Шайлообек Дүйшеев: «Акын эмес, сүрөтчү болмокмун»

“Алманы жечү курт жатат, алмадай жердин ичинде, ааламды жечү журт жатат” деп журт камын ойлогон элибиздин Эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын лауреаты, 3-даражадагы Манас орденинин ээси Шайлообек Дүйшеевдин өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу төмөнкү макаланы сунуштайбыз.

АКЫНДЫ КЕСИПТЕШТЕРИ ПЛАСТИЛИН ДЕШЧҮ

  • Шайлообек агай өзүн эң бактылуу адамдардын катарына кошот.
  • Байлык деп жулунбаган адам.
  • Байлар катар-катар бензин сатчу түйүндөрдү сала бербей, чогулуп болсо да, бир эл аралык деңгээлдеги маданият үйүн курушса дейт.
  • Эл акынынын мүнөзү абдан жумшак болгон үчүн кесиптеш кыздары Пластилин деп коюшчу.
  • Туура эмес жерден ачууланып алып, балдарынын алдында кайра уялып калган учурлары көп болот.
  • Сууда сүзүү менен учакта учкандан коркот.
  • “Чөлдө кайыкты араба көтөрсө, көлдө арабаны кайык көтөрөт” деген макалды көп колдонот.
  • Жубайына таптакыр белек бербейт. Акчасын берип, “өзүң сатып ал” дейт.
  • Тубаса акындык таланты мектеп жашында эле ачылып, дубал гезиттерин даярдап, сүйүү ырларын жазып жүрүп такшалган.
  • Учурда “Азаттык” үналгысында кабарчы болуп иштейт.

ЖЕТИМ ЖЕТИЛЕТ
Шайлообек Дүйшеев 1950-жылдын 26-февралында Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында жол кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 3 жашында атасынан айрылып, апасы төркүнүнө кетип, болочок акын чоң энесинин колунда калат. Энеси экөө ээси малы менен жайлоого чыгып кеткен тоо этегиндеги сарайды кайтарышчу. Ал сарай мектептен 6 чакырымга алыс болуп, талаадагы арпадан бою чыкпаган кичинекей бала күн сайын сабакка ошол жерден каттачу.

Энесинин алган 13 рубль пенсиясы жесир кемпир менен жетим балага кенен жетер эле. Бирок чатырда баш калкалаган эне-бала жаан катуу жааган күндөрү тамчы өткөн жерлерге чыныларына чейин коюп, тамчынын ыры менен укташчу.

Балалыгында акын өтө жоош, эч кимге зыяны тийбеген, бары-жогу билинбеген тынч бала болгон. Кичинесинен эле айыл кыдырып, абышка кемпирлерге “Манас” окуп берчү экен. “Качан гана “эми бара гой, калганын эртең келип окуп бер” дешмейинче кетчү эмесмин. Ал кезде биздин энелерибиз “Манасты” аябай ыйык тутушуп, ооруп калсак башыбызга жаздап, китепти өөп, атайын баштыкка салып, бийик жерге илип коюшар эле. Ошентип жүрүп чыгармачылыкка карай жол ачсам керек”,- дейт бул тууралуу акын.

«АЛГАЧКЫ СЕЗИМДЕР КАПТАГАН КЕЗ»
– 6-7-класстарда биздин класска кыска чаар пальто кийген сулуу кыз келип, классташ балдар жапырт ошол кызды сүйүп калдык. Айылдын бизден улуу балдарынын кыздарга жазган атайын үлгү каттары болор эле. Ага окшоштуруп күн сайын кат жазабыз. Ал учурдагы сезимдердин тазалыгын кара, ал кыздын кар үстүндөгү көлөкөсүнө көлөкөм тийип кетсе, толкунданып кетчүмүн. Жолдун аркы четинде келаткан болсо, жакындагандан сүрдөп, алыстан айланып өтчүбүз. Бир жолу ага энемдин боёгу менен “бул сыя эмес, жүрөгүмдүн каны деп бил” деп кат жазганым эсимде. Кийин биздин эле кошуна айылга турмушка чыгып кетти.

Сезимдердин шарданы менен жүрүп мээге куру кыялдар шыкалып, математика, химия, физика деген сабактарды таптакыр эле окубай койдум. Кийин кара чырак электр жарыгына айланган жылы энемден да ажырап, эжемдин көзөмөлүндө жүрдүм. Өзү көп балалуу неме бирөөнүн үйүнөн менин бут кийимимди көрүп калса, “ээ, тирүү экен го” деп кетип калчу экен. Ошентип, өзүмдү-өзүм билип чоңойгом.

«МЕКТЕПТЕН КИЙИНКИ ЖЫЛДАР»
– 1968-жылы мектепти аяктап, турмуштун кысымы менен жүрүп, мектепке пионерлер жетекчиси болуп кызматка орноштум. Андан соң бетончу, жүк көтөргүч да болдум, кийинчерээк жергиликтүү гезитке корректор болуп да иштедим. Андан көп өтпөй аскерге кеттим. Подмосковьенин Нарфоминск деген жеринде ракеттик бөлүктө кызмат өтөгөм. Эки жыл ичинде орустар менен сүйлөшчү да эмесмин. Бирок буйрукту укканда дароо эле аны аткарганга шашылчу элем.

Орустардан жакшыны да, жаманды да үйрөнүп келдим. Жакшысы, алардан кең пейилдикти алсам, жаман жагы тамеки чегүү менен арак ичүүнү үйрөнгөнүм болду. Тамекини туптуура 35 жыл тартыптырмын. Бир күндө 1-1,5 куту чылым чегип койчу экенмин, кийин гана “кайран өпкө чириди го” деп таштап койгом. Туура эле кылыптырмын, азыр тимеле жеңилдеп, жыргап калбадымбы. Аракты жашоомдо жакшы эле ичтим. Ал жактан арманым жок. Ал күндөр өттү. Азыр спирт ичимдиктерин да таптакыр койгонмун.

«СҮЙҮҮ ПАДЫШАНЫ ТАНДАБАЙТ»
– Жогорку окуу жайда окуу дегенди мен классташтарым окууну бүтүп келип, үйлөнө баштаганда гана түшүндүм да, КУУнун филология факультетине тапшырдым. Ошол кезде мен 25 жашта элем. Аскерге барып келген, башкаларга караганда 6-7 жашка улуу дагы деп мени адегенде эле староста шайлап коюшту.

Ошентип, 1-курстун эң биринчи лекциясында эле ММУну бүтүп келген чырайлуу, чүрөктөй сулуу, кийингени да элден башкача болгон кыз философиядан лекция окуп калды. Анда айылдан жаңы келгенге шаардык кыздар таптакыр башкача көрүнүп турган кез, а Роза болсо Москвадан келип жатпайбы. “Ушул кызды алып алсаң, ээ” деген кыялымды дос балдарга айтып койсом керек да, азыр тамашалап айтып жүрүшпөйбү. Мен үчүн Роза Отунбаева кол жеткис болгону менен, жалпы кыздарга арнап жазган ырларымда ага да арналган саптардын бар экендиги чын. Жакшы акын болуш үчүн жакшы кыздарды сүйүп, бирок ошол кыздарга жетпей калуу өтө керек.

4-5 жолу сабак өткөндөн кийин биз ага тийишүү максатында баарыбыз сүйлөшүп алып, жер тепкилеп “бизге сабакты кыргызча өтсүн” деп туруп алдык. Ошондо ал мугалимдерге “мен сабак бербейм, чынында эле өз тилимди унутуп калган турбаймынбы” деп барыптыр. Мугалимдер бизди “силер келесоо экенсиңер, орусча үйрөнүп алат элеңер да” деп урушкан. Бирок бир жумадан кийин эле кыпкыргызча лекция окуй баштаган.

Кийин мен 1983-жылы филармонияда адабий бөлүм башчы болуп иштеп жүргөндө Роза Исаковна шааркомдо иштеди. Ошондо көрдүм. Кийин гезитте иштеп жүргөнүмдө ал Лондондо элчиликте эле. Чакыртыптыр, жер көрүп кетсин деп. Учакта учкандан коркконума байланыштуу баруудан баш тарткам. Акыркы жолу баарлашканыбыз, ошол 60 жылдык тоюмдун алдында мага өзү чалып, “тоюңузду туулган жериңизде өткөрөлү” деди. Мектебиме чейин барып, компьютерлерди белекке берип келди. Ажо айымды терең урматтайм, сыйлайм жана ыраазычылыгымды билдирем.

«МЕНИН ОЧОГУМ»
– Мен 2-курста окуп жүргөндө филфактын бардык курстагы студенттерин Токтогулга чөпкө алып кетишти. Ошол жактан өзүбүздөн эки курс жогору окуган Зейне деген кызга көзүм түштү. Аны курсташтары Козу деп коюшканын угуп, Крыловдун тамсилине салып, “эй, Козу, мен сени жегим келип жатат” деп барып тааныштым. Чын эле козудай жайнаган, ыйманы таза, эстүү, сулуу кыз экен. Жактырып калдым. Кийин ала качып баш коштук. Зейнеге мен ушунчалык ыраазымын. Акындын аялы болуу деген тозоктун өзү да. Мен кайда чачылып калсам, артымдан жыйнап, жакшымды ашырып, жаманымды жашырып жүрүп, өзү жүрөк оорулуу болуп калбадыбы. Буга мен өзүмдү күнөөлөй берем.

Адилет, Айболот аттуу эки уулум, Жазгүл, Иззат, Салтанат деген үч кызым бар. Балдарымдын бири дагы мени тартып чыгармачыл болушкан жок. Жубайым дагы студент кезде ыр жазып калчу экен, азыр жазбайт. Курсташтары “сен бир акындын убалына калдың” деп тамашалап калышат.

«ЖҮРӨКТӨГҮ ӨКҮНҮЧ»
– Эгерде Кудай мени кайра жаратса, мен акын эмес, сүрөтчү болмокмун. Кичинемден бери эле сүрөттү көп тартып, ага болгон кызыгуум абдан зор эле. Бирок мени тагдыр акындыкка тартып туруп алды. Айта турган сөзүмдү сүрөт менен ырдан да күчтүү жеткирет белем деген ой бар. Сүрөт тартууга отурбаганыма көп болуп кетти.

“Каректи жапкан тумандан сакта,
Каргышы тиер Курандан сакта.
Каргадай кезде койнуңда жүрүп,
Как түштө чаккан жыландан сакта”,- деп Кундуз Таштаналиева аткарып жүргөн бул ыр Шайлообек агайдын калемине таандык эмеспи. Агайдын мындай жагымдуу ырларын эмки санда поэзия бетинен окуй аласыздар.


Чолпон Сүйүнбаева, “Супер Инфо”, №458 12-18-август, 2011-жыл.

Соц тармактар:

Добавить комментарий