Ак илбирстин тукуму

Бул фильм эң бир оор шартта тартылган… Мындай кыйынчылык менен тартылган тасма «Кыргызфильмде» мурда болуп көрбөсө керек. Элдик оозеки чыгармачылыктан, эпостук чыгармадан жаралгандыктан тасмага өтө кылдат мамиле жасалды. Сценарий жаңыча жазылып, бир жылдан ашык тартылды. КР эл артисти Нуртай Борбиев ушул «кыргыз кереметин» жаратуучулардын бири. 1969-жылы «Боом», андан кийин «Мурас» деген даректүү тасмаларды Төлөмүш Океев менен бирге тартып, бүткүл союздук кинофестивалда «Жылдын мыкты кинооператору» болгон. 1981-жылы «Кошой таш» деген даректүү фильмди Лилия Турусбекова менен тарткандан кийин Төлөмүш Океев үйүнө чакырып, чай үстүндө сүйлөшүп отуруп «Кожожашты» чогуу тарталы деген сунушун айткан экен.

— Бул тасманы тартчу жерлерди кайдан, кантип тандадыңар?
Нуртай Борбиев: — Негизи, табияттын образга дал келген жерин табуу кыйынга турат. Андан тышкары атмосфера болуш керек. Турмуш чындыгына дал келиши керек. Он төрт миң километр жүрдүк, кино тартканга ылайыктуу жер издеп. Афлатун, Чаткал, Сары-Челектин тегерегинде, Алайда жүрүп төрт-беш жерден тарттык. Кегетинин ашуусунун түбүндө тик салаңдап турган мөңгү бар, территориясы абдан чоң. Күнүгө лагерге жатып 40 километр басып барабыз. Хан-Теңирге вертолет менен 120 километрден таштады чокусуна. Он эки күн жаттык палаткада. Музда. Өңдөрүбүз капкара болуп күйүп кетти, какшаган сууктан. «Манас-Манас» деп ураан чакырган» деген даректүү фильмимди да ошо жерде тарткам. Илбирстин жыты жаман сасык болот экен. Ак-Суунун ичинде жашаган Вася деген бир буту жыгач мерген жигит кармап келген аны. Кайберенди тартыш да кыйын экен. Суткалап аңдып жатыш керек болду. Он-он беш күн артынан аңдып жүрүп тарттык да. Кегетинин ичине аттар менен барып араң тартып алганбыз.

— Декорациялар колдонулдубу?
— Таштан жасалган короодогу жашоо, бороон-чапкын болгон эпизоддор чын табияттын өзүндө, ошо мөңгүнүн астында тартылган. Хан-Теңирдин Муз-Төрүндө, Ак-Сай мөңгүсүндө эле төрт күн жаттык. Ашыр Чокубаев, мен, Догдурбек Кыдыралиев болуп суукта далай тондук. Көчкү болсо альплагерде, бөкөндөрдү аткан жерлер Казакстандын чөлүндө, чучукка жеткен суукта тартылды. Аларды тартуу да оңой болгон жок. Жаныма эки мергенчини коюп «аткыла!» деп тартып атам, алар четтеп-четтеп качканда камерага түшпөй калат. Канча убараландык. Айла кеткенде ар бир сөксөөлгө көрсөтпөй аркандарды байлап, аларга бедени кошо байладык көрсөтпөй, баары бир кээ бир жерлери көрүнүп калып атты. Анан, арканга чалынып жыгылгандары тартылды камерага.

— Көчкүдө калганыңыздар аңыз болуп айтылып жүрөт?
— Кайберендерди аткан Кожожаш ашуунун башталышында көчкүнүн алдында калат да. Төлөмүш экөөбүз ошо жерине келгенде талашып-тартышып калдык. Ал кар жаткан ылдый жактан эле бүтүрүп койбойлубу дейт. Мен кадрдын көркөмдүк жагы керек деп атам. Асканын бир жагында калың кар жаткан. Мен болбой актерлорду асканын кырына чыгардым. Мөңгү үнү тоонун башынан анча угулбайт экен, ылдыйда тимеле кулак-мурдуңду жарат. Тоонун башында болсо кыйкырып койсоң эле көчкү жүрөт. Режиссер «Мотор!» деди. Эчтеке жок. Камераны бастым. Карап турам. Бир убакта эле көчкү суу жайылгандай жайылып күчөп келатат жылып, толкундай каптап. Ниагара шаркыратмасындай эле куюлуп түштү. Бекболот Айдаралиев экинчи операторум эле, көчкү аны басып калды. Аска менен тоонун кыры 50-60 метрдей. Ошонун баары теп-тегиз болуп калды. Эптеп казып алдык. Мындай табигый көрүнүш кайра кайталанбайт да. Кандай тартылганын дароо көрөлү десек, ал кезде азыркыдай видеокамера жок. Көрүш үчүн пленканы Ленинградга жиберип, «проявка» кылып, анан көрүш керек. Кийин, ошол процесстердин баарынан өткөндөн кийин карасак шумдук кадр болуптур.

— Каскадерлор да ойнодубу?
— Аскада илбирстердин тоодон-тоого чуркаганы, жайлоодо мылтыкты Касен алып кетти деген эпизод, тоодо суу кирип аткан убак, Кожожаштын таштан-ташка секирип чуркап келаткан жерлери япондук манерада тартылган. Догдурбек монументалдуу чыгарды образды, баатырдын образы кылып. Каскадер болом деген Виктор Гаврилов деген суучул бала бар эле, бою 1,90 метр, спорттун чебери. Кыйын бала. «Тоонун шар суусунда» бул кирсе чыкпай калат, сөөгүн таппай калабыз» дедим. Аркан менен байлайлы дедик. Кожожаштын кийимин кийип кирди, ортосуна жетпей суу шымын шыпырып кетти, бутундагы адидасынан дайын жок, өзүн араң тартып алдык. «Кудай бир сактады» деп ал күнү бөтөлкөдөгү арактарды денебизге бир сыйра сүртүнүп алып, жөнөдүк.

— Жеке жашооңузга кандай таасир этти?
— Жайлоодо кымыз, эт толтура. Редактор Мурза Гапаров экөөбүз бир жүрдүк. Жалаң бетеге оттогон койлордун этинин күчтүүлүгүн айт! Бир кесим жесең отуруп каласың лыкыйып. Кымыз суудай куюлат жөн эле. Ошондо мен жети килограмм арыктаптырмын. Түйшүгүм оор болду да, такыр колум бошогон жок. Фильм тартылып бүткөн соң эки ай оорудум. Муун-жүүндүн баарына суук тийиптир. Сөөктөрүм какшап, ооруп жылалбай, үйдө төшөк тартып бир ай жаттым. Бир капталыман экинчисине аялым оодарып бакты. Жан киргенгеби, ар кай жерим кычышып баштаганда колум жетпейт, жакшы кыймылдай албайм. Анан аялыма уйку бербей тырматып жүрдүм.

Маектешкен Алтынай ТЕМИРОВА, Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий