Тайлак баатыр

Кыргыз эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев мындан бир топ жыл мурун жазган тарыхый чыгармасы «Тайлак Баатыр» баянынын баш сөзүндө «Жалпы элдик жана өкмөттүк кастарлоого татыктуу, болгондо да улуттук баатыр Тайлак (1796-1838) да тарыхый калыстыктын айдыңында толук баасын алып, кеңири салтанатталчу кезегин күтүүдө» деп белгилеген эле.

«Соң-Көл» Тайлак баатырдын негизги ата конуштарынын чордону. Бул аймактан кыргыз элинин даңкын көтөргөн көптөгөн инсандар чыгышкан. Алардын катарында Тайлак баатыр Рыскул уулунун өзгөчө орунду ээлегени шексиз.

Кыргыз тарыхын кунт коюп иликтеген, сабаттуу акын, айтылуу Байымбет Абдырахманов (Тоголок Молдо) өзүнүн улуу жердеши Тайлак баатырдын эрдиктеринин жана коомдук ишмердигинин илеби сууй электе, ал тургай көрүп уккан айрым карыялардын эскерүүлөрүнөн жыйнап, сыймыктана шакирттери Нурдин молдо менен Абдыкалык Чоробай уулуна насааттап «Тайлак баатыр» дастанынын эки вариантын жаздырган. Ал жөнүндө кыргыз элинин атактуу акындары Арстанбек (Ысык-Көлдөн), Чоңду (Таластан), Нурмолдо (Аксыдан), Барпы (Сузактан) жана башкалар өзүлөрүнүн чыгармаларында омоктуу ойлорун айтып калтырышкан.

Тайлак баатыр эл аралык масштабдагы инсан экендигинин ачык маалымы – бул ал жөнүндө коңшу элдердин өкүлдөрүнүн тарыхый чыгармаларында да кеңири орун берилгендигинде. Алсак XIX кылымдын ортосунда жашаган көрүнүктүү казак окумуштуусу Шокан Уалихановдун эмгектерин, ошол эле мезгилдеги өзбек тарыхчысы молдо Муса Сайраминин чыгармасы жана Цин империясынын башкаруучуларынын (кытай элинин) жылнаама тарыхтарында чагылдырылганын айкын күбө катары келтирсек болот.

Ал жөнүндө көрүнүктүү кыргыз тарыхчысы Белек Солтоноев да өз мезгилинин деңгээлине жана дараметине жараша маалымат берген эле. Ал эми белгилүү тарыхчы профессор Сабыр Аттокуров «Тайлак баатыр» аттуу илимий иликтөө жүргүзүп, жогорку окуу жайлары үчүн бир топ көлөмдүү, ары кызыктуу окуу куралын жазган. Көрүнүктүү аалым жана мамлекеттик ишмер Кубат Осмонбетов өзүнүн кызы Гүлнара жана уулу Эмил менен авторлоштукта  «Тайлак баатыр жана анын доору» деген китеп жазышкан.

Ошентсе да, бул инсандын өрнөктүү өмүр жол таржымалы али даана жана толук ачыла элек, бир далай бүдөмүк жерлерин дыкат изилдеп такташыбыз керек. Маселен, Тайлак баатырдын Кокон ханы Мухаммед Али (1822-1841) менен өз ара мамилелери эмдигиче бурмаланган бойдон тарыхый эмгектерде жызылып келүүдө. Тайлактын туткундалып Коконго алынып келиниши, азырынча Шокан Уалихановдун күмөн маалыматтарынан бөлөк эч бир тарыхый булактар менен ырастала элек. Ал эмес кыргыз уламыштарында да мындай кабар жок экендигин баса белгилемекчимин. Деги эле мындай жагдай ошол мезгилдеги тарыхый окуялардын логикалык жүрү­шүнө да топ келбейт. Андыктан албетте бул тараптарды иликтөө жаңы деңгээлде колго алынаары келечектин талабы.

Тайлак баатыр эң оболу кыргыз коомчулугуна даңкы чыккан тектүү ата-бабанын нарктуу жолун жолдогон кыргыз уулу – Улуу инсан. Ал эрте жетилип эл камын ойлонгон, элдин мүдөөсү менен жашап өмүрүн элдин келечегине, мамлекеттик биримдигин чыңдоого арнаган жаркын инсан. Тайлак жеке эле кыргыз элин чет жерлик баскынчылардан коргоо менен чектелбестен, коңшу боордош мусулман калкынын өкүлдөрү болгон — уйгурлардын мекени — Кашгариянын эркиндиги үчүн күрөшкөн.

Тайлак баатыр достукка, куда-тамырчылыкка бекем болгон. Ал мусулман элдеринин биримдигине жетиш үчүн өзүнүн кызын уйгур элинин эркиндигинин туусун көтөргөн, эр жүрөк Жаңгыр кожого аялдыкка берип кан куда болгон, өзү да Кашгардын акиминин уйгур кызы-Бегайымга үйлөнүп, аны ызаттап эң сүйүктүү жары катары кастарлаган.

Тайлак баатыр эр жүрөк кыраакы кол башчы катары, өзүн көп кыйчалыш кырдаалдарда, жогорку адамдык сапаттарга эгедер экендигин көрсөтө алган. 1825-жылы күз мезгилинде бейкут жатышкан кыргыз айылдарына кыргын салган чет жерлик манжур-цын баскынчыларынын Байанбату генерал баштаган 7 миң аскерден турган кошуунунун мизин кайтарган. Ушул Кароо капчыгайындагы окуя эле Тайлакты кандай инсан болгондугунан кабар берет. Биринчиден, Ак-Талаанын Кароо капчыгайындагы бул салгылаш кыргыз жоокерлерине даңк алып келген.

Тайлак Баатыр кыргыз элинин улуу инсандарынын арасынан улуттук мамлекеттүүлүктүн биримдигин көздөгөн, коомчулуктун келечегин туура баамдаган кол башчылардан болгон. Бул асыл атуулдук бийик сапат азыркы биздин эгемен республикабыздын кыйчалыш кырдаалында өзгөчө мааниге ээ экендигин ачык-айкын сезүүдөбүз.

Кыргыз элинин эркиндигин камсыз кылыш үчүн эгемендүү келечегин көздөп, өзүнүн замандаштары болгон кыргыз кол башчыларын биримдикке чакырып, аларды бир нукка багыттоо аракетинде жүргөндө кутумчулуктун айынан курман болгон. Бирок, Тайлак баатырдын бул аракети текке кеткен жок. Анын ишин курдаштары Алымбек датка (адигине), Канай баатыр Түлөберди уулу (солто), Медет Байтүгөл уулу (саяк), Ажибек Алчикен уулу (саруу), Ормон (сарыбагыш) хандар колдоп, өркүндөтүштү, бара-бара ал үзүрлүү натыйжаларын берди. Буга азыркы эгемендүү­лүктүн шарапаты ачык-айкын күбө болууда.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, КР илим жана техника жаатындагы,
Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору,
«Кыргыз туусу», 09.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий