Күлүктү күлүк кылган саяпкер

Сары өзөн Чүйдөн көгүлтүр Ысык-Көлдү көздөй жол тартып бара жатканда Ысык-Ата  суусу менен Улуу Жибек жолу кесилишкен жерде чоң сүрөткө туш келесиз. Бул сүрөттө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, атактуу жылкычы Байзак уулу Жумакмат менен элге күлүк аттын кашкасындай таанымал Кочкорбай уулу Исак Кер-Төбөл аттуу тулпарды  маршал С.М.Будённыйга тартуулап турган учуру бадырайып көрүнүп турат. Эмнегедир ушул көрүнүш азыркы муундарга жылуулук чачыратып тургандай туюлат…

Күрөң жорго

Элеман анчалык ашынган бай эмес, алынча оокаты бар, анан ченемсиз саяпкер болгон. Айылдаштары күлүк болчу аттарын жашынан сынатып, анын табын сурап турушчу. Элеман кайда барса да уулу Жекшенди ээрчитип, жанынан чыгарчу эмес. Жорго таптап, анын күлүк болорун Жекшен атасы Элемандан үйрөнүп, Кочкорбай уулу Сыдык акем жылкы ферманы жетектеген “Кеңеш” колхозунда саяпкер болуп иштеген.

1945-жылдары жайында жээрде бээни кулуну менен ээрчитип Сыдык акемдин Баракбай айгырынын үйүрүнө кошуп жиберишти. Бел-Саз жайлоосунан эл ылдый тартаарда “Кеңеш” колхозунун бээси уу коргошунга ууланып өлүп, кулуну жетим калыптыр деген кабар келди. Бул кабарды угаар менен Сыдык акем башкарма иниси Исак Кочкорбай уулунун күрөң жоргосун минип келип Жекшенге берет.

– Жоргону мин да, түнү менен болсо да жете конуп, кулунду алып кел. Жайлоонун чөбү катып калды. Ал жерде сүт эмбегенден кийин жетим кулун жүдөп калат. Бүгүн-эртеңден калсаң энесин издеп жоголот, ит-кушка жем болот.

Сыдык акем ушундай акылын айтып, Жекшенди жайлоого шаша жөнөттү. Бел-Саз алыс жайлоо, жакшы аты бар кишиге бул жерден күндүк жол. Ошого карабастан үйүнөн бешимде бастырган Жекшен күрөң жорго менен Бел-Сазга эл жата электе келди. Күрөң-тай кунан – жорго не деген бышык тай. Жолдон чоң аттарды артка калтырып, жарышса чыгып, кууса жетип жүрүп отурду. Жайлоого келаткандар Жекшендин күрөң тайына таң калышат. Алар “жылкыдан да ушундай асыл туулат экен го”, – деп тамшанып жатышты.

Күрөң жоргонун күлүктүгүнө, сындуу турпатына, ошого жараша табына келтирген саяпкердин эмгегине, билгичтигине суктанышты. Жекшен өзүндөй саяпкер жок деп жүргөн. Көрсө, өзүнүн эле айылынан Күрөң-тай жоргонун саяпкери, курдаш досу Абылгазы уулу Апек эле. Күрөң жорго менен тең таймашчу кыргызда ат жок, күлүктүн күлүгү саяпкерине жараша болот экен деп ичинен ойлонду.

Будённыйга тартууланган Кер-Төбөл күлүк

Эртеси кечке чейин Жекшен Кер-Төбөл кулунду өзүнүн үйүнө алып келди. Жетим кулун канча кылган менен бир уяда жатып, бир эненин эмчегин бирге соргондук кылды. Ал Күрөң-тай жоргого бат эле үйүр алды. Экөө бири-биринен ажырашса токтобой, кишенешип, кайра жолугар замат окуранып, анан ыйык жалдан тиштешип, кубалашып оюн салып ойноп калышат.

Кер-токол кулунунан тартып, колдон тамак жеп үйрөнгөн неме кийин чоңойгондо кайсы жерден бошонсо ошол замат үйгө келип бир тийчү болду. Жекшен бээнин сүтүн өз колу менен берип жүрүп чоңойтот. Баладан бетер Жекшен кайда барса да артынан ээрчип алчу. Ал эртең менен Күрөң жоргону токуп, сугатка жөнөгөндө, Кер-Төбөл кулун ко­шо ээрчип жөнөйт. Күрөң жорго аркандалып калган соң, анын жанына эки чалып, бир чалып, анан көк арпаны аралап барып, кадимки чоң жылкыларча дандын башын сындырып оттоп кирет. Арпа, сулунун камыр сүт болгон дүмбүл башын чартылдатып, үзүп, бырсылдатып чайнап турат. Кечинде күрөң жоргого жем, чөп салып жатканда Кер-токол ачка келгенсип, бүт бойдон мойсоп койчу. Жекшен тайды карап туруп таң калат: “Жетимдин курсагы жети кабат деген чын,  жаагы тынбайт экен”, – деп ойлоно кетет.

Сыдык акем келгенде Жекшен кулундун жоруктарын айтат. Ал Жекшендин сөзүнө анчалык көңүл бурбай, курсагы жер чийип, күрөң жоргонун артында турган кулунду карап: “Ал ошондой тойбогон жылкы болот, анткени жетим эмеспи!” – деп ар жагында бирдемени билип турса да, Жекшенге айтпай ойлонуп калат.

Жекшен күз башынан жем-чөптү мол камдайт. Кыштын ка-таал, жаздын катуу кармаганына карабастан, Күрөң жорго менен Кер-Төбөлдү  көккө өңдүү жеткирди. Бир жагынан өзүнүн дээринде бар жылкы баласы, экинчи жагынан багуусу жарашкан Кер-Төбөл жетим кулундай болбой бат эле чоңойду.

Баягы жер чийген чоң курсак тартылып, жазында кунандарды жаңылткан чоң тай болуп чыга келди. Жал, куйругу төгүлгөн, кундуздай кылы жалтылдаган Кер-Төбөл татынакай тай болду.

Эртели-кеч Кер-Төбөлдү Жекшен өзү минип алып кээде кунан чабыштарга кошулуп кетет. Бура тарткан жерден алда кайда келет. Быш этип чарчап койбойт. Күнүгө эки чапса эки, үч чапса үч чыгат. Кер-Төбөл тайдын даана күлүк болоруна Жекшендин да көзү жетип калды.

Бир күнү Кер-Төбөл жашка толуп, тай болуп калган кезде Жекшендин үйүнө Сыдык акем менен Исак келип Кер-Төбөлдү көрүп сүйүнүшүп, анан кымыз ичип олтуруп:

– Орто Азиянын ат оюндарынын мелдешине Күрөң жорго менен Кер-Төбөлдү даярдагыла, – деди Исак агасы Сыдык менен саяпкер Жекшенди карап.

Жекшен күнү-түнү тынчы кетип, уйкудан безип Кер-Төбөлдү ошол мелдешке даярдай баштайт. Кош тизгинин катып суутуп (бир тизгинин үзөңгүнүн алдынан алып келип басмайылга бекитип), жумасына үч-төрт жолу таң ашырып, өзү отко коюп, өзү терин кырып, өзүнөн-өзү тай менен убаралашып жүрдү. Кээде Жекшен эки, үч күн жолго чыгып кетип, ат үстүнөн тамактанып, тайга тал чөп үздүрбөй, тамчы суу ичир­бей, чарчап келип жатып калган күндөрү болчу.

Ушундан тартып Сыдык акем менен Жекшендин эси-дарты Күрөң жорго менен Кер-Төбөлдө болду. Кер-Төбөл тай кунан болду. Жазгы көктөм менен агытмак болгон Жекшендин оюн Сыдык акем бузду.

– Чытырга бышыр! Куу мамы кылып үйрөтөт. Жылкынын табын андан артык биле албаган соң Жекшен Сыдык акемдин оюнан чыга алган жок. Анын үстүнө Сыдык акемдин Кер-Төбөл кунандан үмүтү чоң эле.

Кер-Төбөл эт алып семире түшкөнүн билер замат:

– Жекшен, кунандын ичин тарт. Суут! – дейт Сыдык акем буйра сүйлөп. Жумасына эки күн таң ашып туруу Кер-Төбөл кунанга адат болуп калды.

Кээде Сыдык акем күндүн кайнап турган ысыгында алыска бастырып, катуу келет. Көбүнчө Сыдык акем, Исак, Жумакмат үчөө Кер-Төбөлдү, Күрөң жоргону, Күрөң атты минип алышып, Ысык-Ата курортунда балдарыбыз менен боз үй тигип, биз эс алып жаткан “Камыр” деген жерге келе калышчу. Таңга маал Сыдык акем күлүктөрдү жайдактап, булоолонтуп жетелеп жүр­гөнүн көрчүбүз.

Башында Сыдык акем күлүктөрдү көл-шал түшүрөт, анан ошол саат көкүрөгүн бастырбастан отко коё берет. Кечинде тери төгүлүп турганына карабай ээр-токумун, жүгөнүн шыпырып, ат сарайдын жанындагы сазга жайдактап агытып жиберет. Көрсө, казы, картанын майын саздын балыр аралашкан суу чөбү кара курумга айландырат экен да. Далай жолу ошентип, семиз тор жоргонун майларын агызганын жердештери көрүшүп, “Кандай кереметтүү, көсөм киши”, – деп таң калышчу.

Кер-Төбөл кунан таң ашкан  сайын эки көзү жайнап, сынына чыгып, көзгө толо түшөт. Кунанды таң ашырган күнү Жекшенде тыным болбойт. Эл бир уйкуга кеткенче кыбыратып жүрүп, терин кургатып, түнкү сыдырымга этин муз- датып, качан гана керилип- чоюлуп, силкинип, оозун ачып эстегенде, жетелеп келип, мамыга аса байлайт.

Ат чабыш чукул калганда Сыдык акем келип:

– Кунаныңда сасык тер калбаптыр. Жайлат, ачуу терлеринен ажыраптыр. Эми көп кыйнабай, суут. Таң атканча кунанды уктатпай жетелеп чык. Күлүк ат чабылар күнү үргүлөп кетсе, эти жашып, эртеси кара тер басып, чуркабай калат.

Ат чабышка жөнөр алдында “Кеңеш” колхозунун атактуу саяпкерлери Жумакмат, Курман, Момбек, Турсункул, Абийир чогулуп келишти. Алар Күрөң жорго, Кер-Төбөл, Тор жоргону көрүшүп: “Баракелде! Жакшы таптаган экен”, –  дешип, саяпкерлер Апекти, Жекшенди, Кадырбекти, Нурдинди мактап жатышты. Сыдык акемдин ачуусу келип, саяпкер Нурдинди карап:

– Тор жоргону колго алгандан бери этинен аздырам деп олтуруп, атты катуу кыйнап таштапсың. Таптагандан бери така көрбөптүр. Туя­гы кичирейип калыптыр. Ар бир секирген сайын бир элиден кемип түшөт, анткени төрт туягы тең тайпаң болуп калган…

(Уландысы бар)

Ширин КОЧКОРБАЕВА, «Кыргыз туусу», 09.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий