Күлүктү күлүк кылган саяпкер

(Уландысы. Башы)

Тулпарлардын дүңгүрөгөн дүбүртү

Кер-Төбөл тайдын даңкы кунанынан башталды. Аягы Талас, башы Сары Өзөн-Чүй, Казак жергесинде болгон атактуу аш-тойлордо Кер-Төбөл кунан чабылбай калбады.

Ошонун баарында 30-40 км. чабыштарда биринчиликти берген жок. Көл айланып да чабылды. Жумгал, Нарын, Ат-Башыдан да алдына жылкы салбады. Жекшендин мурунку даңкы да аз эмес эле. Анын үстүнө 1947-жылы күзүндө Алма-Ата шаарында Кер-Төбөл Орто-Азиянын чемпиону деген ат кошулду.

Тамаша болчу жерге – ипподромго эл карааны калың этектүү чогулду. Кечеги ат чабыштан да бүгүнкү жоргонун кызыгы укмуш болчудай. Ушул казак кыргыздын чогуусунда Күрөң-Жорго эл көзүнө көрүнүп, маарага чейин оозун жыйган жок. Эл катуу дуулдады:

– Баракелде!

– Жорго деп ушуну айт!

– Жок. Бул жөнөкөй мал эмес. Бул тулпар, канаттуу жылкы! “Кочкорбайдын күрөң жоргосу! Бул сөз алакандай кыргыз мындай турсун, аркы өйүздөгү этектүү казак элине бүт жайылды.

Тамаша бүтүп, эл тарады. Ал эми Кер-Төбөл менен Күрөң жоргону күлүктүн күлүгү кылган сынчы Сыдык акем, саяпкерлер Жекшен менен Апек жөнүндө анчалык сөз козголгон жок. Кер-Төбөл менен Күрөң жоргонун байгесинен алар ырымга бир тыйын  албай  кайтышты.

Арадан жылдар өтүп жатты. Күрөң жорго, Кер-Төбөл, Күрөң-ат, Тор-жорго Кыргызстанда, Казакстанда, Арменияда, Азербайжанда жана башка союздун аймагында көп чабылып алдыңкы байгени эч кимге берген жок. Бул тулпарлар эл аралык сыйлыктарга көп жолу ээ болушуп, дүбүртү дүйнөнү дүңгүрөтүп алыска угулуп турду.

“Кеңеш” колхозу миллионер болуп атагы чыгып турган кезде, чет мамлекеттен делегациялар көп келишчү. Мисалы Венгрия өлкөсүнүн жетекчиси Янош Кадар, Америка Кошмо Штатынын Жогорку сотунун төрагасы Дуглас, Кытай, Жапан, Корея делегациялары. Алар колхоздун чоңдугун, жомоктогудай асыл тукум жылкыларды, тулпарларды өз көздөрү менен көрүшүп, далай-далай тамшанышкан.

Коноктор менен бирге чоң артисттер келишчү. Чоң клубга эл батпай келчү. Концерт бүткөндөн кийин артисттер, колхоздун активдери менен биздин үйдүн чоң бөлмөсүндө конок болуп олтурушуп, таң атканча ырдашып, тамаша салышчу.

Алардын арасында Саякбай Каралаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Алиман Жанкорозова, Муратбек Рыскулов, Шаршен, Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев, Ысмайыл Борончиев, Эстебес Турсуналиев жана башкалар болгон. Саякбай Каралаев “Манас” эпосунан Тайторунун чабышын айтканда төрдөн жылып олтуруп эшиктин босогосуна чейин жетчү.

Биздин ырыскы

Маршал Буденныйдын биздин балдарыбызга чачып кеткен ырыскысы – жылкы баласын сүйүү, аталарыбыздын күлүктөрүнүн тизгинин балдарыбыз колдон чыгарбай бекем кармап калсын дегени. Күлүктөрдүн даанышман сынчысы С.М.Буденный биздин кудай берген жаратылышыбызды, Ала-Тоонун абасын, суусун, чөбүн жылкы баласынын чыдамдуу жана күлүк болуп өсүшүнө ылайыкташканын белгилеген.

Илгери бул жерлер канча жер жемиштерин, эт, сүт берчү эле. Бул жер үчүн биздин ата-бабаларыбыз согушкан, ал эми биз болсок алардын максатын аткара алган жокпуз. Миллионер “Кеңеш” колхозунун – кырк сегиз миң кою, миңдеген жылкылары, уйлары, кампа толо буудайлары бар эле. Элдин курсагы да ток, пейли да ток эле. Бүгүн алар кайда?

Адам менен жаратылыштын (жер, жаныбарлардын) ортосунда чоң чуңкур пайда болду, байланыш үзүлдү, сүйүү оту өчтү.  Жаныбарлардын эң сонуну жылкы болуп эсептелет эмеспи. Жылкы адамдын жакын досу. Аны сүйгөн кишинин ички дүйнөсү таза болот. Жылкы адамдын кулк мүнөзүнө, жүрүш-турушуна, ден соолугуна, аны тарбиялап, келечек үмүттү соолутпай, күч-кубат берип турат. Ошондуктан бүгүн биздин айылдык жаштарыбыздын жылкыга өчүп бара жаткан сүйүү отун (байланышты) кайра жандырышы өтө зарыл. Биздин  жигиттерибиздин сүйгөн жакшы аты болуп, шайырлана бастырып, багып, таптап турса, чоң мелдештерге катышканга үмүт койсо, анда алардын турмушу оңолуп адамдын жакшы сапаттарына ээ болот. Ошондо ар бир ат чабыш биздин кыргыз элине майрам болуп, келечекке үмүтү соолубай, жалпы элибиз өмүрдүн маанисин түшүнүп, жакшы жашоого кызыгышмак. Жалпы элибиз, ар бир үй-бүлө өлкөбүздө жумуш, тамак-аш, ден соолук жана балдарыбызга тарбия, адеп-ахлак маселелери четинен чечиле бермек.

Ушул себептен күлүктөрдүн  даанышман сынчысы Исак Кочкор-баевдин үй музейин оңдоп, жаңы талапка ылайыктап жасаш үчүн бизге өкмөт жардам берет деген үмүттөбүз.

Бул музей адам менен жаратылыш, жер, жаныбарлардын ортосунда жоголуп бара жаткан байланышты сүйүү отун кайра жалындатышына максат койгон.

Биздин айыл жаштарыбыз музейге келип тарых тарбиясын, табиятты таануу, жаныбарларды сүйүү тарбиясын, эмгек тарбиясын дал ушул жерден окуп, көрүп өткөндөй болсо деп ойлойм. Качанга чейин мектептин партасынан жылбай олтуруп окуучуларыбызга тарых сабагын, жаныбарларды сүйүү тарбиясын беребиз.

Бул музей биздин бийик тоолуу кереметтүү жерибизден, аба ырайыбыздан, булак сууларынан, таза кандуу кыргыз, жаңы кыргыз, англис асыл тукум жылкылары чыдамдуу, күчтүү, күлүк болуп өсү­шүнө эң жакшы шарт түзүлгөнүн келген элге баяндап берет. Дал ошону Исак Кочкорбай уулу жетектеген, миллионер  “Кеңеш” колхозунун жылкычылары 1930-1950-жылдары өстүргөн асыл тукум жылкылары – тулпарлары далилдеп турат.

Музейге келгендер, аталарыбыздын кандай күлүктөрү болгонун, алар кандайча таптаганын, ат чабыш-видеороликтерин көрүп, айыл аксакалдардын акыл-насыяттарын угуп, көрүп, окуп, тажрыйба алып турушат. Так ушул жерден мектептеги окуучуларыбыз атты жууп тазалап, ат мингенди, токуганды үйрөнүп, тоо-токойлорду ат менен кыдырып, табигатты таанып, ат менен түшүнө мамиле кылса, ошондо жаратылыш, жан-жаныбарлар менен үзүлүп калган алтын жипти кайра байлап, өчүп бара жаткан сүйүү отун күйгүзөт элек.

Сүйүү отун жалындатуу бүгүн өтө зарыл. Себеби, кыйын заман башталды. Элдин өзгөчө кедейленип бей-бечара болуп калганын айтпай эле коёлу, аны баары эле көрүп, билип турат. Алдым-жуттумдар журттун эсин оодарып турган кез. Адам баласына баарынан оор нерсе келечекке үмүтү соолуп калуу. Балдарыбыз жокчулуктан ууручулукка өтүп, бөлөк бирөөнүн эмгегинен күн көрүп, алдамайга, митайымдыкка, эки жүздүүлүккө жана толгон-токой жаман иштерге өтүп жатканын көрүп туруп, жаның азага батып, жүрөк сыздап түтөп турган учурда, аргасыздан “Кайда баратабыз, келечегибиз эмне болот? Канткенде элибиз аман сакталып калат?” деген суроолор туулат.

Кандайдыр бир көрүнбөгөн күч биздин ички дүйнөбүздү бузуп, уруш, талаш, жек көрүүнү алып келип жатканы сезилип турат. Ал күч шайтандын күнү. Бирок ага каршы бир гана күч бар. Бизге Кудайдын руханий күчү керек. Кудай өз эли аркылуу руханий күч берип, ырыскысын – чындыкты ар бир үй-бүлөгө, баарыбызга тең айттырат. Биз үйүбүзгө келген ырыскыны-чындыкты терең билим алып кармап кала албасак, анда ал башкаларды издейт. Ошон үчүн биз чындык жөнүндө терең билим алып, өзүбүздөгү шайтанды жеңип, ички дүйнөбүзгө сүйүүнү орнотуп, Кудайды, элибизди, жерибизди, жаныбарларды сүйүш бүгүн өтө зарыл.

Ширин КОЧКОРБАЕВА, «Кыргыз Туусу», 12.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий