Куйручуктун Чойбек болушка сын түшүргөнү

Чаектин болушу Чойбек мырза Куйручукту чакырып, атайы киши жиберген экен. Болуш аны чоң ызаат менен тосту. Жүрөктү тербелткен сый-сыпатын көрсөттү. Ширин тамак-аш дасторкондо жайнап, сарысаамал сабадан куюлуп, жалгыз эле кишиге эл жакшысы чоң конок алгандай чыгынды. Сөзгө сөз уланды, узун сөз учугу чубалды. Кызыктуу кеп аягына чыкканда, Чойбек Куйручукка собол таштады:

— Кана эмесе, Куке, сенин көзүң ташты да теше көрөт эмеспи! Кереметиңди кепке тартып, мага бир сыныңды түшүрүп көрчү! Деги мен кандай кишимин?

— Болушум, кеп чынынан бузулбайт! — деди олуя ойлоно түшүп. Кыраакы болуш сөз төркүнүнө дароо түшүндү:

— Болгонун болгондой айт, капа болбоймун!

— Чойбек! Сен асманда айланып учкан ак шумкарсың, сермегениңди куткарбайсың! Атырылып тике качырган арстансың, качырганыңды кайсайсың! Желедеги акбоз айгырсың, желеге бөлөк айгырды жолотпойсуң! Душманга келгенде тегирмендин ташысың, өз журтуңа келгенде жайыл дасторкон ашысың! Жакын тууганына жан тартпаган, жамандардын үйүнө башбакпаган, калпыс кепти сүйлөбөгөн, айтканынан кайтпаган, карамүртөздүк кабагыңды бүркөткөн, дайыма өкүм сөз өкчөгөн өрт экенсиң! Атаганат, сенин колдоочуң — чоң атаң Черикчи бийден оогон көкжал карышкыр турбайбы! Бирок, мындан аркы басаар жолуңду боз чалып турат… Жаман ишке кириптер болосуң!.. Өмүр отуң да жалындап күйүп барып, эрте өчөт окшобойбу… Бак-даражаң карачечекей Мырзабек иниңе оошот!

Ушинтип, Кудай сүйгөн Куйручук сын түшүрүп бүттү. Чойбек болуш бозүйдүн түндүгүн тиктеп, ой бешикте термелип турду.

***

Олуянын сын түйүнүн жашоо-турмуштун өзү төмөндөгүдөй жандырды.

Чойбек менен Суусамыр болушу Түркмөн экөө нааразы болушуп, кекенишип жүргөн чак.

Кыштын бир күнүндө Түркмөн Кочкордон кайтып келатты. Ал Чойбектин айылына токтогон жок. Мунусу Чаек болушун тоготпогону, «Сен мага ким элең?» дегени болуучу. Чамгарактаган болуштун бир жигити чаап келип, мырзасына бу салт бузууну кабарлады:

— Түркмөн сиз менен учурашпай, качып баратат!

— Чакырып келгиле бери! — деди Чойбек ачуусу көзүнөн көрүнүп. — Мага учурашпай өтүп кеткидей, ким экен, ал өзү?

Чойбек болуштун эки жигити Түркмөн болушка чаап жетишти.

— Биздин кудайыбыз сизди чакырып жатат!

— Ооруп баратам. Чойбекке баралбаймын! — деди суусамырдык манап так кесе жооп берип.

«Оорумактан өлүп кетсең да учурашып кетпейсиңби?» дешип, кара айгырдай килеңдеген жигиттер болушту аттан оодара тартышты. Шылдыңдашып, шымынын ичине кар тоголоктоп салышты. Экөө аны кар жиретип, күйүктүрүп айдап келишти.

Башта эле Чойбекке карачаар жыланын камдап жүргөн Түркмөн эми ага ого бетер кекенип калды.

…Куйручук конок болуп кеткенден беш-алты ай өтүп-өтпөй, Чойбек бая олуя айткандай башы жаман ишке кириптер болду. Анын Жалал-Абадда жашаган Абдрахман аттуу соодагер досу бар эле. «Күзгө чейин миң сом карыз берип тур, акчанын ордуна миң кой берем!» деп кат жазып, атайы киши жиберет. (Ал учурда бир койдун пулу — бир сом экен). Абдрахман Чойбектин өтүнүчүн аткарат. «Чойбек сенин катыңа жооп кылдым. Сага миң кой бердим!» деген жооп катын жазат. (Миң кой дегени, сага миң сом бердим дегени экен).

Чойбектин Жалал-Абадга жумшаган жигити кайтып келатканда, кайып-каскагынанбы, айтор сааттай болуп, ага жолдон Түркмөн жолугуп калат.

— Каяктан келатасың?

— Жалал-Абаддан.

— Эмнеге бардың?

— Чойбек Абдрахман досуна жиберген. Андан миң сом алып, ордуна миң кой бермей болду.

— Койчу, Чойбек кантип эле, ошо сартка миң кой бере койсун? — дейт Түркмөн.

Алакөөдөн жигит мактанып, чөнтөгүнөн сууруп, Абдрахмандын жооп катын көрсөтөт. Түркмөн катты окуп жатканда, алиги жигит атына чуркап кетет. Куу болуш (Ал арабча сабаттуу киши экен) «кой» деген сөздү «кол» деген сөзгө оңдоп салат. (Араб тамгасындагы «й» тамгасы «л» тамгасына оңой оңдолот).

Чойбек Абдрахмандын катын дааналап окубай эле, сандыкка каттырып койгондугун Түркмөн жанагы жигиттен чекмелеп сурап, билип алат. Анан, айлакер болуш «Чойбек ак падышага каршы чыгып, көтөрүлүшкө кол топтоп жатат» кыязында оёзго арыз жазат. Оёздун чоңдору текшерүү жиберет. Текшерүүчүлөрдү Чойбектин үйүнө Түркмөн өзү ээрчитип келет. Чойбектин жамандык менен иши жок. Дайымкысындай жаркылдап, конок камын жейт. Бир гана көптөн бери кекээрлешип келбей жүргөн Түркмөндүн көктөн түшкөнсүп, өзү келип калганына таңгалат. Бир сыйра чай ичилген соң, текшерүүчүлөр баягы катты сурашат. «Миң кол бердим!» деген жазууну окушат. Болуштун жылдызы көктөн тайгылып, заманасы куурулат.

Эртеси сурак башталат. Миң кол чогулбаганын, Чойбектин көтөрүлүшкө камылгасы жок экендигин өздөрү көрүп-билишсе дагы текшерүүчүлөр «шектүү» деген бүтүм чыгарышат. Чойбекти Бишкекке алып келип камашып, бир айдан соң андан ары эки жыл мөөнөткө Сибир сүргүнүнө айдап жиберишет.

Сүргүндө сүрүлүп жүрүп, эки жылдан соң, Чойбек эли-жерине эсен-аман кайтып келет. Бирок, көргүлүктү көрүп, азапты аштай тарткан эл жакшысы көкүрөк оорулуу болуп калат. Айдоодон кутулуп келгенден көп өтпөй, далайга кан түкүрүп жатып, жарык дүйнө менен коштошот.

Чойбектин бак-даражасы Куйручук айткандай, анын карачечекей иниси Мырзабекке оошуп, ал болуштукка шайланат.

Эркалы Өскөналы, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий