Атаулда БОРОНБАЕВ: “Чыңгыз Айтматовдун эл билген, эл билбеген дүйнөсү”

Атаулда Боронбаев – Манас районундагы Жийде айылында 1934-жылы туулган. Убагында мугалим, партиянын Киров райондук комитетинде, ошол эле райондун аткаруу комитетинде бөлүм башчы, кесипчилик-техникалык окуу жайынын директору, Киров райондук профсоюздар комитетинин төрагасы, Кайыңды совхозунун парткомунун катчысы, Плодопитомник совхозунун директору, райондук айыл чарба № 51 кесипчилик окуу жайынын директору, облустук үрөнчүлүк чарбасынын директорунун орун басары болуп иштеп, 1994-жылы пенсияга чыккан. Грек-рим, кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген тренери, СССРдин физкультура жана спортунун отличниги, СССРдин ардактуу донору. Азыр Бишкек шаарында турат.

– Атаулда ага, Чыңгыз Айтматовдун айылдашы катары улуу жазуучунун балалык чагы, бир туугандары тууралуу эскерсеңиз?

– Чыңгыз Айтматовдун балалык чагын айтуудан мурда анын чоң энеси – Айымкан жана башкалар жөнүндө айтып кетпесек болбойт. Биз жаш болуп көрбөй калдык. Элдин айтымында Айымкан үч кыз, эки уул – беш балага эне болуптур. Ошол кыздардын бири – Карагыз экен. Чыңгыз ага өзү бир нече жолу белгилегендей, Карагыз энесинин Чыңгызга болгон камкордугу зор болуптур.

Айымкандын эң улуу кызы Айымкүл, андан кийин жаш курагы боюнча Төрөкул, андан кийин Гүлайым, анан эң кенжеси Рыскулбек экен. Рыскулбек акеси абдан зээндүү жана билимдүү адам болуптур. Туугандарынын айтууларына караганда “Чыңгыз” деген ысымды ошол киши сунуш кылыптыр. Рыскулбектин тагдыры да Төрөкулдукуна окшош болгон экен. Төрөкул сурак бере баштаган кезде Нагийма балдары менен Шекерге кайтып келгенде 25 жаштагы Рыскулбек багыптыр. 1937-жылдын күз айларында үч милиция түндөп келип, Рыскулбекти алып кетишиптир. Ошондон кийин Чыңгыз акесин көрбөй калыптыр. Кийин гана Бурятияда лагерде каза болгонун угушат.

Эми Чыңгыздын бабалык чагына келели. Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Москвада Кызыл профессура институтунда окуп жүргөндө бүткүл үй-бүлөсү менен ошол жакта турушкан. Аңгыча Төрөкулдун үстүнөн арыз түшүп, сурак жүрө баштайт. Ошол кезде жубайы Нагийманы балдары менен Кыргызстанга иниси Рыскулбекке жөнөтөт. Чыңгыз биринчи, экинчи классты Москвадан бүтөт. Беш күн поезд менен жүрүп, түнкү саат экилер чамасында Маймак станциясына келип түшүшөт. Туугандары күтүп турушкан экен, алардын арабасы менен Шекерге жөнөп кетишет. Ошентип Нагийма балдары: Чыңгыз, Илгиз, Луиза, Роза (ал кезде алты айлык) менен Карагыздыкында туруп калышат. Бул мезгил 1937-жылдын сентябры экен.

Турмуш начар, жокчулук. Нагийма жумуш издей баштайт. Кызыл-Адырдан (азыркы Кара-Буура) бир эсепчилик кызмат табылып, ошондо иштеп калат, бирок ал кызмат жакпайт. Бир аз иштеп, айный баштайт. Жол алыс, айлыгы аз. Бир күнү Молотов атындагы колхоздун башкармасы Толгонай эненин уулу Субанбекке ал-жайын түшүндүрөт. Ал “Жийде” колхозунда эсепчилик орун бар экенин айтат. Ошентип, ал колхоздо иштеп, Кызыл-Адырдан жыйырма чакырымдай алыс Жийдеге көчүүгө туура келет. Жийде болсо Шекерден кыйла алыс, Жамбылга (азыркы Таразга) жакын. Эми булар Шекерден Кызыл-Адырдагыдан дагы эки эсе алысташат.

Нагийма апа ошол жерде иштеп калат. Ишке тың, орусча билимдүү болгондуктан ишти туура алып барат. Балдарын, эжеси Гүлшаны, анын Чыңгыздан бир жаш улуу баласы Асфандиярды кошо багууга туура келет.

1943-жылы февралда кырсыкка туш болушат. Согуш баштала элек кезде эле туугандары турмуштарынын начардыгына боору ооруп, бир кунаажынды энчилеп беришет. Аны “Сукра” деп аташат. Жийдеге көчүп келишкенде жарымы урап калган, сокмо дубал менен курулган жайда жашап турушат. Мал кармай турган жайы жок болгондуктан, башкарманын уруксаты менен уйду колхоздун сарайында кармашат.

Сукра бардык үй-бүлөнү багат. Уй болбосо төрт бала ачка калаары шексиз. Ошол учурда Чыңгыз мектепте окуп жүргөн кези. Чыңгыз ишке кополураак, а Илгиз болсо чарбачыл, ишке шыктуу бала болуп өсөт. Күн сайын уйлар бададан келгенде Илгиз уй үшүбөсүн деп колхоздун уйларынын арасына байлачу экен. Күндөрдүн биринде Илгиз башка жумуштар менен колу тийбей, Чыңгыз уйду уйлардын чет жагына, кире беришке байлап коёт. Так ошол күнү каскактай болуп, согуштан качкан уурулар Сукраны уурдап кетет.

Жаз жаңырар менен уй туумак экен. Биринен-бири кичине төрт бала, оорусунан кыйналган, күйөөсүнөн ажырап, буларды караан туткан Гүлшанын күнү эмне болот эми? Күйөөлөрү майданга кеткен аялдар бул окуяны угуп, чогулуп келишип улуп-уңшуп ыйлашат. Нагийма, балдары баары ыйлашат.

Балдардын улуусу Чыңгыз бардыгын багуу анын мойнунда болгондуктан, тигилерди көрүп туруп, кандай болсо да ууруну таап, өлтүргүсү келет. Өткөн күздө тоңдурма айдоодо айылдагы жалгыз тракторист Темирбекке суу ташыгыч болгон кездегиси эсине түшүп, анын мылтыгын сурайт. Анда ал:

– Ал, ала бер. Окчонтою жанында илинип турат, – дейт.

– Мылтыкты алып, ууруну таап туруп, атып салам, – деп токойду көздөй бет алат. Канча болсо да атып салам деген ой менен талаа-түздү, тоо-таштын булуң-бурчун кыдырып чыгат. Шерденип тоо этегиндеги шаар жолуна түшөт. Базарды кыдырмак. Чоң жолдо жүгүрүп баратып, карыя Боронбайды байкабай калат. Эшек минип келаткан экен. Башында эскилиги жеткен тебетей, мазардан чыккандай. Ачуусу менен жанынан өтө бергенде чал кайрылат:

– Токточу, уулум? Бирөөнү өлтүр­гөнү бараткан баласыңбы?

– Ооба, – дейт, анын суроосуна кабагын бүркөп. – Ооба, өлтүрөм.

Абышканын жүзүнөн мээрим менен жылуулукту байкайт.

– Шашылба, менин сөзүмдү ук! Эмне үчүн өлтүргүң келип жатат уулум, – дейт абышка жайбаракат.

– Тууганы калган уюбузду уурдап кетишти. Төрт бир тууганбыз, эң улуусу менмин. Апам менен таежем оорукчан.

– Ошондойбу? Жаман болгон экен, жаман болуптур. Бирок, ошондой болсо да сен мени ук. Өч жаман нерсе. Ууру болсо да аны өлтүрүүнү ойлобо!

Бала ачуусуна чыдабай титиреп турат.

–  Сени түшүнүп турам, – деп сөзүн улайт абышка. – Шартыңды билип турам. Бирок, мендей карыяны ук! Өлтүрбө! Мындай нерсени ойлоп да койбо! Үйүңө кайт! Ууруларды өлтүрүү жөнүндө ойлобосоң гана бактылуу болосуң. Бакыт сени издеп келет. Үйүңө кайт, каралдым, – дейт.

Ушул сөздөрдү уккандан кийин Чыңгыз артка бурулат. Абышка болсо мурдагысындай жолун улайт.

– Акыры ошол ууру камалабы?

– Кармалат. Бул жөнүндө Айтматовдун өзүнүн айтканы бар:

“Согуш учурунда биздин айылда согуштан качкан адамдар болгон. Мен Москвада Адабият институтунда окуп жүргөндө качкындардын турмушунан алып, алгачкы “Бетме-бет” повестимди жазгам. Анын баш каарманы – Ысмайыл турмушта болгон адам. Мындан бир нече жыл мурда кайтыш болду. Ал эркиндикти ушунчалык сүйгөн, күлүк ат десе жанын берген адам эле. Ичип-жеп, ырдап-чордоп жүргөндү баарынан артык көрчү. Өзү да хандан, бектен кайра тартпаган эр жүрөк болгондуктан, ар ким менен кер-мур айтышып, кезеги келгенде урушкандан кайра тартчу эмес.

Анысынан да ал биздин айылдагы согуштан качкан алгачкы дезертир болчу.  Согуштан качкан Койчубек Наркулов,  Камчыбек  Ашыра-лиев да бар болчу. Анын эмне үчүн согуштан качканын билбейм, бирок дагы бир шериги менен фронтко барбай жашырынып жүргөнү чындык. Ысмайыл бозгунчулукта тоо-ташта жашырынып жүргөнүн бала чагымда көп укчумун. Кийин кармалып, кесилип кетти. Жазасын өтөп, тууган айылына келгенде ага болгонун болгондой айтып беришет. Ысмайылдын Сибирден кайтып келгенин мен да укканмын.

Согуш жылдарында айылда катчы, салык чогулткуч болуп иштеп жүрүп, кийин анын ысмын өзүнүн чыгармасына баш каарман кылып, жазуучу болгон мен тууралуу Ысмайылга айтып беришет. Ал болсо өзүнүн курбалдаштарына: “Жазуучуга мен ыраазымын. Мурда Шекердегилерден башка эч ким мени таанычу эмес. Жердеш үкөмдүн жазуучулугу менен мен тууралуу жазылган чыгарма ар кыл тилдерге которулуп, дүйнөгө таа­нылдым”, – деп ыраазы болуптур. Ал турмак кийин мага бир кат жолдоптур. Катында: “Качкын болуп жүргөн мен тууралуу чыгарма жазыпсың. Эки уулум азыр Советтик Армиянын катарында. Бирөө аскер-деңиз флотунда, экинчиси да ошол жакта болсо керек. Эки уулум тең аскер. Түшүндүңбү? Эми баары өз жолунда”, – деп эки уулунун сүрөтүн салып жибериптир.

Повестти окугандар дезертирдин аялы Сейде алгач күйөөсүнө жардам берип, ага боору ооруп, болгон тамагын бозгун күйөөсүнө алып барып бергенин, кийин коңшу аялдын төрт чиедей баласын чыркыратып, жалгыз уюн уурдап кеткени үчүн Ысмайылды жек көрүп, өзү аны жашынган үңкүрүнөн кармап берген учурунда Ысмайыл менен бетме-бет келгенин жакшы билишет. Бул сюжетти өзүмдүн оор балалыгымда башыман өткөргөн окуяларды Сейде менен Ысмайылдын окуялары аркылуу туюнтканымды окурмандар эми түшүнөт чыгар”.

– Айтматовдун Ысмайылды чыгармасында жазганын, андан кат алгандыгын айттыңыз. Ал Ысмайыл менен кездешип сүйлөшкөн эмеспи?

– Чыңгыз сегизинчи классты бүткөндөн кийин Жамбыл шаарындагы зооветеринардык техникумду бүтүрдү, андан кийин Фрунзедеги Скрябин атындагы айыл чарба инс­титутунун зоотехникалык факультетин аяктап, иштеп жүрдү. Анан эле жазуучулукка өтүп кетти. Ал баягы уй уурдап кармалганда кесилип кетип, Ысмайыл көп убак бою сыртта болду. Кийин Чыңгыздын атасы – Төрөкулдун эң кичүү карындашы (атын унутуп калдым) өлгөндө Чыңгыз келип, Ысмайылга учурашып, эсенчиликти сурашкан. Ошондо Ысмайыл Чыкеме карап:

– Чыңгыз, мени жамандап жаздың, жазганың да жакшы болуптур. Бул жерге Германиядан, Франциядан, Италиядан, Россиядан жана башка жактардан коноктор, саякатчылар келишет. Кызыкканы – мен жашынган үңкүр. “Сен жашынган үңкүр каерде эле? Кантип жашачу элең?” – деп сурашат. Мен аларды үңкүргө алып барам да, анын оозуна туруп, ар биринен бир сомдон алам, — деди. Ал муну мүрзөнүн башында туруп айтып жатат.

– Ой Ысмаке, ошондой кыласыңбы?! – деди Айтматов.

Ошондон көп узабай Ысмайыл-дын да көзү өтүп кетти, кайран кишинин.

– Чыңгыз менен Илгиздин мектептеги жылдары жана андан кийинки турмуштары жөнүндө айтсаңыз?

– Адегенде Илгизден баш-тайын. Келечектеги көрүнүктүү окумуштуу Илгиздин балалык чагы менен мектептеги жылдары абдан жакырчылыкта, оор мезгилде өттү. Турмушта кыйналуулар, жетишпегендиктер болду. Ал адегенде Жийде айылындагы Пушкин атындагы жети жылдык мектепте кыргызча окуду. Мектепке Талас суусун кечип өтөт. Жылдар өтүп, Илгиз жетинчи класска келет. Бир күнү класс жетекчиси Бекташ Алымкулов мындай дейт:

– Балдар март айы аяктап баратат, май майрамы жакындап келатат. “Кайгылуу Какей” деген пьесаны коюуга даярдайбыз. Азыр үйгө барып кайра келгиле. Илгиз сен оруска окшошсуң, Фридон деген орустун ролун аткарасың, – дейт.

Ал күнү Илгиз келбей калат. Эртеси Алымкулов Илгизди жазалоо максатында досканын жанына тургузуп коёт. Бекташ ошондой дарылдаган киши болчу. Мени да окутуп калды. Жакында эле токсонго жакындаганда кайтыш болду.

Ошентип Илгиз досканын жанында турат. Бир саат турат, эки саат турат. Эшикке да чыгарбайт. Аны көргөн классташы, менин агам Аман келип:

– Жүр качабыз, – дейт.

– Менин кийимдерим менен сумкамды мугалимдер бөлмөсүнө катып койгон, – дейт Илгиз. Анда Аман айтат:

– Мен уурдап чыгам…

Ошентип экөө качып кетишет. Илгиз мектепке экинчи келбейт. Покровкага барып, орус орто мектебинде кайрадан алтынчы класска отурат. Жакшы окуп, мектепти күмүш медаль менен бүтөт. Анан Москвадагы тоо-кен геологиялык институтуна кирип, аны бүтүрөт. Орус улутундагы бир профессордун кызына үйлөнөт. Ал кезде Чыңгыз окууну бүтүп иштеп, китептери чыгып, абройлуу болуп калган кези эле. Бир күнү Чыңгыз:

– Мени көргөзмөдөгү (ал кезде Чыңгыз көргөзмөнүн жанында иштеп, ошол жерде турган) айылдаштарым орус деп жатышат. Аалы Токомбаев, Касымаалы Баялинов жана башка жазуучуларды конокко чакырсам, булар бүтүн эле орус турбайбы, – деп кетишиптир. – Сен эми, – дейт Чыңгыз иниси Илгизге, – келинчегиң менен ажырашып, кыргыз кыздардан ал.

Ошол сунуштан кийин Илгиз “Басмачылардын изи менен” китептин автору Жаманкул Жээнчороевдин кызын алган. Акыры Илгиз окумуштуу болду, академик болду. Азыр Жамийла деген кызы, Семетей деген уулу бар. Жетим жүрүп жетилет деген ушул.

Деги эле Чыңгыз менен Илгиздин балалык чагы жана мектептеги жылдары азап менен өткөн. 1942-1943-жылдары Шекер мектебинде окуп, атасынын бир тууган эжеси Карагыздын үйүндө турушат. Карагыздын күйөөсү Досалы Магнитогорск шаарындагы эмгек колониясында иштейт. Ошол учурда ал айылдагы Кабылбек акени кой кайтарып жүргөн жеринен эле алып келип, колхозго башкарма кылып отургузуп коюшат. Кат тааныбайт. Кол койгондо Турдубай деген фамилиянын тушуна “Турд” деген төрт тамганы жазганды үйрөнүп алган экен. Орусча билбейт. Ошондуктан кат тааныган, орусча билген бир жардамчы керек болот. Ойлонуп отуруп Чыңгызды тандашат. Ал макул болот. Ошентип Чыңгыз колхозго катчы болуп алты ай иштейт. Аңгыча айылга бир балдак менен баскан жарадар адам келет. Ошол киши кат тааныйт экен, ошону катчы кылып, Чыңгызды салык чогулткуч кылып коюшат.

Акчанын куну кеткен кез. Эл жакыр, салык чоң. Бир пуд жүгөрүнүн баасы 3000 рубль, колхозчулардын айлыгы 50 рубль. Эл өкмөттүн салыгынан кутулуу үчүн малын, картошкасын, жүгөрүсүн Олуя-Ата (азыркы Тараз) базарында соодалашат. Эл салыкты төлөп берүүдө көрбөгөн азапты көрөт.

Чыңгыз да: “Салык төлө, келе бер” – деп жүрүп жадайт, кыйналат. Бирок Кабылбек башкарма катары эмес, өз уулундай мамиле кылат. Бирөөгө кара кагаз келсе, курман болгон адамдын жакындарын чогултуп, Чыңгызды кошуп, ошол маркумдун үйүнө барышат. Чыңгыз кара кагазды окуп берет. Эл Чыңгыздан чочулап турушат. Ал кимдир – бирөөнүн үйүнө жакындаганда аялдар кооптонуп, чыдай албай:

– Биздикине кирбе, кетип калчы! – деп алыстан кыйкырышат.

Мезгил өтөт… Чыңгыз Покровка мектебинде окуп жүргөн кез. Анда алар Покровкадан алыс Жийде айылында турушкан. Турмуштун кыйынчылыгынан Жийдеден Покровкага көчүп бара алышпайт. Андыктан күн сайын Талас суусун кечип өтүп, мектепке барууга туура келет. Дарыянын нугу кышкысын тартылып, жаз келгенде кирип кетчү. Мектепке Илгиз экөө ээрчишип барышат. Мындай каттоо балдардын көңүлүнө көк таштай тиет. Экөөнүн бутунда эски керзи өтүк. Кийинчерээк солдаттар кийүүчү эки батинке сатып алууга жетишет. Көп учурларда өтүктү колго кармап, сууну кечип өтүшүп, анан кургакка чыкканда өтүктү кийишет. Бир күнү күн суук. Эрежени бузуп, Илгиз сууну өтүгү менен кечет. Анда Чыңгыз:

– Алдагы өтүгүңдү чечип кой! – дейт Илгизге.

– Суу муздак, бутум үшүп жатат, – дейт Илгиз.

Сөздөн сөз чыгып, бир туугандар урушат. Чыңгыз Илгизди урат. Илгиз таарынып, өтүктү ыргытып жиберет. Бул 1945-1946-жылдар эле.

Согуш аяктаган кез. Бир күнү Чыңгыздын энеси Нагыйма Чыңгызга:

– Эми шаарга барып, ошол жактан билим албайсыңбы, – дейт. Ошондо Чыңгыз сегизинчини бүткөн кези экен.

Энесинин сунушу менен Чыңгыз Олуя-Ата шаарындагы зооветеринардык техникумга кирет. Ал кезде эл аны “мал техниктин” окуусу деше турган. Окуп жүрөт. Бирде Жийдеге, бирде Шекерге жөө барат. Ошентип, көп кыйынчылыктарды башынан кечирет.

Техникумду бүтүрүп, Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетине кирет. Жакшы окуп сталиндик стипендияга жетишет. Бирок “эл душманынын” баласы деп сталиндик стипендияны алып ташташат. Акыры институтту ийгиликтүү аяктап, Кыргыз мал чарба илим-изилдөө институтунун алдындагы эксперименталдык фермада иштеп калат. Жазуучулук чыгармачылыгы ошол жерден башталат. “Түнкү сугат”, “Ак жаан”, “Сыпайчы” ж.б. аңгемелерин жазат.

– Атаулда ага, сиз Чыңгызга ким болосуз? Чыңгыздын апасы, бир туугандары, чыгармаларындагы каармандар жөнүндө билет экенсиз?
– Анткени Чыңгыз апасы, бир туугандары менен биздин айылда – Жийдеде көп жылдар бою жашаган. Мен өзүм да, атам да ушул айылда туулганбыз. Ч.Айтматов кыйынчылык заманда биздин айылда жашап, балалык чагы бизде өткөн. Чыңгыздын көп чыгармаларындагы каармандар Жийдеде, Шекерде, Көк-Сайда жашашкан. Көп чыгармаларындагы каармандар өз аты менен берилсе, көп каармандардын аттары өз­гөртүлгөн. Ал эми чыгармалардын көпчүлүгүнүн окуялары Талас жергесинде, башкача айтканда жогоруда аталган айылдарда өткөн.

– Толгонай Чыңгыздарга тууган болобу?
– Эч кандай тууганчылыгы жок. Болгону Нагыйма биздин айылга эсепчи болуп келгенде көп үйлөрдө турушту. Чабандар, малчылар жай-лоого кеткен учурларда Жайнак Бекетаеванын, Токторалы Ашыралиевдин, жанагы уй издегенде мылтыгын сурап алган Темирбек Сыдыковдун, Алымбек Садыровдун үйлөрүндө жашашты. Турмуш начар, үй жок болгондуктан, бошогон там болсо эле барып кирет, малчылар келгенде чыгып калат. Толгонайдын үйүндө көпкө жашашты. Кенен, чоң үйү бар эле. Андан кийин Чыңгыз жогорку окуу жайын бүтүрүп, Керезге үйлөнгөндө, 1953-жылы Фрунзеге көчүп кетишти.

– Толгонайдын адам катары, аял катары кандай сапаттары бар эле? Айылдаш катары сиз жакшы билсеңиз керек?
– Толгонай өзүнүн акылмандыгы, уюштуруучулугу менен айыл ичинде кадыр-баркы чоң эле. Согуш учурунда эр бүлөлөр майданга кетип, Толгонай калкка баш-көз болгону ырас. Бир маанилүү иш болсо, Толгонайга кеңешип иш кылышчу. Жаманчылыкта, жакшылыкта, чогулуш-жыйында Толгонай башкарып, Толгонай биринчи сүйлөчү. Ал эми бирөө согушта өлүп, “кара кагаз” келсе, почточу Толгонайга алып келчү. Толгонай элди чогултуп, сөз сүйлөп, “Согушта чыгым болбой койбойт. Бардык башка түшкөн кыйынчылыкты көтөрүшүбүз керек. Кудаа кааласа жеңиш күн да келет”, – деп, баарын жөндөп, алды-кийинин айтып туруп, анан угузчу. Кыйкырык, ызы-чуу болуп ыйлашып, өлгөн кишинин жакындарын жетелеп кетишчү. Ал эми аш, той болсо, уюштуруу иштерине кеңеш берип, элди башкарчу.

Толгонай энем аял катары да асыл адам эле. Короо жайынын айланасында тигилген алмак бак, эшигинин алдында бастырма, анын үстүндө жыйылган чөп, тегерете соккон дубал турар эле. Бастырмага уйларды, эчкилерди киргизип, саалган сүттү чаканын оозуна марли жаап, ирип калбасын деп короодогу дарактарга илип койчу. Анын эртеси тартып, каймагын алчу. Ал кезде сүт тарткан  машина бир гана Толгонай эненикинде бар эле.

Үйдүн алдындагы бактын маңдайында усталар жасап берген орус керебет тура турган. Көп учурларда ошонун үстүндө отуруп алып Чыңгыз китеп окуйт. Унчукпайт, көрсө ичинен окуйт экен. Мен адеп көргөндө биздей: “Ата, атка така как” – деп окубайт деп таң калчумун. Мен ал кезде биринчиден экинчи класска көчкөн мезгил.

– Эми Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарга токтололу. Адегенде Танабай жөнүндө эмне айтасыз?
– Танабай Бакасов деп Айтматов өзүнүн жакын тууганы Керимбекти жазган. Аталаш туугандары болот. Биз бала кезде Керимбек аксакал алыстан ат менен келип, ал-ахыбалды сурап кетчү. Кээде аң терилерин алып келчү. Бир жолу түлкүнүн терисин алып келгенде Чыңгыз, Илгиз, Луиза баарыбыз таң калып караганбыз. Шекерден Покровка районундагы Жийде айылына ат менен келер эле. Ал өмүр бою жылкычы болуп өттү. Ошол Керимбек жылкы кайтарып жүрүп, буюмун алайын дегенде аты тээп жиберип, баш сөөгү сынып, талаада жатып калат. Туугандары таап алып, үйүнө алып келишет. Шашылыш Москвага телефон чалышат.

Ал кезде Чыңгыз Москвда экен. Чыңгыз Москвадан Фрунзеге атактуу нейрохирург Нигиматулинге телефон чалып, жагдайды түшүндүрөт. Нигиматулин Киров районуна атайын самолёт менен учуп келип, Керимбекке операция жасайт. Операция узак жасалат. Ийгиликтүү бүткөнүнө карабастан, көп узабай, бир айча жашап, Керимбек каза болот. Көрсө, ал талаада жана үйүндө көп жатып калып, кансырап калган экен.

– “Гүлсарат” повестинде Айтматов Гүлсарат көйнөкчөн, дамбалчан Танабай Бакасовду ала качып, чиренип тизгин тартканына карабай, ооздук тиштеп жүрүп кеткенин сүрөттөйт эмеспи. Ошол Гүлсарат чынында эле болгонбу?
– Чынында эле болгон. Мен ал кезде жаш болуп жакшы баа бере албай калдым. Адамдай акылдуу, абдан чыгаан күлүк, жорго ат болгон деп айтышчу көргөндөр.

– Кийин Чыңгыз үйлөнүп, Фрунзеге көчүп кетишкенде Толгонай барып, Чыңгыз, Нагийма келип, катышып туруштубу?
– Чыңгыз Таласка келгенде Толгонайдыкына келдиби, келбедиби, билбейм. Анткени, мен да иш менен айылда көп болгонум жок. Болжолу катышкан эмес болуш керек. Тууган болбосо эмнеге катышмак эле. Бирок, ошого карабастан Толгонай бир күнү мага: “Нагыймага алып барып келбейсиңби, эже-сиңдидей болуп калдык эле, Чыңгызга, Нагыймага учурашып келейин” – деди.

Мен ДСО “Колхозчуда” иштеп жүргөндө атайын бир машина алып, Толгонай энемди кабинага отургузуп, өзүм машинанын үстүнө отуруп, Фрунзеге алып келдим. Чыңгыздыкына келип сурасам, ал командировкада экен. Керез жеңеден: – “Нагыйма апа барбы, Толгонай энем учурашам деп келди, – десем: – Жок, ал ооруканада” деди.

Анын эртесинде ооруп жаткан Нагыйманын ахыбалын сурап коёюн деп ооруканага барсам: “Чыкканына сегиз-тогуз күн болду, үйүндө эле”, – дешти. Жаманчылыкта бирге жашашты эле, көргөзүп келе коёюн, көрбөй кетсе болбойт”, – деп Толгонайды кайрадан Чыңгыздыкына алып бардым. Шыңгыратманы бассам Нагыйма апа эшик ачты. Ирең-башы бопбоз, кан жоктой сезилди. Энем көрө коюп, кучакташып калышты. Толгонай менен Нагыйма көздөрүнө жаш алышты. Алар ичкери кирип, ал-жай сурашып көпкө отурушту.

«Апам астма менен ооруйт, – деп Чыңгыз айтчу, – астмага Индонезияда дары бар деп угуп издедим, жок. Тиякка бардым, биякка бардым. Бирок астма айыкпайт экен. Кез-кезде кыйнай берет. Катуу кармаганда адам»… – деп айтканы бар эле. Ошол оорудан ушундай азган экен го деп ойлодум мен. Ким билет…

Толгонай менен Нагыйма сүй­лөшкөндөн кийин Нагыйма ашканага бирдеме жасаганга кирип кетти. Чыңгыздын алты бөлмөлүү үйү бар экен. Толгонай ордунан туруп, кыдырып көрө баштады. Бамбуктан жасалган мебелдери, шкаф, кооз трюмо, серванттары, булгаары дивандары, асамуса таягы, килем-килчелери бар экен. Баарын көрүп туруп, Толгонай: – Оо жакшы, турмуштары оңолгон экен, – деди да ордуна барып отурду.

– Кел Толгонай апа, чай ичели, – деди Нагыйма.

Чай ичилди… Андан кийин тамак келди. Ошол учурда жаныбыздан бир бала чуркап өтүп кетти. Чыңгыздын уулу Аскар экен. Ойноп жүрүп, колун сындырып алыптыр. Антип-минтип отуруп саат 12 болуп калыптыр.

– Толгонай апа алсаң, аны ич, муну ич – деп жайнатып жатат Нагыйма. Аңгыча келини Керез келип калды. Биздин бут кийимибизди көрө коюп: – Ай Аскар, ну как рука, будь осторожен, – деди ойноп отурган уулуна. Биз менен учурашкан да жок, ары жактагы бөлмөгө кирип кетти. Биз да билмексен болуп, унчуккан жокпуз. Бир аз отургандан кийин мен:

– Кел демек бар, кет демек жок, – дейт Толгонай апа, эми кетели, – дедим.

– Жатып кетпейсиңерби? – Нагыйма суроолуу тиктеди.

– Жок, – дедим мен, – машина колхоздуку, анан да башкарма…

Нагыйма шашып калды. Өзүнчө эле бүлүнүп аркы бөлмөгө кирип кетти. Бир кыжым пальто алып чыгып, Толгонай апага кийгизди да:

– Күндө келип жаттыңар беле, кийип кетиңиз. Келип-кетип турсаңар, – деди. Анда мен Толгонай энеме карап:

– Эми мына келиниңизди көрдүңүз, Чыңгыз болсо жок экен, Алжирге кетиптир. Дагы бир убакта келербиз. Жакшылап коштошуп алыңыз, – дедим.

– «Жамийла» повестинин жаралышы жөнүндө эмне билесиз?
– «Жамийла» повести жөнүндө Чыңгыздын айтып бергендери, ал турмак басма сөздө жарыялангандары бар. Ал чындык. Бул жерде Айтматовдун өзүнө сөз берели:

– Москвадагы М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунда окуп жүргөн кезимде «Жамийла» повестин жазгам. Повесттин адегендеги аты – «Обон» болчу. Албетте, бул Даниярдын жолдо арабада кетип бара жатып, ички сезимдерин ташкындатып, мурда эч даярдыгы жок жерден төгүп кеткен сүйүү ырынын обону эле. повесть адегенде кыргызча жазылып, андан кийин орусчага которулган. Чыгарманын орусчасын “Новый мир” журналына алып барганымда, журналдын башкы редактору Александр Твардовский окуп чыгып, повесттин “Обон” деген аталышын алып салып, баш каарман Жамийланын ысмын коюумду сунуш кылган. Мен бул аталышты жан дилим менен кабыл алдым.

Чыгарманын жазылыш себебине келсек, алысы-раак туугандарыбыздын эки уулу тең фронтко кеткен. Алардын улуусу аскерге алынаардан мурда жаңы эле үйлөнгөн. Анда согуш башталарына аз калган экен. Ал жашына карабай армиянын катарына чакырылган. Повесттеги Жамийланын күйөөсүнүн турмуштук негизги прототиби мына ошол жигит эле.

Кийин бул эки бир тууган согуштан кайтпай калды. Жамийланын прототиби болсо, өтө шайыр, ийкемдүү жаш келин эле. ал Шекерден эмес, коңшу айыл Көк-Сайдан эле. 1942-1943-жылдарда Кавказдан көп адамдар: чечендер, карачайлар, черкез, балкарлар биз жактарга сүрүлдү, айрымдары Сибирге, айрымдары Орто Азияга зордоп айдалган.

Шекерге улам-улам жарадарлар келип жаткан, андайлар Көк-Сай, Кировка, Грозныйга да кайткан. Арасында балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары да боло турган. Даниярдын прототиби да ошондой эвакуациялангандардын бирөө болчу. Жаңылбасам, Казакстанда төрөлгөн, балдар үйүндө чоңойгон адам эле. Ал узун бойлуу, олбурлуу, көп сүйлөбөгөн, түнт жигит боло турган. Бир топ жарадарлар менен бирге Шекерге жиберилиптир. Сол бутунан аксап басчу.

Бир күнү ал келбеттүү, жаркылдаган жаш келинибизге кезигип калат. Ошентип Жамийла менен Даниярдын ортосунда махабат оту жагылат. Мен ал экөөнүн сүйүүсүнүн күбөсү болуп калдым. Кээде Данияр Жамийланы, кээде Жамийла Даниярды күтчү. Экөө чогуу жүк ташуучу арабага олтурушуп, талааны көздөй жөнөшчү. Ээн талаада экөө ар дайым чогуу жүрүшчү. Бир күнү эле айылдын баары ызы-чуу түшүп калды. Көрсө, алардын айтуусунда биздин келин фронттогу күйөөсүн таштап, аксак Данияр менен качып кетиптир. Муну Карагыз апамдан уктум. Ал аябай ачууланып жатты.

– Мурдатан бери эле эрди-катын болуп жашап алышкан турбайбы!

– Эмне, мурда көзүңөрдү ачкан жок белеңер? – дедим мен да.

– Сен эмне, алардын мамилесин билчү белең?! Аларга жан тартып, чогуу жүргөн экенсиң да?! – деди.

– Мен жооп бере албай калдым.

Жамийла менен Данияр талаада эгин ташычу. Кээде үчөөбүз чогуу иштеп калчубуз.

– Бир аз мурда Даниярды базардан көрүпсүң да. Балким алар азыр темир жол станциясында жүрүш­көндүр. Тур, батыраак аттанып, Жамийланы тап! Аларга иштин жаман аяктарын айт! Жамийла кайра кайтсын! Биз аны кечиребиз, – деп бакырды эжем мага.

Мен аларды кууп станцияга чейин бардым. Экөөнү станциядан таап да алдым. Кол кармашып кетип баратышыптыр. Артынан барганга аябай уялдым, уялганымдан эмне деп айтаарымды билбей элейдим. Жамийла мени дароо байкап, уялганымды да көрдү:

– Эмне болду? Сени аркабыздан жибердиби?

– Ооба, сени кайтсын дешет, – дедим жер карап.

– Бекер убара болбо, силерди да түшүнөм… Бирок, мен эми кайтпайм. Бул киши менен жашайм. Ал каякка барса, мен да ошол жакка барам…

Эми бул айтылгандар Айтматовдун өзүнүн мүнөздөмөсү. Мен өзүм көргөн, аралашкан окуяларды айтайын. Жазуучу өз оюнан чыгарып жаздыбы, же биздин жерде болгон окуялардын негизинде жаздыбы, аны билбейм. Бирок, биздин жерде ушундай окуя болгону ырас. Бул махабат баянын Чыңгыздын эжелеринин бири айтып берген экен. Төрөкулдун карындаштары болсо керек. Чыңгыз институтта окуп жүрүп, айылга каникулга барганда ушундай окуяларды айта берчү экен. Жамийла менин бөлөм. Ал азыр да бар.

Чыңгыз жөн эле атын пайдаланган болсо керек. Жамийла Чыңгыздын карындашы Луиза менен классташ болчу. Катташып, ойноп, барып-келип жүрүшчү. Мүмкүн ошондо Чыңгыз сүйүп калган болуу керек. Анткени, Жамийла сулуу эле. Албетте, жакшы көрүп, сөз айткан эмес. Повестте айтылгандай бөлөм Жамийла да күйөөсүн таштап кетип калган. Жанагы Жамбылга эгин тартканы, орустун алмасынан уурдап жегени, арабызда келе жатып ырдаганы, ал кезде демейдеги эле көрүнүш болгон. Автор ошол турмуштан алып жазган да. Бирок, башка жазуучулардай күн күркүрөп келатат, жаркырап келатат, жер гүлдөп жатат, биз жыргап жатабыз дебей, турмуштан алып, даана, так жазат.

– Биринчи мугалим – Дүйшөндүн окуясы кандайча пайда болгон?
– Дүйшөндүн окуясы эмес, ал чынында Сейтаалы Бекмамбетовдун окуясы. Аны жазуучу өзгөртүп, көркөм чыгармага айландырган. Сейтаалы Чыңгыздын бала чактан берки досу. Абдан тамашакөй, шайыр жигит эле. Чыңгыздар Шекерге келгенде ал Чыңгыздан бир гана жаш улуу, он алтыда экен. Кийин ал коңшу айыл – Алчалууга мектеп директору болуп калат. Бир күнү Чыңгызга жолугуп, мектепке орус тилинен сабак берүүсүн суранат. Анткени айылда сабаттуу эркектер согушка кетип, катын-калач, картаң сабатсыз адамдар эле калган. Окуй да, жаза да билишпейт. Алчалуу Шекерге караганда чакан айыл болгондуктан, төрт эле класстык башталгыч мектеп болгон.

Сейтаалы бир күнү досуна жолугуп үгүттөй баштайт:

– Балдарга сабак бер, орусчаны болсо жакшы билесиң. Чыңгыз макул болот да, сабакка кирет. Эч нерсеге даяр эмес, окуу куралдары жок. Ошентип, Сейтаалы менен Чыңгыз чоң жоопкерчиликти моюндарына алышат. Бирок Чыңгыз алты гана ай иштейт. Анткени, Шекер менен Алчалуунун ортосу 5 километр. Анысынан да Күркүрөө суусун кечип барат. Бирок ошого карабастан Сейтаалы Бекмамбетов ошол мектепте көп жылдар бою иштеп калат.

Кийин көп жылдар өтүп Бишкекке келип Чыңгызга жолугат. Картайып, жетимиштен ашып абышка болуп калган экен. Өткөн күндөрдү эскеришет. Чыңгыздын эсинен чыгып кеткен экен, ал бир окуяны айтып берет. Алар күн сайын Күркүрөө суусун кечип өтүшөт. Суу шыргалаң, муздак, чучуктан өтөт. Буттары какшап, ичиркенишет. Экөө кеңешип кыйынчылыкты бирибиз эле көтөрөлү деп бири-бирин көтөрүп өтүүгө макулдашат. Бир күнү Сейтаалы Чыңгызды көтөрсө, бир күнү Чыңгыз Сейтаалыны көтө­рөт. Бир күнү экөө тең муздак сууну кечкилери келбей кежирленип, кезек кимде экенинен адашып, кер-мур айтыша кетет. Акырында чатак ырбап, кезек меники эмес деп Күр­күрөөнүн боюнда бири-бирин тытмалап, көпкө мушташат.

Ушул окуядан алып “Биринчи мугалим” повестин жазат. Бул Алчалуудагы кыска мөөнөттүк мугалимдиктен алган таасирлери экен. Автор балким 1943-жылдын кыш айларында сабак берсе, повесттин окуялары жыйырманчы жылдар жөнүндө баяндайт. Албетте, ал башка доор, башка шартка ой жүгүртүп, ошол учурдагы сезимдерин өзгөртүп, пайдаланган. Демек, Сейтаалы Бекмамбетовду жазуучу Дүйшөн кылып сүрөттөгөн. Ал киши бүгүнкү күндө да бар. Ал эми Алтынай жана башка каармандар ойдон чыгарылган жана өнүктүрүлгөн.

– Айылдаш болгондуктан Чыңгыз Айтматов менен аңгемелешкен, анын чыгармаларын окуган, каармандарын көргөн адамсыз. Дагы эмнелерди айта аласыз?
– Ырас, мен дайым эле Чыңгыздын жанында жүргөн жокмун. Көп учурларда аңгемелешкен учурлар болду. Сыймыктанып чыгармаларын окудук, жазгандарын иликтедик. Ошолордун бирин айтып берейин…

Чыңгыз Айтматов Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөндөн кийин ошол институтка караштуу Кыргыз илим-изилдөө мал чарба институтунун (КирНИИЖ) эксперименталдык фермасында зоотехник болуп иштейт. Эксперименталдык ферманын карамагында сүттү көп бере турган жүздөн ашык асыл тукум уй болот. Бул уйлар илимий-изил­дөөлөрдүн натыйжасында пайда болуптур. Сүт өндүрүү боюнча республикада алдыңкы орунда турат. Ошол кезде Айтматов жумушуна байланыштуу бир эксперимент жасагысы келет. Англиянын түштүгүндөгү Джерс аттуу аралда джерс ую өзүнүн сүттүүлүгү менен жүздөгөн жылдардан бери атагы чыгып келатканын билет. Бул сары-күрөң темгилдери бар уйдун негизги өзгөчөлүгү – сүтүнүн майлуулук деңгээлинин жогорулугу экен. Демейдеги уйлардын сүтүнүн майлуулугу – 3,5 пайыз болсо, джерс уюнун сүтү – 5,6 пайыз.

Чыңгыз бизде өскөн топоз менен джерс уюн аргындаштырып, жаңы уй тукумун табууну ниет кылат. Бул пикирин сунуш кылганда институттун жетекчилери кабыл алып, өздөрү тараптан Чыңгыздын талаптарын аткара тургандыктарын билдиришет. Андан кийин джерс букасын алып келүү үчүн Ленинградга, андан Гатгинага  барат. Гатгина Улуу Октябрь революциясына чейин эле Россия падышаларынын үй-бүлөлөрү турак кылган жерлер.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда асыл тукум малдын баары ушул жерге алынып келип, ошол жерден асыралып, башка жактарга таратылган. Ал эми Айтматов алайын деген уй тукуму тоолуу шарттарга көнө турган, суукка чыдамдуу болушу керек экен. Ошондуктан топоз менен джерс букасын аргындаштыруу максатка ылайык. Анткени топоздор ак кар, көк музда жашап, тоолуу шарттарга көнгөн мал эмеспи. Айтматовдун экспериментинин негизги максаты – сүттүүлүктү, майлуулукту көтөрүү экен. Ал эми топоздор Кыргызстанда, Тажикстанда, Ооганстанда гана жашап, бул аймактардын географиялык катаал шартына жана климатына көнгөн жаныбар. Бир гана айыбы – сүттү аз берет.

Ошентип мал тартууга ылайыкталган вагонго джерс букасын салып, Кыргызстанга алып жөнөйт. Он күн жол жүрүп, Жамбыл станциясына келет. Ал жерден институттун фермасына жеткиришет. Асыл тукум букадан качырыш үчүн он, он бештей топоз керек болот. Ошондо гана эксперимент башталмак. Топоз жок болгондуктан, эки КамАЗ автомашинасы менен Чыңгыздар Тянь-Шанга сапар тартышат. Ал кезде Тянь-Шандын жолу өтө татаал. Ошол жолдо баратып, Чыңгыздар Кытайга бараткан чиркегич сүйрөгөн КамАЗды биринчи жолу көрүшөт. Жол алыс болгондуктан, Долон ашуусунун бир жерине түнөп калышат. Үй өтө жупуну, эптеп эле салынган үй. Бир аял чырак жандырып, жай салып берет.

Чоң бөлмөнүн ичине бир нече керебет коюлуптур. Алардын көбү бош. Бир бурчта машина айдоочу эки жигит бутуна тура албай мас болуп отурушат. Булардын бирөө жанагы чиркегичи бар КамАЗдын шопуру экен. Чыңгыздын жатар жайы ошолордун жанында. Чыңгызды көздөрүнө илбей өздөрүнчө бакылдашып жатат. Чыңгыз алардын сөздөрүн кааласа да, каалабаса да угууга аргасыз…

… Ашуунун кылда чокусунда мен жактырып сүйгөн бир кыз жашайт, бирок ал мени карап да койбойт, – деп бирөө экинчисине өзүнүн башынан өткөн сүйүү окуясын айтып жатат. Бул жанагы КамАЗдын айдоочусу. Ал сүйгөнүн такыр унута албагандыгын, дайым ашууну ашканда ошол сүйгөнүн көрөрүн, махабаты кантип башталып, кантип алоолонгонун бир баштан айтып берет. Анын башынан өткөн сүйүнүчтүү да, азаптуу да, армандуу да окуялары Чыңгызга ушунчалык катуу таасир этет.

Чыңгыз бийик тоо тарапка сапарга чыккан жолоочу эле. Ал жакка башка эле бир милдет менен жолго чыккан. Ошол кан жолдон “Кызыл жоолук” жалжалын таап, ага негиз берген тагдырга кезиккен. Муну Чыңгыз Айтматов өзү айтып берген.

– Айтматов кийин Раймалыны жазды. Ага ашык болгон кыздын аты чынында эле Бегимай беле?
– Раймалы да, Бегимай да турмушта болгон адамдар. Аттары да ошондой. Раймалы абдан ырчы, шайыр адам эле. Бегимай казак кызы болгон. Эл экөөнү тең өрттөйбүз дегенде үйлөнбөй калышкан.

Чыңгыз Айтматов повесттерди, романдарды жазды. Ал чыгармалардын окуяларын, каармандарын бирин билсем, бирин билбейм. Бир гана нерсени айткым келет, сексен жылдык мааракеси өтөр алдында Бишкекке келген, ошондо жолугуп акыркы жолу аңгемелешкеним бар.

–  Ошол жөнүндө айтсаңыз. Кайсы учурда, кандай шартта жолуктуңуз?
– Чыңгыз өлөрдөн он чакты күн мурда Бишкектеги түрктөрдүн “Себат” мектебине келгенде сүрөткө түшкөнбүз. Ал мына, – деп эл менен түшкөн сүрөтүн көрсөттү. Ушул өлө турган адамбы?! Абдан таң кала турган окуя болду. Өзүмчө күйөмүн да күйөмүн. Өлгөнүн укканда, ичим эңшерилип, денем муздай түштү. Айла жок, кантели, улуу өкүнүч менен жер муштап отуруп калдык.

– Түрктөрдүн “Себат” мектебине эмнеге келген экен?
– Ал мындай болгон. Мындан он жыл мурда түрктөрдүн Бишкек шаарындагы «Себат» мектебин Айтматов ачып, ак жол каалаган. Ошол мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн салтанатына Чыңгызды чакырышкан экен. Анткени мектеп Айтматовдун ысмында. Бишкекте түрк мектеби ачылгандан кийин ошондой мектептер Ошто, Жалал-Абадда, Балыкчыда, Таласта ачылган. Ошол мектептердин таланттуу балдар, кыздары Бишкекке келишип, биринчи бүтү­рүүчүлөргө арналган концерт сыяктуу фестиваль болгон. буга Чыңгыз Айтматов чакырылган. Ал беш күн мурда келмек экен, кечигип келди. Ошол мектепте кызымдын баласы 10-класста окучу. Мени да неберем менен чакырышкан. Бардым, эл көп. Кызыл-тазыл кийинишкен окуучулар…

Чыңгыз саат ондо келем деген экен, он беш мүнөт кечигип келди. Кучакташып учураштык. Чыкем мага көп деле көңүл бурган жок. «Себат» мектебинин ичине кирдик. Кенен зал. Кыргызстандагы түрк мектептеринин жетекчилери Чыңгыздын чыгармаларындагы урунттуу эпизоддорду театр­лаштырып даярдашкан экен. Кыска-кыска эпизоддор… Ошолорду көрдүк.

Чыңгыз адеп келгенде мени тааныбай калыптыр. Жайланышкандан кийин менин “Чүй баяны” газетасында жарыяланган Чыңгыз жөнүндөгү интервьюмду бердим. Гезитти алып окуп:

– Сен кимсиң, Атаулдасыңбы? – деди.

– Ооба, – дедим мен.

– Чачың агарып кетиптир го, – деп койду. Мени жаш эле бойдон деп ойлосо керек.

… Балдардын, кыздардын оюндары көрсөтүлүп жатты. Баласын согушка жөнөткөн эненин, Толгонайдын, Танабайдын, Жамийланын, Даниярдын, Алимандын, Сейденин, Ысмайылдын, монологдорун, ырларын, кыймыл-аракеттерин көрсөтүштү. Англис, түрк, орус тилдеринде сүйлөштү, ырдашты. Оюндун аягында Чыңгызга сөз берилди.

– Балдар, айланайын, балдарым, – деди Айтматов. – Мындан он жыл мурда өзүм келип ачтым эле ушул мектепти. Убакыт кандай учкул, билинбей он жыл өтүп кетиптир. Анда силер мотурайган балдар элеңер. Мына быйыл мектепти бүткөнү жатасыңар. Силерге абдан ыраазымын. Азыр көп балдар, кыздар акчанын артынан түшүп, акча-акча деп окууну таштап коюшпадыбы. Мына силер окуп жатасыңар, мен ыраазы болуп турам. Келечекте кыргызды башкара турган силерсиңер. Окууну таштабагыла, китеп окугула, орус тилин да, англис тилин да, түрк тилин да окугула. Бирок, кыргыз тилин унутпагыла! Булар силердин болочогуңар, силер боло турган балдарсыңар. Мен силерден ушуларды суранар элем, – деди.

Ошол салтанатта бир бала туруп, мындай деди:

– Чыңгыз ата, сиз мындан он жыл мурда ушул мектептин ачылышына келгенде биз биринчи класска кирдик эле, быйыл он биринчини бүтүп жатабыз. 25-июнда бүтүрүү салтанатыбыз болот. Ошого чакырсак, келип катышып бересизби?
– Келем, айланайын. Бул жерди көрүп алдым, чакыртпай эле өзүм келемин. Азыр мени сексенге чыкты деп Астана, Баку, Москва, Татарстан, Түркия чакырып жатат. Ошолорго барып келгенден кийин келемин, – деген Айтматов.

– Ошол учурда Айтматовдун ден соолугу кандай эле?
– Абдан кубаттуу, жакшынакай эле болчу. Көп эле чогулган жыйында төрт саат бою отуруп бербедиби. Эч кандай оорунун белгилери жок болчу.

– Анан кайда кетти? Андан кийин эмне болду?
– Мен түрктөр менен кетеби деп ойлодум эле. Жок, алардын алдында кетти. Жанында жүргөн Абдылдажан Акматалиев калып калды. Түрктөр өзүнчө кетишти. Андан кийин өзү айткандай, Алма-Атага, Астанага, Бакуга, Москвага, Казанга барды. Татарстандагы таякелерине балдары менен барып, өлгөндөргө бата кылыптыр. Ошол учурда Бакыт Карагулов киного тартып жатканда кулап кеткен экен. Казанда ооруканада жатып, андан Германиянын ооруканасына которулуп, ошол жерден кайтып кетпедиби кайран киши! Кантели, айла жок!

–  Кулап кеткенде жанында кимдер бар экен? Эмне деп айтыптыр?
–  Баласы Элдар, аялы Мария жана башка адамдар бар экен. Өлгөндөн кийин бейшемби күнү бата кылайын деп үйүнө бардым. Сүйлөшүп отуруп Элдардан сурадым:

–  Күтпөгөн окуя болуп кетти. Казанга барганда сен жанында белең?
–  Ооба, мен жанында элем. Киного тартып жатканда эле жыгылып кетти. Жаныбызда Акматалиев, киного тарткандар бар. Илгиз байкем кийин келди. Атам кулап кеткенде мындай деди: «Элдар, мени Кыргызстанга алып кет».

Бирок, Айтматовду Бишкекте эмес, Казанда дарылашат, анан Германияга которушат. Аны ким сунуш кылган, ошону айта албайм. Ошол Германияда кайтып кетпедиби. Сөөгүн Бишкекке алып келишти. Чыңгыз өлөрүндө Ата-Бейитке койгула деп өзү айткан экен, ошол жерге коюлду.

Айтматовду акыркы сапарга узатууга жүз миңге жакын адам келди. Ырас, Чыңгыздын туугандары, жердештери, райондордун жетекчилери, анын чыгармаларын урматтаган адамдар, жазуучулар, адабиятчылар, чет элдик меймандар болушту.

–  Атаулда ага, Айтматовдун чыгармаларынын негизин түзгөн окуялар, тирүү адамдар жөнүндө бир катар баалуу-баалуу фактыларды айтып бердиңиз. Эми акыркы бир суроо. Чыңгыз Айтматов сизге айылдаш катары мамилеси мененби, атак-даңкы мененби, чыгармалары мененби, акылмандыгы мененби, эмнеси менен жагат?
– Чыңгыз мага чыгармалары, акылмандыгы менен жагат. Чыгармаларындагы сезимге тие турган, аргасыз ойлонто турган сапаттары менен жагат. Бул өмүрдө биздин деле башыбыздан көп окуялар өттү. Ошолорду биз убагында байкабайт экенбиз, убагында сезбейт экенбиз, элес албайт экенбиз. Ал эми Чыңгыз өзүнүн башынан өткөн окуяларды, уккан, көргөн окуяларды кеменгерлик менен сезип, дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармаларды жаратпадыбы. Бул – улуу таланттын, улуу чеберчиликтин натыйжасы!

– Кызыктуу аңгемеңизге рахмат, бар болуңуз!

Маектешкен Рыскулбек БАКИРОВ, «Кыргыз Туусу», 12-30.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Атаулда БОРОНБАЕВ: “Чыңгыз Айтматовдун эл билген, эл билбеген дүйнөсү”: 1 комментарий

Добавить комментарий