Эки оңко тургузган мергенчи

1959-жылы ноябрь айынын аягында Кара-Кулжадан Алай-Кууга сапар тартып калдык. Кара-Таштан Тар суусунун жээги менен баратабыз. Кууш капчыгай. Асман гана көрүнөт.

Бир канча жол жүргөндөн кийин тал, жылгындуу, бадалдуу сайга туш келдик. Ал жерден сексенге жашы барып калган Саадал деген мергенчиге жолуктук. Минген атына эки-экиден төрт кийигин артып алыптыр. Жанында жыйырма бештерден ашып калган Чапай деген баласы да бар экен. Чапайда да бир артылган кийигин көрдүк. Салам айтып, эсен-соолукту сураштык. Бараткандагы чоо-жайыбызды айттык.

Анда Саадал абышка: – балдар, жол баратыпсыңар, жолдуу болот экенсиңер, биздин олжонун үстүнөн чыктыңар, Чапай алдыңдагы кийикти мынабу меймандарга бер, шыбага деген ушул. Бирок, кайра кайтканыңарда Кара-Ташта менин үйүмө конок болосуңар. Силерди күтүп алам деп кош айтышып, Ой-Тал айылын көздөй жол тартты. Биз да жолдуу болот экенбиз деп сүйүндүк. Мектепке барганыбызда мектептин директору Токтосун Мамашев тосуп алып, бизге: – “Ырас болгон тура, союшуңуздарды ала келипсиздер” – деп тамаша салды.

Ой-Тал эки зоонун ортосу болгондуктан, жааган кар бурганактап, айланып уйгу-туйгу болуп түшөт. Кар лапылдап жаап турат. Бир күндө эле аттын үзөнгүсүнө чейин жаап койду. Эки күндөн кийин, артыбызга Кара-Ташка карай кайттык. Кеч оой Саадал аксакалдыкына келдик. Бизди аксакал макулдашкан убада боюнча жакшы кабыл алды. Мурунку эки күнкү кийиктердин эти бар экен, айыл аксакалдарынан беш-алтоону чакырып, өткөн-кеткендерден кеп салышып, абдан жакшы отурушту. Суроо-жооптор, тамаша сөздөр, ылакап-макалдар, болмуш окуялар айтылды. Экөө комуз чертет экен, алар комуз чертишип, ыр-күүнүн баяндарын айтышып, көңүлдүү отурушту. Айтор, чер жазышты.

Отуруш аяктап, жат-жатка келгенде Саадал карыя сөз узатты: – Балдар, кар калың жаап койду, эртең кийиктер өөнгө түшөт, от издешип, силерди уучулукка апарам, уунун кызыгын бир көрүп кеткиле? Эрте менен туруп, эшикке чайлашкан соң ууга камынуу: ат токумай, тайгандарды ээрчитүү, мылтык издемей, азык-оокат камдоо.

Ууга сегиз адам чогулду. Бизге ат мингизип, ийинибизге мылтык асышты, колубузга камчы беришти. Кар аттын үзөнгүсүнөн да, ойда көлдө кайык менен сууну сүзүп бараткандай, атчкан карды жиреп баратабыз. Күн суук. Кара-Таштан чыгып Кайыңды деген жерге бардык. Ал жерде жалаң кыргыздын сары кайыңы өсөт экен. Бир кичине колотко киргенде эле кыйкырып калышты: “Мына, эчкилер, жүздөй тура, бул жерде аттырбайт, баягы тосчу жерден тосолук”. Тайгандарды кубалата коё беришти.

Мен мурун мындай ууга чыккан эмесмин. Кийиктер кетип калды деп ичим тызылдайт. Ал эми, тигилерди кетирип жибердиңер деп жемелейм. Тоо эчкилер асман мелжиген зоого чыгып кетишти. Тайгандар алардын артынан баратышат. Мени Саадал аксакал менен баласы Ибраим коштоп жүрүшөт.

Анан алар мени бир зоонун түбүнө алпарышып: “Эми ушерден кийиктерди күтөбүз, ушар болгула, тайгандар кубалап айдап келишет, ошондо шашпай аткыла”, – деп Саадал аба буйрук берди. Бир аздан кийин эле баягы тайгандар кийиктерди айдап келишип, зоого камашып, арсылдап үрүшүп, аларды эч жакка жылдырбай коюшту. Тарс! Тарс! деген мылтык үндөрү чыкты. Атылган беш кийик кулап, биздин алдыбызга түштү. Ошондогу кызык, ышкы, тамаша мага укмуштай эле болду…

Ошол эле жерде атылган кийиктер союлуп, барган адамдарга бөлүнүп таркатылды. Куу арчалар жагылып, кийиктин боорлору кебеп болуп бышырылып, тамактануу да ишке ашты. Таза абада тамактануу көңүлдүү болот экен.

Кеч курун кайтып келгенде Саадал аксакалдыкында дагы конок болдук. Айыл аксакалдары чакырылып, кенен дасторкон салынып, атып келген кийиктин эттери кеңири таратылды. Мергенчилик жөнүндө арбын кептер айтылды. Мен Саадал аксакалдан сурап, мергенчиликтен кызыктарды уктум.

Тердеп чечилип сүйлөп олтурган Саадал ата мага кайрылып: – Балам, сурап калдың, эми мергенчиликтин, уучулуктун кызыгын, ышкысын толук айтып берейин, – деп ички бөксөрбөй жаткан сырын төгө баштады: – Мен жаштайымдан мергенчи болууга аттандым. Өзүң көрүп турасың, жерибиз тоолуу, аска-зоолуу. Кар калың түшкөндө кайберендер от издешип, айылды аралай түшүп келишет. Чөп издешет оттоо үчүн. Алар алдыңа келип турса кантип турасың. Ошентип, мергенчиликти кесип кылып алдым.

Тээ 1931-1933-жылдары элде ачарчылык болду. Колдорунда аштык жок, мал деле ченемдүү. Калктын негизги тиричилиги мал менен гана жер шартыбызга жараша. Биздин айылда бар болгону отуз түтүн гана адамдар бар болучу. Жокчулук кендирди кесип, баары эле мага карашып, багуума ыкташып калышты. Анда кайберендер абдан көп болучу. Элде мылтык жок да, менде гана мылтык бар. Ошондон кийин 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталды. Айылдагы эркек аттуулар согушка карай аттанышты. Айылда аялдар, балдар, үч чал калдык. Жокчулук жонго минип, ачарчылык каптады. Анда да айылдагыларды бактым, мына мергенчиликтин пайдасы, уулум.

– Саадал аба, кыргызды миң кайберенди атса, оңко тургузат деген сөз бар го. Сиз бир оңкого жеткирдиңизби?
– Балам, мен азыр 80 жаштамын. Ош беш жашымда мергенчиликти баштасам, мына быйыл алтымыш беш жыл уучулук менен алектенген болом. Эми сенин сурооңо жооп берейин:  Кыргызда миң кайберенди атса, ошол миңинчи кайберен оңко турат деп коёт. Муну азыркы жаштар билишпейт. Оңко дегени ошол ок жеген кайберен чүкөнүн (ашыктын) оңкосундай тик туруп калат деген сөз.

Колум менен бирден кармап санаганым жок, бирок эки оңко тургуздум десем болот. Биринчиси, кийиктин чоң текеси экен, экинчиси, өгүздөй болгон аркар, мүйүзү кайрылып өсүп, моюнча тийип калыптыр, эптүү зор эмес. Ушул жерде мен бир нерсени айта кетейин. Оңко деп эки колун асманга көтөрүп, артка эки буту менен тик туруп калбайт. Ошол төрт буту менен жыгылбай, селейип катып туруп калат. Ал эми элде болсо, оңко дегенде мен жогоруда айткандай түшүнүшөт. Турмушта эч убакта эки колун асманга карат тик турбайт да, ок тийип жатса.

Эми кийиник оңко тургуздум деген аркарга токтолоюн. Аркар жылама зоонун өзү баткандай кичине жеринде турат. Ошерде кайберен өтчү тар жол бар экен. Мен капталдан аңдып барып, шамалга каршы жүрүп олтуруп, бир борчук таштын далдоосунда туруп мээлеп калдым. Өпкөнү карай мээлесем, жүрөктүн тушу мылтыктын кароолуна илине калганда эле, илмени бастым. Октун так, даана тийгенине ишендим, бирок жыгылбады. Эгер жанына барсам, мени челип, ыргыта сүзбөсүн деп, экинчи жолу өпкөнү аралаштыра аттым. Аркар дагы эле кыймылдабайт. Ошондо өлгөн деп ишенип, кудайлап жатып атылган аркарга жеттим. Төрт буту менен катып калыптыр. Кулатайын деп түртсөм алым жетпей койду. Анан зоодо куураган арчаны жулуп алып, калтектеп араң зоодон ылдыйга кулаттым. Түшүндүңбү, уулум. Эми ууручулук, уучулук, мергенчиликтен сурооң болсо бере бер, айтып берем, – деди жарпы жазылып, шаңшыган бүркүттөй.

– Аба, ушул жашка келип, мергенчиликте талаада, тоо-зоолордо калган учурлар көп болсо керек, тамак-ашты, жатуучу, эс алуучу жайды кантесиз?
– Андай учурлар ар дайым болуп турат. Аска-зоолордо, кокту-колоттордо, бадалдуу жылгаларда үңкүрлөр, таштын жаракалары, суу жеп кеткен аңдар бар, ошолорго түнөйбүз. Ал түнөөчү жерлерде кичине казан, челек, чөөгүндөр бар. Тоодо отун кенен, ошолорду жагып тамак бышырабыз, курсагыбыз тойгондо кийимдерибизди чечпей эле эс алабыз. Ал эми, жаз, жай, күз айларында башка, кечирген жерде эле жатып калабыз. Белибизде нан, чайнегибиз бар. Сууну кайнатып, тоо чөптөрүнөн салып чай даярдайбыз. Атып алган кайберендердин этинен бышырабыз. Ошентип, эптеп күн өткөрөбүз да, от үчүн күкүрт, чакмак болот жаныбызда.

– Эми атып алган кайберендерди кантип алып келесиздер? Анткени, ар жерден атасыздар да?
– Туура айтасың, балам, тоодо чоңойбой, шаарда өскөн бала окшойсуң? Бу уучулук мындай карасаң бир тозоктун өзү, мындай карасаң кызыгына батып, ырахат аласың. Тоо-зоого атчан чыкмак белең, жөө барасың. Кышында тоонун түбүнө чейин ат менен барып, балдар атты үйгө алып кетишип, биз айткан күндө ошол жерге алып келишет. Ал эми жайында ошол эле тоонун түбүнө аттарды тушап, же аркандап коёбуз. Эми сенин сурооңо жооп берейин, атылган кайберендерди ар жерден терип, бир жерге топтоп, айылга жеткиребиз. Анан элге таркатып беребиз, мергенчиликтин салты ошондой.

– Мергенчиликтин адамдын ден соолугуна кандай пайдасы, же касиети бар?
– Адамдын ден соолугу үчүн эң пайдалуу, дене-тарбиянын өзү да, таза аба жутуп, таза мөңгүнүн суусун ичип баскандан денең чыңалат. Жер көрүп, тоодогу жаныбарларды, арча, долоно, ыргай, кайыңдарын, чиелерин, алча, аламаларын, бүлдүркөндүн түрлөрүн көрөсүң, дары чөптөрдү, аскалардан мумияны көрүп, аларды элге, дарыканаларга жеткиресиң.

Уулум, мергенчиликтин, уучулуктун бир болгон пайдасын, даарылык касиетин угуп тур. Илгери бир жигит ушул эле Тар өрөөнүндө шал болуп ооруп калыптыр. Жер-жерлердеги бүт табыптарга алып барыптыр. Анда азыркыдай доктурлар жок, эч айыгуунун айласы болуптур. Ошондо Ылай-Талаа деген жерде молдо Калмат деген чоң табыпка атасы баласын атка мингизип алып алып барыптыр. Тамырчы оорулуу жигиттин тамырын кармап: “Бул айыга турган оору” – дейт. Анткени, ал элге аты чыккан кыл тамырчы турбайбы.

– Балаңыздан коркпоңуз, тез эле айыгат. Муну уучулукка алып барып, колуна мылтык берип, кийиктердин чубап өтчү жерине (жолуна) отургузуп койгула. Кийиктер өтүп баратканда жигиттин уучулукка кызуусу артып, ышкысы келип, оорусун унутуп, тиги кайберенди атам деп ынтылып отуруп, басып кетет. Ошону менен мен көр, сен көр болуп сакаят, – дептир тамырчы.

Баягы баланын атасы, агалары табыптын айтканындай Ажыкенин Качурасынын белине алып барышып, мылтыкты колуна карматышып, кийиктердин өткөөл жолуна отургузуп, ар жактан кийиктерди үркүткөндө кийиктер баягы шал оорулуунун жанына келгенде, бала уучулукка кызыгып, атам деп ынтылып басып кетиптир. Мына, уулум, уучулуктун пайдасы жана касиети. Ошентип, ошол жигит оорусунан айыгып, өзү да чоң мергенчи болгон экен деп Саадал аксакал кызыктуу, уккулуктуу аңгемесин бүтүрдү.

Расулберди МАМЕТОВ, ардагер журналист, Бишкек шаары,
«Кыргыз туусу», 09.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий