Болот Шамшиев: «Ата-Журтту эч нерсе, эч кандай жер менен салыштырып болбойт»

(Маданиятка байланыштуу жери алынып, кыскарытылып берилип жатат)

Эсимде, бала кезде жумасына бир жолу болуучу «Театр микрофондо» берүүсүн зарыгып күтчүмүн. Арттисттердин коңур үндөрү, кадимкидей ыйлап, күлгөнү таң калтырып, андагы окуяларга аралашып кетчүмүн. Ошондо «ушул артисттердин өзүн, аларды ушинтип жаздырып алган адамдарды көрсөм ээ? Буларды ким минтип жаздырып алат болду экен?» деп аябай кызыкчумун. Шаарга таенемдикине келген сайын телевизордун жанынан чыкпай кино көрчүмүн. Менин абдан эсимде калганы «Ак кеме» кино тасмасы болду. Мен бул кинону кошо жашап көргөм. Азыр да кайра-кайра тажабай көрө берем. Качан ушул кинонун режиссеру Болот Шамшиев экенин билгенде, ал кишинин чеберчилигине таң калып, дилимде агайга болгон өзгөчө сый калган эле. Мына бүгүн керемет искусство болгон кино өнөрүнүн жаратманы Болот агайды жакындан көрүү, билүү насиби буйруп, бала кездин тилеги орундалаарына дагы бир жолу ынандым.

Сизди кинолоруңуздан улам миллиондогон адамдар кумир тутуп, режиссер катары жакшы билишет, ал эми адам катары Шамшиев ким экенин көпчүлүгү жакшы биле бербейт. Ошондуктан, керемет кинолордун жаратманы Болот Шамшиев кимдин уулу, кай жердин кулуну, алтын балалыгы кантип өттү эле, оболу ушуга токтоло кетсек.
Туулган жерим Бишкек. Балалыгым мына бул Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында өттү. Атам белгилүү кыргыз акыны Төлөн Шамшиев. Атам чыныгы акын эле. Ал кишини көр дүнүйө, тиричилик көйгөйү тынчсыздандырчу эмес. Мен келечекте ким болом десем жан-дили менен колдоп, бала болсом да оюм менен эсептешчү. Канай-бий менин чоң таяталарым болот. Ушул турган Бишкек, мурунку Пишпек дээрлик жарымы Канай бийдин, так айтканда менин чоң таяталарымдын, анын ичинде менин жерим болгон. Мен муну сыймык менен айтат элем. Менин балалыгым таенемдин колунда өттү. Ал киши абдан даанышман, жанда жок мээримдүү жан эле. Менин эң бир бактылуу балалык жылдарым ошол таенемдин колунда өткөн жылдар.

Айтурган эженин ролдору тууралуу режиссер катары эмне айтат элеңиз?
Ушундай керемет ролдор үчүн казактар ал кишиге Казакстандын эл артисткасы деген наамды берүүгө милдеттүү болчу. Бирок, мындай талантты баалап алганга казактардын кудурети жетпеди. Анын биринчи жараткан ролу «Ысык-Көлдүн кызгалдактарында» Каличанын ролу болгон. Ал кезде Айтургандын эч кандай кино артист билими жок болчу.. Кинодогу сүйүү баяны көңүл толкутуп, роль да төп келип, Айтурган болсо абдан жандуу, таланттуу секелек кыз болчу анда. Айтурган кийин менин мектебимден билим алды.

Бул керемет аял менен кантип таанышып калдыңыз?
Айтурган Сүймөнкулдун экинчи аялы Нуржандын курбусу болчу. Сүймөнкулдун биринчи аялы Салима — Бактыгулдун энеси, экинчиси Нуржан, андан Эргул туулган. Кыскасы, киного тартканга кыз издеп атканбыз. Ошол учурда Сүймөнкул, «Нуржандын татынакай курбусу бар, өзү да абдан жакшы кыз, ошону көрбөйсүңбү» деп калды. Дароо эле «алып кел анда» дедим. Ошентип, таанышып калдык. Айтурган абдан эмгекчил, тырышчаак кыз экен. Ал өмүрүндө эмнеге жетишсе, баарына карандай мээнети менен жетишип келе жатат. Бул киши тез эле көрөмандардын сүймөнчүгүнө айлана алды. Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Айтурган Темирова, Даркүл Күйүкова, Таттыбүбү Турсунбаевалар көрөрмандардын урмат-сыйына, сүймөнчүлүгүнө татыктуу кудай өлчөбөй талант берген кайталангыс актрисалар. Деги эле ушулардын курагындагы, замандаш актрисалардын баары сыйга, даңктоого татыктуу.

Мени абдан кейиткени кино жаатында драмалык ролдорду тартууну кечигип баштап калдык. Атаганат, Бүбүсара Бейшеналиеваны драмалык ролдорго тартууга үлгүрбөдүк. Ал абдан таң калаарлык таланттуу драмалык актриса болчу. Кудайга шүгүр, жок дегенде Бакен Кыдыкееваны тартууга үлгүрүп калдык.

Сиз азыр Айтурган эже жөнүндө айтканда аябай жакын бир адамыңыз тууралуу айткандай жылуу эскердиңиз. Сиздерди эмне ажыратты?
Көп себептер ажыратты, азыр аны айтып-айтпаганда эмне. Биз азыр да бири-бирибизге сый менен мамиле кылабыз. Ал киши менен жашаган жылдар мага жакшы сезимдерди тартуулады, жүрөк жылыткан эскерүүлөр калды. Мен да ал кишиге жакшылык кыла алдым, андан жакшы актриса чыгаарына, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуусуна салым коштум деп ойлойм. Айтурган «менин балдарым» деп сыймыктанаарлык бир кыз, бир уулду белек кылды. Мыкты уулум, акылдуу, жароокер кызым бар. Уулум жыйырма сегиз жашында илимдин доктору болду, азыр Мамлекеттик стратегиялык изилдөөлөр институтун башкарат. Кызым да абдан мыкты адам, үч уулу бар, көз тийбесин, мен кудайга ыраазымын.

Агай, сиздин өмүрүңүздөгү бактылуу учурларыңыз эсиңизде калган чыгаар?
Бактылуу учур тээ таенемдин колунда, айылда жүргөн балалык жылдар. Ошондогу балдар менен сууга түшүп, тоого чыгып ойногон кайталангыс учурлар али көңүлүмө жылуулук тартуулайт. Ошондо таенеме жардам берип, там аркадан жер жемиш казып, дүмбүл жүгөрүнү, картошканы оттун чогуна салып, эч нерседен бейкапар жүргөн жылдар менин эң бактылуу, эң эсте калган жылдарым. Эгерде, кандайдыр бир керемет болуп, «сага өткөн өмүрүңдүн кайсы учурун кайрып берүүнү сурайсың, тилегиң орундалат» десе ойлонбой туруп, «таенемдин колунда жүргөн жылдарды» дээр элем. Мен дээримен шаардык адам эмесмин. Тоону, айылды жакшы көрөм, андагы адамдар менин дилиме жакын. Айылдыктар жашоону жасалма көрктөбөй дал өзүндөй кабыл алып жашашат, айылда көңүл топуктуу, көкүрөк тынч, таза.

Киного тартуу учурундагы эсиңизде калган окуяларыңыздан айтып берсеңиз.
Кино менен жашаган кырк жыл ичинде эмнелер гана баштан өтпөдү. Өмүрүмдөгү эң эсте калган ажайып жылдар, мен «Ак кемени» тарткан жылдар болду. Ошол кездеги Көл, токой, күмүш чачыранды бүрккөн шаркыратма суулар, залкар адамдардан турган жамаат али да түшүмө кирет. Сабира Күмүшалиева эже баш болуп Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Айтурган Темирова, Мукан Рыскулбеков баарыбыз биригип алып, кичинекей алты жашар Нургазы бар. Бир күнү Сабира эжебиз «келгиле, мелдеш уюштурабыз. Ким дубльды аз жасаса, ошого сыйлык бар» деп калды. Баарыбыз колдоп, «сүйлөштүк» деп бүт актрисалар, актерлор кубаттап кетишти. Ошондо ким биринчи болду дебейсизби, кичинекей Нургазы. Көрсө, ал баарыбыздан мыкты актер экен, бир-эки дубль менен эле тартылып, тажрыйбалуу актерлорду уят кылбадыбы. Ошондо белгилүү эле актерлор, «мындан кийин эч качан балдар менен мелдешпейбиз» деп уялып, көпкө эскерип жүрүштү. Албетте, балдар баарын чындай кабыл алып, жүрөгүнөн жасайт дечи, бирок Нургазы баладан мурун актер болуп төрөлгөн чыныгы талант болчу. Мени Нургазынын киного тартылбай калганы абдан өкүндүрөт. Кинонун өнүкпөй калганы миңдеген Нургазыдай тубаса таланттарды тумчуктурду. Азыр кино, маданият, талант дегендин кереги жок болуп калды.

Актер актирисалардын ичинен «ушул ойной турган ролдор ойнолбой калды» деп аябай ичиңиз ачышып эстеген адамдарыңыз барбы?
Улуу муундагы баарык актерлордун чыныгы ролдору ойнолбой арманда кетишти. Кайран таланттар… Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Таттыбүбү Турсунбаевалар тубаса таланттар болчу. алардын жарым гана ролу ойнолду. Бөлүп айтсам, Муратбек Рыскулов өзүнүн чыныгы ролун ойнобой, өзү менен ала кетти. Мен муну азыр түшүндүм. Эгерде, ушундай талантты кудай дагы бир жолу жаратып, менин колума туш келсе башкача тартмакмын. Мен анын деңгээлине бүгүн түшүнүп жетилдим, Рыскулов бар кезде мен бала эле бойдон болчумун. Ботоалиевди азыркы муун унутуп да калды болуу керек. Учурунда кайталангыс талант эле. Экия Мукамбетов эмне деген талант эле. Айта берсем көп. «Караш-Караш» фильминен Советбек Жумадыловду — Жараспайды ким тааныбайт, бирок, атаганат бул киши Абайды ойносо ошондо ролун тапты демекмин, анткени, Жумадылов Абайды ойноо үчүн төрөлгөн актер болчу. Тилекке каршы, Казакстан киносунда мурдунан алысты көрбөгөн кишилер Жумадыловго Абайды берген жок, өздөрү ойной албады. Мына жылдар өтүп жатат, алар дагы эле Абайды жарата алышкан жок.

Кырк жылдык режиссорлук өмүрүңүздө эмнеге өкүнүп, эмнеге сүйүндүңүз?
Өкүнгөнүм өкмөт көңүл бурбаганын айынан канчалаган кинолор тартылбай калды. Ал эми, Союз урагандан кийин искусстводо өнүгүү болмок турсун кайра гуманитардык кыйроого алып келди. Кубанып сыймыктанганым Айтматовдун чыгармаларынан Төлөмүш Океев экөөбүз тарткан биздин филмьдер дүйнө экрандарына кадам таштап, кыргыз искусствосун ааламга таанытканы болду. Бизден Американын продюсерлери сабак алып, суктанышты. Ак кеме фильминазыр баардык Америкалык университитеттерде көрсөтөт. «Көк Серек» фильми болсо Кевин Костнердин «Танцующий среди волков» фильмине негиз болуп берди. Төлөмүш экөөбүз бул фильмди Парижде көрүп, биз андан өзүбүз тарткан эпизодун кайталануусун көрдүк. Дагы бир сыймыктанып айтаарым, Францияда кинонун жүз жылдыган карата «Дүйнөдөгү мыкты режисерлор» деген китеп басмадан чыккан. Океев экөөбүз дүйнөлүк мыкты жүз режиссордун катарында тизмеге киргенбиз Бул биздин Океев экөөбүз гана эмес, кыргыз элинин сыймыгы боло турган окуя…

Агай сиз ойнолбой калган ролдор болду деп айтып атпайсызбы, ошонун сыңары, тартылбай калган кинолоруңуз барбы?
Албетте, биринчиден Манасты, экинчиден, Курманбек-баатырды тартсам деп ойлосом уйкум качат. Курманбек-баатыр боюнча мыкты сценарий бар, тартууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Азыр искусствонун тагдыры, келечеги эч кимди кызыктырбай калды.

Эгерде, сизге кудай тарабынан белек болуп, чыгармачылыкта мүмкүнчүлүк берилип калса кайсы кинону биринчи тартат элеңиз.
Мына 20 жыл болду, Союз жоюлуп калгандан бери кино тарта элекмин. Жиххат аттуу үчилтик роман, «Последняя свинья каравана» аттуу комедия жазгам. Бул чыгарма Москвада жарык көргөн. Айтор, жазылган чыгармалар толтура. Жылдар салаадан агып, ар бир күн саналуу, а мен иштеп, үлгүрүп калгым келет. Азыр Казакстанда менин жаңы пьесам «Акан-серинин сүйүүсү, Мусрепов жана НКВД» толук адабият журналында чыгат.

Азыр Казакстандасыз, тууган жерге жетет бекен?
— Албетте, ал жакта мага сый-урмат менен мамиле кылышат, үй беришкен. Кызматтык машинем бар. Бирок, бир боор жерди эч нерсе алмаштыра албайт. Ата-Журтту эч нерсе, эч кандай жер менен салыштырып болбойт.

Маектешкен Айжаркын Эргешова, “Де-Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий