Кудай берген акындын жан дүйнөсү

(Эссе)

Жарты кылым өтсө да акын курбумдун элеси, жорук-жосуну, анын муңайым мүнөзү күнү бүгүнкүдөй кулпурган өңүндө. Ал экөөбүз алгач ирет жолукканда орто бойлуу, сары чийкил, кой көздүү, өзүн басыңкы туткан, ачылып көп сүйлөбөгөн түрүн көрсөттү. “Ленинчил жаштын” редакторунун орун басары – чепилдеген, орто бойлуу, чеңгил көз Токтомуш Баетов аны чакырып алып, курулуш жагынан сүрөттөмө жазгын деп тапшырыптыр. Жазгандарын таштап, кайра жаныма келди.

Кочкордон келгениме бир айга чамалап калган, тапшырмаларын нечен ирет бүтүрүп, купулуна толгон өңдөнүп жүрдүм. Эмне дегенде “летучка” деп коюшчу, бир жумада үч жолу санды талкуулай келген кезде жазгандарыма жылуу пикир угуп калгам. Алиги сары чийкил, жапалдаш бойлуу жигит экөөбүз жай сурашып, ымалага келип калдык. Орто мектепти бүткөн соң шаарга келип, окууга өтө албай, курулуш жагында бетон куюучу болуп иштейт экен. Жумушчулар жөнүндө эки-үч ирет жазган макаласы жандуу да, таасирлүү да. Анын туруш-турпаты, жөнөкөйлүгү, баёолугу, жада калса, жупуну кийми, сөзүнөн жана ыйбаалуу мүнөзүнөн Ала-Тоонун ак мөңгүлүү аймагында жашаган калк­тын каада-салтын, ой-тилегин, демин кошо ала жүргөндөй элес калтырды.

Алыстан келип, айыл жытына куса боло баштаган мага көзгө комсоо көрүнгөн бул жигит бүтүндөй бир калктын аймагы менен амандаштыргандай каниет калтырды. “Ленинчил жашта” мурда иштегендерге жана университеттен билим алгандарга караганда береги жигит негедир купулума толуп, ага да калеми учкулуна тартып турушуна тилек эттим. Ага караганда математика мугалими болуп, окуу тарбия ишин тейлеп калган жаным баш тоголотор кеп-кеңешимди берип, окууга, болгондо да калемгерлик өнөрдүн өрүнө алып чыгаар илим-билимге жетсек деп чаңкаган ойлорду оозандык. Себеби, жогорку билимдүү журналист деген дипломдун жогу кыйла жерден басынтып турду. Бирок биздин жазганыбызга жооптуу катчынын орун басары Абды Абдыкадыров биздин көзүбүз жокто: “Ушул экөөнүн жазгандары “сочный”, жеңил окулат”, – деп тамшанган имиш. Ошондон улам гезитке алыскы райондордо иштеген жаш кабарчылардын бири Токтосун Гаипбердиевди тартышты. Ош аймагын түгөл билген, иштемчил, жөнөкөй, ак ниет, жоомарт, эт албаган кагелес, кыргыздын ичкилик уруусунан чыккан бул жигит да гезиттин баркын арттырып, кыйла маселени шыр көтөрүп жиберди.

Гезитте Жапар Саатов, Сулайман Маймулов, Сталбек Усупов, Идрис Галиев, Мукаш Усукеев, Абаз Балтабаев жана башкалар иштечүбүз. Кыздардан Симура Макешова, Жамийла Кочкорбаева – баарыбыз ынтымакка жуурулушкан чыгармачыл топ болдук. “Ленинчил жаштын” нускасы көбөйүп, калайык-калк кадырлап окуй турган гезитке айланды. Ошол учурда Жолдошбай Абдыкалыков, Жапар Молдалиев – экөө тең алынды. Экөө элге тааныла түшкөн акындар эле. Токтомуш Баетов күйүп-бышып иштеген мыкты журналист эле. Кез-кез айтып-койбойт: “Тынбай изденгиле, кийин силер бараандуу акын, жазуучулардан болосуңар, окугула, иштегиле!”…

Жарым жыл өтпөй жаңы келгендер калем төшөлтүп, омоктуу ойду камтыган маселелерди көтөрө баштадык. Очерк, фельетон, сүрөттөмө, репортаж өңдүү жанрлар биринин артынан бири басылып турду. Кудайберген жумушчу темасынан кыйла маселени козгоп, завод-фабрикалардан жана ага өнөр-кесип жагынан машыккан адистерди даярдаган кесипчилик-техникалык окуу жайларын камтыган окулуктуу макалаларды арбын жазды. Журналист катары таанылып калган соң Кыргыз мамлекеттик университетке сырттан окууга өттү.

Алтымышынчы жылдын жазында Кудайберген жагалданып, баягы тартынчаак, түнт өңдөнгөн мүнөзүн алып салып, шайырдыгы артып, улуу акындардын томдорун колтуктады. Көрсө, табиятынан акын экен.

Кудайбергендин алгачкы  ырлар жыйнагы 1969-жылы жай айларында жарык көрдү. Он жыл бою жазып жүргөндөрүнүн жарымын араңдан зорго жарык көргөздү. Бир калыпта, адеп-ахлак менен жүргөн акын ошол алгачкы ырлар жыйнагына кубанып, изденүүнүн жолуна түштү. Анын ошол ырлар жыйнагы тез эле элге сиңип кетти. Бирок, табигый акындын ырлары жөнүндө жылуу пикирлер айтылганы менен, анчалык даңазага жетерлик ойлорду эч ким айтпады.

Акындын поэзиясынан анын мүнөзү, үнү, дабышы жана ой-санаасы даана сезилип турду. Жайкы желге уяң эткен тоонун гүлүндөй назик да, көркөм да элес калтырды. “Мекеним” деген эки түрмөк ырын астыңарга тартайын.

Мекен жүгүн алып аркалап,
Жамандыктан жүзүн калкалап.
Жашайт менин асыл Мекеним,
Бейпилдикте жатат чалкалап.

Ал соо болсо, менин соолугум,
Ата салты ушул тоолугум.
Ар бир таңда карайм суктанып,
Ала-Тоонун аппак жоолугун.

Аны жөнөкөй, жупуну гана салыштыруулар аркылуу каниетчил, кайратман, дили ак адамдын ой-санаасын туйгузуп, окурмандын сезимин тазартып, дилин агартып, жан дүйнөсүнө күч-кубат жана кайратты үйөрлөтүп салган. Ал эми Кудайбергендин “Түштүк кечи” деген ырын алдыңарга тартайын.

Каймактап калган сүткө окшойт,
Күзүндө түштүк түздөрү.
Түшүмө кирет күн сайын,
Түштүктүн кечи күздөгү.

Ак алтын чөккөн талаага,
Акырын барып түштү күн.
Адамдар кайткан жумуштан,
Асыл го кечиң түштүгүм.

Кыз жүзү окшоп үлбүрөп,
Батаарда кызыл күн күлөт.
Сулуу кеч сага суктанган,
Көздөрдө толо күн жүрөт.

Мына, нагыз сүрөтчү тарткан көркөм поэзиянын полотносу.

Айрыкча Кудайберген жашынан жумушчулар чөйрөсүндө эмгектенип, кыйынчылыктан кырчып өтөөр кайраты жалындаган жаштардын эпкиндүү тобуна кошулуп, Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин тапшырмасы менен тайгадагы “Байкал-Амур магистралы” жөнүндө көлөмдүү чыгарма жазышка кумарланды. Ой-санаасы толкуп жатып, өзгөчө бир шаң менен жашап, жүзүндө нур ойноп турду.

Бүткүл союздук БАМ курулушуна ар бир республикадан ыктыярдуу топтор түзүлүп, жөнөтүлүп жаткан. Кыргызстандан “Ала-Тоо” деп аталган отрядга акын мүчө болуп, алар менен кошо жөнөйт. Кыз-жигиттердин ой-максаттарын, тайгадагы кыйынчылыктарды жеңе билишин күндөлүгүнө жаза берет. Өзү дагы ооруп, далайда барып айыгат. Бул улуу курулушта 148-механикалык колоннанын башчысы Николай Ивановичтин, башкы инженер Ырысбайдын эрдиктери жаштарга камкордук эткен боорукердиги, бири-бирине көмөктөшкөн намыскөйлүгү сүрөттөлгөн.

Акын бул драмалык поэмасын “Тайгадагы көч” деп атап, эпикалык жанрдын алкагына камтылган окуялардан философиялык ой калтырган.

Ырысбай, Абжалил,
Сыргалар, Берметтер,
Жигиттер, селкилер –
“Ак Бешик” терметер.
Аларды дастандап айтууга силерге,
Акындын мөлтүрөп көзүнөн тер кетер.

Акын окуяны драмалык ыкмада баяндап, Тайгадагы күндөлүк кыйынчылыктарды, суукка жана чиркейлүү жайга, баткактуу саздын нымына жана жытына туруштук берген эрдиктерин көркөм баян этип сүрөттөлөт.

Драмалык поэмада Абжалил менен Берметтин сүйүүсүн да жагымдуу, назик жана аруу ойлорго чулгаган.

Абжалил

Алыстан шумкар кайтса канат сермеп,
Арзыган асманы бар канда демек.
Асманы ак туйгунга чабыт берер,
Ага, сен, кандай дейсиң, сулуу Бермет?

Бермет

Ак туйгун асманыңа жарашпайбы?
Адамдар сугун артып карашпайбы!
Асманды канат сылап эркелетчү –
Туйгундун мекени деп санашпайбы?

Эки жактын алым сабагында не деген сырдуу жана сөз менен айтып бүткүс назик туюмдар камтылган. Ырдагы аллетрация, леп-леп эте сезимге уруна калган ыргактуу салыштыруулар, сөздөрдүн кыналышы классикалык поэзиянын үлгүсүнө салынган акындык чеберчиликтин өсүп-жетилгенин айгинелеп турат.

Атаганат жанагы идеологиябыз жок деп айгайлап жаткан “киргиздер” акын Кудайберген Жуманазаровдун “Тайгадагы көчүн” окушса, “Каракол оттору”, “Ат жалындагы ыр”, “Тогуз кайрык”, “Токтогулдун ыры” жана башка ондон ашык жыйнактарын баракташса, ошондо барып, акындын аруулугун, табигый улуулугун, философиялык ойлорго канык поэзиясын баалашканга кудурети, чама-чаркы жетээр беле? Ушул чыгармалар мектептерде эмнеге окулбайт дешээр беле? Ай, таң. Атаганат, орус адабиятын терең билип жарыбаган, кыргыз акын-жазуучуларын тааныбаган, элдик каада-салттан кол жууган, байлыкты жана бийликти кууган “киргизбайлар” элдик акын-ойдун чырагын өчүрүп жатканда: “Кайра тарт кайырдын!” деп жинин кагып салаар уул-кыз төрөлгөй эле деп зар кагасың.

Кыйла жылдап унутта калган акын-жазуучуларыбызды тирилтип, акыл-ой кырчын кийинки жаштардын жүрөгүнө үрөн кылып сеппесек, биздин атуулдук парзыбыз кайсы.

Калканбай АШЫМБАЕВ, жазуучу, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
«Кыргыз туусу», 09.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий