим.
Калмактан барып кол сурап бегим,
Кунуңдү өзүм куусамбы бегим.
Кынап бир белди буусамбы бегим,
Кытайдан барып кол сурап бегим,
Кунуңду өзүм куусамбы бегим.

Бул учурда Кудаяр хан болуштар менен боз үйдүн сыртында отурган болот. Орустан, калмактан, кытайдан кол сураса менин ордо калаамды талкалап ийбесин деп  Баткенге  чеп кургузган экен. Баткендеги чептин маанисин мен эми түшүнүп отурам.

Кокон хандыгы кулап, түштүккө Ак падышанын бийлиги келгенде Курманжандын балдары  орустарга моюн сунбай, натыйжада  Камчыбек менен анын досу  Акбалбанды дарга асууга чечим болот. Ошондо да Курманжан датка буркан-шаркан түшпөй,  дипломатиялык мамиле менен баласын бир суткага үйүнө сурап алат. Камчыбекти үйүнө  алпарып, таң аткычакты намаз окуттуруп, аруулап,  акыл- насаатын айтат. Силерге жалаң шейит өлүм салт, сенин өлүмүңдү да шейитке жакындаштырайын, каапыр өлүм болбосун  деп үйдөгү   айбалтаны  кыраркасына үч жолу тийгизип ырым­дайт. “Мен ушунчалык кадырымды салып отуруп да сени куткара албадым. Сен кечиргин, балам. Жаш кетип жатасың, кабыргам кайышып турат, бирок  айла жок. Ата-бабаң эли үчүн шейит кеткен, бул өлүм  сага салт” дейт. Өзү да уктабай таң аткычакты намаз окуп чыгып кетет. Эртеси шашке ченде ордолуу Оштун борборуна алып келгенде  Скобелев эки дарганы даярдаттырып  койгон экен. Тарт дегенде Акбалбан бутун жыйрып барып үзүлөт.  Ал эми Камчыбектин мойнундагы жиби чорт үзүлүп кетет. Курманжан: “Өкүм бир, аныңар аткарылган жок, токтоткула”,– десе  Скобелев дагы бир ирет асууга буйрук берет. Бул ирет Камчыбек бир аз жыйрылып барып жан берет. Курманжан баласынын сөөгүн арабага салдыртып Алайга алпарат да, аздектеп көмөт. Ошондо:

Кадырман элге бейпилдик,
Каалагандан бара албайм.
Какшатып кантип барайын,
Кетпесин жалын алоолоп,
Күйүтүн өзүм алайын.
Калкыма түшкөн түйшүктү,
Кайрат менен тартайын.
Коогалан болуп кетпесин,
Курманга сени чалайын,
– деп кошок кошкон экен.

Баласы даргага асылгандан кийин Курманжан датка үйүнөн чыкпай, эч кимди кабыл албай отуруп калган дейт. Малын бүт бойдон туугандарына таратып берет. Өлүмгө даярданып калыптыр да кыскасы. Адегенде уулу Абдылдабекти качырып жиберип, кийинчерээк өзү да 200 дөй адам менен Ооганстанга качышат. Чек арага жетип калганда Скобелев артынан Шабданды чаптыртып, артка кайтарууга аракет кылат. Тарыхый китептерде бул эпизод Шабдан баатыр аларды туткандап келди деп жазылып жүрөт. Бирок туткундап келген менен сүйлөшүп, ынандырып алып келгендин айырмасы эки башка да. Туткунга түшүргөндө эмне, колу бутун таңып, же жөө-жалаңдатып айдап келди беле? А чындыгында алар эч кандай туткундалып келген эмес. Шабдан баатыр барып, көчтү токтотуп, “даткам, артка кайтыңыз. Сизге, азаттык берилет. Мурункудай эле Алайды,  Ошту башкарыңыз” дейт. Курманжан датка көпкө ойлонуп туруп анан “балдарымачы? Аларга да азаттык берилеби? Мени менен келаткан ушунча эл жапа чекпейби?”-деп сурайт.  Балдарыңыз мурдагыдай эле болуштук кызматтарын алсын, эл кымындай да жапа чекпейт деген соң  Шабдандын сөзүнө ишенип, артка кайтышат. Алайга келгенден кийин  Шабдан Скобелев менен жолуктуруу үчүн  Курманжанды Ошко алып барат. Скобелев аны аябай жылуу кабыл алып, сиздин менин кабыл алуума келүүңүздүн өзү абдан чоң урмат-сыйды көргөзөт. “Мындан ары сизге эч кандай кысым болбойт, залимдик көрсөтүлбөйт. Түштүк Кыргызстанга мурункудай эле датка бойдон кала бересиз. Камчыбектин өлүмү эки чек арачыны өлтүрүп койгондугуна байланыштуу  болду. Биздин мындан аркы мамилебиз татаалдашпашы керек. Өз колуңуз менен кат жазыңыз, уулуңуз Абдылдабек Оогонстандан кайтсын” дейт.  Курманжан датка  отуруп алып, балдарына тынчтык келишим түзүлдү, артка кайткыла деп кат жазат. Ары бери-чапкылап жүрүп мөөрүмдү жоготуп алдым эле деп  колун коёт. Скобелев аны эшикке чейин узатып чыкканда Курманжан датка аябай эреркеп, атты апкелгилечи дейт. Жигиттери атты жетелеп келишет. “Сизге тартуу кыла турган эчтекем калган жок. Ушул ат сизге тартуу болсун дегенде Скобелев: ”орус эли аялзатынан белек албайт. Тескерисинче, сизге белек берейин” дейт да  Бухара чепкенин алдыртып, датканын ийнине жабат.

Жогоруда сиз датка энебиздин кошокторунан үзүндү келтирбедиңизби. Жакындарына кошок кошкон салт болсо да баардык эле аялзаты кошок кошо алган эмес. Айрыкча Курманжан сыяктуу жогору мартабалуу, бай аялдар атайын  аялдарды жалдап, кошокту ошолорго айттырышкан. Андыктан Курманжандын кошокторун да башка бирөөлөр кошуп бериши толук ыктымал эмеспи?
– Датка кошокту өзү кошкон. Бирөөгө коштурган эмес. Анын   акындык жагы да болгон, бирок  ырларын Зыйнат деген псевдоним менен берип жүргөн. Көп окумуштуулар ушул кезге чейин акын болгон эмес, ал кат тааныбаган сабатсыз аял болгон  деп талашып келатышат. Бирок Курманжан датканын  сабаттуу аял болгону талашсыз чындык.  Алымбек датка Ошко Бухара эмиринин архитектуралык үлгүсүндөгү, Кокон хандыгындагы эң чоң медресе курдурган. Ошо  медреседе атайын мугалимдер  фарсы, өзбек, кыргыз тилинде сабак беришкен. Курманжан датка ошол медреседен билим алган. Анын акын болгондугун өзбек акыны  Гафур Гулям, адабиятчы Токтосун Жалал, орус окумуштуусу Новосельева далилдейт. Ал эми  Садыков менен Бабабеков Курманжан датканын белгилүү акын Надира бегим менен тыгыз байланышта экендигин, ал бардык жагынан Курманжанга үлгү жана устат болгондугун айтышат. Кудаярхандын  уулунун тоюнда кыпчак, кыргыз, өзбек акындарынын айтышына түшүп, баш байгени алгандыгы да айтылат.

Анын акындык жайы бар экендигине дагы бир далил келтирейин. Биринчи күйөөсүн чанган кезинде мынтип ыр кошот. Бул Жаман деген күйөөсүнөн ажырышып кеткендеги биринчи ыры деп айтсак болот.

Көтөрүлүп күн чыкса,
Көлөкөлөөр табы жок.
Жаз жадырап келгенде,
Гүлдөй турган өрүк жок.
Асмандагы жетиген,
Мени менен сегизби?
Тагдыры шор Курманжан,
Тийгениң сенин теңиңби,
–дейт.

Түшүктөн чыккан белгилүү окумуштуу Сатыбалды Мамытов   “Зыйнат Ош акыны“ деген илимий макаласында Курманжандын Зыйнат деген ат менен ыр жазганын, Оштогу Хувайдо деген акындан ( 1704-1780-жылдар жашаган) билим  алганын  далилдеп берет. ”Курманжан датканын сабаттуулугуна таң калуунун кереги жок. Ал гана эмес, Курманжан датканын каттарын жана корреспонденцияларын анализдеп жатып, анын “алдым”, “окудум”, “жаздым” деген сөздөрүн кезиктирүүгө болот. Бул болсо “Алай ханышасынын”сабатсыздыгы жөнүндөгү мифти жокко чыгарат” дейт.

Мамат САБЫРОВ, “Кыргыз Туусу”, 05.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий