«Ысмайылдай ырчы бол!»

Бул ылакап кеп  бекеринен айтылып калган эмес. Кыргыз санжырасында «Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол» деген ак бата  тээ «Алтын ордонун» доорунан  калгандыгы белгилүү. Акыйкатында элдик аңыздарга караганда  аталган ырчы менен сынчы   ойдон чыгарылган  кейипкерлер эмес. Алардын тарыхый инсан болгондугун  айгинелеген  толгон-токой  далилдер бар. Ал эми «Ысмайылдай ырчы бол!» деген батаны  анын устаты  кара жаак Калык төкмө бергени  анык. Бул үчүн  улуу устаттын  шакиртине берген  сынын келтирүү жетиштүү сыяктанат. Калык ата мындай дейт:

Борончунун Ысмайыл
Жаалап   турса  бүт шайыр –
Жаакташканын ырдатпай,
Жабышып алып уйгактай,
Жеберге жете сындаган,
Жеңмейинче тынбаган.

Мындай акындын кара чаар кабыландары чанда чыккандыгын  көбүнчө  элдеги айтылып  жүргөн аңыздардан, кийин жарык көргөн «Мурас», »Айтыштар» сыяктуу   жыйнактардан  билип жүрөбүз.

Эмне үчүндүр элге акындардын айтышы аябай жага турган. Анын бир себеби – ошол учурдун  коомдук турмушу, эл-жердеги зор өзгөрүштөр жана жаратмандык эмгектин  ийгиликтери, ошондой  эле  айрым мүчүлүштүктөрдүн  айкын чагылдырылышы болгон. Өзгөчө Ысмайыл Борончиев  менен Токтоналы Шабданбаев экөөнүн айтышы  угарман журтунун  кызыгуусун арттыра турган. Табиятынан  куйкум сөзгө, курчу, мурчу каныккан  күйдүргү күлкүсү шакардай кайнаган Ысмакемдин ыр саптары  көңүлгө кыт куйгандай  уюп калчу.

Дээринде сатира менен азил тамашага ышкылуу акындын эч бир чыгармасын жылмаюсуз окууга мүмкүн эмес. Токтоналы менен айтыштарында  ал ыр саптарын  сатиранын уусуна чылап, удургутат. Мындай дегенибиздин себеби – ал азыркы жамакчылардай  беймаани саптарды кайталап, же уйкаш таппай тантыбай, желкайыптан келгендей керемет саптарды чуурутчу. Шеригинин ГЭС курулушундагы  жардыруулар  тууралуу «Жорудай учат сендей таш, калдактап учат сендей таш» деген салыштырууларына ал: “Жорудай учса мендей таш, жоголгон го сендей таш», “Калдактап учса мендей таш кайда кетти экен сендей таш?» деп мыскыл жаратып жатпайбы. Алтын жаак, жез таңдай агалары тууралуу  Ысмакең:

Калык деген ким эле?
Канчалык казсаң түгөнбөс,
Кадам-Жай болчу тим эле!
Осмонкул деген ким эле?
Оюлуп чети койбогон,
Океан болчу тим эле!
– деп орошон ойду,образдуу  тартып жатат. Дегеле Ысмакенин поэзиясы терең философияга, адеми образга бай. Палитрасы түркүн боёктор менен шөкөттөлгөн жана сатира менен юморго каныктырылган оригиналдуу поэзия. Калык ата ага  бекеринен «жеңмейинче тынбаган» деген бааны берген эмес да. Дегинкиси  алп таланттарга, көрөсөн данышмандарга бай эл бактылуу! Анткени өткөнүнө  кайрылса  эле иделдардын галереясы  көзгө тартылып, эл тагдырында, тарыхында алардын ээлеген орду  адилет   баалануу   менен  улутту туура  жолго   үндөөдө  мерөөл болуп кала берет. «Ысмайылдай ырчы бол!» деген лакап дал ушундан улам  айтылып калган эмеспи!

Ы.Борончиев 1910-жылы Чүйдүн Алчалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Ысмакем 1936-жылы кыргыз филармониясына чакыртылып, анда калкыбызга аттын кашкасындай  таанымал залкарлар менен бир катарда болуп,  искусствого ак кызмат өтөдү. Анын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз ССРинин Эл артисти деген ардактуу наам берилип, «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган.  Ал Жазуучулар союзунун мүчөсү болуу   менен «Шамбет», «Кызыл кырман», «Менин сөзүм», «Ырчынын өмүрү», «Бакыт булагы», «Мекеним» сыяктуу бир катар ырлар жыйнактарын жарыкка чыгарган..

Өткөн кылымдын 60-жылдарында  Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясын  жетектеп турганымда  фонотекадагы  чыгармаларды иргеп чыгуу боюнча атайын  комиссия түзүлүп, ага М.Абдыраев, А.Жаныбеков сыяктуу композиторлор, Ы.Борончиев, Ч.Иманкулов  сыяктуу  искусство чеберлери  кирген эле. Өзүбүзгө бөлүнгөн студияга  күн сайын чогулуп, муз.режиссер П.Усенов  белендеп койгон кутучалардагы тасмаларды   угуп кирчүбүз. Мунун бир себеби – көчмө студия менен жер-жерлерге  барып, эл  шайырларынын  аткаруусундагы  ыр, күүлөрдүн  ылганбай эле жазылып алынгандыгы, экинчиден тасманын өзүнө каатчылык болуп калгандыгында эле. Комиссия мүчөлөрүнөн Ысмакем менен Чалакыз аксакал  бир күндү  да  үзбөй  так келишчү.

Ар бир чыгарма боюнча   пикирлер айтылып,ага калыс баа берүү менен  фондуда калсын, же өчүрүлсүн деген  бүтүм  кабылданчу. Арадан бир жарым – эки саат өткөндөн кийин  танапис жарыяланчу. Карыларда  жакшы маанай жаратыш үчүн  ошо кезде «Сом кара» деп тергелчү  жакшы шараптан  стаканга толтура куюп, алдыларына  апкелчү элек, Анан Ысмакеңе илхам келип, эзелки бир окуяларды эшип кирчү дейсиң  кайда экенибизди да унутуп калчубуз. Анын «Эмгекке үйрөт балаңды», «Акмат сууга акканда», «Алты акындын айтышы» сыяктуу  азил аралашкан ырларын айтпаганда да Шабдан   баатыр Мекеге аттанып  жатканда  атайын чакыртылган  акындардын  аны даңазалап   ырдаганы  өзүнчө  баянга айланчу.

Өзүнүн жанда чанда кездешчү эс тутуму менен Ысмаке  бир таңгаларлык феномен эле. Андагы энциклопедиялык  бай маалымат эми эле тасмага жазылып алынгандай кылдай кыйкымсыздыгы менен  адабият  күйөрмандарын да айран калтырчу. Алымкул менен Осмонкулдан кийин айтыш өнөрүн апогейине жеткирген эки акын Ы.Борончиев менен Т.Шабданбаев   болгондугун  адилетчилик үчүн  белгилөө абзел. Мында Токоң  акындын залкарлыгын  ачыш үчүн жардамчы болгондой эле таасир калтыра турган.

Ошентип эгиздей эрчишкен  эки талант тең бир жылда – 1978-ж. дүйнө салышты.Токоңдун көзү өтөрү менен ага арнап, көлөмдүү ыр жазып, редакцияга апкелди Ысмакем. Ыр араб арибинде  кагазга түшүрүлгөндүктөн  машинисткага өзүңүз  окуп бериңиз дедим. Ошол эскерүүдөн:

Ай тийбес жердин алдында
Асылым Током калдың да.
Күн тийбес жердин алдында
Күкүгүм Током калдың да,
– деген саптары күнү бүгүнкүдөй көңүлүмдө. Анан өзү да ошол жайдан барып орун алып жатпайбы.

Ильгиз ТАЛИП (Гилязетдинов), акын, КРнын маданиятка эмгек сиңирген ишмери
«Кыргыз туусу», 09.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий