Тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин: «Шамал кыймылдаса шаман боло калчулар көбөйгөнү тынчсыздантат»

— Тынчтыкбек мырза, Эркиндик эстелиги алынды, ордуна Манас коюлганы турат. Бүгүнкү кырдаалда ушул нерсе керек беле? Тарыхчы, илимпоз катары ушул жаңылыкты кандай кабыл алдыңыз? Туура, канатчан аял деп сындап да келдик, бирок бүгүнкү оор кырдаалда эстеликке акча коротуунун зарылдыгы канчалык?
— Бул суроону көтөрбөгөн басылма же интернеттик социалдык тармак калган жоктой. Ошого карабастан, бул маселеге саат сайын кайрылуу абзел болуп турат. «Эркиндик» эстелигин ордунан алып салгандар, менимче, Манасты сыйлагандан эмес, анын рухун түшүнбөгөндөн ушундай кадамга барышты.

Шамал кыймылдаса шаман боло калчулар көбөйгөнү тынчсыздантат. Аял киши түндүк көтөргөнү — тарыхый салтты билбегендик деп айткандарга таң калам. Алардын ыгына койсо, Курманжан энебизди даткалыкка эч жолотушмак эмес окшойт. Очоктун отун өчүрбөй жандырган — Куттуу эне, тукумду уланттырган — Умай Эне дейбиз да, уруш учурунда аялзаты эркек менен жарыша жаа атып, найза кезегенин, оорукта эркек аткарбаган оор ишти жадырап-жайнап аткарганын, тынч турмушта деле күйөөсү кымыз уулап, айлап «дааватчы болуп» жүргөндө тоолук келин өзү эле жаңы жайытка көчүп, чийедей балдарынын көмөгү менен боз үйүн тигип жүргөнүн айткыбыз келбейт. Муну тарыхты түшүндүрүүдөгү «жалган эркек таналык» мамиле деп коет.

Азыркы кырдаалды оор дей албайбыз, себеби элибиз мындан оор учурду да баштан кечирген. Менимче, ыңкылаптан кийинки шайлоодо жеңген өкмөт айкындуулук, маалымдуулук жагын жаңыча карап, жаңыча иш кылса дурус болмок. Маселен, керек болсо, он чакты жылдан кийин курабыз деп, эл аралык деңгээлде ачык сынак жарыялап, Байтиктин Бас Бөлтөгүнүн чокусуна спорттук жана туристтик эс алуу жайын, ага жеткирчү асма жол, анан заңкайган сыналгы мунарасын долбоорлоп койсо, орнотуп, эс алуу өрүшүн «Сейтек Төрү» деп атап койсо дурус болмок (жалаң гана Манас аталышын жайната бербейли да). Жалпы дөбө мурдагы тарыхый атын сактай бериши ылаазым!

Манас бабабызга келсек, ал ыраматылык кайра жаралып келсе: «Айланайындар! Мени даңазалагыңар келсе, аялзатына асылбагылачы. Ошол каражатты тоо тешкенге, темир жол салганга, суу, шамал, күндөн электр кубатын өндүрчү тармактарга жумшасаңар. Андан да артса, Таластагы күмбөздүн жанындагы комплекске келчүлөр үчүн беш жылдыз конок үй салып койсоңор», — деп айтмак го деп ойлоп кетем.

Кызык, «канат тагынган» айымдын айкелинин идеясын көрөңгөлүү акындарыбыз коргошу керек эле, же алар да Пегасты темир мерседеске алмаштырып, заттык маданияттын көрпендесине айланыштыбы?

Баса, берки «Эркиндик символу» болгон эстеликке деле башка жай табылат, аны эч талкалабайбыз дешүүдө. Анда аны ордунан козгоп эмне жанга күч келди? Негизи, туура ойлонуштурулган эстеликтен эч каражат аябаш керек. Маселен, Чыңгыз Айтматовго эстелик тургузулуп жатканын колдоого алам.

— Борбордун атын Бишкек дебей, Манас деп коебуз деген да күчтөр пайда болду? Бул популизмби? Бишкек дебей Манас дегенден эмне өзгөрөт?
-Mенимче, ордо шаарды «Манас» деп коелу деген аракеттер мурда эле болгон. 1991-жылы Фрунзе шаары деп болшевиктик аталыштын ордуна дароо «Манас» деп атасак туура болмоктур. Бирок ал кезде СССР биротоло кулай элек болчу. Коммунисттер да азыркыдай ардагерлердин атаандаш чакан партияларынан болбой, бүткүл Советтер Биримдигиндеги демократиялык күчтөрдү жутуп жок кылууга акыркы күчүн топтоп чамынып турган. Ошондо Фрунзе шаарынын аталышын өзгөртүү үчүн Орусияда кеңири колдонула баштаган нукка — тарыхый аталышын калыбына келтирүү нугуна түшкөнбүз. Бул жүйөөгө «фрунзечилер» да ооз ача албай калган. Кыргыздар Чүй боорундагы чеп-шаарды Бишкек деп атаары арап жазмасындагы чагатай булактарынан дурус маалым. Санжыралык маалыматтар да муну тастыктаган.

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын өкүлү Нарынбек Алымкулов жана архивчи Субакун Бегалиевдер Маскөөгө чейин барып, Фрунзе аталышы Сталиндин режими (Кремль) тарабынан таңууланганын далилдешкен.

Чүйдө Бишкектен башка Сокулук, Кара-Балта, Токмок сыяктуу жер аталыштары бардыгы да Бишкектин тарыхый аталыш катары оригиналдуу ордун бекемдейт (бишкек, соку, балта, токмок).

Бишкек аталышын намыс көргөндөргө айта кетээрибиз: боордош татар туугандар ордо шаары Казан деп аталаарынан эч намыстанбайт (биздеги айрым «шамандар» бул «казан» сөзүн «катын-калачтын гана күндөлүк эрмеги болчу таңкаларлык аспап; Татарстандын бийлиги борбор шаарынын атын өзгөртпөй каякка карап жатат?» деп чыгышаар).

Орустар деле тээ 1914-17-жылдардагы улутчул доордун илебине кайтпастан жана пост-советтик Ленинградды Петроград деп атап отурбастан, илгерки немисчесинен эле «Санкт Петербург» деп шаардын тарыхый атын калыбына келтирип койду. Улуу орус идеясын издегендер деле арбындыр, бирок орус туугандардын эч кимиси Москва шаарынын славян эмес элдин тилинен алынган эскиден келген аталышын четке кагып, ордо шаарын Муромдук Ильянын (Муромец), Каардуу Ивандын (Грозный), Суворовдун, Кутузовдун ж.б. ысымдары менен атайлы деше элек. Түрк туугандар Анкараны Ататүрк-Кент деп атайлы деп чыга элек. Бээжинди Мао-Шаары же Ден Сяопин-Шаары деп атайлы дегендерди деле укпадым. Менимче, Бишкек шаары тарыхый аталышын сактап калышы керек.

Суроо салган Чолпон Орозобекова, «Де Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий